Добавить свою статью
5 Апреля 2024
Достукту бийик туткан инсан!

Адам менен бет келишип сүйлөшпөсөң, же бир иш менен кайрылбасаң, анын ким экенин билбейсиң.

Залкар жазуучу, коомдук ишмер, демократиянын патриархы Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча топ түзүлүп жатканы тууралуу кезинде Чолпон Субакожоева мага айтып, бизди ошол топко чакырды. Ошентип, белгилүү жазуучубуз Казат Акматовдун юбилейлерин өткөрүү боюнча кеңеште мен Медетбек Омошович менен таанышып, таанышмак турсун бир топто иштешип, туугандашып да кеттик десем жаңылышпайм.

Өзү жакшы адамдардын жакшылыгы көзү өткөн соң деле тие берет өңдөнөт. Ага чейин да Казат Акматовдун 70 жылдыгын өткөрүүдө дагы Чолпон менен чогуу иштешип калган жайыбыз бар.

Анда юбилейди өткөрүү боюнча топко Казат Акматов өзү чакырган. Андагы менин вазийпам кыргыздын каймактары чогулган жерде Казат Акматовдун чыгармачылыгы боюнча айтып берүү болчу. Мен ал убакта Казат Акматовдун чыгармачылыгын изилдеп, макалаларды жазып жүргөн учурум эле.

Кыргыздын белгилүү, капчыктуу адамдары жыйналган ошол кечте Казат Акматов: “Мен кандайдыр башкача абалда болуп атам, сыртка чыгып турайын, силер сүйлөшө бергиле!” – деп сыртка чыгып кеткенде “ушундай улуу жазуучулар китебин чыгарууга байлардан акча сурап калабы?” – деп ичим сыйрылып калган.

Ал эми бул жолку жолугушууда Казат Акматовдун жакын адамдары, шакирттери анын 80 жылдыгын кандай форматта, кантип өткөрө тургандыгыбыз жана кандай иштер жасала тургандыгы жөнүндө кеңештик.

Бир-эки жолу жолугушуудан кийин Чолпон экөөбүз сүйлөшүп, мен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ал эми Чолпон Субакожоева Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында иш-чараларды уюштурууну баштай берели деп макулдаштык.

Иш башталып кетти.

Алгач Чолпон Субакожоева өзү иштеген Арабаев атындагы университетте чоң конференция өткөрдү.

Андан соң Атантай Акбаров экөөбүз 2021-жылдын 3-апрелинде Ош мамлекеттик университетинде Кыргызпатенттин, Евразия чыгармачылык гильдиясынын жана Ош мамлекеттик университетинин уюштуруусу менен 26-апрель – Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Казат Акматовдун 80 жылдыгына карата “Жүрөктөгү жалын – каректеги от” деген темада илимий-практикалык конференция уюштурдук.

Ошондо КР Президентинин кеңешчиси, биздин топтун мүчөсү Медетбек Омошович Букуев жана жумушчу топтун бир нече мүчөлөрү юбилейди өз деңгээлинде өткөрөлүү деген максат менен Ошко барышты.

М. Букуев студенттердин алдында Казат агай жөнүндө абдан кызыктуу аңгеме куруп берди. Ошондо көзүнө жаш тегеренип, жашып кеткени да эсимде.

К. Акматовдун 80 жылдыгына арналган илимий конференция чындыгында абдан кызыктуу, жемиштүү болду.

Андан кийин 2021-жылдын 26-майында Баткен шаарында Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында “Ыйык журт” илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.

2021-жыл 27-майында Жалал-Абад облустук Барпы атындагы театрында Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу К.Акматовдун 80 жылдык маарекесине карата эскерүү иш-чарасы уюштурулду.

Медетбек Омошович Букуев бул иш-чараларды уюштурууга активдүү катышып көмөктөшүп турду.

Ошентип, мурда пландаштырылгандай эле иш-чаралар Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында да ийгиликтүү өткөрүлдү.

М. Букуев Нарын шаарындагы иш-чарага катышты.

Медетбек Омошович, Айна эже экөө 2021-жылдын 24-декабрында менин Москвада өткөн "Жашоонун куту – энеде" деген чыгармачылык кечеме дагы барып катышып, колдоп, сүйлөп бергени үчүн абдан ыраазы болгонбуз.

Жашоодо мыктылардан сабак алуу керек. Маселен, достукка бек болууну Медетбек Омошовичтен үйрөнүү керек деп ойлойм.

Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесин өткөрүүдөгү иш-чараларга түздөн-түз катышып, Бишкек шаарындагы № 58 орто мектепке Казат Акматов ысымын ыйгарууда дагы Медетбек Омошовичтин эмгеги зор.

Медетбек агай эмоциялуу, жүрөгү таза адам.

Ошондон улам мен Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын которгон убакта Алыкул Осмонов чыгармадагы айрым бир саптарды өз чыгармасындай кылып төмөнкүдөй шедевр түрмөктөргө айлантып ийгени эске түшөт. Маселен:

“Үч шарт бар аткара алсаң курдаштыкта:

Биринчи кошо жангын махабатка,

Экинчи колтугунан сүйөп тургуз,

Казатта ок жаңылып жыгыларда.

Үчүнчү караан болгун азаматка,

Кыйындык чындап башка түшкөн чакта.”

М.Букуев достуктун дал ошол үч шартын тең аткара алган, досу Казат Акматовдун көзү өткөндөн бери да анын юбилейлерин өткөрүп, улуу жазуучунун даңазасын өчүрбөй, анын чыгармаларынын кийинки муундарга жетиши үчүн кам көрүп келаткан даанышман инсан.

“Убакыт болгон эмес колдо кармалуу,

Ээси кеткен Эйнштейт чал дагы.” – деп бир кезде Билим Карагулов жазгандай бүгүн минтип М. Букуевдин өзүнүн да 70 жылдык юбилейи келип калыптыр.

Айланасындагыларга ак жылдыздай жарык чачып, өрнөктүү үлгү болуп келаткан ардактуу агабыз – Медетбек Омошович, Сиздин да кутман курагыңыз кут болсун! Мааракеңизди чын дилден куттуктайм жана Айна эже экөөңүздөргө бактылуу, дөөлөттүү узун өмүр каалайм!

Өктөм Калыева, жазуучу, обончу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-05-2024
Ыйык өмүрлөр. Акматбек Султан уулу - төкмө акын, ырчы, обончу
1602

05-04-2024
Ыйык өмүрлөр. 70-жаш устат, коомдук ишмер, профессор Медетбек Букуев
1629

12-03-2024
Ыйык өмүрлөр (жашоо сүртүмдөрү түрмөгүнө) 60 жаш
1296

03-08-2022
Ыйык өмүрлөр: Мухтар Шаханов 80 жашта
2400

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×