Мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда туруктуулук жана улантуучулуктун сакталышы мамлекеттик жана жарандык институттардын ишинин эффективдүүлүгүнө күчтүү таасирин тийгизет. Мурунку бийлик жетекчилеринин чечимин кийинки келгени жокко чыгара бербеши үчүн эмне кылуу керек?
«ЭТТНди ишке киргизгенге чейин кандай тобокелчиликтери бар, кичи жана орто бизнестин акыбалына кандай таасирин тийгизет? Карапайым кыргызды бутуна тургузабы, же башы менен жер каздырабы?» деген суроолорго жооп берүү үчүн адегенде изилдөө жүргүзүш керек болчу. Өкмөт бир ЖОЖдун экономика боюнча кафедрасына тапшырма берсе, ал жерде иштеген профессор өзүнүн магистранттары, аспирант, докторанттарынан топ түзүп 3 же 6 айда акыбал менен таанышып – мониторинг жүргүзүп, анализдеп = корутундусун чыгарып, ошонун жыйынтыгына таянып, качан, кантип киргизүү керек деген чечим кабыл алынганда: убакыт+акча-киреше+экономикалык өсүш+элдин ден соолугу+ моралдык-психологиялык маанайы тобокелчиликке салынмак эмес. Эӊ башкысы — бийликтин сөзү эки болбойт эле. Антпесе, бир баскан жерди жүз баса берип, алдыга бир кадам, артка эки кадам болуп, баткакка тыгылган машинадай «буксовать» этип тура беребиз.
Так ушул жерден бүгүн бүт дүйнөдө болуп жаткан илимдин, билимдин иш менен байланышы ишке ашмак. Илим изилдөө өзүнөн өзү ЖОЖдорго орноп калмак. Коомчулукта «ЖОЖдор өздөрү араӊ жан сактап жатса, кантип изилдөө жүргүзмөк эле?» деген пикирлер да бар. Анткени менен ар бир ЖОЖдогу ар бир кафедрада жыл сайын канчалаган магистрдик, кандидаттык изилдөөлөр жазылып эле атпайбы! Же бул жөн эле имитациябы?
Нобель сыйлыгынын лауераттары, чоӊ ачылыштардын көбү ЖОЖдордун базасында жасалат. Анткени ал жерде илимий топ даяр — профессор жана анын бир канча шакирттери жыл сайын пландуу изилдөө иштерин алып барышат. Эгер азыр магистрдик, доктордук изилдөөлөрдү жөн гана диплом алыш үчүн жазып жүрүшсө, мамлекеттин заказы+акчасы менен пайдалуу иш жасашмак. Так ушул жерден мамлекет билим жана илимге болгон стратегиялык саясатын аныктап алса болот. Ар кайсы жерден көчүрүлгөн, жазган адамы анонимдүү илимий иштер, илимдеги коррупцияга бөгөт коюлмак. Бизде илим бар+ага бөлүнгөн аз да болсо акча бар = бирок талап жок, заказ жок. Канчалаган акылдуу мээлердин иши сууга агып кетип жатат. Азыр деле илимий долбоорлорго акча бөлүнөт. Кандай критерийлер менен берилип жатат — белгисиз. «Пайдасы кана?» деген суроолорго жооп жок.
Мамлекет сыяктуу эле жеке компаниялар деле илимий институттарга акчасын төлөп, Ноокаттагыдай элди сел алып кетпеш үчүн көпүрөнү эмнеден, канча узундукта, калыӊдыкта, эмнеден салыш керек деп изилдетип алганда, өздөрү да чыгым болбой, эң башкысы, канчалаган адамдардын өмүрү, ден соолугу коркунучта калмак эмес.
Өкмөт кайсы бир тармак боюнча олуттуу чечим же мыйзам кабыл аларда, реформа жасаардан мурда ЖОЖдорго заказ берсе, мамлекеттин илим изилдөөгө бөлгөн акчасы максаттуу жумшалмак. Мисалы: «Арча-Бешиктегидей жайдын аптабында суусуз калбаш үчүн Бишкек шаарынын элинин саны жакынкы убакта канчага жетет? Ал элге канча таза суу керек? Жыл сайын ыш-түтүн деп ызылдай бербей, аба таза кармалып туруш үчүн канча түп, кандай сорттогу дарак отургузуш керек?» деп эле изилдеш керек, самолет же электромобиль ойлоп таап кереги жок. Өзүбүздүн элди, жерди, ташты, топуракты, абаны, чөптү эле изилдеп, ошого жараша алдыга пландарды түзүп, долбоорлогонго эмнеге болбосун? «Жаман уй жайытын бир күндө түгөтүп албаш» үчүн изилдеш керек! «Бүгүн, азыр өнүгүшүбүз керек, экономикада илбирс секирик жасайбыз» максатында кен байлыктарды жапырт иштетүүдөн мурун келечекти карай стратегиялык изилдөө жана долбоорлоо максаттуу.
Азыр физика, химия, биология, география ж.б. илимий институттардын, канча бир илимдин доктор, кандидаттарынын илимий изилдөө иштеринин корутундулары колдонулуп жатабы? Эгер колдонулбаса, анда илимий ресурстарыбыз талаага чачылып же мамлекет жөнгө сала албай, аларга, илимий долбоорлорго бөлүнгөн акчалар кумга сиӊип кете берет. Элибиздин интеллектуалдык мээ-акыл ресурсун, илимий потенциалын өзүбүз үчүн эффективдүү пайдалануу бийликтин чечимдеринин рационалдуулугун гана арттырар эле.
Бүгүнкү геосаясий татаал дүйнөдө илимий изилдөөгө таянбай жасалган иш көздү таӊып алып кылыч менен чабышкандай, же жылаӊач кол менен карабай туруп чок калагандай эле. Саясат, экономика, билим берүү тутумдарында кайсы бир чечимдерди кабыл аларда «кеӊешип кескен бармак оорубай» турганын эске алып, «ойлонбой сүйлөгөн онтобой өлөт» болбой, «жети өлчөп, бир кесиш керек»!
Венера Акматова, филология илимдеринин доктору, профессор