Ынтымак жашоо – коомубуздун өнүгүүсүнүн алтын ачкычы
Улуттун “Улут” болуп сакталып калышына, анын карт тарых сыноосунда калыптанышына, өз өмүрүн, акыл-эсин, бүт жан дүйнөсүн аябаган инсандар арбын. Акылмандар, ойчулдар, түбөлүк тарыхта аты калган адамдар, философтор, адамзаттын тарыхый басып өткөн жолун жаңы нукка бургандар, айтор санай берсек чексиз.
Ошол басып өткөн, кылымдарды кучагына батырган узак жолдо, адамзат аябагандай зор тажрыйбага ээ болду. Алардын баарын окуп бүтүргөнгө бир адамдын өмүрү аздык кылат. Буга, мисал ар бир элдин ооз-эки чыгармалары, эпостору, дастандары, макал-лакаптары, жомоктору, жазылбаган үрп-адат, салт-санаасы, тирүүчүлүккө болгон көз карашы жашоо образы, өз урпактарына берген тарбиясы, диний көз карашы, бугүнкү күнгө чейин изилденип бүтө элек.
“Адамдын жакшы-жаманы, туулгандан эмес - тарбиядан” – дейт эл макалы.
Энеден төрөлгөндөн баштап эле – мейли адам, баласыбы, мейли жан-жаныбарбы, ким болбосун, сырткы чөйрөдөн колдоого муктаж, болбоду дегенде сүйлөшөөргө да бирөө керектелет. – ой бөлүшөт, жардам берет, жардам алат.
Чыныгы жашоодо – ал ким болбосун жардамга зар, күнүмдүк муктаждыктарын канааттандыруу жана жеке керт башы үчүн, бул – кыргызда көйгөй деп аталса, ал эми орусчасы “проблема” десек болот.
Ошол керт башка түшкөн көйгөйлөрду чечүү багытында иш алып барам деп отуруп, адамдар бир эле көйгөйгө ар түрдүү көз караш, түшүнүк болгондуктан, келишпестиктерге, чыр-чатактарга туш болуусу калетсиз көрүнүш экенин турмуш далили аныктоодо.
Майда барат чыр-чатактар өөрчүп отуруп, үй-бүлөөнү, жеке тараптардын, коомчулукту, кала берсе мамлекеттер аралык араздашууга, кастыкка алып келерин жашообуздан көрүп атабыз.
Демек, биз ошол көйгөйлөрдү чыр-чатактарды түпкүрунөн жок кылуубуз абзелдей. Бул үчүн чыр-чатактын өзөгү болгон талашка эки тарапка тең калыс,даанакер үчүнчү тараптын зарылдыгы бар экендигин көрөбүз.
Биздин туткан дин жолунда (башка диндерде деле) жашоо агымында деле кабыл алынган жашоо эрежелерибизде (закондордо) деле акыйкаттык, туура багыттар көрсөтүлгөн.
Тек гана, жашоо эрежелерин сактоого баш ийүү – ар бир адам үчүн милдет. Эгемендик алгандан бери биздин өлкөдө чар-жайыттык өкүл сүргөнү баарыбызга маалым, ар ким өз жашоосун өзү билгендей өткөрүп өлбөстүктүн арабасын тартып келди, кыйналган кыйналды, жыргаган жыргады.
А мезгил дайрадай агып, түнкү учкан жылдардай учуп баратат. Миллиондогон өмүрлөр жашоого бири эми гана келсе, бири түбөлүккө кана айтышууда. Трайболизм диний агымдардын көбөйүүсү кыргызды өнүгүү жолунан сыртты көздөй сүйрөп бараткандай.
Бир келген өмүрдү татыктуу жашоо, өздүк эгаизмди жеңип, өз тукумубуздун бактылуу жашоосун камсыз кылуу керек экендиги айдан ачык. “Башканы да өзүңдөй көр”. Ички дүйнөң тазарбаса, эндик сүйкөп ажарыңа чыкпайсын” – дейт кыргыздар. Ички дүйнөңдүн тазалыгы – бул өзгөчө философия.
Адамдар ар дайым тынымсыз карым-катнашта болуу менен көйгөйлөрдүн, чыр-чатактардын очогуна өзү эле барып кабылууда, ансыз болбойт, жашоо ошондой.
Ал очоктон чыгып кетүүнүн ар кандай жолдорун изилдеп отуруп, акыры дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен, акылмандар бир жыйынтыкка токтолушту-бул “Ынтымак жашоо”
“Ички үйдөгү каткырса, сырткы үйдөгү ырсаят”, - болбой чогуу каткыралы, жашоодон чогуу бирдей ырахат алалы.
Ынтымактуу жашоо
Байыртан бери түпкүлүгү түптүү кыргыз элибиз ынтымак жөнүндө нечендеген сансыз ойлорун, макал-лакаптарын бизге мурас катары калтырышкан. Мисалы:
1. Ынтымак болбой эл болбойт.
2. Түптүү элдин түбөлүгү – ынтымак.
3. Ынтымагы жоктун ырысы жок.
4. Ынтымак бар жерде ырыс уялайт.
5. Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт.
6. Ырысы жок элдин ырымы күч.
7. Досуң миң болсо аз, душманың бирөө болсо да көп.
Бул жана толгон токой элдик ой, кылымдардын элегинен өтүп, асылдары, ар бир адамга таандыктары гана элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталып келүүдө. Кыргыздын соңку тарыхына деле 30 жылдан ашык убакыт өтүүдө. Өткөндү эске алуу менен кандай өткөөл кырдаалдан чыгып кетүүгө биздин ата-бабалардын мурасы зор. Биз аны турмушта, күнүмдүк тиричилигибизде пайдалануубуз гана керектелет. Жогорудагыларды терең анализдеп чыгып Кыргых Республикасында Европа биримдигинин каржылоосу менен Кожоярова Гүлсина Жолдошбековна “Улуттук Медиация Борборун негиздеди жана түздү. Элибизде “Ынтымак жашоо” программасын ишке ашырууга бел байлады.
- “Улуттук Медиация борбору” коомдук уюму 2012-жылдын 2-октябрында каттоодон өткөн.
- Борбор тарабынан 2021-жылдын январь айына карата 400 медиатор окутулган. Борбордук мүчөлөрү болуп 40 медиатор саналат.
- Бүгүнкү күндө медаторлордун саны 70 жетет.
- Республика боюнча борбордук 7 филиалы бар; Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-абад, Баткен областары.
Уюмдун миссиясы:
Медиация жол жобосу аркылуу чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды жөнгө салууну каалаган жактарга жардам берүү, аны менен коомдо өз ара мамилелердин ылайыкташтырылышына жана Кыргыз Республикасынын мындан ары өнүгүшүнө көмөктөшүү.
Медиация (латын тилинен mediare - ортого түшүү) - талаш-тартышты үчүнчү калыс бейтарап жактын-медиатордун (ортого түшүүчү) кийлигишүүсү менен сотко жеткизбей чечилүүсү.
Медиация талаш-тартыштын алтернативдүү чечилүүсүнүн эң жумшак формасы болуп эсептелет. Медиация жол-жобосу (процедурасы)жараянында чыр-чатактын катышуучу тараптары медиатордун чырды чечүү тажрыйбасы, билими жана өнөрүнө таянып өз ара алгылыктуу чечимге келишет. Бирок талаш-тартыштын чечилүүсү толугу менен чырдашуучулардын өз эркинен коз каранды.
• Медиация талашып-тартышуучу тараптардын убакытын, акчасын жана эмоционалдык күчүн үнөмдөөгө көмөк көрсөтөт. Аны өткөрүүдө, жараяндын абалы, уюштурулуусу, регламенти жана мазмуну индивидуалдуу аныкталуусу мүмкүн.
• Медиация чыр-чатактын өзүнө (күнөлүү же күнөсүздү аныктоого) же жеңип чыгууга гана багыталган эмес, ал конструктивдүү чечимди табууга да аныкталган. Убактылуу чыгымдар жагынан медиация катышуучулардын муктаждыктарына жараша жеңил түзүлүп, талаш-тартыштын эмоционалдык жана жеке аспектерин эске алуусу мумкун.
• Ушул эле учурда катышуучулардын жеке кызыкчылыктары толугу менен сыр катары сакталат, анткени медиация жараяны бул купуя (конфидициалдуу) жараян.
• Медиация талаш-тартыштын катышуучуларына келечекке назар салууга жана өздөрүнүн чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн колдонууга мүмкүндүк берет.
• Медиациянын жардамы менен талаш-тартышты чечүүдө кабыл алынган келишимдер эреже боюнча узак мөөнөттүү жана нерселердин реалдуу абалына жооп берип, анын ишке ашуусуна шарт гана түзбөстөн анын аткарылуусу үчүн тараптардын өз ара алгылыктуу жана табигый кадам ташташына да шарт түзөт.
Медиация көбүрөөк өз ара сүйлөшүүлөр тунгуюкка кептелген учурларда колдонулуп, ийгиликке жетүү үчүн талашып-тартышып жаткан тараптарды бири-биринин көз-карашын түшүнүүгө жана кабыл алууга мажбурлайт.
Заманбап мааниде, медиация 20-кылымдын 60-жылдарында Америкада пайда болуп, адилеттүүлүк жалпыга жеткиликтүү болуусуна жардам берип, жыйынтыгында соттогу иштер он жылдап каралып, ири финансылык чыгымдар менен коштолгон.
Азыр медиация дүйнө жүзү боюнча өнүккөн. Өлкөлөр, эл аралык ченемдерге, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) чечимдерине, Европа Кеңешинин сунуштарына таянып, талаш-тартышты медиация аркылуу жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү өздөрүнүн улуттук мыйзамдарын ишке киргизүүдө.
Эгемендүү өлкөдө жашап туруп коомдон четте калып, жалгыздыкты, ички көйгөйдү чечүүдө адам жалгы зкалбоосу керек. Ар кандай маселе сүйлөшүү жолу менен гана чечилээри анык.
Ошентип, бүгүнкү күндө Ош областынын Медиация кызматын жетектөө менен Шамшиев Авазбек Шамшиевич пилоттук негизинде түзүлгөн Алай, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа, райондорундагы, Өзгөн шаарындагы Медиация кызматтарында өз тажрыйбасын бөлүшүп, кеп-кеңештерин берүүдө түзүлгөн ар бир “Медиация” кызматтарына район акимдери, соттор, укук коргоо кызматтары, басма сөз кызматтары жакындан жардам беришүүдө.
- Атайын окуудан өткөн Медиаторлор үчүн бул иштерди аткаруу, албетте, оңой-олтоң эле боло койгон жок.
- Теория менен практика дайыма эле даңгыр жол эмес.
- Жалпылап айтканда, Медиацияны жайылтуу боюнча жер-жерлерде мактоого татырлык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жалпы эл-журт Кыргызстанда “Медиациянын” жайылуусун кош-колдоп колдойт, себеби чыр-чатакты,ички көйгөйдү эч ким укпай койгон жалгыздыкты, эч ким каалабайт.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн ар бир үй-бүлөнүн, аймактын, коомдун өз ара жана улуттар аралык ынтымагы, аба менен суудай зарыл.
“Ынтымак жашоо” – бул коомубуздун өнүгүүсүнүн алтын ачкычы. “Медиация” Кыргызстан боюнча кучагын жайып баратат. Бул жакшы жөрөлгөлөрдүн бири.
Жалгыздыктан Кудай өзү сактасын,
Өз жашоосун ар ким чырсыз барактасын.
Кайда жүрбө ырыс алды ынтымак.
Пандоранын кутучасын эч ким бизге ачпасын.
Карылардын ак тилеги, ак бата
Биз күтпөгөн балекеттен сактасын.
***
Көп кылымдар кыргыз эли күрөшүп,
Эгемендик, эркиндигин талашты.
Балтыр уул, кыздарынан ажырап,
Көз жаш төгүп, жүрөктөрдөн кан акты.
Өттү мезгил...
Бирок тарых унутпайт
Баштан өткөн кайгы-муңду, азапты
Ташка тамга басылгандай жазылуу
Кантип жеттик, кантип таптык азапты.
***
Жетти мезгил...,
Колго тийди эркиндик
Кыргыз үчүн кайра жаңы таң атты.
Улуу тоолор, жана андагы тоолуктар
Урпактарга каалайт жаңы заманды.
Алай району, Согонду айылы, Ленин айыл өкмөтү. Медиатор Арзиев Сүйөркул.