Добавить свою статью
7 Июля 2015
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Калимбетова Мактым Борбугуловна жөнүндө азын оолак баян.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 24-июнундагы №272-Токтомуна ылайык июнь айынын акыркы жекшембиси жыл сайын белгиленүүчү юристтердин профессионалдык күнү деп белгиленген.

Ошого байланыштуу, өз кесибинин устаты - Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Калимбетова Мактым Борбугуловна жөнүндө азын оолак баян.

Калимбетова Мактым Борбугуловна Сузак районунун Кызыл-Туу айылында 17-август 1955-жылы туулган. 1972-жылы “Орто-Азия” орто мектебин бүтүргөн. 1980-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетин бүтүрүп, Ош шаардык сотунда иш алып баруучу, Сузак райондук сотунда соттук отуруштун секретары болуп 1978- жылга чейин иштеген.

Ошол жылы келечектүү адис, билимдүү адам катары ал Сузак райондук комсомол комитетинин инструктору, 1982-жылы Көк-Жаңгак нотариалдык конторасында нотариус болуп иштеген. 1982-жылы Сузак райондук сотунун судьясы болуп шайланып, 1987-жылга чейин иштеген.

1987-жылы өмүрлүк жолдошу Насыров Абсатар Араван райондук сотунун төрагасы болуп шайланганына байланыштуу, Ош облустук нотариалдык конторада нотариус, кийин ал конторанын башчысы болуп кызмат өтөгөн.

1993-жылы кайрадан Ноокен райондук сотунун, кийин Жалал-Абад облустук сотунун судьялыгына төраганын орун басарлыгына, 2002-жылы Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымдыгына шайланып, 2011-жылга чейин иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Мактым Борбугуловна соттордо иш башкаруучу секретарь болуп иштеп жүргөндө эле балалык ой-максаты менен судья болууну максат кылып коюп соттук ишти канчалык кылдаттык менен кароону адам тагдырын чечүүдөгү оор түйшүктү үйрөнгөн. Ошонун натыйжасында, кайсы жерде судьялык жооптуу кызматты аткарбасын чоң жоопкерчиликти сезип, татаал чиелешкен турмуш, тагдырларды мыйзамдык, адамдык талап менен чечип, республикадагы кесиптештеринин арасында чон абройго ээ.

Оор эмгеги текке кетпей, кесиптештер арасында бааланып, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген юристи” кийин Президенттин жарлыгы менен 1-даражадагы юрист деген наам алып, Кыргыз мамлекетине өзгөчө эмгеги сиңирген адам катары персоналдык пенсияга чыгып, азыркы учурда ардактуу эс алууда.

Мактым Борбугуловна дасыккан өз ишин билген кана адис эмес, мээримдүү эне. Ал эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткирди.

Өз кесиби жөнүндө Мактым Борбугуловна төмөндөгүдөй ойлору менен бөлүшөт: Ошентип, мен юрист кесибин тандап алдым. Эмнеге ушул кесипти тандап алдың деген суроого бир беткей жооп берүү кыйыныраак. Балким, келечекте мындай адистер талап кылынат деп ойлосом керек. Мындан сырткары, эң күчтүү билим болгон- мыйзам билимине ээ болгум келди. Анткени, укуктук чындыкка багыт алуу жөндөмдүүлүгү нукура кесиптик тажрыйбанын алкагында гана талап кылынбастан, ошондой эле азыркы турмуш үзгүлтүксүз талабы болуп эсептелет. Материалдык факторду дагы эске албай кетүүгө болбойт. Барынан мурда перспективдүү жана эмгек акысы татыктуу иш издөө мен үчүн эң биринчи максаттардан, бирок азыркы жумушчу күч рыногунда андай иш табуу кыйын экенин жакшы билем. Профессионалдуу юридикалык ишмердик татаалдыгы жана көп кырдуулугу менен айырмаланат. Анын психологиялык анализи акыркы максатка жетүүгө- чындыкты орнотууга боло турган бир катар этаптарды бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет,

Профессионалдуу юридикалык ишмердикте тигил же бул даражада төмөнкүдөй тараптын белгилөөгө болот: издөөчүлүк (билүүчүлүк), коммуникативдик, ырастоочулук, уюштуруучулук, реконструкциялык (конструкциялык), социалдык. Жогоруда көрсөтүлгөн тараптардын ар биринде иштин ийгиликтүүлүгүн камсыздап тийиштүү инсандык сапаттар ишке ашырылат. Юристин иши – көп кырдуу, иерар¬хиялык кубулуш. Максаттардын аталган деңгээлине жетишүүнүн ар бир деңгээлинде тийиштүү инсандык түзүмдөр менен камсыздалат, мында аларга жетишүү иштин жогорку деңгээлиндеги максаттарга жетишүүгө өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Юристер иш күнүндө эмгегинин үзүрдүүлүгүн сактоо үчүн өзүнүн күчүн жана жүндөмүн сарамжал бөлүштүрө билиши, нерв күч кубатын көп коротпостон оптималдуу далилдүү дайындарды алуу үчүн профессионалдуу психологиялык сапаттарга ээ болушу керек. Ийкемдүүлүк, акыл жана мүнөз, баамчылык жана бекем эс тутум, өзүн кармай билүү жана сабырдуулук, принциптүүлүк жана адилеттүүлүк, уюшкандык жана өз алдынчалуулук сыяктуу профессионалдык сапаттар ырааттуу өнүктүрүүдө психологиялык илимдин сунуштары чоң мааниге ээ, ал аларды түзүүдө туура жолдорду жана каражаттарды көрсөтөт. Ошону менен бирге сот-тергөө кызматкерлеринин ишинин майнаптуулугун андан ары жогорулатуу криминалисттик тактиканын психологиялык негиздерин ар тараптуу, терең иштеп чыгууну ошондой эле жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын (күнөөлөөчү, жабырлануучу, күбө ж.б.) психологиясын изилдөөнү же билүүнү талап кылат.

Сот-тергөө кызматкерлеринин псиохологиялык компетенттүүлүгү «кээде псиохологиялык учурларды эске албагандан улам адамдардын кылык-жоруктары жөнүндө ой жүгүртүүдө келип чыга турган каталардын оор кесепеттерин болтурбоого жардам берет»

Юрист- өзүнүн адаттарынан, каалоолорунан жогору турган инсан: ал өз ишин коомдук жогорку кызыкчылыгы талап кылгандай жасашы керек. Укук бузуучулар – көпчүлүк учурда күчтүү, максаттуу инсандар болушат, алар менен кармашуу жеңилге турбайт.

Кылмыштарды ачууда жана тергөөдө – инсандардын, мүнөздөрдүн ортосунда кармаш көп кездешет. Адам социалдык практика процессинде инсан катары калыптанат. Юридикалык билим – укуктарды ишке ашыруу жаатында өзүн инсан катары калыптануудагы алгачкы кадам.

Юридикалык билим өлкөнүн мыйзамы жана эл аралык укук менен таанылган укуктук жана этикалык милдеттерди түшүнүүнү, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин кошуп практикалап жаткан юрист үчүн зарыл болгон билимди жана түшүнүү, сүйлөө чеберчилигин камсыз кылышы керек.

Юристтин эмгеги өтө ар түрдүү жана оор, аны башка кесиптеги көпчүлүк адамдардын эмгегинен айырмалаган бүтүндөй бир катар мүнөзгө ээ. Биринчиден юридикалык кесип чечилип жаткан милдеттердин өзгөчө ар түрдүүлүгү менен мүнөздөлөт.

Бул милдеттерди чечүү программасы негизинен укуктук ченемде түзүлгөн жалпы формада болушу мүмкүн. Ар бир жаңы иш тергөөчү, прокурор, судья, жактоочу үчүн жаңы милдетти билдирет. Ишке мамиле кылуу шаблондор канчалык аз колдонулса ошончолук чындык табууга мүмкүн болот.

Экинчиден, юридикалык иш бардык татаалдыгы жана ар түрдүүлүгү менен толугу укуктук жөнгө салууга дуушар болот, жана бул ар бир юристтин инсандыгына из калтырат.

Ар бир кызматкер өз ишин пландап жатканда оюу менен келечектеги иш-аракеттерин бул иш-аракеттерин регламенттеген мыйзам ченемдери менен салыштырат.

Негизинен бардык юридикалык кесиптер үчүн коммуникативдик ишмердик иштин негизги тарабы болуп эсептелет, ал укуктук жөнгө салуу шарттарында баарлашууда турат.

Бул укуктук (процесстик) жөнгө салуу аларга өзгөчө эрежелерди жана милдеттерди жана баарлашууга өзгөчө боек берип, юридикалык кесипти өзгөчө топко бөлүп баарлашуунун бардык катышуучуларына өзгөчө из калтырат. Эмгектин жогорку эмоционалдык чыңалуусу көпчүлүк юридикалык кесиптер үчүн мүнөздүү.

Бул негизинен терс эмоциялар менен байланыштуу, аларды басып туруу зарыл, ал эми эмоционалдык жактан эс алууну салыштырмалуу көп убакытка бөлүү керек.

Көпчүлүк юристтердин эмгеги (прокурордун, тергөөчүнүн, судьянын, оперативдүү кызматкердин ж.б.) мыйзамдын атынан бийлик колдонуу укугу жана милдеттери менен өзгөчө бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашыруу менен байланышкан.

Ошондуктан саналып өткөн кызматтарда иштеген адамдардын көпчүлүгүндө иш аракеттеринин натыйжаларына профессионалдык жогорку жоопкерчилик сезими өнүгөт. Иштин уюштуруучулук жагы юридикалык кесиптердин көпчүлүгү үчүн мүнөздүү, ал эреже катары эки аспектиден турат:

• иш күнүндө, жуму ичинде өз ишин уюштуруу, иш күнүн норма салынбаган шартында иш боюнча ишти уюштуруу;

• башка кызмат адамдары, укук коргоо органдары, жазык процессинин башка тараптары менен биргелешкен иштерди уюштуруу.

Айрым адамдар, кээ бир учурларда майда топтор тарабынан ишке каршылыктарды жеңүү юрист кесиби үчүн мүнөздүү.

Юрист иш боюнча чындыкты издөөдө көпчүлүк учурда иштин кандайдыр бир жыйынтыгына кызыктар адамдар тарабынан пассивдүү же активдүү каршылыгына күбө болот. Бардык юридикалык кесиптер үчүн эмгектин чыгармачылык аспектиси мүнөздүү, ал саналып өткөн мүнөздөмөлөрдөн келип чыгат. Ошондуктан мени юрист кесиби кызыктырат!

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×