Добавить свою статью
14 Января 2025
Климаттын өзгөрүүсү жана биология (табигый чөйрө)

Учурда дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсү табигый чөйрөдө температуранын жогорулашына алып барары баарыбызга талашсыз факт болуп калды. Табигый чөйрөдө температура жогорулаган сайын тоодогу мөңгүлөр эрийт жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө түздөн-түз таасир тийгизет. Акыркы маалыматтарга караганда, бул маселе бийик тоолуу өлкөлөрдө өзгөчө курчуп бара жаткан абал.

Бир сөз менен айтканда, климаттын өзгөрүүсү деген жер бетиндеги орточо температуранын жана аба ырайынын узак мөөнөттүү өзгөрүүсү болуп саналат. Окумуштуу климатологдордун айтканына караганда акыркы он жылдыкта, орто эсеп менен, дүйнө жүзүндө 19-кылымдын аягындагыга салыштырганда температура 1,2°С жогорулады деген жыйынтыка келишти. Ал эми 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча орточо глобалдык температура - 1,6 градусту түзгөн (2023-жылдын бул көрсөткүчу 1,48 градус болгон). Бул деген 2024-жыл эң жылуу жыл жана биринчи календардык жыл болду дегенди билдирет, анда орточо глобалдык температура 1850-1900-жылдардагы өнөр-жай күчтүү өнүккөнгө чейинки көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 1,5 градустан жогору көтөрүлдү (ВВС News, Климаттын өзгөрүшүн көзөмөлдөө боюнча Европа кызматы "Коперник", 10.01.25). Кыргызстандында да климатынын өзгөрүүсү эксперттердин талдоосу менен 1901-2021-жылдары абанын орточо жылдык температурасы жылына 0,013°С өсүүдө, өткөн кылымдын башынан бери Кыргызстанда орточо температура 1,6°С жогорулаган.

Жөнөкөй көз караш менен караганда адам баласына аз эле сезилет, бирок мунун табиятка болгон таасири абдан чоң көрсөткүч. Мисалы, Кыргызстанда акыркы 30-жылда кыш жылуу болуп жатат. Март айынын температурасы өзгөрүп, жылуу болуп калды, ал температуранын жогорулашы бизде мезгилдердин жылышына алып келип жатат: кыш айларынын убактысы азайды, жаз жана жай мезгилинин убактылары көбөйдү. Буга дагы бир мисал, Ыссык-Көлдөгү кээбир балыктардын инкубациялык учуру башта апрель айында болсо, эми март айына жылды.

Бул маселе боюнча БУУнун климаттык органынын (КӨЭЭАТ) айтымында, табигый себептердин таасири өткөн кылымда байкалган дүйнө жүзүндөгү өзгөчө маселе болгон, 21-чи кылымдын башында бул процесс андан да тез жүрүп жатканын түшүндүршөт. Бирок, бул дүйнөлүк глобалдык маселеде кайчы маалыматтар да байкалат. КӨЭЭАТ айтымында, бул узак мөөнөттүү климаттын өзгөрүүсүнүн себеби, негизинен, курулуштарда, үйлөрдө, завод-фабрикаларда, транспорт ж.б. да колдонулган казылып алынган жаратылыш байлыктары: отундар - көмүр, мунай жана газды кеңири колдонуу менен шартталган. Казып алынган күйүүчү майды күйгүзүүдө парник газдары, негизинен көмүр кычкыл газы (СО2) бөлүнүп чыгуусу барыбызга белгитлүү. Бул жер бетине жакын атмосферада кошумча энергияны кармап, планетанын ысышына алып келет.

Өнөр жай менен курулушта төңкөрүш башталгандан бери (техникалык революция), адам баласы жаратылыш ресурстарын ченемсиз пайдаланып көп сандагы казылып алынган күйүүчү майдан энергия ала баштаганда, атмосферадагы СО2 көлөмү болжол менен 50% га өстү деп такталган. Буга дагы мисал катары Германиядагы Потсдам климаттык өзгөрүүлөрдү изилдөө институтунун жыйынтыгы боюнча акыркы он жыл ичинде жер үстүндөгү дарактардын жана топурактын ашыкча CO₂ сиңирүү алуу жөндөмдүүлүгү байкалган, аны токойлордун 20% кыйылышына жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деп аныкталган (The Guardian, 2024).

Жогоруда айтылгандай акыркы он жылда байкалган орточо глобалдык температуранын 1,2°С-1,6° ка жогорулашы адам баласына анча деле сезилбөөсү мүмкүн (ВВС News, "Коперник", 2025). Бирок, бул айлана-чөйрөгө чоң таасирин тийгизүүдө:

• Нөшөрлөгөн тез-тез жааган жаан-чачын жана экстремалдык аба ырайы өкүм сүрүп жатат, убатыт-убакты менен жер шаарындагы бардык эле континентте байкалып жатат. Алсак соңку жылдары Кыргызстанда сел, жер көчкү, суу ташкындары сыяктуу табият кырсыктары байма-бай катталууда. Мындан улам ондогон адамдар үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга аргасыздан көчүүдө, ошондой эле биздин жаратылыш да чоң жабыр тартууда (жер катмары, өсүмдүктө жана жаныбарлар). Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча быйыл (2024-ж.) селдин саны кескин өстү (330 жолу), бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу (Абдрахманов, 2024). Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун баалоосу боюнча, Кыргызстандын суу ташкындарынан түздөн-түз жоготуулары ИДПнын (ВВП) деңгээлинин 6,4% жетиши мүмкүн.

• Тоолордогу мөңгүлөрдүн жана муз катмарларынын тез эриши деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Бул маселе өзгөчө бийик тоолуу өлкөлөрдө жана Арктикалык деңизде муз аянтынын төмөндөшү менен так байкалып жатат. Мисалы, Алайдын Чоң-Каракол айылындагы тургундар көмүр казууга келген компаниянын техникасын чыгарып кетүүнү талап кылууда. Буга чейин көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салынган жана 9 миң куб метрден көп мөңгү талкаланган. Мындай мисалдар республикада көп болуп жатат. Акыркы учурда Кыргыз Республикасындагы мөңгүлөрдүн аянтын 1,2 миң чарчы км2 кыскарган, бул деген Борбордук Азия аймагындагы суу запастарына түздөн түз таасирин тийгизүүдө (Коопсуздук кеңеши, 2024ж.).

• Жогоруда айтылгандардын негизинде, климаттын өзгөрүүсү тирүү жандыктар (адам баласына) жана алардын жашоо чөйрөсүнө жана биологиялык ар-түрдүүлүккө түздөн түз таасирин тийгизүүдө (биология илимине). Климаттын өзгөрүүсү жана башка экологиянын бузулуусу менен бүтүн биосферада, экоситема жана биотоптордо, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктө өзгөрүүлө орун алып, бир катар түрлөр жоголуп жана жаңы түрлөр пайда болуусу мүмкүн. Мисалы атсак айтсак биринчи жолу эл аралык таза сууда жашаган жаныбарларды глобалдык изилдөө дарыяларда, көлдөрдө жана агымдарда жашаган жандыктардын төрттөн бир бөлүгү жок болуп кетүү коркунучунда экенин көрсөттү. Бул эл аралык окумуштуулардын тобу 23,5 миңге жакын ийнелик, балык, краб жана башка жаныбарлардын түрлөрүн изилдешкен, алардын 24% жоголуп кетүү коркунучунда экенин аныкташкан (жоголуп бара жаткан жана өтө жоголуп бара жаткан) (Nature, January 9, 2025). Мындай комплекстүү изилдөөлөрдү биздин Орто Азия өлкөлөрүндө да жүрүзүү өтө зарыл болуп жатат. Биздин өлкөдө биологиялык ар түрдүүлүктө болуп жаткан текс шаттардын эсебинен бир катар табыгый түрлөр жок болуп кеткен: Punica granatum L. (Кадимки жапайы анар); Sorbaria olgae Zinserl. (Ольга ряблиги; Masaris carli Schulthess (Оса-мазарис Карла); Luciobarbus brachycephalus (Kessler) (Аралдык усач); Cuon alpinus (Pall.) (Кызыл карышкыр) ж.б. саналат. Ошондой эле республикада жок түрлөр пайда болду, анын ичинде эл аралык карантинде болгон түрлөр да бар: Ambrosia artemisiifolia L. (Амброзия шбакжалбырактуу); Oenothera biennis L. (Эки жылдык эшек); Globodera rostochiensis (Wollenweber) (Алтын картошка нематода); Monochamus galloprovincialis (Olivier)(Кара карагай муруту) подвид pistor =ЧБСУ); Hyphantria cunea (Drury) (Америкалык ак көпөлөк); Profenusa pygmaea (Klug, 1816) (Эмен майдалоочу); Acridotheres tristis (L.) (Кадимки майна); Rattus norvegicus (Berkenhout) (Пасюк) ж.б. (Милько, 2024).

• Ошондой эле адам баласынын да жашоо чөйрөсү өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Буга жөнөкөй эле мисал, абанын бузулуусу, суунун деңгээлинин төмөндөөсү, айыл-чарба жерлеринин сапатынын бузулуусу жана түшүмдүүлүктүн төмөндөшү (тамак-аш коопсуздугуна таасири тийет) ж.б. Бул айтылгандардын бары негизинен климаттын жана чөйрөнүн өзгөрүүсү менен пайда болгон көйгөйлөр. Өзгөчө мисал катары айтсак, Африка өлкөлөрүндө бир катар аймактары акыркы жылдары эң катуу кургакчылыктан жапа чегип жатышат, 10догон миллион адамдар катуу ачарчылыкка дуушар болууда, анын негизги себеби чөйрөдөгү температуранын жогорулашы, суунун жоктугу (тартыштык), айыл-чарба жерлери кургап түшүм болбой калдуусу. Биздин регионда да мындай маселер жок эмес, мисал катары Арал деңизин айтсак болот.

Учурда белгилүү болгондой адам баласы күнүмдүк көйгөйлөргө чоң маани беребиз да, а чөйрөдөгу температуранын өзгөрүшүнө кош көңүл болуп карайбыз. Бирок, бул жер планетасында адам баласынын жашоо турмушундагы эң чоң дүйнөлүк маселе экендигин дүйнө жүзүндөгү белгилүү окумуштуулар билдирүү жасап, климаттын өзгөрүшүнүн эң олуттуу кесепеттерин чектөө керек деп коңгуроо кагып жатышат.

Эми биздин мамлекеттеги климаттын өзгөрүүсү менен байланышкан жалпы жаратылыштагы биология илими менен түздөн-түз байланышкан маселелерди чагылдырып айта кетели:

• Биздин өлкөдөгү жер үстүндөгү суунун деңгээлинин азайуусу, өзгөчө акыркы 5 жылдыкта айыл-чарбага керектелүүчү сугат суулардын кескин төмөндөшү байкалды. Фермерлер суу жетпегендиктен түшүмдү аз алышууда, бир катар тигилген эгиндер өспөй, күйүп да кеткен учурлар бар.

• Энергетикалык проблема өлкөдө күчөдү, ГЭСтердеги суунун аз топтолуусунун себебинен, чет өлкөдөн электр энергиясын сатып алууга муктаж болдук. Ошол эле учурда бизден төмөн жайгашкан коңшу өлкөлөргө, келишимдин негизинде, белгилүү өчөмдө суу берүүбүз керек.

• Жер бетиндеги топуракта нымдуулук азайды, өсүмдүктөрдүн (вегатотивдик, фотосинтез) жана жаныбарлардын өсүп өнүгүү процесстери бузулду жана төмөндөдү. Белгилүү болгондой республикада жердин жалпы аянтынын 6,8% гана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн пайдаланылат жана 44% мал жайыт катары пайдаланылары белгилүү. Баса белгилеп айтуу керек, учурда өлкөдө жайыттар өтө чоң бузулууга (деградация) душар болууда. Учурда Кыргызстанда малдын санынын кескин өсүшүнөн, көзөмөлсүз жайыт жана климаттын өзгөрүшүнөн улам жайыт жерлер терең деградацияга учурап жатат. Адистердин айтымында бир катар аймактарда (өрөндөрдө), жайыттар 70-80 пайызга деградацияга дуушар болуп жатат. Өлкөдө жерди башкаруу пландары иштелип чыгып, жайыт графиги түзүлүп, малды кайсы жерде жана качан багууга болоору аныкталган, бирок ал план аткарылбай жатат (Эгенбердиев, 2024).

• Климаттын өзгөрүүсү жыйынтыгында өлкөнүн калкына да бир катар материалдык жактан катаал шарттарды жаратты, кары-картаңдардын жана жаш балдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Бул багытта окумуштуу медициналык кызматкерлер илимий-практикалык жумуштарды күчөтүүсу зарыл.

Негизи адам баласы - лат. Homo sapiens (челове́к разу́мный -акылдуу адам) да бир биологиялык түр экенин эстен чыгарбообуз зарыл. Адам баласы да биологиялык түр катары бардык биологиянын закондоруна баш ийүүбүз зарыл. Адам баласы акылдуу адам катары өзүбүздүн чөйрөнү жашоого ыңгайлаштыра алабыз. Ошол эле учурда адам баласы өзү жашаган чөйрөнун табигый закондорун бузуп да жаткан учурлар көп. Белгилүү окумуштуулардын ойу боюнча, дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттык өзгөрүүнүн негизги бир себеби адам балсынын жаратылышка жасаган кыянаттыгынан деп билишет. Биздин өлкөдө да мындый маселелер көп болуп жатат. Мисалы, кендерди казуу, тоодогу мөнгүлөрдү бузуу, токойлорду кыйып жоготуу, топурак жана өсүмдүктөр катмарын бузуу, жапайы жаныбарларды жок кылуу ж.б. Бир сөз менен айтканда адам баласы жаратылыштын ресурстарын өтө туура эмес пайдаланып, бүлүндүрүп, талкалап жалпы өзүбүздүн жашоо чөйрөбүздү бузуп жатабыз. Бул процесстерди токтотуп, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануубуз учурдагы өтө зарыл маселе. Бул багытта:

1. Адам баласынын өзү жашаган чөйрөгө философиялык терең ой жүгүртүүсүн өзгөртүүбүз зарыл. Биз жаратылыш менен бир жана тыгыз байланыша жашообуз зарыл, жаратылыштан башка ажырап өзүбүзчө жашай албайбыз, ал биздин жашоо чөйрөбүз экенин эч качан унутпообуз керек. Жаратылыш ресурстарын туура, үнөмдүү пайдаланууну жана сактоону үйрөнүүбуз керек, ал биздин жалпы жашоо аймагыбыз болот. Кыргыз эле алгачкы коомдон баштап эле жаратылыш менен тыгыз жана аяр мамиле жасап жашап келген. Кыргыз макал-лакаптары буга мисал боло алат: “Суу жашоонун - башаты”, “Суу — адамдын жаны, өсүмдүк — каны”, “Суу бар жерде жашоо бар”, “Чөптү кор кармасан көзгө зыян”, “Жери байдын, эли бай”, “Жер жашоонун бешиги”, “Чөлдүн көркү —суу” ж.б.

2. Жаратылыштын көп кылымдар бою түзүлгөн өтө татаал биосферасынын системасына аяр мамиле жасообуз керек. Ал системада ар бир тирүү жана тирүү эмес организимдин (Вернадский, 1928) биосферада чоң оорду бар, ал бузулса (үзүлсө) эртеби же кечпи жалпы биосферанын циклинин (чынжырынын) бузулуусуна алып келет. Биосферадагы бузулган процессти кайтып ордуна алып келүү өтө кыйын жана көп убакты талап кылат (калыбына келбей да калуусу мүмкүн). Ошол себептен биздин жашоо чөйрөбүздүн системасын (биосфераны) бузбай аяр мамиле кылып жана кастарлап баалап жашообуз өтө зарыл. Биздин жашоо системабыздын бир эле кичинекей табигый жаратылыш чынжырын бузуп коюп жаратылышта чон жоготууга алып келген мисалдар көп эле кездешет. Алыс барбай эле биздин өлкөдө болгон мисалдарды келтирели, өлкөбүздүн түштүгүндө тоо этектеринде жыл сайын жаз айларында болуп жаткан жер көчкүлөрүн жакшы билебиз. Себеби Советтер Союзу учурунда өткөн кылымдын орто ченинде эле тоо боорундагы жапайы бадал жана дарактарды кыйдырып айыл-чарба аянттарын, жайыттарды жана малга тоют топтоо үчүн жер бетин тазалап кеңейтүү үчүн жасалган жумуш болгон. Анын кесепети менен биз ондогон жылдыр бою күрөшүп келе жатабыз.

Учурда биологиялык татаал система бузулгандыктан (үзүлгөндүктөн) убакыт менен өлкөбүздө жапайы жаныбарлардын көбөйүүсү же азайуусу байкалып жатат. Мисалы ушул эле жылы (2025 ж.) Алайда, Түптө жана Нарын аймагында жырткыч карышкырлар (Canis lupus) жергиликтүү элдин малына кол салган учурлар көп болуп жатат, себеби алардын тамак-аш чынжыры (цепи) бузулгандыктан (жетишсиздиктер) алар элдин малына кол салып жатат. Ошол эле учурда бир катар Европанын өлкөлөрүндө убагында карышкырларды кырып жок кылып жиберишкендиктен, учурда карышкыр Германияда кызыл китепке киргизилген. Дагы бир мисал, Ак илбирстин (Panthera uncia) саны азайып жок болуп баратканына байланыштуу эл аралык программа кабыл алынган, көбөйтүү жана сактоо боюнча (Бишкек, 2013 ж.). Бул программа учурда да иштеп жатат, ага Афганистан, Бутан, Кытай, Индия, Казахстан, Кыргызстан, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикистан жана Өзбекистан катышат.

Учурдагы кечиктирилгис маселе болуп жаратылыштын жана биосферанын татаал тармактарын (процесстерин) түшүнгөн жана аны коргой алган кесиптеги жаш муундарды тарбиялообуз зарыл. Ал үчүн фундаменталдык - биология, экология, география (гляциолог), токойчуларды, жаратылышты коргоо билимдерин жана илимдерин тез арада колго алуубуз зарыл. Өлкөдөгү учурдагы абал талапка жооп бербейт. Айтсак орто мектептерде бул предметтердин сааты кыскарган же окулбай калган учурлар кездешет. Жогорку окуу жайларда бул багыттагы кесипке кабыл алуу азайган же контракт менен кабыл алынат аз санда. Практикалык сааттар, талаа тажрыйбалары да азайган. Тез арада бул маселени колго алуу, башталгыч мектептен баштап жогорку окуу жайларында жана илимий изилдөө институттарына чейин, министерстводон баштап бардык жергиликтүү органдарда, ошондой эле жалпы кыргыз жарандарынын жаратылышка болгон жалпы мамилесин өзгөртүү зарыл.

Адам баласынын жашоо чөйрөсүндө (биосфереда) биология билимин жана илимин баса белгилеп айта кетүү керек, биология илими башка медицина жана айыл чарба илимдеринин жана билиминин негизин түзөрүн унутпашыбыз керек, биология бул илимдердин фундаментин түзөт.

Бул багытта биздин өлкөдө акыркы учурда бир катар жакшы жумуштар жүрүп жатат:

• Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика концепциясы “Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү” (2018 ж.).

• “Өлкөбүздүн Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” (2021 ж.)”. Бул Буйруктун негизинде биздин ата-бабаларыбыздын жаратылышка болгон көз карашын кайрадан тактап чыгып, учурдагы абалга карата колдонуубуз зарыл.

• “Кыргыз Республикасында 2022-жыл “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы”.

• “Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун артыкчылыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2024-жылга чейинки мезгилге мамлекеттик программа”

• БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын (КС-28) "Тоо экосистемаларын, мөңгүлөрдү жана жаныбарлардын культтук түрлөрүн (Ак илбирсти) сактоо боюнча аракеттер" (Дубай, 2023) ж.б.

Дженбаев Б.М. биология илиминин доктору, проф., КР УИАсынын мүчө-корреспонденти

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-01-2024
Изменение климата и биоразнообразия
2804

18-12-2023
Вопросы системы науки в Кыргызской Республике
3294

03-04-2023
Реформа или подразумеваем разрушение системы НАН КР и поднятие науки в ВУЗах КР или гибель науки вообще?
2520

25-10-2022
Яростные попытки реформы НАН вредят науке
2804

18-06-2021
COVID-19, проблемы медицины и биологии
4244

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×