Добавить свою статью
18 Октября 2023
«Чет элдик агенттер мыйзамы» кайрадан күн тартибинде

Кымбаттуу кыргызстандык достор!

Жаңылыктар архивиме көз чаптырсам, бул маселе тууралуу 2015-жылдан бери бир нече чакан макала жазыптырмын. 

Ошондуктан кайрадан кайталай кетет элем. Кыргыз Республикасында жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн ишин натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн. Ал шарттар салык кызматы, статистика комитети, юстиция министрлиги талап кылган отчеттор аркылуу жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзамына 2021-жылдын 26-июнунда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык салык кызматына кошумча тапшырылуучу отчеттуулук аркылуу камсыздалып келет.

Албетте, Кыргызстан өзүнө керектүү деп эсептеген мыйзамдарды кабыл алган эгемендүү өлкө.

Албетте, Кыргызстанда 21 жылдан бери иштеп келгендиктен, жогорудагы маселе боюнча кайрадан өз оюмду билдирүүгө менин да укугум бар.

Алгач Кыргызстандын эл аралык имиджин эмне аныктайт деген суроодон баштайлы. Бул -укмуштуудай кооз жаратылыш, нукура көчмөн маданияты, меймандостук, мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги күчтүү парламентаризм, ошондой эле эркиндикти сүйгөн либералдуу калк. Мунун баары кыргызстандыктардын жана чет элдиктердин өлкөдө жашашы үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келет.

Эми бүтүндөй Борбор Азияга көз чаптыралы. Бул чөлкөмдө акыркы жылдарда бир тенденция байкалып жатат. Чет элдик инвесторлор жана эл аралык бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн чөлкөмдөгү негизги ишин жүргүзүү үчүн башка өлкөлөргө караганда Өзбекстанды тандап жатышат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанды тандап отурукташкан эл аралык уюмдардын көбү Өзбекстанга көчүп жатканы дагы байкалууда.

Эмне үчүн Өзбекстандын Президенти эл аралык деңгээлде өз өлкөсүн ар дайым мактап жаткан чакта, биз Кыргызстанда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды кайрадан козгоп жатабыз.

Мүмкүн болсо, кимдир бирөө мага муну түшүндүрүп беришин суранам!

Же «Борбор Азиядагы демократиянын аралы» аталып келген Кыргызстан плюралисттик либералдык бейөкмөт уюмдары тоскоол болбогон авторитардык мамлекетке кайрадан айланып баратканы тууралуу социалдык тармактарда көп кездешчү пикир туурабы? 

Чындап эле ошондой болсо, анда өлкөңүздөрдүн тагдыры мен үчүн аянычтуу.

Мындай шартта Кыргызстанга аз гана чет элдик инвестиция тартылышы мүмкүн жана өлкө Орусиядагы эмгек миграциясынан мындар ары да көз каранды бойдон кала берери шексиз.

Жогорку Кеңештин депутаттары жогорудагы аргументтерге көңүл буруп, мыйзамга каршы добуш беришет деп ишенем. Болбосо, Президент мыйзамга вето коёт деген үмүттөмүн.

Анан акырында: Азыр Германияда кыргызстандыктар түптөгөн көптөгөн бейөкмөт уюмдар бар экенин билесиздерби? Ал уюмдар үчүн менин мекенимде абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Германияда түзүлгөн башка бейөкмөт уюмдар сыяктуу эле, алар адилеттүү либералдык мыйзамдардын алкагында мамлекеттик бийлик органдары тарабынан көзөмөлдөнөт. Алар үчүн агент мыйзамын киргизүү жана алардын ишинде кеткен кемчиликтерине Германиянын кылмыш мыйзамдарын колдонуу немецтердин оюна да келбейт.

Бир нече жылдардан бери ушул мыйзам долбоорунун демилгечиси болуп келген урматтуу депутат Надира Нарматова айым менен жеке таанышсам абдан кубанычта болот элем. Балким, жолуксак, аны менин уюмум жана мен өлкө үчүн эч кандай коркунуч жаратпайбыз, тескерисинче өлкөгө пайда келтирип жатабыз деп ишендире алам.

Макс Георг Майер

Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоорунун жетекчиси 

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

02-12-2022
«Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» кайрадан күн тартибинде?!
3345

06-06-2022
Кыргызстан: Чек аралардагы жагдайдан таасир 
2524

16-02-2022
Макс Георг Майер: «Ыраазычылык» айтуунун жолу ушундайбы?
2930

08-10-2020
Вы - нация создателя «Джамили», а не нация варваров!
2271

10-03-2020
Работать день и ночь для страны и превратиться в иностранного агента?!
6449

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×