Добавить свою статью
14 Января 2025
Илимий чойроо боюнча ой толгоо

Жакында АКИпресстен профессор Замира Дербишованын ой жүгүртүүсүн окудум жана анын оюна толугу менен кошулуп, өз оюмду айтууну чечтим:

1. Диссертациялык кеңештер боюнча:

1960-жылдан бери Кыргызстанда химиянын бардык багыттары боюнча диссертациялык кеңеш бирөө эле болгон жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын базасында ийгиликтүү иштеп келген. Бул кеңеште ата мекендик илимпоздор гана эмес, мурдагы СССР республикаларынын диссертанттары да өз эмгектерин коргошкону, кеңештин илимий деңгээлинин жана аброюунун жогору экенин айгинелеген.

Бирок, 5–6 жыл мурун Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) базасында дагы бир диссертациялык кеңеш түзүлгөн. Бул жаңы кеңеш иштеп баштагандан бери болгону үч адам гана диссертациясын коргоого жетишкенин белгилөө зарыл. Мындай шартта суроо жаралат: Республикада экинчи диссертациялык кеңешти түзүүгө кандай зарылчылык болгон? Бул Улуттук илимдер академиясындагы кеңештин мүчөлөрүнүн компетентсиздигин кыйыр түрдө таануу дегендикби? Бул суроо абсурддуу, анткени алардын илимий тажрыйбасы жана эмгектери биздин эле өлкө эмес, кошуна өлкөлөргө таанылган белгилүү илимпоздор.

Же болбосо, бул кеңеш айрым «өз адамдарын» илимий даражага жеткирүү үчүн түзүлдүбү? Кандай болгон күндө да бул демилге негизсиз жана илимий мааниге ээ эмес экени көрүнүп турат.

2. Илимдин сапаты боюнча:

Технологиялар тез өнүгүп жаткан азыркы доордо илимий изилдөөлөр жаңы ыкмаларды, заманбап жабдууларды жана эл аралык стандарттарды талап кылат. Бирок, көпчүлүк изилдөөлөр эски ыкмаларды колдонуп, өткөн кылымдын иштерин көчүрүүгө негизделген, ошондуктан билим берүүдө жана өлкөбүз үчүн иш жүзүндө эч кандай баалуулукка ээ эмес. Ошондой эле, айрым илимдин кандидаттарынын билим деңгээли 9-класстын деңгээлинде экенин белгилүү (кээ бири диссертациясынын темасын дагы билишпейт). Мындай адамдардын ийгиликтүү диссертация коргоосу жана доценттик наамды алышы коррупция жана ЖАКтын жетекчилери менен байланышынын натыйжасында гана мүмкүн болгон. Бул жагдай илимий изилдөөлөрдүн маңызын жоготуп, өлкөбүздө химия илиминин келечегине коркунуч туудурат.

Илимий журналдарга жарыяланган илимий макалаларда көп учурда бир нече автордун аттары жазылганын көрүүгө болот, бул формалдуулуктун жана адилетсиз практиканын белгиси. Бир макаладагы илимий ишти бир же эки эле илимпоздор аткарат, калганы жөн кана кошулуп жазылып, илимий отчет беришкенде алар илимпоз катары эсептелип калышат.

КУУда диссертациялык кеңештин түзүлүшү илимий коомчулукка эч кандай пайда алып келбестен, ресурстарды туура эмес пайдалануунун жана академиялык чөйрөдөгү коррупциянын ачык мисалы болуп калды. Бул илимий негиздемеси жок чечим биздин өлкөдөгү жогорку билим берүү системасына жана илимий даражаларга болгон ишенимди кетирүүдө, ошондуктан илим чөйрөсү чон реформа жүргүзүүгө муктаж, антпесе ал 9 класстын денгеелинде билими бар кандидат, доценттер канча адамдардын, студенттердин, өндүрүштүн убалына калып жатканы айтпаса дагы түшүнүктүү.

Профессор Сайнаке Бообекова,

КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×