Добавить свою статью
22 Апреля 2022
Улуу инсан тууралуу ой толгоолор... 

Үстүбүздөгү жылы кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Сулайман Иманбаевдин 90 жылдык маракесин коомчулук зор канааттануу менен белгилеп жатат. 

Сулайман Иманбаевич орто мектепти артыкчылын медалы менен аяктап, медицина институтуна отуп, табигатынан зендуу инсан катары талыкпай эмгек кылып, институтту дагы кызыл диплом менен аяктап, андан соң врач деген ыйык кесипти аркалап элине кызмат кылып келген.

Сулайман ава өзүнүн өрнөктүү өмүрүндө медицина тармагыа опол тоодой кызмат өтөдү. Мамлекеттик, коомдук ишмер, кыргыз  медицинасын өнүктүрүүгө зор эмгек синирген, саламаттык сактоо чөйрөсүнүн чолпон жылдызы, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер 

Сулайман Иманбаев 1932-жылы Ысык-Көл обласындагы Талды Суу айлында туулган. Бала кезинен зээндүү жигит орто мектепти артыкчылык медаль менен аяктап, коомдук активист болуп, комсомол комитетинин секретары болуп да шайланган. 

1955-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун артыкчылык диплому менен аяктап, дароо өз кесиби менен турмуш жолун баштаган. 

Сулайман Иманбаев өмүрүнүн кырк жылдай мөөнөтүн саламаттык сактоо кызматына арнады.

Сулайман Иманбаевич 1996-2005 жылдары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын Төрагасы болуп иштеген. Ал киши жогорку даражадагы адис болуу менен, ар тараптуу билимдүү, акыйкат жетекчи болуп, эл алдында зор урмат сыйга татыктуу инсан катары белгилүү. 

Анын Кыргыз эгемендүү мамлекетине, элге синирген зор эмгектери үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу инсан катары элинин эсинде калды.

Кыргыз медицинасын өнүктүрүүгө жеке зор салым кошуп, күн тынымынан, уйкусунан кечип, далай жыл эмгек сиңирсе дагы, айрым бир саясатчылар СУЛАЙМАН ИМАНБАЕВИЧТИН бул кызматынан кыйкым издешип, кароолого аракет кылышкан, кылмыш ишин козгоого чейин барышып, ак жерден кылмыш жоопкерчилигине тартууга арекет кылышты. Алардын арам ойлору ишке ашууга мумкун эмес эле. Анткени Өлкөнүн мыйзамдарын терең ттүшүнгөн, мыйзам эрежелерин туу кылган авабыз, өзүнүн таза абийирин коргоп, актыгын мыйзам алдында, эл алдында далилдеп бере алды. Борбордук шайлоо комиссиясын төрагасы болуп иштеген учурундагы анын ал кездеги бийликке акыйкат сөзүн тынбай айтып, чындык учун туруп бергенин көп замандаштары бүгүн дагы аңыз кылып айтып келишет. Сулайман Иманбаевичтин иштеген мезгилинде Туп округунан Жанкороз Каниметов агабыз депутаттыка талапкер болуп калат. Ошондо бийликтеги жоон топ аткаминерлер алдамчылык, карасанайлык жол менен Жангороз Каниметовду сот аркалу талапкерлигин алдырып салышат. Ошондо Сулайман Иманбаевич көк жалдыгынан тайбастан, эгер ушул өнөктүктө адилеттик сакталбаса, ошол кездеги мамлекет башчыга ОТСТАВКАГА кетерин айтып кайрылган.

Ошентип, акыркы сааттарда Ж Каниметовду БШКнын чечиминен коргоп калат. Мындай кашкөйлүккө Сулайман ава сыяктуу мыктылар гана бара алмак.

Дагы бир мисал. 2005 жылкы шайлоо алдында Жалал Абад шаарында толкуган эл шайлоонун шайтан ойундарына баш бербей, акыйкаттык издеп турушкан. Областтын милициясынын башчысы нааразы талаптардын сөздөрүн угуп, БШКнын төранасы Сулайман Иманбаевиче кайрылганда, мыйзам сыйлаган инсан катары, авабыз  шайлоо жыйынтыктарын адилет чечүүгө катуу аракет кылды. 

Бирок бул жолу жергиликтүү бийлик төбөлдөрү өзүм билемдик кылып, өз талапкерин депутат кылып алышат. Андай адилетсиздиктин жыйынтыгы барыбызга маалим. 

Мен билгендей Сулайман авабыз мыйзам талаасында бул кызматка жан үрөп иштеген болучу. Анын профессионалдык чеберчилиги, жогорку билим деңгээли чет мамилекетеги кызматташтары тарабынын дагы бийик бааланып турганы сыймык менен айтылып келет. Бугунку күнү Сулайман Иманбаевичтин басып өткөн данктуу жолу эл арасында бийик белгиленип турат. Сулайман аванын жубайы Дамира эжебиз финансы тармагында узурлуу эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда, улуу Алмаз, кызы Салтанат авабыздын жолу менен врачтык кесипте эмгектенишет. Сыймыктуу небереси Иса эл аралык банк системасында иш алып барып, кыргыз элин дуйного таанытып келет. Баса Иса улуунун атын Сулайман койуп авабыздын атын дантап келет.

Сулайман Иманбаевичтин арбагына таазим кылып, Омурбек Эгембердиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

28-03-2022
Человек-кремень
2274

28-01-2016
Ушел из жизни настоящий солдат партии!
11157

26-12-2014
Энергобаронам республики
11180

09-04-2013
Письмо в Преисподнюю
10231

11-03-2013
Благодарность Оргкомитету Кремлевского бала
10016

21-09-2012
Всем честным гражданам Кыргызстана!
8188

20-02-2012
Куда путь держишь, родной?
7905

11-02-2011
Куда идешь, Кыргызстан? Какая судьба тебя ждет, Кыргызстан?
9530

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×