Добавить свою статью
18 Августа 2022
Кыргызга илим керекпи? (Жан дүйнө жаңырыгы)

Биздин ѳлкѳдѳ илимдер акакдемиясынын кереги барбы же жокпу деген пикирлер СССР кулагандан баштап 30 жылдан бери эле кайталанып чыныгы окумуштууларды бүгүнкү күнгѳ дейре жүдѳтүп келе жатат. Учурда карапайым элдин ичинде бир тобу да илимдин бизге кереги жок деген түшүнүктѳ болуп, ал калыӊ катмарга тарап бара жатыптыр. Бул эмне себептен келип чыкты, аны айтыш кыйын. Балким чыныгы мамлекеттик идеологиянын жоктугубу, же айрым ач кѳз байлардын жана бийлик тѳбѳлдѳрүнүн кызыкчылыгыбы, айтор А.Акаев бийлигинин акыркы жылдарынан эле башталды. ϴлкѳбүздѳ улам президенттер алмашкан сайын эле бул маселе кайрадан коюлуп, улам жаны бийликке түшүндүрүү иштерине кѳп убакыттар сарпталып, изилдѳѳлѳрдү керектүү деӊгээлде каржыламак тургай, илим изилдѳѳгѳ кѳптѳгѳн жолтоолук да кылып келишти. Акыры А.Атамбаевдин учурундагы бийлик илимди билимге алып барып жамап, билим берүү министирлигине баш ийдирип, илимге дагы бир чоң сокку урду. Бул мектеп окуучусун студенттерге староста койгондой эле болуп калган. Натыйжада илимдин абалы “БИЧ бомбжко” окшоп баратат (бывший интеллигентный человек). ϴнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ кѳрүнүктүү саясатчыларды камап жазалабастан, алар жүргүзгѳн идеологияны талкалап жазалайт экен. Бизде да ошондой болсо атаганат. Билим берүү министрлигинин окутууну жакшыртуу боюнча тикеден тике ѳз иштери деле чачтан кѳп. Эл балдарын мектепке тамга таанып, жазганды гана билиш үчүн бербесе керек. Эгер ошол эле максат болсо, анда мектептен деле окутпай койсо болот да.

Мен карапайым элге түшүнүктүү болсун деп, ѳз жан дүйнѳмдүн кыйкырыгын жѳнѳкѳйүрѳѳк түшүндүрүүгѳ аракеттендим. Биздин ѳлкѳ ѳз алдынча мамлекет болгондуктан сѳзсүз илим изилдѳѳлѳр болуш керек. Илим изилдѳѳ иштери бизде, мындан 80 жыл мурун СССРдин тутумунда турганда эле уюштурулган. Ал айтылуу Улуу ата мекендик согуш учурунда биздин азыркы Улуттук илимдер академиясында уюштурулуп, ушул академияда башталган. Ал кезде кыргыз илими жакшы эле ѳнүгүп кѳптѳгѳн илимий ачылыштар да болгон экен, себеби илим изилдѳѳлѳр мамлекет тарабынан дайыма колдоого алынып турган. Азыркы учурда, кээбир атка минерлердин бизде коомдук илимдер гана керек, калган табыгый илимдерди башка ѳнүккѳн ѳлкѳлѳр изилдейт дегенин угуп таӊ калам. Ал эми, ошол ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдүн илимдеринин натыйжасында чыгарылган бардык (продукцияларын) кандай кымбат баада сатып алып жатабыз. Биздин ѳлкѳ агрардык болгондуктан, мисалга бак дарактардын дары-дармектерин алып кѳрѳлү. Учурда алар биздин шартта ѳстүрүлгѳн ѳсүмдүктѳргѳ үчүн иштебей калып жатат. Тагыраак айтканда натыйжасы жок. Ушул тармакты жана биздин экологияны, мѳӊгүлѳрдү, сууну, жер кыртышын сактап калууну биздин гана окумуштуулар изилдебесе, биз үчүн ким изилдеп берет. Бѳтѳндѳр ѳз кызыкчылыгын гана кѳздѳшѳрү түшүнүктүү го. Ансыз деле биздин ѳлкѳдѳ илим изилдѳѳчү окумуштуулар жалпы жонунан бир ууч эле болсо, табигый илимдер боюнча окумуштуулар сейрек учуроочу бирин-серин эле болуп калды. Ал эми, алардын ичинен агрохимия боюнча академик, Д.А. Акималиев, регионалдуу геология илими боюнча академик, А.Б.Бакиров, экономика илимдери боюнча акдемик, Т.К.Койчуев, химия илимдеринен академик, Ш. Жоробекова, сейсмология боюнча корреспондент мүчѳ К.Э.Абдрахматов, мѳмѳ-жемиштери боюнча биология илимдеринин кандидаты И.В. Солдатов, мына ушуларды мен уникалдуу окумуштуулар деп айтар элем. Мындан алты жыл мурун суу проблемалары боюнча кѳрүнүктүү адис окумуштуу академик Д.М. Маматканов агай суу проблемалары боюнча бир конференцияда мындай деп айтканы эсимде “ Мѳӊгүлѳрдү сакташыбыз керек, азыр дүйнѳлүк окумуштуулар экиге бѳлүнүп алып, бири глобалдуу ысык жүрѳт десе, бир тарабы глобалдуу суук болот деп алдын ала айтып жатышат. Бизде мѳӊгүлѳр ээриши мүмкүн, алардын астына чон-чон суу кампаларын (резерваурлар) курушубуз керек. Болбосо суулар жерге сиӊип, бууга айланып жок болот”- деген эле. Аны эч ким укпады, президент баш болгон Ак Үйдѳгүлѳрү да депутаттар да. Мына быйыл алар ээрий баштады го. Тилекке каршы бүгүн ал киши жок, 26.10. 2020-жылы тигил жайга кетти. Ал ѳзү болгондо балким дагы бир пайдалуу кеӊешин айтмак. Ошондуктан, кеч болуп кала электе калган окумуштуулардын акыл насаатарын пайдаланууга жетишүү зарыл деп ойлойм. Дагы бир мисал, учурда И.В. Солдатов бак дарактарда коркунучтуу оору башталганын айтып келе жатат. Бул кѳрүнүштү айлана чѳйрѳгѳ кайдыгер эмес адамдардын баары эле билишет. Ал эми буларды Улуттук илимдер акадиясынын гана окумуштуулары изилдеп ѳз сунуштарын берише алат.

Илимдер академиясы Африканын эӊ артта калган , жарым жартылай жылаӊач жүргѳн жапайы элдеринде гана жок. Кээ бир алдыңкы ѳлкѳлѳрдѳ илим изилдѳѳлѳр тармактар боюнча бай меценаттардын колунда. Биздин байлардын ага баштары жетпейт. Ал эми башкалар изилдѳѳлѳрдүн натыйжасын бизге окшогондорго кымбатка сатат. Эч кимге кѳз каранды болбош үчүн илим изилдѳѳ мамлекеттин гана карамагында болуш керек жана түздѳн-түз ѳкмѳткѳ гана баш ийиш керек. Азыркы бийликтин бир чон ийгилиги Кумтѳрдү улутташтыргандыгы болду го. Илим дагы улуттук болуш керек. Ал эми илим менен билимди чаташтыруу туура эмес деп ойлойм.

Улуттук илимдер академиясы деген статус мамлекеттик символикалар менен барабар. Мамлекеттин Туусу, Мамлекеттин Герби, Мамлекеттин Гимни сыяктуу эле Мамлекеттин Илимдер академиясы болушу керек. Болбосо мамлекет мамлекеттүүлүгүн жоготот.

Ш.Д.Ибраимова

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×