Добавить свою статью
22 Февраля 2023
Ибн Хоттабыч жана башкалар

Президент, премьер-министр, деги эле Өкмөттө иштеген кызматкерлер ибн Хоттабычтан, же болбосо Гарри Поттерден кескин айырмаланат. Кичинекей таякчасын алып дуба окуп, сүф-сүф деп бир нерсе жасаганга алардын күчү жетпейт. Бирок биздин коомдогу көп эле кишилер муну түшүнүшпөйт жана түшүнгүсү келбейт.

Ушундай кишилер кантип эле биздин коомдо болсун, жок нерсени айтып баарыбыздын башыбызды оорутуп жатат деп мага ачуусу келгендер болот. Тилекке каршы мындай кишилер бар жана алардын айрымдары элге белгилүү болуп, элдин бир катмары туу тутуп жүргөн адамдар.

Баарыбызга белгилүү болгон фактыга токтолсом көп эле киши Аскар Акаев убагында Кыргызстанды Швейцарияга айландырабыз деп айткан, бирок андай болгон жок деп Акаевди күнөөлөгөнүн уктум. Мындай пикирди орто билимдүү адамдардан уктум, студенттер дагы ушундай ойлошот экен. Иши кылып Акаев жана ибн Хоттабычтай болуп сакалынан бир тал үзүп алып туруп, сүф-сүф деп дубалап Кыргызстанды Швейцарияга айландырбай койгонуна нааразы болгон адамдар аз эмес. Ошондой кылса бир нерсеси кемип калмак беле, Акаев нехороший человек, тим эле редиска экен деп ага кол шилтегендердин күйүтүн айтпа!

Аскар Акаевден кийин элди нааразы кылган экинчи киши Акылбек Жапаров болду. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахам Мадумаров аны катуу күнөөлөдү. Пенсияны, жөлөк пулду 6800 сомдон кем кылбаш керек, анткени бул Конституциянын 44-беренесинде жазылган деп чыркыраган чындыкты айтты. ТВдан көрүп жатып биз Мадумаровго абдан суктандык. Ушул элдин тилегин айтып жаткан кандай мыкты жигит деп ... Акылбек Жапаров сүф-сүф десе болмок экен ага катуу кейип калдык.

Анан цифраларды, фактыларды карап көрсөк чын эле Өкмөт да, Соцфонд дагы элибизге чоң жакшылык кылып пенсиялык төлөмдөрдү 70 миллиард сомдон 90 миллиард сомго чейин жеткиришиптир. Мадумаров катуу күпүлдөп дагы көптөгөн миллиард сом каражат тапткыла деп жатат. Илгери мындай стилдеги адамдардын урааны “требуй невозможного добьешся максимального” деген сөздөр эле. Кыргызча айтканда “сокмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет”. Кандай күчтүү сокмок деп айран таң калып карап турдум.

Бир жолу кыш көпкө созулуп, жаз кырк күнгө кечиккен эле. “Пирамида” телеканалынын журналисти ал убактагы Экология департаментинин жетекчиси Канат Жанузаковго сүрдүү карап жаздан кечиккени үчүн Өкмөт күнөөлүү сыяктуу мамиле жасаганда ал шашып кетип “я официально заявляю, что весна наступит на 100 процентов” деп жооп кайтарды эле.

Дагы бир жолу бир таанышым тамашалап “аба ырайы катуу бузулду, Өкмөт каякты карап турат” деди эле.

Жалпысынан президентти, премьер-министрди, өкмөттө иштеген адамдарды кудайдан кийин эле даремети бар адам катары баалаган адамдарга ыраазы болсо болот. Бирок ошол эле мезгилде аларга карата прокурор сыяктуу сурак жүргүзгөнү, кекеткени гана кыжаалат кылат. Өзгөчө биздин депутаттардын сүрү укмуш. Бир убакта Жогорку Кеңештин аппаратында кызматкер болуп иштеп жүргөндө төмөнкү ыр саптарын жазган элем:

Биз кимбиз малайлардын малайыбыз

Адамдын алтыны эмес, калайыбыз

Ажыдаардай айбаттуу депутаттан

Азап чегип ыйлап жүрөт далайыбыз

Депутат ким? Ал киндиги биздин коомдун

Азуулуу ач илбирси аска зоонун

Ачууланып колуна камчы алса

Министрлер чөгөлөп тосот жонун

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×