Добавить свою статью
2 Декабря 2022
«Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» кайрадан күн тартибинде?!

20 жылдан бери Германиянын Ханнс Зайдель Фонду (https://centralasia.hss.de/ru/) Кыргызстанда активдүү иштеп келе жатат. Биз 2022-жылдын 31-октябрында сиздер менен биргеликте юбилейибизди белгилегенибизге сыймыктанабыз.

20 жылдан бери биз Кыргызстандык өнөктөш институттар менен биргеликте сиздердин өлкөдө мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылып келебиз.

2002-жылы биздин Фонддун Кыргызстанды Борбордук Азия чөлкөмүндөгү штаб-квартирасы катары тандап алганынын себеби өлкөнүн либералдык-демократиялык мамлекеттик түзүлүшү, ошондой эле жигердүү жандуу коммерциялык эмес сектору болгон. Кыскача айтканда, биздин Фонддун өкүлчүлүгү үчүн иштөө шарттар абдан келечектүү болуп көрүнгөн.

Ал эми өлкөдөгү саясий башаламандыктарга жана мезгил-мезгили менен артка чегинүүгө карабастан, биз бул туура чечим болгон экенин сездик. Биз бүт күчүбүздү көбүнчө жергиликтүү Кыргызстандык өнөктөштөрүбүз менен (алардын арасында жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар дагы бар) Кыргызстандын элине кызмат кылууга жумшадык. 

Биз Кыргызстандын салык кызматына, социалдык фондуна жана статистикалык комитетине дайыма отчет берип келебиз, алар дагы бизди көзөмөлдөө укугуна ээ.

Кыргызстан бизди чындап жакшы кабыл алгандай сезип келдик жана Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көрсөткөн кызматтарыбызды кеңейте алдык.

2010-2020-жылдарда биз бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамды катаалдаштыруу, чет элдик коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө «чет элдик агент» статусун берүү жана башка аракеттерине туш болгонбуз. Бирок алар биздин ишибизге кескин тоскоолдук жараткан жок.

Кыргызстанда 2021-жылдан баштап жергиликтүү жана чет элдик коммерциялык эмес уюмдардарга каршы маанай өзгөрө баштады. Коммерциялык эмес уюмдар «мамлекеттин өнөктөшү» (мурдагыдай) дегендин ордуна «мамлекеттин душманы» деген атка ээ болуп бара жаткандай сезилет.

2021-жылдын 29-июнунан тартып коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга ылайык (17-беренеси) коммерциялык эмес уюмдардар өздөрүнүн кирешелеринин жана чыгашаларынын булактары, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана сатылган мүлктөр жөнүндө маалыматты жыл сайын 1-апрелден кечиктирбестен мамлекеттик салык кызматынын сайтында жарыялоого милдеттүү болушту.

Бирок булар дагы Кыргыз Мамлекети үчүн жетиштүү эместей сезилет. Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору 2022-жылдын 2-ноябрында коомдук талкууга жарыяланган. Жогорудагы отчетторду статистика жана салык органдарына, Юстиция министрлигине жана анын аймактык органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана анын аймактык органдарына берүү боюнча кошумча талап, коммерциялык эмес уюмдар учурда салык кызматынын веб-сайтында жайгаштыруу талап кылынбаган кошумча маалыматтардан тышкары киргизилди.

Урматтуу Кыргыз Мамлекети, сиздер бизди мыйзам долбоору боюнча коомдук талкууга катышууга чакырдыңыздар жана мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып (биздин көптөн берки достугубуздун негизинде) айрым жеке комментарийлерим менен бөлүшүп кетейин:

1. Мыйзам долбоорунун көптөгөн жоболору Кыргызстан 1994-жылдан бери катышуучу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга карама-каршы болуп келет. Бул сиздерге юридикалык жактан күмөн сезилиши мүмкүн. Бирок бул Кыргызстан үчүн эл аралык уюмдардын жылдык рейтингине чоң таасирин тийгизет жана Батыш өлкөлөрүнүн сиздердин өлкөгө инвестицияларын дагы бир жолу азайтат.

2. Кесиптештеримдин жана менин оюмча бул мыйзам долбоору менен Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрүндөгү эң чектөөчү Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар (БӨУ) мыйзамдарын кабыл алат. Мен ар дайым жыл аягында «Борбор Азиядагы менин демократиялык аралым» деген жылдык отчетумда Кыргызстанды чоң сыймыктануу менен атачумун. Акыркы окуялар менен сиздер мен үчүн бул белгини узагыраак колдонууну барган сайын кыйындатып жатасыздар.

3. Мыйзам долбоору мага абдан радикалдуу жана дифференциацияланган эместей таасир калтырды: Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын 97 пайызы биздин баалоо боюнча билим берүү, социалдык жардам көрсөтүү, маданият же айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызмат көрсөтүүчү уюмдар жана 3 пайызы гана саясий чакыртмасы бар деп эсептесе болот. Азыр баары «булуттун астында» (шектүү) деп санала баштайт.

4. Эгерде 4-5 жакшы ниети бар кыргыз жараны биригип, айылына же бир топ майыптарга салттуу түрдө кайрымдуулук иштерин үзгүлтүксүз уюштурууга ниеттенсе, аларга: “Токтогула, сиздер мыйзамсыз аймакка кирип жатысыздар, сиз кеминде 10 адам болушуңуздар керек жана мүмкүн болсо Юстиция министрлигине юристтин жардамы менен кайрылыңыздар!” – дейсиздерби?. Мындай эрежелер бюрократиясы күчтүү Германияда да иштебейт. Сиз жок дегенде жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын уюмдашуу үчүн альтернативалардын арасынан тандоо мүмкүнчүлүгүн беришиңиздер керек.

5. Эгерде Кыргыз Мамлекети жогоруда айтылган бардык отчеттуулукту талап кылса, анда ал бардык сураган мамлекеттик мекемелерге (салык кызматына, юстиция министрлигине, Башкы прокуратурага, ...) бериле турган бир отчет болушу керек. Болбосо коммерциялык эмес уюмдар бир нече отчетторду даярдоо жана тапшыруу үчүн чоң түйшүккө туш болушат, бул алардын элди тейлөө мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасирин тийгизет.

6. Мыйзам долбоору чет элдик коммерциялык эмес уюмдар үчүн чоң тобокелдиктерди камтыйт. Мен сиздерге түшүндүрүп берейин, бул бир аз техникалык нерсе: Чет элдик коммерциялык эмес уюмдар көбүнчө 3 жылдык бюджет менен иштешет; ал бюджет бир жыл мурда пландаштырышы жана коммерциялык эмес уюмдардын борбордук кеңселери тарабынан бекитилиши керек. Эгерде чет элдик коммерциялык эмес уюм азыр 2024-2026-жылдардагы бюджеттик мезгилге Кыргызстанда көрсөтүлүүчү кызматтарды пландаштырып жатса, биринчи кезекте бул жерде бекем укуктук статус керек, эгерде жаңы мыйзам 2023-жылдын май айында күтүлгөндөй күчүнө кирсе, анда андай болбойт. Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигинде тез арада кайра каттоодон өтүшү керек болсо, каттоо арызынын тез арада оң же терс чечилишине кепилдик жок. Демек, 2023-жылы бекем укуктук статус жок болсо, 2024-жылга жаңы бюджет дагы жок болот!”.

Ошондой эле, бир аз эртерээк болсо дагы төмөнкү каалоону билдирип коюга уруксат этиңиздер: 

Урматтуу кыргыз досторум!

Келе жаткан 2023-жылы сиздерге жакшылык, ден соолук жана бакубатчылык каалайм! Жана дагы бир өтүнүч мага жана мен өкүлчүлүк кылган Ханнс Зайдель Фондуна кайрадан сиздердин өлкөңүздөрдө «Кош келиңиздер» деген маанайдытартуулаңыздарчы!

Ханнс Зайдель Фонду.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

06-06-2022
Кыргызстан: Чек аралардагы жагдайдан таасир 
1886

16-02-2022
Макс Георг Майер: «Ыраазычылык» айтуунун жолу ушундайбы?
2169

08-10-2020
Вы - нация создателя «Джамили», а не нация варваров!
1745

10-03-2020
Работать день и ночь для страны и превратиться в иностранного агента?!
5020

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×