Добавить свою статью
22 Декабря 2010
Качественное образование - уверенность в завтаршнем дне, это стабильность и развитие

Бүгүнкү күндөгү сапаттуу билим – эртеңки күнгө болгон ишеним..

…бул стабилдүүлүк жана өнүгүү.

Абдыкалыкова Гүлбара

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги №24 - «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка башкаруучулардын жаңы муунун чакыруу программасы жөнүндө» токтомуна ылайык

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка башкаруучулардын жаңы муунун даярдоо» курсунун угуучусу, чет тили мугалим

Кыргызстан үчүн «өнүгүү» деген эмне?

Өнүгүү – бул, өлкөбүздөгү ар бир бала акысыз жана сапаттуу билим алууга, оорулуу адам дарыланууга, жумушсуз адам жумуш менен камсыз болууга, же билимин жогорулатуу менен (мүмкүнчүлүгүнө, шыгына, талантына жана каалоосуна ылайык) көздөгөн кесибинин ээси болууга жана аны менен бакубат турмуш курууга реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу.

Бизде мындай мүмкүнчүлүктөр «бар», бирок, алардын талапка жооп бербеген «сапаты» жана ошондой эле калкыбыздын бардык катмарларынын “сапаттуу” кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ эместиги, аларды жокко чыгарганы өкүндүрбөй койбойт.

«Аз бирок саз» «саны бар сапаты жокко» алмашылып, сапат эмес сан үстүндө иштөөнү туура таптык. Албетте, базар экономикасында сан (жөн гана сан эмес) б. а. көп түрдүүлүк дагы, сапат дагы чоң мааниге ээ экендиги маалым. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстан базар экономикасын тандаганы менен, өнүгүү жолунда өтө маанилүү ролду ойногон сапатка ушул күнгө чейин жетиштүү көңүл бурулбай келет.

Балким, сапатка анча маани бербей келебиз, же, бергенибиз менен «көбүрөөк акча табуу кызыкчылыгын» жогорураак коюуга мажбурбуз. Алсак, мектепке жаңы барган жаш мугалимдин жумасына он сегиз саат (бир ставка) үчүн алган айлык маянасын 1049 сом түзсө, ал мугалим жашоо минимумун түзгөн 4100 сомду табуу үчүн андан эки-үч эсе көбүрөөк саат иштөөгө туура келет. Албетте, мугалим чарчайт жана сабакка даярдануусуна убактысы да калбайт. Бул болсо өз кезегинде билим берүүнүн сапатынын, окуучулардын билим деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Экинчи мисал, ушул эле айлык акынын төмөндүгүнөн келип чыккан көйгөй – мугалимдердин жетишсиздиги, алардын орундарынын атайын кесиптик билими жок «мугалимдер» менен толукталышы. Жыйынтыгында, биринчи мисалда келтирилген сапат көйгөйүнүн келип чыгышы.

Мына ушул сыяктуу себептерден улам сапат жагынан өтө эле аксап келебиз, өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында буга далилдер көп экендигин жашыра албайбыз. Себеби, бул тармактардын, өзгөчө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен гана өнүгүү жолуна түшүү мүмкүн экендигин бүгүнкү күндөгү өлкөбүздөгү абал далилдеп турат. Ошентсе да, билим берүү жаатында орун алган бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр бүгүнкү министрликтин иш натыйжасы эмес, алар мындан бир нече жыл мурун жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасы деп кароо зарыл.

Айлык акынын төмөндүгүнөн келип чыккан көйгөйлөр

мугалимдердин жетишсиздиги

бош орундардын ал предмет боюнча атайын кесиптик билими жок же

тажрыйбасыз мугалимдер менен толукталышы,

башка мугалимдердин жүгүнүн оорлошу

окуу китептеринин жетишсиздиги

билим берүүнүн сапатынын төмөндөшү

окуучулардын (фундаменталдык) билим деңгээлинин төмөндүгү

ЖОЖго тапшырууга даяр эместиги

студенттердин/бүтүрүүчүлөрдүн билиминин төмөндүгү, ишке даярэместиги

билимдүү кадрларга болгон муктаждык, жумушсуздук, кылмыштуулуктун (паракорлуктун) өсүшү

нааразычылык, түшүнбөстүктөр (жана өлкөдөгү дестабилдүүлүк өнүгүүнүн токтошу).

Билим берүү ситемасында кайсы бир учурда пайда болгон бир көйгөй экинчи көйгөйдү жаратып, акырында жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөр циклына айланып, билим берүүнүн сапатын жылдан-жылга начарлатып келет. Андыктан, бул циклдын жогорку баскычтарында турган көйгөйлөрдүн бирин чечүү менен анын айлануу циклын токтотуу зарыл.

Албетте, айлык акыны жогорулатуу менен көйгөйлөр чынжырындагы бир топ маселелерди чечүүгө мүмкүн, бирок айлык акынын өлчөмүн үч-төрт эсеге жогорулатуу өлкөбүздүн бүгүнкү шартында өкмөт алдына коюлган татаал маселе болуп тургандыгын эске алуу менен учурдагы абалдан чыгуу боюнча альтернативдүү жолдорду издөө зарылчылыгы жаралууда.

Ошентсе да, «фундаментсиз үй куруу мүмкүн эмес». Сапаттуу билимдин өзөгү жөнөкөй мектептердеги фундаменталдык билимден башталаарын эстен чыгарбоо зарыл.

Андыктан, бул тармакта канчандыр бир мезгилде кетирилген кемчиликтерди жоюуда бүгүнкү күндөгү Билим берүү жана илим министрлигинин ролу өтө чоң жана анын мындан ары аткара турган иш-аракеттеринен өлкөбүздүн келечектеги стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү көз каранды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×