Уруунун эмес, улуттун чыгааны эми унутта калабы?
Быйылкы Тарых жана маданият жылы дагы бир жолу артыбызга кылчая карап, ансыз да актай барактары көп тарыхыбызды тактап алууга түрткү берип турат. А макала мураскери жок калгандан улам анча эскериле бербеген (анын себеби макаланы окуган адамга түшүнүктүү болот), бирок, менин көз карашымда соңку кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө чоң салым кошкон инсаныбыз Болот Мамбетов жөнүндө.
Макаланы жазууда 1998-жылы жарык көргөн “Болот Мамбетов. Память о нем” аттуу эскерүүлөр жыйнагындагы жана башка ачык булактардагы маалыматтар пайдаланылды.
Кайдан жүрүп Мамбетов болуп калган?
Санжыра иликтөөчү Мамбетмусаев “Тек тамыр тандабайт же Болот Мамбетов кайсы жерлик?” деген макаласында (“Жаңы агым” гезити 10.12.2010-ж.) Болотту кытайлык кыргыздардын черик уруусунан экенин, бир жашынан энеси Батмакан карын бөлөсү Кадыр экөө жөө көтөрүп Караколго келишип, Кадыр Мамбет деген адамга кошулуп уйгурга жалчы болуп иштейт. Анан Батмакан Мамбетке баш кошуп, эки жылдан кийин Мамбет каза болгон. Ошондон улам Болоттун фамилиясы Мамбетов болуп калганын жазат.
Ал эми Болоттун бир тууган бөлөсү Ашырбайдын кызы Вера Абайбекова (1941-жылы туулган, жогорку билимдүү) өз эскерүүсүндө эже-сиңди Майрамкан менен Батмакан Караколдо байларга жалданып иштеп жүрүшүп, Майрамкан 3 эркек бир кыздуу болгонун, Батмакан эки эркек балалуу болуп бирөөсү кичинесинде эле каза болуп калганын жазат. Майрамкан менен Батмакан кайсы жерлик, каяктык адамдардан балалуу болгондору белгисиз. Болот энеси Батмакан менен көп жылдар бирге жашаган, демек, Болот ата-тегин билген. Бирок бул тууралуу Батмакан да, Болот да эч жерде кеп кылышкан эмес.
Эл оозунда тараган сөздөр боюнча, Батмакан кийин ,Мамбет деген адамга баш кошот. Мамбет бат эле каза болот. Бир мээримдүү адам Болотту Мамбетов деп документ топтоп балдар үйүнө өткөрүп койгон дешет.
“Болот ага өзүнүн эскерүүсүндө Караколдогу мусулман мектебине кирип,кат тааныйт. Ал жерде 3-классты бүтүп-бүтпөй, кыстаган турмуштун айынан жалчылыкка өтөт. Бирок анын өмүр жолундагы чоң өзгөрүү Аберов деген кишиге жолуккандан башталат. Бул тууралуу Болот ага: ”Күндөрдүн биринде Аберов деген киши жолугуп, мени шаардык комсомол комитетине ээрчитип барды. Мен биринчи жолу ревком,комсомол ячейка деген сөздөрдү уктум. Тез эле мени комсомолго мүчө кылып алышты.Көп өтпөй Оренбургка рабфакка окууга жиберууну чечишти”. Мына ушундан тартып ал билим алуунун сары изине түшөт.Рабфакты 1928-жылы бүтүп, ишке орношот. Бирок ал үчүн дагы билим алуу зарыл эле. Максатынын өтөөсүнө чыгуу үчүн тийиштүү жерлерге кайрылып турган. Ойлогон максаты ишке ашып, 1930–жылдын аягында Москвадагы академияга жолдомо алып, 1931-жыпдын январынан баштап академиянын алдындагы гидротехникалык институттун инженердик факультетине студент болуп кабыл алынат. Бул окуу жайды 1935 ж бүтүп чыгат –деп жазат легендарлуу парламенттин депутаты Жумаш Эшперов.
Өзү эң баалуу адис жана жетекчи болгон
23 жаштагы Болоттун эмне себептен ошол учурдагы сейрек адистикти тандап алгандыгы боюнча маалымат жок. Ошентсе да анын тандоосу абдан туура болгондугу анын кийинки эмгек жолунда ачык көрүнгөн. Аны менен иштешип калышкан жетекчилердин бардыгы бир ооздон анын алдын ала көрө билгенин, эртеңки күндү эске алып өлкө үчүн келечектүү иштерди жасаткандыгын белгилешкен.
Институтту бүтүргөндөн кийин аны Жер иштери боюнча эл комиссариатынын аппаратына кызматка жөнөтүшөт. Бирок, ал ишти төмөн кызматтан баштоону чечкен. Республикага белгилүү ирригатор Осип Билик эскерүүсүндө белгилегендей, Б.Мамбетов 1936-жылы Жети-Өгүз райондук суу чарба башкармалыгында бир жарым жылдай иштеп эле, 1937-жылы,Кыргыз Обкомунун чечими менен ошол кездеги стратегиялык мааниси бар ирригациялык өңүттө эң маанилүү жана татаал республикалар аралык (Өзбекстандын 3 районун жана Кыргызстандын 14 районун бириктирген) Араван-Ак-Буура ирригациялык башкармалыгын жетектектейт. Ошол мезгилде өлкө түштүгүндө азырга чейин үзүрү көрүлүп жаткан ири жана татаал ирригациялык курулуштар элдик курулушка айланып, тез жана сапаттуу курулган. Мисалы, О.Билик узундугу 11,9 км. Ош - Кара-Суу каналы 9 күндө курулуп, 420 га. кошумча аянт суу менен камсыздалганын, узундугу 15 км. Гауян каналы 25 күндө курулганын жазат.
Мындай иши үчүн Б.Мамбетов мамлекеттик сыйлык гана албастан, 1940-жылы КП БКнын аппаратына cекретарлык кызматка которулат. Улуу Ата Мекендик согуш убагында Фрунзе облустук комитетине биринчи секретарлыкка дайындалат. Ал учурда борбор менен Чүй облусу биригип турган. Б.Мамбетовдун демилгеси менен ал кезде Чоң Чүй каналын, Орто-Токой суу сактагычын куруу маселеси көтөрүлүп, долбоорлоо изилдөө документтери даярдалган. СССР Эл комиссарлар советинин (Совнарком) жана ВКП(б) БКнын “Кыргыз ССРинде айыл чарбасын андан ары көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” 1940-жылдын 6-сентябрында кабыл алынган токтомунун демилгечиси да ал болгон. Ошол эле жылы Совнаркомдун токтомунун негизинде резервдик фонддон 6,5 млн. рубль бөлүнүп, анын 3 млн. долбоордук иштерге деп республикада Эл комиссариаты (Минводхоз) түзүлөт. Бул токтомдун биринчи маанилүү бөлүгү ирригация иштерине арналган. Анын натыйжасында, жакынкы беш жылда сугат жерлер 175 миң гектарга көбөйтүлө тургандыгы көрсөтүлгөн. Албетте, согуш мезгилинде убактылуу токтотулуп, жеңиш келгенден кийин Мамбетовтун жетекчилиги менен бүткөрүлгөн.
“Эч ким өчүрө албайт”- деген тема менен партиялык жана советтик жетекчи, Ленин, Эмгек Кызыл туу ордендеринин ээси, райкомдун биринчи катчысы, облаткаруу комитетинин төрагасы, СССРдин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп жүргөн Кулназар Ташиев (1919-ж. туулган) Б.Мамбетов жөнүндө түштүктөгүлөрдө: Какыраган кескелдириктер менен жылаандардын мекенине айланган Отуз-Адырга канал курууну Б.Мамбетов деген жигит баштаган. Жалпы элдик курулуш делип, Өзгөн, Куршаб, Кара-Суу, Ош, Төлөйкөн бүт көтөрүлүп, эми минтип гүлзарга айланды. Ошол жигиттин өркөнү өсүп, көп жашасын” деген алкоолорун көп уккам. Каналдын бүтүшү менен миңдеген гектар жерлер сугарылып, элдин дасторконунда ак нан, дүр-дүйүм жемиштер жайнады.
Кийин мен Жалал-Абад областын жатектеп иштеп калганда жай айларында Кара-Дарыя күпүлдөп киргенде Жийде айылын, кала берсе Сузакты, Жалал-Абад шаарын каптап, үйлөрдү жолдорду пахта эгин талааларын талкалап жашоочулардын жандарын көздөрүнө көрсөтөөр эле. Ар жыл сайын миллиондогон сомдук зыян тартчу. Ал кезде Болот Мамбетов суу чарба министри болчу. Болот Мамбетовду чакырып, айтылган жерлерге алып барып айтып көргөздүм. Акылдуу, ишкер адамга айла жок экен “Баарын түшүндүм, кабатыр болбоңуз, тез аранын ичинде чечебиз”, - деди. Кара-Дарыянын ташкындаган жерлерине, Жийде айлына таштар төшөлүп, дубалдар курулду.
Жылдар өттү. Жалал-Абад жана Ош бириккен кез, Базар-Коргон, Ленин (азыркы Ноокен) райондору да ирилешип бир район. Мен жетектеген район өлкөгө 83 миң тонна пахта төкчү. Райондо табигий шарт начар, жери таштак ,суу бат эле бууланып жерге сиңип кетет. Райондогу оор ахывалды баяндап Мамбетовго кат менен кайрылдым,телофон менен да сүйлөштүм. Базар-Коргон суу сактагычын курууну, анын каражатын бөлүп берүүнү сурандым. Ойдогудай болду. Үч-Коргондун какыраган талааларына суу чыгарылды. Жаңы “Кызыл-Жар” совхозу уюштурулду. И.Мешков совхозго директор болуп мамлекетке 7000 тоннадан пахта өткөрүп өмүрүнүн аягына чейин иштеп, Социалисттик эмгектин баатыры болду. Бул ийгиликтерди эчким өчүрө албайт деп жазат.
“Мен республиканын айыл чарба тармагында отуз жылга жакын иштедим. Ал мезгилде Кыргызстандын башчыларынын ичинен жетөөсү менен иштештим. Алар: Абды Сүөркулов, Казы Дыйканбаев, Болот Мамбетов, Акматбек Сүйүмбаев, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Апас Жумагулов. Мына ушулардын ичинен маселени туура чечкен эң эле тыңы, эң эле ишкери Болот Мамбетович эле. Баса, Болот Мамбетовичтин ишкердүүлүк кубаты, демилгечилдиги, уюштургучтугу суу чарба министри болуп турганда көрүнгөн болчу. Ал Кыргызстанда пайдаланылбай жаткан жерлерди өздөштүрүүдө өзгөчө эмгек сиңирген. Алсак, Орто-Токой, Киров, Найман, Папан, Төрт-Күл суу сактагычтары, Чоң Чүй, Отуз-Адыр каналдарынын курулуштары, да анын демилгеси менен башталып, айрымдары ал жетекчи болуп турганда бүткөрүлгөн”. Бул саптар совет мезгилиндеги көп жыл ар кайсы министрликте министр болуп жүргөн Мукаш Өмүралиевдин эскерүүсүнөн алынды.
Эмгек ардагери, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин экинчи секретары болгон Ава Такырбашев: “Кыргыз жергесиндеги залкар ысымдардын ичинен И.Раззаков, Т.Кулатов, А.Казакбаев, Б.Мураталиев, С.Ибраимов, Т.Балтагулов элибиздин асылдары эле. Мына ошолордун арасында Болот Мамбетов бирден-бир беделдүүсү жана белдүүсү болчу”, - дейт.
“Төмөнкү Ала-Арча, Красная Речка ирригациялык системаларынын жана республиканын бардык райондорундагы суу сактагычтардын жана негизги ирригациялык системалардын курулуштары жана реконструкциясы да Б.Мамбетовдун ысымы менен тыгыз байланышкан”. Бул саптар дагы бир легендарлуу инсан, коомдук ишмер академик Курман-Гали Каракеевдин калемине таандык.
Академик Кант – Быстровка темир жол бутагын куруу, согуш мезгилинде Аламүдүн ГЭСин ишке киргизүү, Аламүдүн ГЭС-2нин, Токмок, Каракол жана Жалал-Абад жылуулук станцияларынын курулуш иштерин жетектөө менен Б.Мамбетов ал тапшырмаларды ийгиликтүү аткарганын да эскерет.
Согуш учурунда батыштан эвакуацияланып келинген ири ишканалардын кыска мөөнөттө ишке киргизилип, союздук маанидеги дагы 38 өнөр жай объектисинин курулушун уюштуруу да Б.Мамбетовдун жетекчилиги менен жүргөнүн айтсак, анда каарманыбыздын канчалык уюштургуч болгондугу, иштин көзүн таба билгендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү болот.
Б.Мамбетов Москвадан 1951 – 1953-жылдары обкомдордун, крайкомддордунун биринчи секретарларынын 2-жылдык даярдоо курсту бүткөндө, Ленинград обкомуна экинчи секретарлык кызматка жөнөтө турган болушуп, ал кездеги Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары И.Раззаков макул болбой, республикага керек деп алып калганын эскерет. 1953-жылы да СССРдин айыл чарба министринин биринчи орун басары кызматына чакырышканда, И.Раззаков кайрадан макул болбой, суу чарба министри кызматына дайындаган экен.
1954-жылы Б.Мамбетов суу чарба министри болуп дайындалып, алты жыл аралыгында далай ирригациялык долбоорлорду жүзөгө ашырган. Анын демилгеси жана жетекчилиги менен жасалган иштерди санап отуруу үчүн макала эмес, көлөмдүү китеп жазуу керек. Ошондуктан мен кыскача баяндоо менен гана чектелүүгө аргасызмын.
Мына ушундай эмгектери үчүн ал башка майда сыйлыктарын айтпаганда да, үч Ленин, төрт Эмгек Кызыл туу, Кызыл жылдыз ордендери, он бир медаль жана жогорку соеттин ардак грамоталары менен сыйланган.
Келечектүү адистерди да көрө билгени
О.Билик Б.Мамбетовдун кадрларга камкор мамилеси жөнүндө да эскерет. 1950-жылы Кыргызстан КП БКнын бюросунда маанилүү маселе боюнча доклад жасоону ошол кезде суу чарба министринин борбордук аппаратында иштеген О.Биликке тапшырып коюшат. Ал токтомдун долбоору боюнча доклад жасагандан кийин аз жерден бюро мчөлөрүнүн“курмандыгы” болуп кала жаздайт. Бирок, БКнын бюро мүчөсү болуп турган Б.Мамбетов ага багыттоочу суроолорду берип жана аларга өзү жооп айтуу менен аны абалдан чыгарып кетиптир.
Бир жолу бир маселе боюнча Б.Мамбетов менен талашып калганда, ал: “Сеники туура, кызууланбай эле кой. Кошоматчы жана жасакер адам чыккынчыдан да жаман, аларды аныктай да, дайыма коркуп да туруу керек. А эң жакшысы, андайларды кол алдыңдагы кызматкерлердин арасынан кетирип салган эң туура”, - деп ачууланбастан, кайра далыга таптайт.
“Кайталап коеюн, мен Болот Мамбетовду жакшы билчүмүн, аны менен мамлекеттик жана үй-бүлөлүк деңгээлде жолугушуп турчумун. Бир жолу үйүнө барсам, ал академик Иса Ахунбаев менен сүйлөшүп отуруптур. Ал респбликанын биринчи адамынын кишилери иштетпей жатканын, ошондуктан азыр чакырык болуп жаткан Алматыга же Ташкенге кете турганын айтып жатыптыр.
Б.Мамбетов И.Ахунбаевдин ийнине колун коюу менен: “Сен кимге кызмат өтөп жатасың – элгеби же бир адамгабы?”. Ошол сөздөн кийин И.Ахунбаев республикадан кеткен жок”. (Согуш жана эмгек ардагери Бакир Чодобаевдин эскерүүсүнөн).
Кадрларды сактай билген
Согуш мезгилинде Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары А.Ваговдун наамына партиянын Одесса обкомунан кат келген. Анда Кыргызстанга эвакуацияланган текстиль фабрикасынын жетекчиси завод эвакуациялануусун күтпөстөн Фрунзеге качып кеткени жазылган. Ошондуктан БКнын бюросунда директордун персоналдык маселесин кароо сунушталган.
Биринчи секретардын сөзүнөн кийин башка бюро мүчөлөрү да директорду кескин сындай башташат. Аягында Б.Мамбетов сөз алып, сабырдуулук менен ал дагы директордун жоругун айыптай тургандыгын, бирок азыркы шартта иштин кызыкчылыгы үчүн ага сөгүш берүү менен чектелип, кызматында калтыруу менен тез арада өндүрүштү жолго салуу тапшырмасын берүү туура болмогун айтат. Чынында эле ал директор тез арада өндүрүштү уюштуруу менен ал кезде абдан маанилүү болгон продукция чыгарууну жолго салган. (Партиялык советтик кызматтардын ардагери Азиз Измайловдун эскерүүсүнөн).
Өзү сындай да, сынды көтөрө да билген
Партиялык жана советтик кызматкер Юрий Беляк Б.Мамбетовдун сынды көтөрө билгенин айтат. Суу чарба министри Б.Мамбетовдун демилгеси менен Фрунзе районунда абдан чоң жана зарыл ирригациялык курулуш – узундугу 33 км. Кожо-Гаир каналы курулган. Бирок башкы суу топтоочу курулушу курулбагандыктан, сууну ноолор менен Исфайрам дарыясынан алууга аргасыз болушкан. Суу чарба министрлиги бул маселени чечүүнү кечеңдеткен. Кыргызстан КП БКнын 1961-жылдын майындагы пленумунда Ю.Беляк Б.Мамбетовго бул боюнча кескин сын айткан. “А бир нече күндөн кийин Жогорку Советтин сессиясында Б.Мамбетов республиканын Министрлер Советинин председатели болуп шайланып калды. Ал сессиядагы тыныгуу убагында эле мени таап: ”Сиз мени пленумда туура сындадыңыз. Эми суу топтоочу жай курулат”, - деди”, - деп эскерет Ю.Беляк.
“Улуу элдин” уулдарынан тартынбаган
Ал кездеги салт боюнча экинчи секретарлар, бир катар тармактык жетекчилер орус улутунан дайындалышып, иш жүзүндө алар биринчи жетекчини тоотпой мамиле жасашчу. Бирок, Б.Мамбетов андайлардын тизгинин тарттырып койчу экен.
Ошондой “эр көкүрөктөрдүн” бири - Саламаттыкты сактоо министри П.Даниловду жыйында Б.Мамбетов региондорго чыгып, малчыларды медициналык тейлөө менен жеринде таанышпагандыгын, бюрократтыгын көзүнө сая көрсөтүп ,сөгүш бердирген.
Министрлер Советинин кеңешмесине Кыргызстан КП БКнын экинчи секретары В.Чуркин катышчу. Ал катышуучуларды сыйлабай папирос чеге берчү экен. Б.Мамбетов председатель болгондо да ушундай адатын көрсөткөндө, ал баяндамачыны токтото коюп: “Жолдош өкмөт мүчөлөрү менде бир сунуш бар. Министрлер Советинин кеңешмесинде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин экинчи секретары Василий Нестерович Чуркинге гана папирос тартууга уруксат берүү жөнүндө токтом кабыл алсак болобу?”, - дейт.
Анын какшыгын түшүнгөн В.Чуркин боз-ала болуп: “Кечириңиз, Болот Мамбетович”, - деп папиросун пачкасына салганга шашылыптыр. (Партиялык жана советтик кызматкер Шаик Жамансариевдин эскерүүсүнөн).
Сталин менен “окуясы”...
Алгачкы кыргыз дипломаттарынын бири Касымбай Намазбеков Б.Мамбетов жөнүндө айтылган легендалардын бирин тактаган. Бир жолу КПСС БКнын пленумунда Б.Мамбетов кечигип келген Сталинге эскертүү жасаган экен деген имиш болуптур. Бул жөнүндө өзүнөн укса, мындай экен.
Ал Фрунзе обкомунун биринчи секретары болуп турганда ага бир нече райкомдун секретарлары келишип, депортацияланып келишкен чечендер жергиликтүү калкты талап-тоноп жатышканын айтып арызданышат. Ошондо ал отуз миңдей жергиликтүү калк эки миңдей чеченге алы келбей жатканын айтып, кайра өздөрүн уяткарат. Анын сөзүн түз мааниде түшүнгөн секретарлар уюштурушканбы, айтор, чечендер менен жергиликтүү калк ортосунда чоң мушташтар чыгып, бир нече адам каза болот. Депортациялангандар Сталинге арызданышат.
Б.Мамбетов Москвага чакырылат. Сталинге кирер алдында, аппарат кызматкерлеринин бири аны кылмышкер деп да атап жиберет. Ага Сталинге иштин чоо-жайын түшүндүрүү үчүн үч мүнөт убактысы бар экендигин эскертишет.
Б.Мамбетов Сталинге кирер замат, ал ордунан туруп учурашып, келген маселесин айтууну суранганда, Б.Мамбетов үч мүнөт убакыт аздыгын айткан. Ал уруксат берет. Бардыгын түшүндүрүп айтып бергенден кийин Сталин: “Жолдош Мамбетов, ойду туура айта билүү керек. Барып иштей бериңиз”, - деген экен..
Ал кездеги интригалар.
Партиялык советтик кызматкер(Тоңдук Мамбетовтун “тууганы” болуп жүргөн Д.Байсеитовдун эскерүүсүндө мындай кызык саптар да бар: “Абам ардактуу эс алууга чыкканда жолдошум экөөбүз үйүнө бардык. Бир кезде Сабыр аба: Боке, Москвага кетет экен деген сөз угуп жатам, ал чынбы? – деди. Абам бир топ унчукпай туруп:
Элибизде “Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт” деген сөз бар. Мен бул жерде кээ бирөөлөр менен итче тытышып жүрүүнү каалабайм. Ачык айтсам, биринчи секретарь менен тил табыша албай калдык. Ал мындайча болгон эле: бир жолу бюродо кадр маселеси каралып калды. Ошондо кадрларды тандоо, ишке коюу боюнча катуу сындадым. Мурунтан эле камчысын камдап жургөн неме ого бетер күчөдү. Кийин өзүнүн жакын кишилерин жок жалааларды айттырып мага каршы тукурду. Москвага кайрылсам, алар текшерүүнүн ордуна биринчиге окутуп, мени текшеришти. Ал адамдын ушундай методдору бар. Аны жакшы билесиңер, - деди
Бул окуяга байланыштуу партиялык советтик кызматтын дагы бир ардагери Мукамбет Казакбаев мындайча эскериптир: “1968-жылы Чехословакияда илимий стажировкада жүрүп, “Мариянские Лази” курортунда эс алып калдым. Өзбекстандан туристтер келип, жолугуп калдык. “Кыргызстанда эмне жаңылык?”, - десем: “Кыргыздын чыгаан уулу Болот Мамбетовду кызматтан алып, пенсияга жиберишти. Силер, кыргыздар, өзүңөрдүн тың кадрларыңарды асырай албайсыңар. Бизден кеткен Исхак Раззаковго жасаган мамилеңерди Болот Мамбетовго да жасадыңар”, - дешти”.
“Деги кыргыздар кызык элбиз. Өскөндү да өлгөндү да, бийликке жеткенди да көрө албайбыз. Наныңды жеп, чайыңды ичип, жакшы дос, жолдош болуп жүрүп эле, болор-болбос нерсеге кыртыйышып, аягында душман болуп чыга келгендерди көп көрдүм. Ишиңен түшсөң, аке-жакелеп жүргөндөр таанымаксан болгондо күйбөгөн жериң күл болот. Ал эми бийликке келгенде тааныганы да, тааныбаганы да жердеш, тууган, жолдош, карын бөлө болуп чыга келет, тегерегиңе жетим көпөлөктөй чарк айлангандарын да көрдүм...”. Бул Б.Мамбетовдун өзүнүн сөзү.
“... мен иштен түшкөндөн кийин меникине кимдер келип жатканын билиш үчүн атайын кишини аңдытып койду. Мен а кишиге эмне кылганымды билбейм. Иштеше баштагандан эле ортобузда иш боюнча талаш-тартыштар болуп жүрдү. Кийин курчуй баштады. Натыйжасын өзүң көрүп турасың...” - деп айтты”. (Аскер кызматынын ардагери, кыргыздардан алгачкы болуп Москвадагы М.Фрунзе атындагы аскер академиясынын бүтүрүүчүсү Б.Мамбетов менен үй-бүлөлүк катышта болгон Ж.Дүйшеевдин эскерүүсүнөн).
Бул айтылгандарды академик А.Мамытовдун төмөнкү эскөрүүсү да тастыктап турат. “Болот Мамбетович элдин келечегин, коомдун кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мамлекеттик чоң ишмер эле. Ал кишинин жакшы сапаттары, жөндөмдүүлүгү,ишмердүүлүгү, туура жүргөндүгү, тазалыгы биринчи жетекчиге жакчу эмес. Тескерисинче, чоң маселелерди чечүүгө аралаштырбоого, андан кутулууга аракеттенген. Ушундай ичи тарлыктын, көрө албастыктын кесепетинен Болот Мамбетович бере тургандарын толук бере албай кетти. Дегеле Мамбетов өңдөнгөндөрдүн тагдыры ушундай болот экен да! Турмуштан көрбөдүкпү. Мамлекеттик ишмерлерге арналган аллеяда Мамбетовго айкел коюлбай калганы да бекеринен болбосо керек?”.
Айкел боюнча Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков менен академик Азис Салиев: “Ряд руководителей Киргизии неполон будет без имени Б.Мамбетова. Забыть этого человека по меньшей мере аморально... Он был по-настоящему любим народом, никогда не кичился постами...” деп жазышкан (“Слово Кыргызстана”,10,11 января 1997г.)
Бул сындардан кийин гана кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн катарына Б.Мамбетовдун эстелиги коюлду.
Элин сагынбас эр болбойт
Ал Москвада жашап жатканында да Кыргызстандан кабар алып турган. Мисалы, Д.Байсеитовдун эскерүүсүндө бул саптар бар: “Барсак, тамак салып коюптур. Ошондо абам эмнегедир Тоңдун үстүнкү өрөөнүндөгү жолдун курулганын, канал, суу түтүктөрү салынганын айтып келип:
- Жол боюндагы дарактар өстүбү? – деп сурап калды.
- Абдан жакшы өстү, - дедик.
- Жакында Төрөбай Кулатов келип кетти. Бир топ күн жүрдү. Ага баатырлык наам берип коюшса, болмок. Өзүм быякта жашасам да Кыргызстандан кол үзбөй кабарлашып турам. Султан Ибраимов Москвага келген сайын жолугуп, республикада эмне болуп жатканынан маалымат берип кетет, - деди. Анткени, С.Ибраимов Ташкенден окууну жаңы бүтүп келгенде, Б.Мамбетовдун кол алдында иштеген жана аны партиялык кызматка көтөргөн экен.
Косыгин өзү көңүл буруп турган
Б.Мамбетов бизде баркталбаганы менен Москвада аны мыкты адис жана жетекчи катарында жакшы баалашкан экен. Москвадан квартира маселесин да А.Косыгин чечип берген. Москванын алдынан эски үйдү сатып алып, аны оңдоп, дачага айлантып жашаган. Кыздарынын бири төрөгөн эркек балага Болот деп ат койгон. Ал небереси Б.Мамбетовдун өзүнө абдан окшош болгон экен. Өкүнүчтүүсү кийин мектепти бүткөндө таятасы өзүнүн машинасын белекке берген. Тилекке каршы, ал небереси авария болуп каза табат.
Эмгек ардагери Мукамбет Казакбаев 1972-жылы Москвага барып, Б.Мамбетовго жолукканда ал СССР Министрлер советинин председатели А.Косыгин чакыртып кызмат сунуштаганда макул болбой койгонун айтып берген. Москва шаардык комитетинин биринчи секретары В.Гришин да шаардык аткаруу комитетинин председателинин орун басарлыгын сунуштаганда да баш тарттыптыр. Бирок, шаардык комитеттин жооптуу иштерди текшерүү үчүн түзгөн комиссияларына жетекчи болуп шайланып, тапшырмаларды аткарып турчу экен.
Кыргызга бергис орус келин
Б.Мамбетов менен үй-бүлөлүк катышта болгон ардагер Жекшен Дүйшеевдин Болот Мамбетов жана анын жубайы Клавдия Жарова жөнүндө эскерүүсүндө төмөнкүдөй окуялар жазылган: “Клавдия жеңенин өтө кичи пейилдиги, меймандостугу, адамкерчилиги, пейилинин кеңдиги, жайыл дасторкондугу дароо байкалды. Абам да, жеңем да ичкиликти таптакыр ичишпейт экен...”,
“Болот аганын энеси Батма чоң энем менен 1954-жылы тааныштым...”.
“Батма чоң энем келинин аябай жакшы көрчү. Басса-турса мактай берчү: “Келиним кыргыздын кызына бергис келин. Кудай кут кылып, экөө аман болсо болгону...”.
“Бир күнү барсак, келинчегим Жамыйланы чакырып алып, болгон чемодандарынын баарын ачып:
• Мынабу көйнөк-кечени көрүп ал. Жаман айтпай, жакшы жок, жети күндүн бири –өлүм. Бу дүйнөдө өлбөй турган жан жок. Кокустан мен ары карап кетсем, ак кепиндеп кыргызча ырым-жырым жасап көмгүлө. Баарын өзүң тейлегин, - деди...”. “Оозуна сала бергендей, чоң энебиз көп убакыт өтпөй эле дүйнөдөн өттү. Айтканындай көмдүк. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Өлгөн күндөн кара ашына чейин башында турдум. Энеси көз жумганда , райондордун айрым жетекчилери, курбу-курдаштары туш-туштан: “Бээ, кой алып келели”, - дешип телефон чалып жатышты. Болот абам бирөөсүн да жолотпой, эч нерсе албай, бүт ыгым-чыгымын өзү көтөрдү.”
К.Жарова айым кыргыздар, анын ичинде Б.Мамбетовдун катышкан адамдары менен абдан жакшы мамиледе болуптур. Атүгүл, анын үйүнө барып калгандарга белектерин берип, кийин да Б.Мамбетовдун жеке буюмдарын музейине өткөрүп берген. Мына ошолор азыр Тоңдогу Б.Мамбетовдун музейиндеги негизги экспонаттар болуп калды.
Тукум калбаганы өкүнүчтүү...
Өкүнүчтүүсү Б.Мамбетов жубайы экөөсү үч кыздуу болуп, өзү Кыргызстанда жашап турганда кыздарын кыргыз жигиттерине турмушка берүү тилеги аткарылбай калган. Ошондон улам азыр кыргыз жергесинде Б.Мамбетовдун урпактары жок...
Анын эң жакын тууганы, Батмакандын эжеси Майрамкандын уулу – Ашырбайдын Вера аттуу кызы (1941-жылы туулган) Бишкектен техникумду, Жамбулдан гидромелиоративдик курулуш институтун бүтүп инженер ирригатор болуп суу чарба министрлигинде, Гипроводхоздо инженер, айыл чарба институнда сабак берип, кийин бизнеске өтөт. Атасы Ашырбай (Болоттун бир тууган бөлөсү) Болот менен бирге рабфакты бүтүп Воронежден Токой чарба институн бүтүп, Бишкекке келип токой чарбасында директор, кийин министр болуп 1945-жылы 41 жашында каза болгондо, Б.Мамбетов анын аялы Рапияны өзүнө жакын көчүрүп келип, кызматка орноштурат.
Мен 2015-жылы ошол мезгилде 74 жашка чыккан Веранын дарегин эптеп таап, кошуналарынан сураштырсам, аны 2011-жылы кылмышкерлер өлтүрүп, үйүн тоноп кетишкенин айтышты. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына барып, кылмыш боюнча сураштырсам, кылмышкерлер табылбаптыр. Вера өзү ишкерлике алектенип, кооперативи бар болгон экен.
1998-жылы белгилүү мамлекеттик ишмер Москвада СССР Жогорку Советинде жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп, Б.Мамбетов менен үй-бүлөлүк катышта болгон жана кийин пенсияга чыгып, Бишкекке келген Абылкасым Кангелдиев отуздан ашык адамдардан жаздырып алып, биз макала башында атаган жыйнакты түзүп, чыгарып койгону жакшы болуптур. Ансыз коомчулук “кыргыздын “Косыгини” болгон Б.Мамбетов жөнүндө дээрлик билбей калмак экен. 2017-жылы 110 жашка толот. Ошого карата айрым бир өксүктөрдүн орду толтурулар деп ишенип туралы...
Эсенкул АЛИЕВ,
партиялык жана советтик ишмер,
Республикага өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер