Кыргызстан жана анын Борбордук Азиядагы кошуна өлкөлөрү бир топ жамааттык уюмдарга мүчөлүк кылышат. Мисалы: Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Евразиялык экономикалык биримдик, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Түрк кеңеши, Türksoy уюму жана Бириккен Улуттар Уюму.
Ар аптада биз сыналгы аркылуу ушул аймактык жана эл аралык уюмдардын саммиттери өтүп, ондогон келишимдерге салтанаттуу түрдө кол коюлгандыгына күбө болобуз.
Ал эми чыныгы турмушка байкоо салып көрөлү. Жакында мен кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек чек араларын эки жолудан өтүп, терс таасирде калдым. Чоң кезекти күткөн жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалардын арбындыгы. Паспорт текшерүү кезеги жакшы уюшулган эмес, тартипсиздик жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес. Паспорт текшерүүдөн өтүш үчүн узак убакытка күтүү туура келет. Казакстандын жана Өзбекстандын паспорт текшерүүчү чек ара кызматкерлери орой. Өзбекстандан Кыргызстанга кирүүнү күтүп жатышкан адамдар кезек үчүн урушуп жатышкандары. (Кыргызстандын чек ара кызматкерлери аларды карап эч чара колдонбой жылмайып эле тим болуп жатышкандары) ...
Эки тараптуу жакшы кошуналык мамилелер эки тараптын чек араларынан башталат. Чек аралардагы жагдай ушундай бойдон кала берсе, чыгашалуу саммитердин жана кол коюлган кагаздардын кереги эмне?!