Добавить свою статью
23 Января 2024
Ахматбек Суюмбаев – элибиздин сүйүктүү уулу

Бул ысым менин эсимде 1966-жылдан баштап сакталып калды. Ал жылы мен туп-туура 30 жашта элем жана Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясынын директору болуп иштөөчүмүн. Бир күнү Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин секретары Султан Ибраимов чакырып калды. «Эмне болуп кетти?» деп шашылып барсам, ал киши кадимкисиндей бапыраңдап, мени жылуу кабыл алды. Көрсө, жакында Москвадан Советтер Союзунун Коммунистик партиясынын секретары Иван Васильевич Капитонов Кыргызстанга келип, анан Ошто орден тапшырат экен. С. Ибраимов: «Ош облусубуз жетишкен зор ийгиликтери үчүн Ленин ордени менен сыйланды. Обкомдун биринчи секретары болуп Ахматбек Суюмбаев иштейт. Ал кишини тааныйсыңбы?» - деди. «Сыртынан угуп жана көрүп жүрөм, бирок жакындан тааныш эмесмин» - деп жооп бердим. Кыскасы, Капитонов Фрунзеде бир күн түнөп, анан эртеси Ошко барат экен. Ушуга байланыштуу Чүй өрөөнүнөн бир чарбаны көрсөтүүнү чечишиптир. ЦКнын бюросунда кеңешишип, мен башкарган тажрыйба станциясынын талааларына алып бармай болушуптур. Султан Ибраимов: «Сен эми жакшылап даярдан, планыңды түзө бер. Мен өзүм чарбаңа барып, баарын көрүп чыгам. Бул иш – аябай жоопкерчиликтүү» – деп, мени эскертти. Капитонов келгенче Ибраимов бир эмес, эки жолу келип, маршрутту карап чыкты. Андан кийин бат эле Иван Капитонов, ЦКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев жана Министрлер Советинин төрагасы Болот Мамбетов Станцияга кирип келишти. Иштин бардыгын Султан Ибраимов тейлеп жатты. Кеңсенин алдында күтүп турсам, коноктор түз эле талааны көздөй алып жөнөштү. Биринчи кезекте 80 гектар жери бар кызылча аянтына келдик. Капитонов кең талаага көз чаптырып, аны жөө кыдырып чыкты. «Бул жерден мол түшүм аласыңар го, жолдош директор» - деп мага кайрылды. «Ар гектардан 600 центнерден кызылча алабыз деп турабыз» - дедим. «Анда абдан жакшы экен. Тетиги узун машина эмне иш кылып жатат» - деп мага кайрылды. «Биз республикада биринчилерден болуп кант кызылчасын кол менен эмес, жаан жаадыргыч жаңы техниканын жардамы менен сугарып жатабыз. Анын кучагы 110 метр» - дедим. «Бул кызык экен» - деп Капитонов заманбап машинага жакындап барды. Бул чоң техниканы бир эле киши башкарып кенен талааны сугарып жатканын көрүп, ыраазы болду. Республиканын жетекчилери дагы күлүп-жайнап турушту. Андан кийин жүгөрүнүн жана беденин аянттарын көрүп чыгышты. Соңунда КПСС БКнын секретары И.В. Капитонов өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, биз менен жылуу коштошту. Эртеси эле ал Ошко барып, облуска Ленин орденин тапшырганын телевизордон көрдүк.

Партиянын Союздук секретары биздин чарбага келип кеткенден кийин, менин ишим дагы илгерилей баштады. Жарым жылга жетип-жетпей мени Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты кылып шайлашты. Андан кийин 1968-жылы Айыл чарба министринин биринчи орун басары кызматына көтөрүштү. Ошол эле жылы Ош обкомунун биринчи секретары Ахматбек Суюмбаев Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп дайындалды. Өкмөттүн мурдагы башчысы Болот Мамбетов пенсияга чыгып, эс алууга кетти. Ал кезде Министрлер Совети негизинен айыл чарба менен алек болор эле. Ушуга байланыштуу мен Өкмөттүн жыйындарына жана башка чогулуштарына көп барчу болдум. Ал турмак бир жолу Суюмбаев Чүй өрөөнүн кыдырганда мени кошо ала кетти. Ошентип, ишке байланыштуу ал киши менен тез эле тыгыз таанышып калдым. Ахматбек Суюмбаевдин өзгөчүлүгү, колхоз-совхоздорду кыдырганда сөзсүз түрдө эл менен жолугушуп, кенен-чонон сүйлөшчү. Карапайым калктын тиричилигине терең кызыгып, кээде жөнөкөй эле адамдар үйүнө чакырса, тартынбай кирип, даам ооз тийип чыгар эле. Ал киши аябай жөнөкөй, адамкерчиликтүү жана боорукер адам болчу. Көрсө, мындай мыкты сапаттарды Ата Мекендик согуш учурунда сиңирген экен. Советтик армияга 1939-жылы чакырылып, Улуу согушка башынан аягына чейин катышып, ал тургай Берлинди алып жатканда дагы өзүнүн кажыбас эрдигин көрсөткөн. Согуш бүткөндөн кийин СССР армиясынын Германиядагы тобунда кызмат өтөгөн. 1947-жылы гана Кыргызстанга кайтып келип, дароо эле өзүнүн финансы адистиги боюнча кызматка орношкон. 1955-жылы Ысык-Көл облусунун финансы бөлүмүн башкарып турган учурда, анын ишмердүүлүгүн байкап калышкан. Натыйжада, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитенинин биринчи секретары Исхак Раззаков, Ахматбек Суюмбаевди Кыргыз ССРнын финансы министри кызматына көтөргөн. 5 жылдан кийин ошол эле Раззаковдун сунушу боюнча Ош облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп бекиген. 1961-жылдын май айында Исхак Раззаков союздук маанидеги пенсияга чыгарылып, анын ордуна ЦКнын биринчи секретары болуп Турдакун Усубалиев шайланган. Республиканын жаңы жетекчилиги дагы Ахматбек Суюмбаевдин ишин жогору баалап, аны партиянын Ош обкомунун биринчи секретары кызматына көтөргөн. Бул жогорку кызматта 6 жыл иштеп, жыйынтыгында Ош облусу Ленин ордени менен сыйланган. 1968-1978-жылдары Ахматбек Суттубаевич Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеп, республикабыздын экономикасын жана социалдык турмушун жогорулатууда өзүнүн орчундуу салымын кошкон. Мал чарбасы боюнча Кыргызстан Союздук 15 республиканын ичинен үчүнчү орунду ээлеген, ал эми кант кызылчасынын жана жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү боюнча Советтер Союзунда биринчи орунга чыккан. Курулуш иштери боюнча аткарылган жумуштарды айтпай кетпесек, калыстык болбой калат. Ахматбек Суюмбаев Өкмөттү башкарып турган учурда Кожомкул атындагы Спорт сарайынын имараты тез аранын ичинде курулуп бүткөрүлдү. Мурда республикалык жыйналыштардын бардыгы Опера жана балет театрында өткөрүлүп, эл батпай калчу. Ал эми 1974-жылы бүткөрүлгөн Спорт сарайына 3000 киши сыйып, орчундуу иш-чаралар ошол жерде өтө баштады. Мисалы, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйналыш жаңы жайда өткөрүлүп, ага СССР Министрлер Советинин төрагасы Алексей Николаевич Косыгин катышып, маанилүү сөз сүйлөгөн. Ошол эле жылы Эл аралык «Манас» аэропорту курулуп бүттү. Эски аэропортубуз шаардын эле ичинде, азыркы Айтматов проспектисинин башында жайгашчу жана Борбордогу жашоочуларга ыңгайсыз шарттарды жаратчу. 1976-жылы Фрунзе шаарында Цирктин имараты курулуп, ишке берилди. Бул аябай чоң окуя болду, себеби бизде циркти жактыргандар көп болчу, бирок имаратыбыз жок эле. Жаңы цирк курулуп бүткөндөн кийин элибиздин эс алуусуна жакшы шарттар түзүлдү. Кыргыз филармониясы илгери эле, 1936-жылы уюшулганы менен, өзүнүн атайын имараты жок болчу. Кийинки жылдары филармония айыл чарба министрлигинин клубун ээлеп, ага болгону 400 киши араң батчу. Ал эми кыргыздын кымбат ырларын жана классикалык обон-күүлөрүн, ошондой эле элдик фольклорду жактыргандар аябай көп болчу. Турдакун Усубалиевич биринчи секретарь, ал эми Ахматбек Суттубаевич өкмөт башчысы болуп турган кезде Кыргыз филармониясынын жаңы имаратын куруу иши башталып, ал 1980-жылы бүткөрүлдү. Филармония аябай кенен болуп, элибиз жыргап эле калды.

Менин турмушумдагы өзгөчө бир тепкич Ахматбек Суюмбаев менен байланышкан. 1970-жылдын декабрынде мени ЦКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиевич чакырып калды. Барсам, ал киши менин айыл чарба министринин биринчи орун басары кызматын жакшы аткарып жаткандыгымды белгиледи. Кубанычым койнума батпай эле калды. Бирок бир аз туруп, мага башка кызматты сунуштады. Селт дей түштүм. «Сени биз партиянын Сокулук райкомунун биринчи секретары кызматына алып баралы деп жатабыз. Район республикадагы ири аймак болуп эсептелет. Чүйдө обком деген жок, силер түз эле бизге, ЦКга баш ийесиңер. Кызмат абдан жогору, бирок аябай жоопкерчиликтүү» - деди Турдакун Усубалиевич. Мен бир аз мукактанып, «айыл чарба тармагында иштеп көнүп калдым эле, анын үстүнө илимий иштеримди дагы улантып жаттым эле. Ушул мезгилге чейин партиялык кызматта иштеген эмесмин, мага кыйын болот го?» - дедим. Биринчи секретарь бир аз кабагын түйүп, «Эмне үчүн иштей албайсың? Сен партиянын солдатысың да. Көнүп кетесиң. Илимий иштериңди улантууга биз уруксат беребиз» - деп ишенимдүү айтты. «Анда мен ойлонуп келейин, Турдакун Усубалиевич» - дедим. «Эмнесин ойлоносуң, биз сени көтөрөлү деп жатбайбызбы. Райкомдун биринчи секретарынын аброю Министрден да жогору турат. Жоопту азыр бер» - деп тике карады. Мен дароо эле «макул» дедим. «1971-жылдын январь айында Сокулук районунун партиялык конференциясы болот. Анда биз сенин талапкерлигиңди көрсөтөбүз. Коркпо, сен жалгыз болбойсуң. Конференцияны өткөрүү үчүн Министрлер Советинин төрагасы жолдош Суюмбаев барат. ЦКнын атынан сизди көрсөтүп, райкомдун биринчи секретары кызматына шайлап келет. Анда бүттү» - деп, ордунан турду. Эртеси эле мени Ахматбек Суюмбаев чакырып, алдыда турган маселелерди талкууладык. Ошентип, жаңы 1971-жылдын январь айында Сокулук районунун отчеттук-кайра шайлоо партиялык конференциясы өтүп, анда мен бир добуштан райкомдун биринчи секретары болуп шайландым. Бул орчундуу кызматта мен 9 жыл иштедим. Ишим ийгиликтүү болуп, Сокулук району республикада биринчи орунга чыкты. Райкомдун биринчи секретары болуп иштеп турган мезгилде Ленин жана Октябрь Революциясы ордендери менен сыйландым. Сары-Өзөн Чүй, Сокулук району мен үчүн Нарын, Ак-Талаадан кийинки эле экинчи кичи Ата-Мекеним болуп калды. Сөөгүм Нарындык, этим Чүйлүк деп айтсам, жаңылышпаймын.

Ахматбек Суюмбаевди 1978-жылы пенсияга чыгарышты. Ал кезде ал 58 эле жашта болчу. Күүлүү-күчтүүсүн эске алыштыбы, биротоло жумуштан албай, республиканын коммуналдык чарба министри кылып дайындашты. Мен бул кабарды угуп, Сокулуктан чаап келдим. Ал кезде Коммуналдык министрлиги азыркы Исанов көчөсүндө жайгашчу. Кабинетине кирсем, эмнегедир көңүлсүз отуруптур. Мени көргөндө кабагы ачыла түштү. Көпкө чейин сүйлөшүп, бир топ чер жасып алдык. Мен айттым: «Ахматбек Суттубаевич, «кызмат колдун кири» деген кеп бар. Эч ким түбөлүк иштебейт. Кептин баары – кандай иштегенде, эмне из калтырганда. Сиз ишиңиз менен элдин сыймыгына айландыңыз. Сиздин зор эмгегиңиз эч убакта унутулбайт. Сиздин атыңыз Кыргызстандын тарыхында алтын тамга менен жазылып калат».

Бир жылдан кийин мен Фрунзеге которулуп, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ректору болуп дайындалдым. Институттун негизги корпусу эскирип бүтүп, капиталдык ремонтту талап кылып калыптыр. Кетээр чыгымдын көптүгүн эске алып, Өкмөттүн атайын токтомун чыгарууга жетиштим. Ремонт жасоону коммуналдык чарба министрине тапшырууну өтүндүм. Анткен себеби, министр менин эски таанышым жана кадырлаган адамым эле. Токтом чыккандан кийин, аны көтөрүп алып министрликке бардым. Ахматбек Суттубаевич атайын приказ чыгарып, өзүнүн тийиштүү адистери менен институтка келип, аткарылуучу иштерди аныктап кетти. Жеке өзү көзөмөлгө алып, 3 кабаттан турган чоң окуу корпусубуздун капиталдык ремонтун 3 айдын ичинде бүткөрүп берди. Адамга адам ишенсе, тоону омкорсо да болот экен.

Корутундулап айтканда, Ахматбек Суюмбаев биздин мамлекетибиздин көрүнүктүү партиялык жана советтик ишмери. Кажыбас эмгеги менен калкка таанылган жана адамкерчилиги Ала-Тоодон бийик инсан. Улуу Ата-Мекендик согуштун башынан аягына чейин катышуучусу. Мекенин жанынан артык көргөн жана аны коргоо үчүн канын төккөн күжүрмөн жоокер. Кыргыз Республикасынын чыныгы жана татыктуу Баатыры.

Жамин Акималиев,

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Легендарлуу парламенттин депутаты

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-07-2024
Не о «культе личности», а о роли личности в человеческой истории (Обзор печати)
1491

21-05-2024
О нашей идеологии
8612

25-04-2024
Ломать – не строить
15074

15-04-2024
Сумасбродные предложения
16071

04-03-2024
Какой должна быть Академия наук?
13365

20-12-2023
Курман Каракеев – кыргыз интеллигенциясынын күзгүсү
20457

10-08-2023
Сапаттуу үрөн — жогорку түшүмдүн кепили
3363

07-08-2023
О Сталинских премиях
5803

03-08-2023
Юрий Гагарин
5863

02-08-2023
Ещё раз о Маяковском
6286

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×