Добавить свою статью
5 Марта 2011
Токоюңду адамдарга жегизбе
Автор: Н. К. К.
Президент Роза Отунбаева призвала всех читать стихи, и мы решили написать стихи про нашу боль и про несправедливость, сообщают бишкекчане, выступающих в защиту парка Ататюрк.

Н. К. К.

Токоюңду адамдарга жегизбе
(Дарактары жасалма жол менен кууратылып, четинен кыйылып, жер участогу
болуп сатылып жаткан «Ата-Түрк» паркынын азыркы абалына кайгырган
саптар…)

Сыртын сыйрып, майдан чачып кууратып,
Тамырын чаап, дарактарды сулатып.
Таш боор адам көк токойду жок кылып,
Там салууда ташка ташты кынатып.

Кагырады көп дарактын көкүлү,
Токой өлүп, үйлөр туруп бекиди.
өкүм кылып өлтүргөнгө токойду,
Келет бир күн Жараткандын өкүмү.

Жаман иштен бакытка ким жеталат?
Убал кылган канча алыс кеталат?
Жабыр чегип, ыйлап-сыздап бир күнү,
Жаратылыш кайра алардан өч алат.

Ал дарактар жылдап араң өөрчүдү,
Араа-балта көрсөттү го көрчүүнү…
Ак сарайлар аз адамга караштуу,
А Парк болсо бүтүн элдин менчиги.

Эл жегендер түбүбүзгө жетеби?
Элдин мүлкүн бөлүп -бөлүп кетеби?
Элдин жерин энесинин жериндей,
Ээлегендер, башыңар не экөөбү?

Жумуш издеп көчүп келип алыстан,
Баш калаада эптеп жанын багышкан.
Сүрүп салды бийлик канча үйлөдү,
Бечаралар ылай менен салышкан.

Элге айтпай, сууга айткын түшүңдү,
Кимдин кимин элдер жакшы түшүндү.
Аксарайлар жайнап кетти мыйзамсыз,
Ошолорго көрсөт бийлик күчүңдү!

О, эл-журттун жер-байлыгыңын жегендер,
Мезгил келди берер жообун белендээр.
Токоюңду ошолорго уурдатпай,
Көтөрүлгүн элим-жерим дегендер!

4-март, 2011-жыл
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×