Көз карандысыз демилгечи топ коомчулуктун талкуусуна сунуштары Өлкөбүздө азык түлүк коопсуздугун камсыздоо ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн денгээлине да көз каранды. Ошондуктан учурдагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнү башкаруу жана жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу чараларын уюштуруу шарттары өзгөрүүсү керек, б.а. аталган процессти реформалоо талап кылынат дейишет, көз карандысыз демилгечи топтун мучөлөрү.
Элибизге ветеринардык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу учурда колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамынын кээбир беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн башталышы керек дейт, аталган топтун мүчөсү Дарданов Байыш Эсенкулович. Анын айтымында учурда ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийликтин бирдиги райондордун денгээлине чейин гана түзүлүп, “Райондук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы” деп аталат. Аталган башкаруу бирдиги ветеринардык иш чараларды уюштууну райондун чегинде көзөмөлдөйт, ошол эле мезгилде, өндүрүштүк иш чараларды да өзү уюштурат, б.а. өндүрүштүк иштерди уюштуруу жана ал процесстин сапатын көзөмөлдөө аталган бир эле түзүмдүн колунда. Ветеринардык иш чаралардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле, бул тармактагы коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында көзөмөлдөө процессин өзүнчө бирдик катары бөлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизилсе дурус болот дейт, көз карандысыз демилгечи Б. Дарданов.
Андай кезде ветеринария жаатында күндөлүк иш чараларды уюштуруу, жеке ветеринардык адистердин жана ветеринария жаатындагы коомдук бирикмелердин (юридикалыки жактардын) ишмердигин координациялоо Айыл чарба министрлигинин аймактардагы бирдиктеринде болгону туура болот.
Учурда Айыл Өкмөттөрүнүн деңгээлинде ветеринария жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу бирдик жок болгондуктан, айылдардын денгээлинде жеке ветеринардык адистер иш чараларды атайын түзүлгөн келишимдин негизинде уюштурушат. Райондук Ветеринардык жана фитосанитапдык инспекциясы ар бир айылдын (конуштун) денгээлинде жашаган жана иштеп жаткан жеке ветеринардык адистерге келишимдин негизинде өзүнүн кээбир ыйгарым укуктарын өткөрүшөт (делегирование кылышат). Жеке ветеринардык адистердин дараметинин алсыздыгынан эпизоотиялык абалды толук көзөмөлдөөдө, тиешелүү ветеринардык отчетторду түзүүдө көйгөйлөр жаралып турат. Жеке ветеринардык адистердин кесиптик жактан өз ара мамилелерин жана “устат-шакирт” принциптерин колдонуу менен бирге иштөө колго алынбай келе жатат. Ошондуктан, Айыл Өкмөттөрүнүн дергээлинен баштап, райондук жана Республикалык денгээлдеги бирдиктүү “коомдук бирикмелерди” - юридикалык жактарды түзүү учурдун талабы дейт дагы бир көз карандысыз демилгечи топтун өкүлү Манасбек Бабакулов.
Айыл Өкмөтүнүн денгээлинде, учурда, кесиптик билиминин деңгээли эске алынбай эле ветеринардык врач менен ветеринардык фельдшерлер бирдей иш менен камсыздалат, б.а. алардын ар бири өзү бөлүнгөн айылга же участокко жооптуу болуп калган. Мыйзамдарыбыз ветеринардык жактан тейлөө акыларынын денгээлин да чектебейт. Ошондуктан ветеринардык адис малдын ээси менен кызмат акыларынын көлөмүн келишип алып иштеп жатышкандыктан, ветеринардык адистердин жеке кызыкчылыгы алдыга коюлуп, адистик квалификацияны жогорулатуу, кесиптик этиканы колдонуп бири-экинчисине жардамдашуу, колдоо сыяктуу мамилелер начар абалда турат. Шыктануу (мотивация) болбогондуктан ветеринардык фельдшерлер жогорку кесиптик билим алууга (ветеринардык врач болууга) ынтылбай жатышат. “Ветеринария жөнүндө” мыйзамыбыздын 1-беренесинде “Параветеринарлар (ветеринардык фельдшерлер жана мал чарба багыты боюнча дипломдуу адистер) ветеринардык врачтын жетекчилигинде иштей турган адистер деп жазылып турат. Ал эми өндүрүштүк шартта бул аткарылбай жатканы белгилүү, ветфельдшерлер деле врач катары иштеп жатышат. Андай кезде ветеринардык иш чаралардын сапаты кандай болот. Медициналык практикага салыштырсак, медайым же фельдшер эч убакта врачтын милдетин аткарбайт да, алар врачтын көзөмөлүндө гана иштейт эмеспи.
Ушундай жагдайларды эске алып, айылдарда ветеринардык врачтын айланасына башка кенже адистерди (ветеринардык фельдшерлерди жана мал чарба багыты боюнча дипломдуу адистерди) бириктирген юридикалык жактарды: жоопкерчилиги чектелген коомдорду, профессиональдык коомдук уюмдарды (общественное объединение) түзүү максатка ылайык. Алар “ветеринардык борбор”, “ветеринардык сервис” же башка аталышта болуп (уюмга ат коюу уюштуруучунун эрки эмеспи), ал юридикалык жактардын уставы Ветеринария жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы же Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен, жок дегенде “бирдиктүү жеке ветеринарлардын ассоциациянын” жетекчилиги менен макулдашылгандан кийин гана юстиция органдарынан каттоодон өткөнү дурус болот. Ал уюмдарды атайын Реестрге да каттто керек. Бул маселе да талкууну жаратат жана кызыкдар тараптардын сунуштары болот деп ойлойм.
Эгер мындай өзгөрүүлөр жакынкы мезгилде жасалбаса, жаңы жылдан кийин ишкер-ветврач катары “Патент” сатып алып иштеп жүргөн жеке ветеринардык адистер салык төлөөдө кыйналышат, мурдагыдай шартта иштей албай калышы толук ыктымал. Себеби, мамлекетибизде 2024-жылдан баштап патент сатып алуу менен ишкердик жүргүзүү токтотулушу керек деген маселе көтөрүлүп жатат эмеспи. Жеке ветеринардык адистин аткарган иши - бул ишкердик (предприниматель) жүргүзүү катары каралат эмеспи. Жогоркуларды эске алганда коомдошуп иштөөгө өтүү ветеринардык адистер үчүн учурдун талабы.
Ветеринардык кызмат көрсөтүүдө жогоркудай өзгөрүүлөр болгондон кийин гана жеке менчик “коомдук бирикмелерге” кээбир мамлекеттик укуктарды аткарууну ыйгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Учурдагы мыйзамыбызда андай процесс каралган эмес. Ошондуктан Мыйзамыбыз бул багытта да өзгөрүшү керек (“Ветеринария жөнүндө ”мыйзамына өзгөртүү киргизилиши керек).
Мындай өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин демилгесисиз ишке ашырылышы кыйын, бул мамлекеттик масштабдагы иш чара катары каралышы керек. Жеке ветеринардык адистердин коомдошуп бирге иштөөсү колго алынганда жеке менчик Ветеринардык аптекаларынын жана жеке ветеринардык-санитардык экспертизалоо лаботарияларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө да жакшырат дейт, демилгечи топтун өкүлү М. Бабакулов.