Президентибиз Садыр Жапаров 2024 жылдын акыркы айында (19-декабрь күнү) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) ремонттон кийин жаңыртылган имаратына барып, кыргыз илимпоздорунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз илимине терең талдоо жасап, олуттуу сын-пикирлерди кескин түрдө ачык айтып өттү. Алардын арасында чечкиндүү илимий сунуштардын, натыйжалуу долбоорлордун жоктугун, чыныгы илимий өндүрүмдүүлүк, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, жаңы ачылыштары жок экендигин баса белгилеп кетти.
Садыр Жапаровдун сөзү мага абдан таасир берди. Ошондуктан биздин илимий системабыздагы көп жылдан бери уланып келаткан хроникалык мүнөзгө айланган терс көрүнүштөргө көңүл бургум келет. Бул көйгөйлөр Кыргызстандагы илимий кадрларды даярдоо жана аларды баалоо маселелерине байланыштуу.
Биринчиден: Диссертациялык кеңештердин ишмердүүлүгү;
Экинчиден: Улуттук Илимдер Академиядагы эң жогорку даражадагы наамдарды ыйгаруу системасы.
1. Диссертациялык кеңештердин терс жагдайлары. Белгилүү болгондой, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болоору менен Советтер Союзунан калган мурастарынан биз Улуттук илимдер академиясына (УИА) ээ болдук. Андан кийин эгемендүү илимибизди өнүктүрүү максатында Улуттук аттестациялык комиссиябызды түздүк. Ошону менен бирге дароо эле биринин артынан бири ар түрдүү илимий багыттар боюнча жайнаган диссертациялык кеңештерди ача баштадык. Ошондон бери бүт тармактар боюнча ачылган кеңештер үзгүлтүксүз иштеп келатат. Бир четинен караганда ар бир эгемендүү өлкө үчүн илимдин өнүгүшүү – бул анын престижи, аброю. Президентибиз айткандай, илим өлкөнүн өнүгүшүнө сапаттуу кадрларды даярдап, алардын эмгектери экономикалык, социалдык, технологиялык өнүгүшүнө түрткү бериши керек эле.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда илимий даражалуу жарандарыбыз, тактап айтканда, илимдин кандидаты, илимдин докторлорунун саны боюнча коңшу мамлекеттерди ашып кетип баратабыз. Бирок саны боюнча башка элдерден калбасак да, чыгарган адистерибиздин сапаты боюнча чоң маселелер бар. Өлкөбүздүн илимий системасында 40 жылдан ашык иштеп келе жатам. Салыштырмалуу башка өлкөлөрдүн диссертациялык кеңештеринде КАЗУМО и МЯ (Алматы) МГЛУ (Москва), СПбГУ (Санкт-Петербург) иштеп келген үчүн биздеги болгон абалды түп тамырынан билем.
Бир орчундуу маселеге кайрылсак, биздин өлкөбүздө илимге умтулган зээндүү жаштарыбыз арбын. Бирок алардын илимге кызыгуусун, ынтаасын колдоп, болгон потенциалын биз керектүү деңгээлде көпчүлүк учурда ачып бере албай жатабыз. Негизги себептер булар: илимий жетекчинин мамилеси жана жоопкерчилигинин жетишпестиги, экинчиден: диссертациялык кеңештин жоопкерчилигинин төмөндүгү; үчүнчү – Улуттук аттестациялык комиссиянын жоопкерчилик маселеси. Жаш изденүүчү кандай гана талантуу, жөндөмдүү, эмгекчил болбосун, ал ушул үч факторлордун субъективдүү мамилесине көз каранды болуп кала берет.
Дагы бир терс көрүнүш: илимдин кандидаты даражасы деген нерсе биздин чөйрөдө модага айланып кетти, ошондуктан илимге жөндөмү жок, бирок финансылык мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар окумуштуу наамын алам дегендер да күндөн күнгө көбөйүп келатат. 2017-жылы ошол кездеги биздин диссертациялык кеңеште колдонгон «принциптерге» макул боло албайм, чала сабат адистерди даярдоо иштерге шериктеш боло албаймын деп, кеңешибиздин жетекчилигинен бошонуу жана мүчөлүгүнөн да чыгуу боюнча УАКка арыз жазып, чыгып кеткем.
Диссертациялык кеңештерде көмүскө түрдө кездешкен терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн төмөнкү талаптарды сунуштаймын:
Илимий жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү;
Диссертациялык кеңештин жоопкерчилигин көтөрүүдөн тышкары, диссертацияларга баалоо үчүн анонимдүү сын-пикирлерди талап кылуу;
Диссертациялык кеңеште эки ирээт талкуу киргизүү: биринчи талкуудан кийин кемчилдиктерди, сын-пикирлерди оңдоо үчүн 6 ай берүүсүү шарт;
УАКка диссертация түшкөн этапта бир эксперттин пикири менен чектелбей, сырт жактан, коңшу өлкөлөрдүн баалоосуна жиберүү.
Жогорку рейтингдеги илимий журналдарга (Web of Science жана Scopus) 2-3 макала жарыялоо. Чыгарган макалалар ортомчул, акча төлөөчү мекемелерде даярдалбай, изденүүчүнүн жеке өзүнүн эмгеги менен жазганы далилдениши керек.
Дагы бир оор дартыбызга токтолуп кетейин: бизде илимий кадрларды даярдоо системасы бизнеске айланып кеткен. Бүтүн кеңештерге шек келтире албайм. Алар жөнүндө маалыматым жок, бирок сын-пикирледи угуп жүрөбүз. Биздин тармак жөнүндө сөз кылсак, айрым биздин кесиптештерибиз 40-50дөн аспирант жетектеп, ушул эле санда кандидат, докторлорду чыгарып жатканына күбө болуп жүрөбүз. Бул илимий кадрларды даярдоо өзүнчө эле фабрика-конвейерге айланып кеткен. Тилекке каршы, бул терс көрүнүштөргө эч ким көңүл бурбайт, ушундай темпте, ушундай шартта чыгарган адистеринин сапаты эч кимди кызыктырбайт.
Экинчи көйгөйлүү маселе – бул Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы (УИА) академик жана мүчө-корреспонденттикке шайлоо системасы боюнча проблемаларга кайрылам. Ар бир илимпоз үчүн аталган илимий наамдар анын эмгегин баалаган эң жогорку деңгээли болуп саналат. Совет доорунда бул наамдар дүйнөлүк илимге зор салым кошкон эң көрүнүктүү окумуштууларга ыйгарылып келчү. Алардын арасында биздин кыргыз илимпоздор да ушул даражага ээ болгон.
Эгемендүүлүктү алар менен бул система «кыргызчылык» мүнөзгө айланды, анткени ошол кездеги биздин окумуштууларыбыздын айрымдары мүчө-корреспондент тепкичинен аттап, дароо эле академик болуп калган окуялар коомго белгилүү. Андан кийин бул шайлоолор Улуттук Академиянын күн тартибинде чыдамсыздык менен күткөн негизги борбордук окуя болуп калды. Бара-бара өткөргөн шайлоолор шектенүүнү жаратып, бийлик тараптан бул иш-чара убактылуу токтотулган.
Жаңы бийлик 2021-жылы Улуттук Академиянын жетекчилигинин кайрылуусун колдоп, академик, мүчө-корреспонденттерди шайлоосун өткөрүүгө уруксат берди. Бирок бийликтин ак ниет демилгеси тескери кесепеттерге айланып кетти. Өткөргөн шайлоонун тегерегинде ызы-чуу, айрым талапкерлердин нааразычылыктары, арыздануулары, массалык каражаттарга бири-бирин күнөөлөп, жамандап, каралап чыккандарына коомчулук күбө болду. Эгерде ушул бойдон УИАда шайлоолор улана берсе, мындай коомдук чыр-чатактар күчөгөндөн күчөй берет, Кыргызстандагы илим чөйрөсүнүн аброюна доо кете берет.
Эми ушул терс көрүнүштөргө эмне себеп болууда деген суроого жооп издесек, мындай:
Калыс тандоонун критерийлеринин жоктугу;
Талапкерлердин илимий иштерине объективдүү баа берип, илимий жетишкендиктерине карабай, жеке инсандык субъективдүү факторлордун үстөмдүгү (тааныш-билиш, «сый-урмат» көрсөтүү деңгээли) баарына маалым.
Президентибиз айткандай, окумуштуунун илимий деңгээлин тастыктаган көрсөткүч – бул анын илимий ишмердүүлүгүнүн өндүрүмдүүлүгү. Бизде таланттуу, дүйнөгө таанылган илимпоздор жок эмес. Тилекке каршы, алардын эмгеги, илимге кошкон салымдары көз жаздымда калууда. Аларды дүйнөлүк илим чөйрөсүндө таанышат, бизде болсо аларды эч ким билбейт.
Эми болсо, окумуштуулардын эмгегин баалоодо негизги дүйнөлүк системада колдонгон талаптарын эскертип кетейин. Алардын ичинде, Кыргыз Республикасынын президентинин сөзүндө белгилегендей, илимий ачылыштар, патенттер, өндүрүүгө ашырылган илимий сунуштар.
Атактуу окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжаларын дүйнөгө таанылган илимий базадагы (Web of Science жана Scopus) илимий макала түрүндө журналдарга тандап алышат. Бул эмгектердин авторлору эл аралык конгресстерге чакырылат, алардын эмгектерине шилтемелер жасалат. Эгерде ушул критерийлер менен биздин илимпоздорду бааласак, дал ушул окумуштуулар академик жана мүчө-корреспондент деген наамга татыктуу боло алышат деген ойдомун.
30-декабрь 2024-ж.
Бишкек ш.
Кыргыз-Россия Славян университетинин
профессору З.К. Дербишева