Добавить свою статью
1 Апреля 2025
Академиянын айрым маселелери

Тарсылдап кетип бара жаткан поезддин акыркы вагонуна жетип калып, Президент Садыр Жапаров биздин Улуттук Илимдер академиябызды сактап калды. Кокусунан, бир аз эле кечигип калганда, Академиядан ажырап калмакпыс. Буга далил катары, Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы 2023-жылдын 25-апрелинде кол койгон токтомун айтсак туура болот. Ага ылайык, Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн гуманитарлык жана аймактык изилдөөлөр институту Ош мамлекеттик университетине, ал эми академик Ж. Алышбаев атындагы Академиянын экономика институту М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетине турган жайы жана жери, штаты жана каражаты менен чогуу берилип кеткен. Бул эмне деген шумдук? Мунун баягы Хрущевдун волюнтаризминен эмне айырмасы бар? Бул эми кадимки эле бейбаштык да.

Бир жылда тапкан акчасы Ош шаарынын жылдык бюджетинен көп болгон Ош мамлекеттик университетине Академиянын Түштүк бөлүмүнүн илимий изилдөө институтунун эмне кереги бар эле? Тескерисинче, Академиянын ошол Түштүк бөлүмүнүн илимий базасын күчөтүп, аны бутуна тургузуу керек эле да.

Академик Ж. Алышбаев атындагы экономика институтун Академиядан Экономика университетине алып кетиш – бул эми акылга сыйбаган иш да. Жумагул Алышбаевичти мен жаш кезимде көрүп калгам жана анын сүйлөгөн курч сөздөрүн уккам. Ал киши абдан атактуу инсан болгон. Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан. Согуштан кайтып келгенден кийин Аспирантураны Москвадагы Коомдук илимдер академиясынан бүткөн. Кыргызстан комсомолунун экинчи секретары, Республиканын партиялык мектебинин директору болуп иштеген. Экономика жана экономикалык теория боюнча Кыргызстандын эң күчтүү илимпозу болгон. Анын илимий эмгектери менен жалпы Советтер Союзу эсептешкен жана тааныган. 1954-жылы жаңыдан уюшулган Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган. Башкача айтканда, Жумагул Алышбаев биздин академиябызды түптөгөндөрдүн бири эле. Анан дароо эле Илимдер академиясынын вице-президенти болуп дайындалган жана экономика институтун дээрлик 10 жыл башкарган. Кыргыз советтик энциклопедиясынын башкы редактору да болуп турган. Согуштун азабын тарткан бул киши 1969-жылы 49 жашында көз жумган. Бирок ушундай улуу окумуштуунун өчпөс эмгеги эске алынып, 2003-жылы анын аты Академиянын экономика институтуна ыйгарылган. Эми болсо академик Ж. Алышбаевдын аты өчүрүлүп, экономика институтубуз М. Рыскулбеков атындагы Экономика университетке өтүп кетти. Ушундай кантип болсун? Биз, академиктер, Министрлер кабинетинин азыркы төрагасы Адылбек Касымалиевден жогоруда айтылган эки институтту Академияга кайра кайтарып берүүсүн өтүнөбүз. Өткөндөрдү унутсак, анда келечегибиз кең болбойт.

2024-жылдын 19-декабрында Академиябызга Президент Садыр Жапаров келип, бизди аябай колдоп кетти. Олуттуу ремонт жүрүп, жаркыраган имаратка ээ болдук, айлык эки эсеге көбөйдү. Эгер мурда бизди «кыймылсыз мүлк» деп шакабалашса, азыр «кычыраган академия» деген атка кондук. Кудайга шүгүр. Учурдагы биздин ыйык милдетибиз – ишибизди илгерилетип, тынымсыз эмгек менен элге кызмат кылууда турат. Кыргызда «Терме тезек, келме кезек» деген кеп бар. Муну айтып жаткан себебим, Президент Садыр Жапаров Академияга болуп көрбөгөндөй жардам көрсөттү. Кезек эми бизге келди. Илимпоздор эми жарылалы, ачыкка чыгып коомго аралашалы, экономикабызды алдыга жылдыралы, чыгармачылык иштер, алдыңкы ыкмалар жана жаңы идеялар менен өлкөбүздү өркүндөтөлү. Бул жагына келгенде академиктер менен мүчө-корреспонденттер башкаларга үлгү болушубуз зарыл. Ойлоп көргүлөчү, бизде Академиянын мүчөлөрүнүн саны 90 кишиге жетпейт. Республикабыздын 7 миллион калкына болгону 37 гана академик туура келет. Бул деген биз үчүн чоң сыймык жана зор ишенич. Ал эми ишенич бар жерде жоопкерчиликтин дагы болушу зарыл.

Биз үчүн Академия экинчи үй болуп калды. Үй-бүлөдө кандай ынтымакта жашашса, биз дагы биримдүүлүктү сакташыбыз максатка ылайык. Анткени, «Ырыс алды ынтымак», «Бөлүнгөндү бөрү жейт» деп эл бекеринен айтпайт. Эгерде өзүбүздүн ичибизде ажырым болсо, анда Академияны «ап» этип коюуучу бөрүлөр жетиштүү. Алардын атын айтпай эле коёюн. Ошондуктан биз өзүбүздүн ишибиз менен алек бололу. Академиктерде баары эле бар. Алар арык чаппайт, мал бакпайт, көмүр казбайт. Биздей болгон интеллигенциянын негизги милдети – болгон акыл эсибиз менен коомду жакшыртуу, эл чарбабыздын ылдам өсүшүнө көмөк көрсөтүү, жапырт жумуриятыбыздын, аз да болсо, алдында жүрүү, калкыбызга Туу болбосок да, ага турукташ жана тилектеш болуу, жаштарга жол көрсөтүү. Мунун баары колдон келе турган эле жумуштар. Аларды, тартынбастан, жүзүгө ашыралы. Бул үчүн укуктук ыңгайлуу шарттар да түзүлүүдө.

Буюрса, жакында Улуттук илимдер академиясы жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынмакчы. Ага ылайык, Академиябыз Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында ишин улантмакчы. Мурда мындай башкаруу эч убакта болгон эмес. Бул жаңы менеджмент системасын башыбыздан өткөрүп көрөлү. Президенттин администрациясы Академиянын ички иштери менен кенен таанышсын. Жаңыча реформаларды жүргүзүп, тийиштүү өзгөрүүлөрдү киргизишсин. Керек болсо, илимий тематиканы кылдаттык менен карап чыгышсын. Менин оюмча, Академия мындан ары өзүнүн ишмердүүлүгүн мамлекеттик заказдын негизинде аткарса жана андай заказдар каражат жана камкордук менен толук камсыз болуп турса, талапка ылайык болор эле. Мына ошондо гана «академия пайдалуу иш жасабай жатат» деген пайдасыз сөздөр суу кечпей калат эле. Биздин академиябыздын жамаатынын өлкөгө керек илимий иштерди ийгиликтүү аткарууга кудурети толук жетет. Кеп илимпоздордун иштешине жана жашоосуна ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууда турат. Эгерде элге кылган эмгегибиз ойдогудай болсо, анда окумуштуулардын эмгек акысын 50 миң сомго чейин жеткирүүгө болот деп эсептеймин.

Фактыларга кайрылалы. Эгерде 2020-жылы, Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин, Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 250 миллиард сомду түзгөн болсо, 4 жылдан кийин 2024-жылы ал 700 миллиард сомго чейин көбөйдү. Улуттук кирешебиз бул мезгилде 700 миллиард сомдон 1,5 триллион сомго жетти. Ошентип эгерде илимпоздор жакшы иштеп, элдин керегине жарашса, анда бийлик бизден акчаны аябайт деп ойлоймун.

Жамин Акималиев,

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-01-2025
Будет ли привлечен к ответственности Акылбек Жапаров?

08-01-2025
Мамлекеттик катчы бизге керекпи?

30-12-2024
100 тысяч сомов – это мой личный вклад в строительство железной дороги

12-12-2024
Личные драмы Чингиза Айтматова (начало в материале от 9 декабря 2024 года)

09-12-2024
Писатель всех времен и народов (ко дню рождения Ч. Айтматова)

14-08-2024
Встреча с Хрущевым

17-07-2024
Не о «культе личности», а о роли личности в человеческой истории (Обзор печати)

21-05-2024
О нашей идеологии

25-04-2024
Ломать – не строить

15-04-2024
Сумасбродные предложения

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×