Добавить свою статью
27 Февраля 2023
Инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар

Инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар – Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 23,24 главаларында каралган, коомдо калыптанган сексуалдык мүнөздөгү мамилелерди инсандын жыныстык кол тийбестикке, инсандын руханий -адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар жана жыныстык эркиндигине кол салуу жолу менен одоно бузган кылмыштар болуп саналат. Булар зордуктоо; 16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо; бузуку, ыплас аракеттер кылмыштары кирет.

Чүй облусунун прокуратурасынын жазык, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга соттук териштирүүдө өзгөчө көңүл бурулуп, ар жыл сайын талдоолор жүргүзүлүп турат, ал эми бөлүмдүн эң башкы талабы болуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругунда белгиленген ар бир мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыларга өз убагында жокко чыгаруу үчүн негиздүү сунуштарды киргизүү менен бирге, ар бир кылмышка тиешеси бар айыпкер кылмыш жоопкерчилигине кутулбоо принциптерин жетекчилике алуу менен иш алып барабыз.

Чүй облусунун шааррайондор соттору тарабынан жогоруда аталган категориядагы кылмыш иштер боюнча 2022-жылы 54 кылмыш иши 55 айыпкерлерге карата каралып, соттук кароонуунун жыйынтыгы менен айыптоо өкүмдөрү 46,2 пайызды түзсө, ал эми 9,2 пайыз актоо өкүмдөрүн түзгөн, ал эми калган кылмыш иштер жабырлануучу менен жарашуу келишими түзүлгөндүгүнө байланыштуу өндүрүштөн кыскартылып жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-кубаттоочу чарасы болуп эсептелинген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аларды жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдерин кабыл алышкан.

Аталган кылмыш иштер боюнча соттун каралоо практикасы менен прокуратура органдары ынанбайт, анткени айыпкерлердин татыктуу кылмыш жазасын албаганынын себептери болуп, жыныстык кылмыштардын өзгөчөлүктөрү болгон кылмыштын жашыруун жерлерде эки адамдын ортосунда болушу, натыйжада көпчүлүк учурларда жагдай боюнча күбөөлөрдүн жок болуп калышы, ошого байланыштуу жабырлануучулардын соттук териштирүүдө көрсөтмөсүн өзгөртүшү эсептелет. Ал эми, жогорудагы кылмыштар боюнча жабырлануучу жашы жете элек балдардын болгон учурларда алардын ата-энелеринин, өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында зордуктоо фактылары соттор тарабынан айыпкердин кылмыштуу кыймыл-аракети жашы-жете электер менен жыныстык катнашуу кылуу беренелерине кайрадан квалификацияланып, пробациялык көзөмөлүн колдонуп, аларды жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдерин чыгаруу жана ортосунда жарашууга келүүсү келишимин түзүү көпчүлүк учурда себеп болуп келет.

Бирок, ошол эле учурда, жашы жете элек жабырлануучулардын ички дүйнөсүн эмне болот деген суроо туулат, мисалы: "Мүнөзү аябай өзгөрдү. Сөз көтөрө албай урушчу болду. Экөөбүз мурдагыдай ынак болбой калдык. Ачык мүнөз, жайдары кызым таанылгыс болуп өзгөрдү. Мурункудай окуйм деген кыялын да унутту. Аягында башка шаарга иштегени кетип калды".

Мындай жагдайларда биринчи кезекте кыздын жакындарынын мамилеси, колдоосу маанилүү. Зордук-зомбулук учурунда кыздын кээ бир туугандары жектеп чыгышат. Мунун баары анын психологиясына таасирин тийгизбей койбойт. Кызды кайра мурдагы жашоосуна кайтып келишине мынча убакыт керектелет деп так кесе айтуу да мүмкүн эмес. Айрымдарына жарым жыл, кээ бири жылдап ичиндеги өксүк менен жашашат. Мындай окуяга кабылган кыздардын ата-энелеринин аракеттери абдан чоң болушу керек.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан социалдык жактан муктаж болгон жашы жете элек балдардын, үй-бүлөөлөргө тийиштүү деңгээлде өз убагында жардам көрсөтүүсү, аларга өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ал эми бул багыт боюнча Кыргызстанда ондогон кризистик борборлор иш алып барышат, өз убагында жабыркаган жарандарга, балдарга жардам берет деп ишенем.

Ар бир Кыргызстандын жараны биздин келечегибиз болгон балдар коопсуз, укуктардын сакталышынын кепилдиги берилген өлкөдө, эркин, жашоону камсыздоо болуп эсептелет. Айрыкча, мыйзамдардын сакталышын көзөмөөлдө болгон прокуратура органдарынын кызматкерлери жогоруда аталган жагдайлары эске алуу менен ар тараптуу, алдын ала чаралары көрүү менен тийиштүү мамлекеттик органдар менен системалык түрдө иш алып баруусу зарыл жана алардын эң негизги милдеттеринин бири болушу керек.

Анткени мындай кылмыштар коомдогу терс көрүнүштөрдү жаратып жарандардын кыжырдануусун келтирет, ошондуктан учурдун талабына ылайык мыйзамдарга кылмышка тартуу жоопкерчилигин оордотучу жагдайлар боюнча толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.

Андыктан, 2022-жылы Кыргызстанда "Балдар жөнүндө" кодекси иштей баштады. Эми бала зордуктаган кылмышкерге карата “кылмыш мөөнөтү өтүп кетти” деген норма колдонулбайт. Мурда андайлар 11-15 жылга эркинен ажыратылса, азыр 15 жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин абакка камоо жазасы чегерилет. Мөөнөтүнөн мурда бошотууга жана мунапыс берүүгө тыюу салган чаралар да кирген.

Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Т.Турапбаева

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×