(90 жылдыгына карата, «Биз - кыргызбыз» деген китептен алынды)
Мар Ташымович Байжиев маңыздуу, жемиштүү өмүр сүрүп, улуттук театр искусствосунун казынасына эбегейсиз салым кошту. Мына менин алдымда анын 2005-жылы Бишкекте жарык көргөн “На сцене” (“Сахнада”) аттуу пьесалар жыйнагы турат, анын барактары кагаздан эмес, жезден жасалгандай араң ачылат. Анткени анда М.Байжиевдин соңку улуттук жана азыркы дүйнөлүк драматургиянын татаал комбинациясын чагылдырган керемет чыгармалары камтылган.
Бул жерде эң сонун чыгармалар бар, алардын арасынан М. Байжиевдин алгачкы пьесаларынын бири болгон “Дуэль” аттуу чакан пьесасы өзгөчө озүнө тартат. Аталган пьеса өткөн кылымдын 70-жылдарында алгач Польшанын, Литванын, Латвиянын, Эстониянын театрларында, Москвада, андан кийин гана Бишкекте коюлганда күйөрмандары абдан таң калганбыз.
Кадимкидей эле бул биздин кыргыздын кебелбегендигинин, жайбаракаттыгынын кесепети деп ойлогонбуз. Көрсө, бул пьеса социалисттик реализмдин принциптеринен кыйла четтеп, тайманбас ой менен жазылган экен; автор ошондо эле дүйнөлүк социализмдин кулашын, анын адеп-ахлак деградациясын, эң негизгиси, Советтер Союзунун кыйроосун алдын ала сезген.
Искусстводо социалисттик реализмди, социалисттик турмушту чагылдыруунун белгилүү бир ыкмасына көнүп калган европалыктар болсо бул жолу советтик чындыкты таптакыр башка өңүттөн көрүштү.
Кошумчалай кетсек, бул чыгарма Советтер Союзунун кайдагы бир улуттук республикасынан чыккан белгисиз жаш драматургдун калемине таандык эле. М. Байжиев бул пьесада советтик чыныгы турмуштун чыныгы көрүнүшүн ачып бере алган.
Бул европалыктарды таң калтырды. Анткени чыгармада жашоонун чындыгы менен катаалдыгы сүрөттөлүп, анын азап-тозогу жүрөктүн үшүн алат. Жашоонун өзүндөгүдөй байоолук, тазалык менен бирге эле таш боордук, чыккынчылык кошо жүрөт. Бирок Советтер Союзунда таш боор, абийирсиз болууга уруксат берилчү эмес эле го. Баары бактылуудай көрүнчү. Бирок адамдардын кыйналганы угулуп эле турчу... аларды жакырчылык, бюрократиянын үстөмдүгү муунтуп жаткан.
Пьесада үч гана каарман бар. Алардын экөө эркек:
Искендер – совет доорундагы алып сатарлардан, Нази деген кызды башын айландырып, алдап алган.
Азиз – тагдыры тайкы, армандуу адам. Анын жан аябас баатырдык эрдиги айыкпас нур оорусуна себеп болгон. Патрулдук кайыктын командири катары ал миңдеген жүргүнчүсү бар чоң кемени радиация алуусунан сактап калган.
Нази – өз энеси сатып кеткен, Искендерге алданып, кор болгон кыз. Анын анын армандуу тагдыры сүйгөнү Азиз менен сүйлөшкөн төмөндөгү диалогдо баяндалат:
Нази: – Сиз ошол жерде, деңизде эрдик кылам деп кылмыш жасаган жоксузбу?
Азиз: – Түшүнбөдүм, эмне деп жатасыз?
Нази: – Мындай айтайын! Балким сиз сактап калган кемеде кызынын абийрин саткан эне болсочу; кызды арамдык менен алдап, кордоп, энелик бакыттан биротоло ажыраткан эркек болсочу. Балким күнөөсүз болуп көрүнгөн жаман адам болсочу. Мүмкүн, кемеде досун жамандап, аялын кичинекей балдары менен көчөгө кууп чыгып, анын батирин ээлеп алган жексур киши болсочу.
Азиз: – Коюңузчу! Сиздин оюңузча адамзат өтө мыкаачы, ал үчүн курмандыкка баруу түккө турбайт дегиңиз келип жатабы?
Нази: – Балким дүйнө Ысык-Көлдүн асманындай таптаза, адамдары ак куулардай аруу дейсизби?..
Азиз: – Дүйнө кара да, ак да эмес. Анын түркүн түсү бар. Адамзат барда дүйнөдө сүйүү да, жек көрүү да болот. Адам тирүү кезинде жашоо үчүн күрөш боло берет. Адамзат өлүмү түгөнбөгөндөй эле, кайгы да, жоготуу да түгөнбөйт... Жакшылык- жамандык эриш-аркак жүрөт.
Нази: – Мурда кайда жүрдүң? Мен сени күттүм. Өмүр бою күттүм, бирок менин жашоомдо башкалар болду. Алар мени кордошту, тебелешти. Мына сен келдиң, мен сени менен болгум келет! Сен менен гана өмүр сүргүм келет! Бирок сен абдан кеч келдиң. Бул дүйнө кандай таш боор. Эмне үчүн адамдар бири-биринен коркуп, алдашат, сүйүп жашоонун, бала жаратып, жашоого үрөн себүүнүн ордуна, коркунучтуу куралдарды ойлоп табышат? Жакында сен да таптакыр кетесиң. Бирок сен менде, жүрөгүмдө, абийиримде, намысымда каласың... Ыракмат, сага боорум.
Бул жерде Байжиев лирикалык сюжеттин аркасында эпикалык картинаны ачкан, б.а., тарыхтагы атом доорун, эки антагонисттик системанын тирешин, социалдык адилеттүүлүктү сүрөттөгөн. Каармандардын ортосунда пайда болгон сүйүү кадимки эле нерсе. Бирок кеп сүйүү жөнүндө эмес, пъеса сүйүүнү кандай даңктаганы тууралуу болуп атат. Анын мааниси сүйүүнүн өмүр жара алгандыгында, жашоо жарата алгандыгында. Биздин жүрөгүбүздө сүйүү барда, биз тирүүбүз. Жок дегенде жүрөгүбүздө сүйүүнүн шооласы болуусу кажет.
Драматург М. Байжиев эпикалык, трагедиялык туйгуларга терең сүңгүй алат. Балким бул сталиндик репрессияда атасынан эрте ажырап, азап тарткан балалыгындагы армандуу сезимдерден болуп жүрбөсүн?
Анын “Древняя сказка” (“Байыркынын жомогу”) пьесасы жаратылыштын адамга каршы трагедиялык козголоңун өзөгүнө топтойт, анда бүткүл адамзатка эскертүү берилет, эгерде адамзат өзүнүн адеп-ахлактык аң-сезимин, жүрүм-турумун кескин өзгөртпөсө, анда кыяматтын келиши алыс эмес.
2017-жылы Парижде өткөн Бүткүл дүйнөлүк экологиялык саммит көрсөткөндөй, мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө, элдердин бейпил жашоосуна жана саламаттыгына табигый, техногендик адамзат тарабынан жасалган кырсыктар коркунуч келтирүүдө.
Эгерде мурда мындай көрүнүштөр өтө сейрек кездешсе жана алардын кесепеттери бир континетте жа айрым өлкөнүн айрым аймактарында гана болсо, 21-кылымдын башында кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү. Табигый жана техногендик кырсыктар планетанын экономикасы үчүн да, анын экологиясы үчүн да кыйратуучу глобалдык мүнөзгө ээ болду. Ошентип, акыркы 40 жылдын ичинде 1 миллиард доллардан ашык зыян алып келген табигый кырсыктардын саны эле 4,5 эсеге өстү.
“Байыркынын жомогу” пьесасынын негизинде Т. Океевдин “Ак илбирстин тукуму (Кожожаш)” фильми тартылган, чыгармада жаратылыштын адамдан өч алуусу менен нааразычылыгы фантастика менен мифологиянын ортосунда сүрөттөлгөн, бирок окуялар чындыкты чагылдыргандыктан, ага ишенбей кое албайсың.
Айрыкча Сур Эчкинин Кожожашка айткан каргышы, алардын ортосундагы айыгышкан күрөшү окурманды селт эттирип, оюн онго, санаасын санга бөлөт.
Кожожаш (таң кала): – Сур Эчкисиңби?
Сур Эчки: – Ооба, Кожожаш, бул менмин. А сен экөөбүздүн тууган экенибизди билбейсиңби? Сен экөөбүздүн энебиз, Кудайыбыз бир.
Кожожаш: – Кандай эне?! Кандай Кудай?
Сур Эчки: – Биздин энебиз жаратылыш. Биздин Кудайыбыз – абийир. Бирок ач көздүк сенин жүрөгүңдү ээлеп, ыйманыңды жоготтуң.
Кожожаш: – Бул сенсиңби, желмогуз? (Оор дем алып.) Менин абийириме шек келтиргиң келеби? Мени кубалап, каргагың келеби? Өмүр бою өч алгың келеби? Сениби шашпа, куу баш Сур Эчки Андай болбойт. Бирөөбүз өлөбүз. Мен сени өлтүрүшүм керек. Жок, сен менден кутула албайсың! (аскага чыгууга аракет кылат, бирок таштар бутунун астына урап, асканын боорунда асылып кала берет).
Сур Эчки:
Аскада туруп саргайып,
Арманда өлсүн бир башың.
Каалап алган Зулайка,
Караны кийип ыйласын,
Сөөгүң ташка куурасын.
Элиң көчүп келгенде,
Эч бир айла кылбасын.
Мерген болбой куруп кал,
Аскадан түшпөй туруп кал!
Чөп саргайып күз болсун,
Таманың алды түз болсун,
Туруп кал мерген аскада
Тууганга кыйын иш болсун.
Кайрыла турган жагыңа,
Карагай чыксын бутактап,
Калгын мерген аскада,
Кара ташты кучактап.
Жаңы заман – 21-кылымдын босогосунда М. Байжиевдин пьесаларынын адамзатка бере турган ою, философиялык маңызы эскирбестен, тескерисинче, барган сайын актуалдуу болуп баратат. Бул жаратуучунун таланты эч качан көөнөрбөстүгүн жана дайыма окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таба тургандыгын билдирип турат.