Добавить свою статью
27 Декабря 2010
Медет инимди эскерїї

sadirkulov

Из книги "Он ушел непокоренным"

Посвящается Медету Садыркулову

Медет инимди эскерїї

Манас ата чоў кыргында єлгєндєй,

Курманбекти Аккан досу кємгєндєй

Жаныш Байыш орго тїшїп калганда

Алган жары тїштєн чочуп кєргєндєй

Эр тєштїкт жер жарылып каткандай

Атакени кєк жал жолборс баккандай

Алп кара куш бешикти ала качкандай

Ак чагылган алдын тороп аткандай

Кайда кеттиў кайып болуп кеткендей

Бир кєрїнгєн жайкы таўкы кєктємдєй

Жарк журк этип чагылгандай жоголдуў

Кїн кїркїрєп нєшєр жамгыр тєккєндєй.

* * *

Бутагы сынган дарактай,

Буталып барам эмнеге.

Будалып басып жїргєндє,

Бууданды минип кел дебе.

Єткїндєй єткєн ємїрдє,

Єкїттє калдым эмнеге.

Чыктыбы баары тєгїнгє,

Чєктїбї сынып бир кеме.

Капталы тїшїп тоолордун,

Касиет кирбей єргємє.

Санаамды санга бїлїнтїп.

Сарсанаа чыгат тєлгємє.

Улгайып калган кезимде.

Укурук салып мойнума.

Уйпалап мени тагдырым,

Узартпай колду койдуў аа.

Кєтєрєм баарын кєтєрєм,

Денсоолук берсеў кудайым.

Тынчыраак жїрсєк болду эле.

Турмуштун тартпай убайын.

Жакадан алган кайгымбы,

Жайытым менин тынч болбой.

Жаркылдап жїргєн айымбы.

Жайлоого чыкчу тїз жолдой.

Сызылып аккан кєз жашым,

Сыздатып иет муунумду.

Кучагым жеткис бактымды,

Куу жыгач менен куудумбу.

Шайтандар жїрєт уялап,

Шалбалуу булак жеримди.

Периштемди качырып,

Пейлинен тапсын дедиўби.

Жаагымды таяп ойлоном.

Кай кїнї жаза тайдым деп.

Ак кєўїл болуп жїрсєм да,

Алдында журттун айыбым кєп.

Майрамкан Абылкасымова,

Кыргыз Республикасынын Эл акыны

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×