Добавить свою статью
27 Декабря 2010
Алтынды дат баспайт
sadirkulov
Из книги "Он ушел непокоренным"

Коңорчоктун тїзїндє эртеў мененки бээнин биринчи сааны бїтїп, жаўыдан кымызга олтурушканда Соронбайдын Акталаадан келген жигит башы болгон кайдулат саяк Айылчы: «Бий, сїйїнчї! Сиздин аялыўыз Седеп аман-эсен кєзїн жарып уулдуу болдуўуз!». Їч кїндєн бери аялынын толгоосуна кулакдар болгон бий капысынан айтылган жакшы кабарга чочуп кетип турагалып, ары-бери басып «капыр ий, денем дїр дей тїштї, деги арты жакшы болгой эле» деген экен.

Дїрдїн энеси Седеп кєп нерсеге кєзї жетип турса дагы єзїнїн мокок, тартынчаактыгынан бийдин улуу аялдарына теў ата боло алган эмес. Такай кемсинген турмуштун азабын кєп тарткан. Тєркїнїнїн кембагалдыгы дагы анын жашоосуна кедерги болгон. Дїрдїн азан чакырган аты Абдывахап, бирок эли-журту аны Дїр деп атап алышкан.

Тєрєттїн оордугунан кыйналып жїрїп Дїрдїн энеси эки айлыгында эле єлїп калган. Дїрдї Бака деген агасынын аялы эмизип чоўойткон. Энелїї жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим болуп, Дїр єтє кыйналып эрезеге жеткен. Єз киндигин єзї кесип дегендей чыйрак, тыў бала болуп жетилген. Байбиченин балдарынан кєп кордук кєргєн. Кийинчерээк шок, тентек болуп єскєн. Айланасына жатакта калган кедейлердин балдарын чогултуп, торпок жарыш, эўиш, балбан кїрєш, ордо оюндарын уюштурган. Тамакты чогуу ичишип, бири-бирине єтє кайрымдуулукта єсїшкєн. Досторунун кєпчїлїгї єзїнє окшоп же энеси, же атасы жок, же таптакыр эле томолок жетимдер болушкан.

Кийинчерээк «балдарыўарды орусча окутканга Алматыга жибергиле» дегенде, байбичелер чогулуп туруп, «бир аз болсо дагы эс алып, тиги тентектен кутула туралы» деп бийди кєндїрїп, окууга жалгыз жєнєтїшкєн. Караманча орусча билбеген бала жарым жылдын ичинде классында эў мыкты окуган окуучулардын катарына теўелген.

Эки жыл бїтїп, їчїнчї жылдын окуусуна киргенде бийдин эсине келип, «баягы тентектин бары-жогун билип кабар алып келгиле» деп Айылчы, Арзымкан деген жигиттерин Алматыга жєнєткєн. Атасынын жиберген адамдарын мончого алып барып жуундуруп, шаарды кєрсєтїп, жакшы дїкєндєрдєн кийим-кече, ар тїрдїї кездемелерди сатып берген. Гимназиянын шарты боюнча мугалимдери ак шапке, ак костюм-шым, ак ботинке кийишкен. Алдыўкы окуучулардан шайланган класстын старостасы, учкомдун председателдери дагы мугалимдер сыяктуу ак формада болгон. Дїрдїн дагы ак кийимин кєрїшкєн айылдыктары анын эр жетип, єткїр, чечен, акылдуу мамилесине таў калышып, ыраазы болгондугун бийге сїйїнчї катары айтып келишкендигин айыл аксакалдарынан кєп жолу укканмын. Соронбай «байбичемдин эр жеткен балдарына кєўїлїм тойбоду, кєзїм жумула электе колуман тарбия алсын, акылымды уксун, айтаар сєзїм кєп деп Дїрдїн ой-боюна койбой окуусун токтоттуруп койгон. Ошондо Дїр їч жылда аттап окуп, беш жылдыкты бїтїп келген.

Орус тилин жакшы билгендиктен Токмоктогу, Пишпектеги уэзде писарь, тилмеч болуп кєп жыл эмгектенген.

Петербургдун уруксаты менен Чоўкеминден карагай алып, Чїй районундагы Сайлык айлына 1890-жылы жыгачтан ашталып жасалган мектеп курдурган. От жагып, бышкан кирпич даярдаттырган. Курулушка Токмоктогу уста орус, ногой достору жардам берген. Бул Кыргызстандагы мусулман балдары їчїн ачылган орус тилиндеги биринчи мектеп болгон. Мугалимдери Россиядан, Уфадан келген, алган маяналарын, жашоо шартын толугу менен Дїр кєзємєлдєгєн. Убагында айрым тїшїнбєгєн мусулмандар балдарыбыздын дилин, тилин тескери буруп жатат деп Дїрдї «Чокундук» атка кондуруп, кєрїнєє дагы, кємїскє дагы жаман атты кылышкан.

Дїр багбанчылыкка, дыйканчылыкка, аары єстїрїїгє абдан кєўїл бурган. Алманын жаш кєчєттєрїн Алматыдан тєєлєргє топурагы менен калыў кийизге жабуулап кургатпай алып келген. «Соронбайдын багы» деген 100 гектарга жакын алма бакты Мичурин колхозу пайдаланып, 1960-жылга чейин мємє берип тургандыгына кєпчїлїк эл кїбє. Дїрдїн таасири менен Чїй районунда «Кошойдун багы», «Жоламандын багы» деген алма бактар пайда болгон. Ал Кыргызстандагы биринчи багбан Фетисов менен ысык мамилелешкен.

Андижандан сїрїлїп келген отуз їйлїї адигине уруусундагыларга жер бєлїштїрїп берип, Чїйдїн Кызылсуусуна жайгаштырган. Жаўы туугандар келди деп байлардан мал, буудай-арпанын їрєнї менен жардам бердирген. Бир жыйында Ормон хандын элчиси аталган Кубат уулу чечен Калыгул алардын тїрїн кєрїп туруп:

Боору кара, сырты кєк,

Мунун отуз їйлїї эли бар,

Отузунун отуз миўдей деми бар,

Башында Соронбайдын Дїрї бар,

Дїрдє ажыдаардын сїрї бар, - деп баа берип койгон.

Атасы Соронбай Кудаяр уулу 1899-жылы кайтыш болуп, бир жылдан кийин ашы Кызылсуунун алкымында єткєн. Ашка эки миў боз їй тигилип, кырк миўдей конок болгон. Ашка катышкан генерал – губернатор А.Н.Куропаткинди жарчы Каражаак Калмырза:

Урматтуу улук келиўиз,

Уўгулуу кыргыз жерибиз.

Санжыргалуу тынайдын

Салты мыкты дедиўиз.

Салмак менен сїйлєгєн

Сары алтындай кебиўиз.

Андан ары ырчы улап:

Солто менен тынайда,

Соронбайдын Дїрї бар.

Сыймыгын алыс кєтєрєр,

Соолбос кызыл гїлї бар.

Сооруга чапса солк этпес,

Сырттан эрдин бири бар, - деген.

Ошол мезгилдеги орустардын жер ээлєє саясатына айрым учурларда каршы чыккан. Аны Шамшы, Бурана болуштугундагы узун ээк Аалыке, Максымкожо, Турумбек, Ыбрайым ажы, Чалдамбай сыяктуу прогрессивдїї адамдар колдошкон. Тарыхта кєрсєтїлгєндєй орустар ичкериден кєчїп келе баштаганда эле кыргыздын жери ченелип, єздєрїнє асылдуу жакшы жерлер, чабынды, токойлуу кыштоо жайлоолорду ээлеп башташкан. Кыргыздар суусу жок, кайрак чєлгє, ак кар, кєк муздуу жердин этегине сїрїлїп ташталган. Токойдон отун алып, от жакмак тїгїл чырпык жагууга дагы тыюу салынган. Жергиликтїї эл жайдыр-кыштыр кєў жагып оокат єткєргєн. Кокус кемегеден жыгачтын кїлїн эле кєрїп калса токойду кыйып атасыў деп кыйыктап малын талап-булап олжого алган.

1916-жылы Тїркестанда жашап жаткан ар бир оруска 3,17 теше тандалган, ар бир жергиликтїї тургундарга 0,21 гана теше жер туура келген. Жердин тарыхый аттары алеки заматта которулуп Калиновка, Покровка, Орловка болгондугуна Дїр чыдамсыздык менен мамиле кылып, керектїї жерде айта жїргєн.

Кыргыздын бирден бир алгачкы жазма акыны, санжырачысы аталган Тоголок Молдонун калыптанышына Дїр чоў себепкер болгон. Ал аталаш агасы Айылчыны ээрчип Нарындын Курткасынан Сары Єзєн Чїйгє келген. Аягы їзїлбєгєн Соронбайдын айлына келген манасчы, ырчы, санжырачылардын айтканын кагазга тїшїрїп турган, билимин жогорулаткан, їй-бїлє, мал-мїлк кїткєн.

Ташкент, Алматы, Пишпектен, Уфадан алдырып келип, китепкана уюштурган, ага билимдїї Шарафуддин жетекчилик кылган. Колунан китеп тїшпєгєн, дїйнєлїк адабият менен тааныштыгы болгон. Тилекке каршы Дїрдїн єзї жазып жїргєн чыгармалары бизге жетпей калды, єзї атылгандан кийин єрттєлїп кеткен.

1918-жылы Токмоктогу, Орловкадагы бїкїр Егнат баштаган шовинист орустар бир нече кїн камап жатып, Чїй дарыясынын Шордєбєгє кетчї жолдун жээгине алып барып Дїр менен кошо жети атактуу адамдарды сотсуз эле атып таштаган. Алардын арасында Калпа Келдибеков, Ормонхандын чєбєрєсї Жапый Кєкташ уулу, Тезекбаев Тїлкї, Максымкожо Тоголоккожоев, Турумбек болуш жана Канаттын уулу болгон. Їмїт деген кыйын нерсе эмеспи, кечээ эле чогуу аралаш жашап жїргєн адамдар бїгїн аракка аябай тоюп алып, бакылдашып, бирде ырдап, бирде куру каткырып, мылтыктарын кезеп айдап келе жатса дагы єлїмгє єздєрїн бирде кыйып, бирде жашоодон їмїттєнїп жамандыкка жорубай сыртынан эр адамдын сапатын сактап жєє-жалаўдап сїйлєшїп келе беришкен. Атылаарга жакындаганда Дїр «Ии кожом, колдойм эле колдойм дечї элеўиз, эми качан колдойсуз?» деп Максымкожого кайрылганда, «Ии Дїр мырза, кожоў колдогон їчїн шейит кетип жатпайсыўбы» деген. Алардын єлїм алдындагы коркпогон мїнєздєрїнє мас орустар ого бетер жинденишкен. (Ичинде дунган, ногой улутундагылар дагы болгон). Артынан ыраактан буулугуп, коркконунан їнїн чыгарбай келе жаткан атылгандардын жакындарына кайрылып, эми кєємп салгыла деп орусча бакырып коюп татырактата чаап кетишкен. Ошол эле мас топ Дїрдїн айылы жайгашкан Кєкжардан 300дєн ашык адамдарды бала-бакырасы менен кырып таштаган.

Карышкыр тийген койдой болуп, калтаарып элеўдеген байкуш кыргыздар єлїктєрїн тїн катып алып кеткендерине ыраазы болушкан. Дїрдїн сєєгї Сайлык айлына коюлуп, ашы 1926-жылы кїзїндє Окторкой жайлоосунда єткєрїлгєн.

М.В.Фрунзенин колу коюлуп Дїрдї Москвага кызматка чакырылган телеграммасы кийинчерээк табылгандыгын айыл аксакалдары канкакшап айтар эле. Дїр камакта жатканын уккан Шамшы элинин мыктылары Ыбрайым ажы, азык Чалданбай жана башкалар менен дагы келдим эле деп атам Касымалы Бозгунчу уулу айтканын нечен жолу кулакдар болгом. Таанышыбыздыкына даярдап койгон койдун этин шашпай жегизип алып, кєчєгє чыксак, бїтїндєй єрєєнгє кадырлуу болгон Дїрдїн учурашкандан колу бошобой жаты. Аўгыча эле Дїрдїн єтє жакын санаалаш сїрєтчї орусу баарыбызды чогуу бир, Дїрдї єзїнчє бир тартты. Экєє орусча сїйлєшїп сїрєттї Касымалыга бер деп кєрсєттї, мен он чакты кїндєн кийин алып кеттим. Эсил кайран асыл адамдын їркїндєн, ачарчылыктан эли-журту кырылып, єзї дагы ак жеринен жабагер чегип, теўсиздиктин азабын тартып, чєгїп тургандагы болжолуу 50 жаш курагындагы сїрєтї деп катуу їшкїрїнїп алар эле.

1994-жылы тагдырдын буйругу менен Президенттин администрациясынын уюштуруу бєлїмїндє иштеп турганымда, жетекчим М.Садыркулов мага кайрылып: «Менин сїйїктїї мамашамдын чоў атасы Дїр Соронбаев деген адам сиздердин Чїй районунда жашап єткєн, ал киши жєнїндє кабарыўыз барбы?» деп капысынан суроо салган. Эч кандай тууганчылыгы жок болсо деле ал кишини кичинемден бери кєп жолу угуп, кєптєгєн жїрєк толгоо болгон жакын адамым жєнїндє кокусунан сураганда апкаарып, денем нымшып барып, уккан-билгенимди тєкпєй-чачпай айтып бергенимде Мекем сїйїнгєнїнєн мени катуу кучактап жиберген эле. Кийинчерээк киндик каным тєгїлгєн Чїйдєгї Онбиржылга айлыма барып Дїр атанын 80 жылга жакын сакталып келе жаткан сїрєтїн Мекеме карматтым, кєрсє мен тапшырган Дїр атанын тїшкєн жапжалгыз сїрєтї экен. Эмми минтип улуу адамдын музейин уюштурууда, эстелик бюстун жасоого мен берген сїрєттїн дарыдай керек болгонуна менин тєбєм кєккє жетїїдє. Баарынан дагы Сайлык айлындагы Дїр Сооронбаев атындагы мектептин айланасын кооздоого генералдык планын тїзїп, бюст орнотууга заманыбыздын залкар скульптору, Мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор Айдар Усукеевдин катышканы мыкты болду.

Дїр ємїрїндє їч аял алган. Алматыда окуп жїргєн кезинде энеси татар, бай казактын Зейтун деген сулуу кызына катуу ашык болуп кєп кыйынчылыктан кийин ага їйлєнгєн. Їчєєнєн Зайнилабдин, Султан, Садвакас жана Асанкул деген тєрт бала калган. Булардын бардыгы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болушкан. Ушул тапта Дїр атанын Асанкул деген уулунан жападан жалгыз Медет Садыркуловдун энеси болгон 80 жаштагы Насипа апа гана ємїр сїрїїдє, башка тукум калган эмес.

Дегинкисин кыскартып айтканда, Дїр Сооронбаев Кыргызстандын тїндїк регионуна жана маўдайкы казак туугандарга атагы чыккан кадырман барктуу адам болгон, дагы бир єзгєчєлїгї, ал єтє жєнєкєй, боорукер, кичипейил, бой кєтєрбєгєн, эл їчїн жаралган адам эле. Алдына келген адамдын суроо-талаптарын канааттандырууга дайыма дилгир аракет кылган экен.

Кыстырма катары айтаарым: атам Касымалы єз заманындагы залкар Кубат уулу Калыгул, Белек Солтоноев, бала Айылчы, Надырбектин Абдрахманы, азык Чалданбай жана башка улуу адамдардын сєзїн угуп, таалимин алган адам болгон. Атамдын дагы дєєлєтїн бийик кєтєргєн 1920-жылдарда кыргыз-казакка кєп жолу чабылган атактуу кїлїк аты Карабышты болгон. Мен дагы ата таасири менен Ормонхан, Шабдан батыр, Дїр тууралуу абдан кєп укканмын. Алар жєнїндє тарыхый чыгармаларын жараткан белдїї адамдар бекеринен мага кайрылышпаса керек. Айрыкча Дїр ата мага єтє жакын. Балалык кезинен баштап, кєзї жумулганга чейинки мезгилин кєз алдыма такай элестете берем. Анан бир кишини, бир адамды, анын жээни болгон Медет Садыркуловду кєп жагынан ага окшоштурам. Кудая тобо, «эр тайын тартат» деген сєз ыраспы дейм.

Мырзабек Касымалиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×