Добавить свою статью
27 Декабря 2010
Тулпарлардын туягы

sadirkulov 

Из книги "Он ушел непокоренным"

Тулпарлардын туягы

Жакшы адам жєнїндє жакшы сєз айтып эскерїї жазган менен єтє оор. Ооба, мен їчїн Медет Чакан уулу Садыркулов жєнїндє эскерїї жазуу оўой эмес. Анткени бул адам аз жана саз жашаган ємїрїндє кыраакы инсандыгы менен эсимде калды. Мен бул инсан менен таанышканыма єтє кєп убакыт болбосо да бир туугандай мамилем бар эле.

Ал тектїї жердин урпагы болгон. Арийне, эзелтен ата бабаларыбыз артына из калтырып, тукум улап келишкен. “Жакшыдан из калганы жакшы”- деп да кїтїшкєн. Маркум Медет агабыз жакшы адамдын тукуму эле. Айтылуу Атаке баатырдын урпагы Сооронбай бийдин баласы Дїрдєн калган жалгыз туяк Насипа апанын уулу эле. Эсил Медет ага таятасына окшошуп да кетчї. 2004-жылы Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен бирдикте “Атаке баатыр” аттуу драма жазып, ал драмабыз Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрына коюлуп калды. Драма Дїр Сооронбай уулунун сурагы менен башталат. Анткени бул инсан Атаке баатырдын туусун бийик кєтєргєн урпактарынан болгон. Ташкенттен, Олуя-Атадан, Верныйдан билим алган Дїр Сооронбай уулу єз заманынын керегине эрте жарап Токмокто болуш болуп шайланып, алгачкылардан мектеп салдырып агартуучулук кылган. Анын жарыгы Тоголок Молдо баш болгон инсандарга тийип билим алган. Дїр ата Совет єкмєтї орногондо кыргыз дын мыкты уулдарынын алгачкы сабында болуп кыргыздын камын ойлогон. Атаганат дал ушундай улуу инсандарыбыз ошол жылдарда ак жерден “эл душманы” аталып шейит кетишпеди беле. Мындай тагдыр Дїр Сооронбай уулуна да келип ак жеринен атылып кеткен. Ошол атылаар алдында ага “бай манаптын тукуму”-деп жалаа коюлат. Атакенин туусун жерге тїшїрбєгєн Дїр тагдырга моюн сунат. Менин драмам мына ушундайча башталчу. Спектаклдин премьерасында Насипа апа кєзїнїн жашын тыйа алган эмес. Ал кезде Медет байке Иранда элчилик кызматта эле. Премьерадан соў Бишкекке келип мени чакырткан экен. Улуттук Академиялык драма театрдан жолуктук. Ага чейин бир жолу салык инспекциясын жетектеп турганда Кыргыз радиосуна интервью алган элем. Жолугуп ошол кезди эстешип, биринчи жолу кененирээк сїйлєштїк. Авторлошум Майрамкан эжени алдырып, театрдын коллективи менен бирге бир кой союп чоў таятасы Атаке баатырга жана таятасы Дїр Сооронбай уулуна куран окутту. Ошондогу Медет байкенин тага журтуна єзгєчє мамиле кылып, маани берип, сыймыктанып, сыйынып жатканын кєрїп, аккан арыктан суу агаарына ишенгем.

Ал таятасы менен єзгєчє сыймыктанчу. Менден Дїр Сооронбай уулу жєнїндє кєп сурай берээр эле. Дїр атанын Шабдан баатыр менен тїшкєн сїрєтї калыптыр. Карасам Медет байке таятасына абдан окшош экен. “Эр тайын тартат” дегендей кайран кишинин артында єзїндєй болгон бир тукум калган тура деп калаар элек. Кийин президенттин администрациясын жетектеп келип калганда мага телефон чалып чакырды. Барсам “жаўы єсїп келе жатыптырсыў, талантыў мага жакты, бир тууган ага инидей болуп жїрєлї” деп кєп кеўештерин айтты. Ошондон тарта кїн алыс телефон чалышып, же кээде жолугуп кабарлашып тураар элек. “Жаза бер, жаза бер акыры эмгек бааланат” – деп кєп айтчу. 2008-жылы Чїй районундагы Сайлык айылындагы Дїр Сооронбай уулу атындагы орто мектепке таятасынын музейин ачып айкелин салдырды. Ачылыш аземинде бирге болуп, эл Дїрдїн Медеттей туягына ыраазы боло батасын берген эле. Жакшы демилгелерге аябай кубанып колдочу. Бирок бул кишинин мен колу бошоп эс алганын байкаган жокмун. Кайда болбосун шашып жїрєєр эле. Мейли кабинетиндеби же конокто олтурабы жаны тынчу эмес. Абдан оор жїк кєтєргєн иштерди жасап жїрдї. Иш деп жїрїп, тыным албай, шашкан бойдон оттой жанып, оттой кїйїп кете берди. Медет аганын президенттин админстрациясын жетектеп турганда жасаган иштерин, анын кылдат мамлекеттик ишмердигин, кыраакы саясатчылыгын, дасыккан дипломаттыгын кєпчїлїк жакшы билет. Єкїнгєнїм ошол ишинин урматын кєрбєй таятасынын тагдырын кайталап ак жерден шейит кете берди. Анын табышмактуу єлїмї калктын калыў катмарын таў калтырып кайгыга салды. Акыркы сапарга узатканда Атакенин кїнї ыйлап турду. Эл жыкжыйма келип Дїр атанын замандашы Байтиктин басбєлтєгїнє эсил инсанды тїбєлїк жайына узатты. Тулпарлардын туягынын таскагы токтогону менен дїбїртї кулактан кетпес. Ал Атаке баштаган Жантай, Шабдан, Дїр баштаган улуу арбактардын катарына кошулду. Ал жердеги жайы жаннаттан болсун. Менин Медет Чаканович жєнїндє эскерїїм ушуну менен бїтпєс, аягына чыкпас. Мезгили келгенде далай жазаарбыз.

Кайрат Иманалиев

Кыргыз Мамлекеттик жаштар

сыйлыгынын лауреаты, драматург

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×