Добавить свою статью
21 Сентября 2010
Отзывы к фильму.
Представляем вашему вниманию подборку отзывов на на документальный фильм Нурбека Эгена «Рождение Манаса как предчувствие».

EBOL0199  

Темир Бирназаров – кинорежиссер.
Бул кыргыздардын киносу болуптур. Кыргыз элинин көйгөйлөрүн чагылдырган. Нурбек өз жеринен алыстыкта болгондуктан, тасмага өлкөсүнө күйүтүн, кайгыруусун түшүрүп андан тышкары мактанычуу жерде мактаныптыр. Бул элди алдыга түртө турган тасма деп эсептейм.

Асель:
Эң биринчи сезимим бул: “Ай, ушул кыргыз элим ушу бойдон жоголуп кетеби? Айрыкча акыркы жылдагы кайгылуу окуяларды көрсөткөндө жан дүйнөм ушунчалык кыйналып кетти.ТасмадагыЯпонияда окуган бала туура айтат: чек жакта канчалаган кыргыздар жүрөт, төрт-беш тил билгенине карабай жумушка жетпей атышат. Аларды көрүп бооруң ооруйт”

Сейтек Качкынбаев – саясат тануучу
Баш аягы төрт жарым миң жылдык тарыха ээ болгон кыргыз улустун басып өткөн жолун режиссер бир жарым саатка батырып, көрсөткөнү аракет кылды. Мен дагы көргөндөн кийин ойго батып кеттим. Кантсе да бактылуу экенбиз! Аз болгонубузга карабай эгемендүү өлкөбүз бар экен.

Рыспай Исаков — манасчы
Алгач мага бул тасмага ар кандай адамдар катышат дегенди жакшы кабыл алган эмесмин. Көрсө түшүнбөй калыптырмын. Эми тасманы көргөндөн кийин маңызын түшүндүм, себеби бүгүнкү доорубуз өзү “Бири кетти тереңге, бири кетти таңдайга, бири кетти Алтайга ” деп Манаста айтылгандай эле азыр эч кимге чабылбай, эч ким чачпай эле жан дүйнөбүздөн ушундай чачылып туш тарапта тентиген учурубуз экен. Мына ушундай учурда Манастай ээр азамат келеби? кыргыздын башын бириктиреби? же кыргыз дүнүйөкор болуп өтүп кетеби? деген суроолорго жооп издептир.

Нурак Адбрахманов – комуз уста, комузчу
Кино ишмерлери көрүүчүлөрдү тартабыз деп жөнөкөй турмушту кооздоп, чындыкты бурмалап салышат. А бул тасма болсо кадимки кыргыздын бүгүнкү жашоосун чагылдырыптыр. “ Элүү жылда, эл жаңы” - дейт элүү жылдан кийин бул тасманын баасы өтө жогору болот.

Болот Тентимишев – актер
Бул тасманын толук эки жүз саатык версиясын көргүм келип турат. Тасмада тартылган сыяктуу чыгармачыл адамдар, өнөрпоздор өз баасын заманга жараша, кырдаалга берип туруш керек. Тартыштын ичинде ой тазаланат. Чыгармачыл адамдар булактагы суу сыяктуу элди тазалап, багытташ керек. Мына ошондой багыт көрсөтүүчү тасма болуптур.

Эльнура Осмоналиева
Кинонун дээрлик сексен пайызын көзүмө жаш толуп көрдүм, анткени кыргыздын бүт оорулу жерлерин чукуптур да. Бирок азыркы түйшүктөрүбүз майда-чүйдө эле көрүнүш экендигин билдирди. Эртеңки күнгө үмүт берип, кайраттуулука үндөп, күч кубат берген тасма болуптур.

Төлөн – жекеишкер
“Эй кыргыздар, өзүнөрдү карагылачы! Тарыхыңарга көңүл бурбайсыңарбы? Эртең эмне болот? Намысыңар барбы же жокпу? Кичине аракеттенип, окатыбызды тың кылабызбы? Же ушунтип эле жүрө беребизби, беш жыл сайын бир ыңклаптан экинчи ыңклапка өтүп. Дүйнөдөгү башка өлкөлөр сыяктуу өз ордубузду табышыбыз керек ” деген ойду түшүндүм. Менимче тасма өз максатына жетти.

EBOL0161

Алмаз
Бул даректуу фильмди тарткан режиссер бул озунун фантазиясы менен ааламдашкан бакшыларга окшоп калыптыр. Менин оюмча Манас деген баатыр болушу мумкун, бирок мынчалык силер апыртып мактагыдай болгон эмес. Ал эми Ислам дини боюнча Манас айткандарды карасак. булар айтып жатат: "Бизге аян келет анан биз манас айта баштайбыз" деп. Бул ошол адамга жин кирген дегенди тушундурот, себеби кудайга ишенбеген такыбасыз адамдардын ичинде жин болушу мумкун, а Ислам дининде пайганбарлардан башка эч кимге аян тушпойт, азыркыларга аян жиндерден келет.

Иман
Фильм кыргыздар үчүн болот. Бирок ар кандай кесиптин ээлеринин жашоосу жөнүндө эле болуп калыптыр. Көбү эле архивден мурунку көргөзүлгөн фильмдерден эле куралып калган сыяктуу. Мага абдан жакканы кыргыздардын аттарын жалан уулу кызы кылып жазыптыр.Эки жүз элүү мин долларга биздин кыргызстандын режиссерлору мындай кинонун онун тартышмак. Кандай болсо да Нурбекке ийгилик кааалайм. Ушундай патриоттугунан жазба. Дагы көп көп кыргыздын улуулугун даназалаган кинолорду жарата бер.

Алтынай
Чон алкыш! Бул тасманы чыдамсыздык менен куткөм, коргондон кийин жан дуйном тазарып, кыргыздыгыма дагы бир жолу сыймыктанып, менин жеке жашоомдо жана жалпы кыргыз элинин жашоосунда чон озгоруу боло тургандай сезим болуп жатат.

Ракыя Шаршенова – режиссер-монтажер
Кыргыздардын маданиятты өтө бийик, кийинки убакытта эле төмөндөп баркы кетип калды. Бул фильм элге дем берет. Бизде дагы жакшы окуган, билимдуу жаштар бар. Мүмкүнчүлүк бизде да бар, а бирок колдоно албайтабыз. Анан эле башка өлкөлөргө суктанып жатып калабыз.

Регина – борткошточуу
Тасма жаштарга арналыптыр, бизди жаңы нукка салып ойлонтот экен.Мындан тышкары жашооого жаңы көз карашты сездим. Чет өлкөгө кеткен жаштар көрсө балким аң-сезими өзгөрүп, кайтып келүүгө түрткү болот. Болот – студент Мага тасма жакты. Даректүү болгондуктан биздин чыныгы турмушубузду көрдүм. Айрыкча Орусияда жүргөн кыздын тагдыры эсте калды. Ал кыз аркылуу Орусияда иштеп жүргөн 300миң мекендештерибиздин тиричилигин чагылдырды. Ыза болдум, өлкөнө жардам бергин келет бирок өзүндү кумурска сезип колуңду түшүрөсүн.

EBOL0190

Алмаз
Бул тасма туура эмес багытта тартылыптыр. Мен жалпы маазмунуна тийишпейм. А бирок ислам жөнүндөгү бөлумү өтө кыжырымды келтирди. Бул тема өтө кеңири аны 10 мүнөттүн ичине батырып элге түшүндүрө албайсын. Мен өйлойм режиссер дин тууралу дагы изденип, изилдеп дүйнөлүк денгээлге чыгарып анан гана тасма тартууга киришиш керек.

Таалайбек Кулмендеев — кинорежиссер, Кыргызстан кинематографисттер Уюмунун торагасынын орун басары

«Манас» деген созду укканда ар бир кыргыз ойгонуп, ал озгочо касиет кучко ээ экендигин сезип туюшкандыгы менен аны кайра эле Манас эпосундагы баатыр Манаска алып барып такашып, озулору да ошого такалып, Манастын сырдуулугуна ,табышмактылуугуна , айтып бергис керемет кучко ээ экендигине акылдары жетпей , «Манас кыргыздын башын кошкон кол башчы, Кыргыздын Каны» деп гана тим болушат.

Манас эпосу Куран, Библия ж.б. , ыйык китептердей эле ыйык китеп экендигин билишпей, Манас эпосу «кылымдап жыйнаган эпикалык чыгарма,ойдон чыгарылган жомок,элдин ой-мудоосу,тилеги» дешип касиеттуу Манастын бар экендигине шек келтиришип, копчулукту тескери жолго буруп адаштырып жиберишти.

Манас жонундо кичине, чон эмгектерди жазып жургондор ото коп . Бирок, алардын копчулугу Манас эпосунун тегерегинде гана болуп саналат.

Ушул жактан алганда Нурбек Эгендин фильми Манастын бар же жок экендигине ишенбегендердин жанылыштыгын дана корсотууго далалат кылган жана Манастын руху ар бир кыргыздын кокурогундо жашаарын, ал женилбес касиетке ээ экендигин далилдеген…

EBOL0265

The Film «Manas birth as a premonition» by Kyrgyz producer Nurbek Egen
is a beautifully shot full length film, documenting the relationship
modern Kyrgyz have with their ancient epic "Manas". The doc is a
first class ethnographic piece, with tear-jerking interviews from
Kyrgyz scattered around the world. Egen does not wrap up the film
with a conclusive end, but lets the audience decide if modern Kyrgyz
can unite under the banner of their ancient hero and ideals. The
film, loaded with ethnographic material, personal interviews, and
fantastic imagery is a must-see for all interested in Kyrgyzstan.
by Risbek (Richard Hewitt)

Фото с премьеры фильма в кинотеатре Ала-тоо.

По теме:
26.08.2010 - Нурбек Эген. Новый Манас родится не здесь
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×