Добавить свою статью
22 Июня 2024
Бишкек эл аралык кинофестивалы тууралуу

Бишкек эл аралык кинофестивалы – Көчмөндөр оюнунан кийинки эле мамлекеттик маанилүү иш чара!

Айырмасы – Бишкек кинофест системалуу түрдө өтүп жатат.

Бишкек кинофест - социалдык жана маданий инфраструктураны жакшыртуучу курал.

Ар бир кинофестиваль – өлкөнүн, шаардын туристтик жана маданий иш чарасы экенин баарыбыз билебиз. Мен Бишкек кинофесттин маанилүү социалдык дизайн экенин айтып өтөйүн.

- Мындан ары атайын кинофакультеттерге, бөлүмдөргө тапшыруучу абитуриенттердин саны көбөйөт. 2023-жылга чейин канча абитуриент тапшырчу эле, дагы 5 жылдан кийин канча абитуриент тапшырат, салыштырсак болот. Бул искусствого келген адамдардын саны жана сапаты көтөрүлөт деген сөз.

- 2023-жылдан баштап эр аралык кинофестивалдарга катышкан кыргыз тасмаларынын саны көбөйөт, жана биз катышкан кинофестивалдардын мейкиндиги дагы кеңейет.

- Жакында тартыла турган тасмалар башка өлкөлөр менен ко-продукцияга кире баштайт. Фестивалдын учурунда бир нече келишим боюнча кол алышуулар болду. Бул автордук тасмалар үчүн гана эмес, коммерциялык нуктагы тасмаларга дагы тийиштүү. Демек, тасмалар башка өлкөлөргө байма бай прокатка чыга баштайт. 

- Кыргыз тасмаларына башка өлкөлүк адисттер келип иштеше баштайт. Бул нукта дагы бир нече келишим болду. Демек, кино тартуу аянтчасында дагы тажрыйба алмашуулар болот.

- Жергиликтүү көрүүчүлөр үчүн тартылып жаткан тасмалардын сапаты жогорулайт. Баарыңар айтып жүрөсүңөр, комедиядан башка жанрларды дагы тартсаңар боло деп. Кинолордун сапаты өзүнөн өзү жогорулайт. Демек, көрүүчүлөрдүн дагы эстетикалык табити жогорулайт.

- Кыргызстан жөнүндө чет өлкөдө жакшы жагынан маалымат көп тарайт. Биринчи кинофестиваль жөнүндө 7 өлкөнүн ММКлары жазса, Экинчи кинофестиваль жөнүндө бир жуманын ичинде 42 чет өлкөлүк ММК материал даярдап чыгарды. Прогресс дароо көрүнүп турат. Бул факты Бишкек кинофест туура жолдо баратканын тастыктайт. Бишкек менен Кыргызстаныбыз позитивдүү нукта дүйнөлүк аренада орун таап атат.

- 2023-жылга чейин саналуу гана кинодолбоорлор эл аралык питчингдерге, кинолабораторияларга катышчу. Эми сценарийлер жазылып баштагандан баштап кыргыз кинолору эл аралык аренада өзүнө көңүл бура баштады. Канн кинофестивалы менен Венеция кинофестивалында бир нече кыргызстандык кинодолбоор тартууланды, жакында дагы тартууланганы турат (авторлору өздөрү жарыялаар). Учурда кыргызстандык кинематографисттердин келечекте тартылчу он чакты кинодолбоору эл аралык эксперттердин колдоосун алып, кинолабораторияларда, сценардык, продюсердик мектептерде бышырылып жатат. Алардын ичинде менин дагы долдоорум бар))). Буга чейин бизде мынтип иштегендер жокко эсе эле. 

- Бишкек кинофестивалы алган арышын токтотпош үчүн команданы алмаштырбай, концепциясын алмаштырбай, бут тоспой, бюджетин кеспей колдоп бериш керек. Жыйынтыгы мындан дагы күчтүү болот. 

- Бишкек кинофестивалы – Кыргызстандын, Бишкектин таанымал, мыкты бренди болот!

- Кинофестиваль экинчи гана жолу өттү, бирок жыйынтыгы мыкты! Борбор Азиядагы эң маанилүү, эң керектүү, эң абройлуу кино иш чарага айланды.

- Бишкек кинофестивалын өткөрүүдөгү мамлекет башчыларынын салымы өтө чоң! Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун, Премьер-пинистрибиз Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун, Вице-премьер Эдиль Жолдубаевич Байсаловдун, министрибиз Алтынбек Аскарович Максутовдун, Бишкек шаарынын мэри Жунушалиев Айбек Жанышбековичтин, министрдин орун басары Ажымалиев Тимурлан Максатбековичтин. Жана ар биринин командасына ыраазычылык билдиребиз!

PS.

Кинофестивалга Марк Дакаскос, Стивен Сигал сыяктуу жылдыздар эмнеге келген жок дегендерге жооп:

- Алар мындан 20 жыл мурун жылдыз болчу. Окуп калышпаса таарынышпасын) Бирок, бүгүнкү күндө аларга окшоп жылдызы өчкөн жылдыздар кыргыз киносун ааламга чыгаруу үчүн бир пайыз дагы жардамы тийбейт. 50 000 - 100 000 долларга аларды чакыргандан көрө бүгүнкү күндө күчү ашып-ташып турган, амбициясы толуп турган продюсер, режиссер, программер, дистрибюторлорду чакырганыбыз оң.

- Жылдыздар келсе, биринчи эшелондогу жылдыздар келет! Ал күн дагы алыс эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×