Добавить свою статью
20 Декабря 2023
Курман Каракеев – кыргыз интеллигенциясынын күзгүсү

Кыргыздын Курман-Гали Каракеев өңдөнгөн чыныгы жана чыгаан уулун биз эч убакта унутпашыбыз керек. Анткени, бул киши жаңы жаралган кыргыз интеллигенциясынын татыктуу жана туруктуу өкүлү болгон. Билими терең, турган турпаты менен өтө маданияттуу жана сылык-сыпай жүргөн инсан эле. Курман Каракеевдин басып өткөн жолу азыркы мезгилде дагы баарыбызга, өзгөчө жаштарга өрнөк жана үлгү боло алат. Улуттук илимдер академиясынын тарых институту өткөрүп жаткан бүгүнкү конференциянын мамлекеттик маанисин белгилей кетпесек болбойт. Бул деген, биздин өлкөбүздүн мыкты адамдарынын элге сиңген иштерин даңазалоо болуп эсептелет.

Мен жаш кезимден эле коомдук иштерге аралашып, биздин улуу инсандарыбыздын бир тобун көрүп жана билип калдым. Алар: Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Корчубек Акназаров, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Муратбек Рыскулов, Бүбүсайра Бейшеналиева, Иса Ахунбаев, Муса Адышев, Республикабыздын жетекчилери Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Болот Мамбетов, Султан Ибраимов, Акматбек Сүйүмбаев. Булар менин «алтын казынам» деп айтсам жаңылышпайм.

Курман-Гали Каракеев менен биринчи жолу 1962-жылы таанышканмын. Ошол жылы кандидаттык диссертациямды Илимдер академиясынын биология бөлүмүндө жактаган элем. Дипломум Москвадан бекип келгенден кийин, академиянын президенти менен жолугушууну эңседим. Ал кезде Академия илгерки Өкмөт үйү, азыркы Маданият министрлиги жайгашкан имаратта болчу. Курман Каракеевич бир саатка жетпей эле кабыл алды. Ал кишиге диссертациямды Академияда жактап, айыл чарба илимдеринин кандидаты болгондугум үчүн терең ыраазычылыгымды билдирдим. Президент мени жылуу куттуктап, «келечекте илимдин доктору бол» деп батасын берди. Ал жолугушуу мен үчүн ак жолтой болду. Курман Каракеевич менен көп жылдары тыгыз байланышта болуп, бир топ илимий ийгиликтерге жетиштим. 1967-жылы Селекция станциясынын директору болуп туруп, 31 жашка караганда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайландым. Парламенттик жыйындарда Курман Каракеевич менен дайыма жолугушуп турдум. Кантсе дагы ал киши 1952-1956 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы болуп, бул жагынан тажрыйбасы мол эле. Ал эми 1971-жылы партиянын Сокулук райкомунун биринчи секретары болуп шайлангандан кийин байланышыбыз дагы күчөдү. Жооптуу партиялык кызматка өтсөм дагы, илимди таштаган жокмун. Кант кызылчасы боюнча республикалык илимий иштердин жетекчиси мен элем. Бул өсүмдүк ал мезгилде абдан бааланып, биз кумшекер менен өзүбүздү гана эмес, бүткүл Орто Азияны камсыз кылып турдук. Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү боюнча жалпы Кыргызстан жана анын ичинде Сокулук району Советтер Союзунда биринчи орунга чыкты. Ушундай көрсөткүчтөрдү эске алышып, 10 кишиден турган топту Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүштү. Бул жогорку сыйлык боюнча Республикалык комитеттин төрагасы Курман Каракеевич болчу. 1976-жылдын жайында ал киши мени чакырып калды. Ал кезде Академия жаңы имаратта жайгашып калган. Андай чоң комплекстин курулуп бүтүшү – бул түздөн түз Курман Каракеевдин кажыбас эмгеги. Ошол жылдары Илимдер академиясы тим эле гүлдөп турган учуру. Анын курамында жаңы институттар ачылып, илимий кызматкерлердин саны 2000ге жеткен.

Академияга келсем, Курман Каракеевич биздин илимий ишибиз менен толук таанышып чыкканын айтты. «Эгерде алып калсаңар, бул айыл чарбасы боюнча биринчи Мамлекеттик сыйлык болот. Бирок адегенде мен силердин жасаган иштериңерди өз көзүм менен көрүшүм керек» деди. Анан тез эле президент башкарган комиссия районго келип калды. Бир күнү кечке кант кызылчасынын таалаларын кыдырып чыгышты. Карапайым эл менен жолугушуп, илимпоздор менен кеңири пикир алмашышты. Жүрүп отуруп, 1976-жылдын 6-ноябрында Курман Каракеевич жетектеген Комитеттин сунушу боюнча Кыргызстан Компартиясынын жана Кыргыз ССР Министрлер кабинетинин токтому менен бизге илим жана техника багытындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылды.

Курман-Гали Каракеев Кыргыз ССР илимдер академиясынын президенти болуп дээрлик 18 жыл үзүрлүү иштеди. 1978-жылы мени Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсүнө шайлайт экен сөздөр тарап кетти. Көрсө, бул демилгени Борбордук Комитеттин алдына Курман Каракеевич көтөрүптүр. Натыйжада, 1979-жылдын 15-июнунда Илимдер академиясынын жалпы жыйынында корреспондент-мүчө болуп шайландым. Мындай зор илимий тепкичке жеткенимдин артында Турдакун Усубалиевич менен Курман Каракеевичтин түздөн-түз колдоосу турду. Бул унутулгус окуя болуп калды. Шайлоодон кийин дароо эле мени К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ректору кылып дайындашты. Кийин, менин талапкерлигим академикке көрсөтүлгөндө дагы, Курман Каракеевич кызуу колдоду.

Дагы бир белгилей кете турган нерсе, бул Курман Каракеевдин үй-бүлөсүнүн үлгүлүү болгондугунда. Айтайын дегеним, ал кишинин жубайы Күлүйпа Токтоманбетова дагы республикабыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык кызматкери болгон. Эгерде 50-чү жылдары Курман-Гали Каракеев Кыргызстан Компартиясынын секретары болуп иштесе, кийинки мезгилде бул жооптуу кызматты Күлүйпа Токтоманбетова дагы аткарган. Андан кийин ал киши кыз-келиндер институтунун ректору болуп иштеди. Бир жолу СССР Жогорку Советинин депутаты болуп да шайланды. Күлүйпа эжебиздин Көлдө эс алып жүргөндүгүнө көп эле жолу күбө болдум. Ушунчалык жөнөкөйлүгүнө аябай таң калчубуз. Курман Каракеевич экөө төп келишип, бири-бирине кам көрүшүп, чыныгы бакубаттыкта көп жылдары чогуу жашашты.

Курман-Гали Каракеев өзүнүн туулган айылы, району же облусунун гана кулуну эмес, жалпы кыргыз элинин туйгуну болчу. Абдан калыс, токтоо, салабаттуу жана сабырлуу киши эле. Чоң болдум деп чочоюп, бой көтөрчү эмес. Кызматтан кеттим деп, чөккөн эмес. Кудай жалгаган киши экен, бир кылымдай жашады. Ушундай узак мезгилде бир калыпта, артынан сөз калтырбай, абийирдүү жана адилеттүү өмүр сүрдү. Кыргыз эли барда, Курман Каракеевичтин аты эч убакта өчпөйт. Бул улуу инсандын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат!

Жамин Акималиев,

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги,

Легендарлуу парламенттин депутаты

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-07-2024
Не о «культе личности», а о роли личности в человеческой истории (Обзор печати)
1491

21-05-2024
О нашей идеологии
8612

25-04-2024
Ломать – не строить
15074

15-04-2024
Сумасбродные предложения
16071

04-03-2024
Какой должна быть Академия наук?
13365

23-01-2024
Ахматбек Суюмбаев – элибиздин сүйүктүү уулу
12145

10-08-2023
Сапаттуу үрөн — жогорку түшүмдүн кепили
3363

07-08-2023
О Сталинских премиях
5803

03-08-2023
Юрий Гагарин
5863

02-08-2023
Ещё раз о Маяковском
6286

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×