Чыныгы ак ниет, жаратман өз доорунун улуу адамы
Эл-жерине ак дилинен кызмат кылган, улуттук мурасты бийик баалаган, табиятына жүрөгү байланган, өмүрүн кыргыздын-өсүп-өнүгүүсү үчүн арнаган, тарыхта алтын тамгалар менен кала турган кыргыздын мекенчил уулу – Абдыганы Эркебаев 70 жашта.
Акыркы күндөрү Абдыганы агайды көрүп жолукпасам дагы жашоомдо бар болуп атты. Кой жазбасам болбойт дедим. Москвадан экстердин бирөө китеп берди, келип Байгожо уулу Ороз агайымдын дүйнөдөн өткөнүнө Мээрим (кызы) куран окутуп барсам, дагы Абдыганы агай.
Кеп оболу башынан болсун.
Абдыганы агай спикер кезинде кыргыздын туу туткан “Манас” эпосуна кайрылып Ороз агайга триптих тарттырган экен. Ал кезде жаңы эгемендик алып, биринчи “этно стилди” мамлекеттик символдорду, (код) эн-белгилерди элдин улуттук маданиятынан издөө кимдин эсине келиптир.
Материалдык эмес маданий мурастардын жактоочусу катары бул триптихтен кийин “Манас” эпосуна байланышкан жети картина жараттырганын Ороз агайдын жубайы чай үстүндө:” Абдыганы агай буйрутма берип тарттырган, мен ошол кишиге өтө ыраазымын, ушул картиналар Абдыганы Эркебаев спикер кезинде кабинетинде илинип турган. Кийин кайра дагы улант деп Орозго айтып, жети кыргыздын эн-белгилери (код) менен “Манас” эпосуна байланыштуу чыгарма жараткан. Абдыганы агай айтпаса жаралат беле, жокпу билбейм. Мен агайга өтө ыраазы болуп атам” – деди.
Агайдын ошол спикер кезинде бөлмөсүндөгү триптих
Аккула
Акшумкар
Кумайык
Экстерден элдин ичиндеги жүзүн жоготпогон калыс адам катары Абдыганы агайга берген го - деген ойго анан келдим.
Орус окумуштуусу Лев Гумилевдун: “Башка элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт” – деп айтканы бар. Абдыганы агай өмүр бою өз жолубузга түшпөсөк болбойт деп айтып келе жаткандай. Мистика менен илимдин, миф менен чындыктын чегинде көрүнүп-көрүнбөй, билинип-билинбей жашап, жолу таза, ою таза, адамдардын сезиминен орун очок алган, үмүт жаратып, оңолобуз деген тилекке, жакшыга жоруткан Абдыганы агайдай адамдар бар үчүн дүйнө сакталып тургандай.
Байыртадан Манас бабабыздан тарта кыргыздар жакшыны кеп кылган үчүн, бата бар үчүн өнүгүп-өсүп келе жаткандайбыз. Абдыганы агайдын жасаган иштери, өмүр баяны алаканга салгандай белгилүү. Кожодой колдогон Москвада, ал кезде Кремлде (СССР) урук-тууганы болбоду. Томолой жетимдин баккан энесин да өлүп калды деп (өлө элек болсо да) жолуктурушпаганы Шекспирдин жазган трагедиясынан өтсө өтөөр, кем калбайт. Тагдырдын сыноолорун момундук менен көтөрүп, баарына шүгүр кылып, жашап келе жаткан агай жөнүндө классташы Алтымышев Карыбек акесинин айткандарын Сыргак айтып отурду.
... Бул эскерүү дагы кокусунан болду. Ошко дүйнөлүк эпостор фестивалына келген Алайлык манасчы Сыргак, “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу болуп, чогуу отуруп калдык. Кеп арасында быйыл Абдыганы Эркебаевдин70 жылдыгы - деп ал жерден да сөз чыгып кетти. Сыргак менин акем менен классташ деп Абдыганы агай жөнүндө, киндик каны тамган, кичи мекенинде эл арасындагы айтылган чын-жалганы аралаш жомоктордон куйма кулак экенин тастыктап бир кыйла, мектеп кылып үйүн бергенин, жетим балдар үйүндө көргөн азабынан узун сабак кеп курду. Кудайыма тобо, кайрадан Абдыганы агай деп ичимден ойлонуп калдым.
Спутник байланышы, Интернет бүт планетаны камтып, маалыматты көз ирмемде баарыбызга жеткирип турат. Абдыганы агай, сиздей адамдар бар үчүн биздин кыргыз эли Жараткандан берилген идентификациясын жоготкон жок. Ошон үчүн “ууру”, “ач көз”, “дүнүйөкорлорду” эл журтту булгаган башкармаларын “элден айланып кеткиле” деп алыс кууп жибергенине сиз да биз да күбөбүз.
Манас атабыз атуулдук жолун баштаганда “калкым кыргыз, сен үчүн курман болуп кетейин. Анттан тайсам, төбөсү ачык асман урсун, төшү түктүү жер урсун” – деп ант бергенин окуйбуз. Ошол анттан жазбай, төгүлүп-чачылган элдин башын кошуп, күчтүү мамлекет курган. Душмандын запкысын көрүп, мүңкүрөгөн кыргыз кайра жаралып, кулчулук сезимден арылып, руху тазаланган. Урпактан урпакка өткөн баатырдык дух, кыргыз насилинин өзгөчөлүү кулк-мүнөзү, адамдык бейнеси, жокко чыдамдуулугу, барга нысабы, меймандостугу, тегиз караган калыстыгы, касташкандын катыгын берген баатырдыгы ошол байыркы Манас атабыздын заманында калыптанып, азыркы биз жашаган ХХI кылымга чейин улуу өрнөктү ыйык мурас катары сиздей адамдар сактап келе жатасыздар. Улуттук үлгүнүн (моделдин) бири сизсиз агай! Кайталангыс, көөнөрбөс мурастарды алып жүрүүчү катары биз сизди билебиз. Элден көрөгөч, акылман, калыс эч нерсе жок. Элиңиз, замандаштарыңыз, устаттарыңыз, коллегаларыңыз сиздин кандай адам экениңизди жакшы билишет. Мен кошомат кылгандан алысмын. Бул түрмөккө кыргызды дүйнөгө тааныткан уулу Чыңгыз Айтматовдун досу Кыргыз Республикасынын Эл акыны Мухтар Шахановду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап жазгам. Эми сизди кутман курагыңыз менен куттуктайм. Бар болуңуз!
Манас атабыздын духун түшүнгөн, улуттун тарыхын, тилин, философиясын, кыргыздын кыргыздыгын көкүрөгү менен туйган, маданияты терең, эрки майтарылбас, тубаса даанышмандык сүрү да, сүйкүмү да бар, сабырдуу, намыскөй, акыйкатчыл, калыс, башка эл менен ынтымак, достукту, биримдикти чыңдоого чын ниети менен киришкен Абдыганы агай, сиздей инсанга элибиз муктаж.