Добавить свою статью
29 Мая 2020
Пандемия суроосу: Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн

Таажывирус апааты дүйнөнү каптап, адамзат өз тарыхында дүйнөлүк масштабка айланган пандемияны эч качан башынан өткөргөн эмес. Бирок, адамзаттык тарыхта жайылган жугушту дарттардын таралышы локалдык гана мүнөзгө ээ болуп, кайсы бир өлкөнүн аймагынан сыртка чыгып, мынчалык коркунуч жараткан эмес. Ошол эле «испанка», «чума», «чочкотумоо» сыяктуу жугуштуу оорулар кайсы бир өлкөнүн аймагында эпидемиялык кырдаалды кучутканы менен, ал мынчалык кеңири мүнөзгө ээ болбогондугун тарых барагынан билебиз.

Азыркы күндө бу пандемия дүйнөнүн төрт бурчун ээлеп алды. Адамзат зор илдеттин курчоосунда калды. Кун сайын, саат сайын бул илдеттин аймагы кеңип, адам өлүму менен коштолуп отургандыгы дүйнөнү тынчсызданууга салууда. Экинчи чети, дүйнөлүк окмуштуулар, медиктер,вирусологдор, фармакологдор бул илдеттин дарысын, вакцинасын ушул кезге чейин табалбай жаткандыгы көп суроолорду жаратып жатат.

Ири державалар, бул апаат менен күрөшүүдө позициясын уттуруп, бул глобалдык илдет менен жалгыз күрөшүү эч кандай жыйынтык бербөөсүн ачык айтып, баардык өлкөлөрдү саясий, географиялык, геосаясий абалына карабастан биригүүгө чакырып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул пандемиянын таркашына байланыштуу бардык өлкөлөрдү бир колдон жең, бир жакадан баш чыгаруу аракетине өтүүгө чакырды.

Дүйнө боюнча 5.7 миллиондой эл таажытумоо илдетине чалдыгып, 400 миңден ашуун адамдар набыт болду. АКШда 100 минден ашык адамдын омуру кыйылды. Ушундай эле абал Россияда да байкалууда. Бул коркунучтуу сигнал. Биздин өлкөбүздө да бул эпидемия коркунуч жаратып, өлкө боюнча Чукул кырдаал өз убагында киргизилди окшойт. Азыркы кундө дүйнө жүзү карантинде, бул дарттын жайылып кетүүсун ооздуктоо боюнча эң эле натыйжалуу күрөш – карантин менен коштолуп, анын жайылып кетпөөсүнө карата чаралар көрүлүүдө.

Бул маселе бардык акыл-эстүү адамды жаңы көз карашка, жаңы дүйнөтаанымга салып койду. Бул дартын вакцинасы адамдардын ички ыймандык жана моралдык духуна да бекем байланышта каралууда. Азыр бир адамдын жоопкерчилиги, өзүнүн айлан-чөйрөсунө гана эмес өлкөсүнө, улутуна, адамзатка чейинки жоопкерчиликке көтөрүлүп олтурат.

Мамлекеттер дүйнөлүк дартка каршы бардык чараларды көрүүдө. Буга чейинки күч тирешкен державаларда бул апаатка каршы туруунун жолун бирдиктүү иш алып баруудан, бирге каршы туруудан, биримдикте аракет кылуудан көрүп жатат.

Ошондой эле ар бир өлкөлөрдө элдин активдүүлүгү да күчөп, «чөгүп бараткандын аманчылыгы, чөгүп бараткандын колунда» дегендей, элдер өздөрү демилге көтөрүп, кайрымдуулук, боорукерлик иштерди жүргүзүп, элдин аң-сезиминде чоң өзгөрүүлөр жаралды. Бул маселе Кыргызстанда да кеңир кулач жайып баратат.

Мен ойлойм, бул күрөш менен биринчи кезекте, күрөштүн демилгесин эл өзколуна алганы өтө маанилүү маселе. Арабыздан өз ыктыяры менен жардам берип, жардамга муктаж элдин катмарына элдик демилге менен жардам көрсөтүлүп жаткандыгы чыныгы адамгерчиликтин мыкты үлгүсү.

Мен да бул иштерди кубаттоо менен аксакал катары өзүмдүн салымымды кошом, ошону менен бирге жалпы элбизди мындан да активдүү болууга, өзгөчө бизнес чөйрөнү, колунда бар адамдарды, жаштарды, демилгелүү уюмдарды эл башына караан күн түшүп турганда чыныгы мекенчилдиктин, атуулдуктун үлгүсүн көрсөтүүгө чакырып кетет элем. Биз биримдик аркылуу гана бул илдетти жеңебиз.

Мен өзүм эмгектин ардагери, окумуштуу катары, академик катары, коомдук ишмер катары, мурдагы парламенттин мүчөсү катары өлкөнүн тарыхындагы көптөгөн маанилүү иштерге катышып келдим. Улут үчүн, өлкө үчүн, мамлекет үчүн биригүүнүн да, ынтымактын да, бирдиктүу аракеттердин да эң жооптуу милдети барыбыздын башыбызда турат.

Ушул кундөрүмени абдан тынчсыздарганы Республикабыздын, айрыкча борбор каалабыздын тургундарынын бул илдетке б.а пандемияга жоопкерчиликсиз кайдыгер мамиле жасалгандай туюлат. Эртеңки күнүбүздү, келечегибизди ойлонбой, тобокелчилик менен жашап жаткандайбыз. Азыркы мезгилде көчөлөрдө, эс алуу парктарында эч кандай санитардык-гигиеникалык талаптарга жооп бербөөчү шарттарда каалагандай жүрүшкөнун көрүүгө болот (улуусу да, жаштары да, ата -энелер балдары менен бет-капты кийбей жүрүшкөндүгү).Буга чейин Бишкек Ош,Жалал-Абадтагы коменданттар, республикалык штабтын башчысы жана мүчөлөрү абдан жакшы иштешкендиктен, Кыргызстаныбызда кудага шүгүр илдетке чалдыккандардын көпчүлүгүайыгып чыгышууда (1700гө жакын катталса анын 1000 ден көбү айыгып чыккан). Ошондуктан тартип, жоопкерчилик боюнча талапты бошоңдотпой күчөтүп, дагы айтаар элем өтө күчөтүү керек.

Тартип, талап, жоопкерчилик күчөгөн мамлекеттерде бул илдет салыштырмалуу аз (Кытай) же болбосо жок (Япония).

Ушуга байланыштуу дагы айтар элем, сунуш кылаар элем: тартипти сактайлы, бири бирибизден талап кылайлы, кайдыгер болбойлу, бири-бирибизгежардам берейли.

Дагы бир сунушумду ортого салгым келет (популизм катары кабыл албооңуздарды суранам). Ушундай оор кырдаалда мамлекетибизге жардам бербесек, колдобосок качан колдойбуз. Кыргызстанда 6,5 миллиондой эл бар. Анын 1 миллионго жакыны сыртта; ал эми 1 миллиону базарда жана көчөдө; 2 миллионго чамалашы мектепке чейинкилер , мектеп окуучулары жана студенттер; 1 миллиондойу медиктер жана мугалимдер ж.б; 1 миллионго жакын жеткен кызматкерлер (башкаруу, илим-билим ж.б чөйрөсүндөгүлөр ). Башкача айтканда 6 миллиондой адамдын мамлекетибизде колдоо катарында өз каражаттарын которуу мүмкүнчүлүгү жок деп эсептейли.

Ал эми 500 миңге жакын эл мамлекетке жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо керек, деп ойлойм. Эгерде алардын 250 миңдейи 10 миң сомдон , 150 миңдейи 100 мин сомдон, 80 миңдейи 1 миллион сомдон , 20 миңи 2 миллион сомдон өз ыктыярлары менен белгилүү атайын эсепке которушса жалпысынан 100 миллиард сомдон ашыгыраак каражат түшмөк. Андан башка бир топ байлар, олигархтар, бизнесмендер 5-10 миллион сомдон өз калоолору менен которушу мүмкүн. Мен өз калом менен касиетүү Орозо күндөрүнүн башында 3 айлык пенсиямды медициналык кызматкерлерге жардам катарында котордум.

Арйине, мен бул оюмду идеалдуу деп айта албайм, бирок, мекенди сүйүү, эл жерди сүйүү, элдин керегине керек учурда, өз учурунда колдоо көрсөтүү, бекем туруп коюу адамдык сапаттын эң жогорку идеалдуу миссиясы экендигин эч ким тана албайт. Азыр кайсы партия менен биригип, кайсы саясатчылардын башын бириктирип, саясий амбициябызды турмушка ашырабыз деген сөз бул эпидемиянын алдында түккө арзыбай калат. Эл кыйналып турганда, мамкетибиздин экономикалык абалы оор болуп турганда ар кандай саясий интригаларды токуп, элдин сезимин козутуп, бул эпидемиядан да саясий упай топтоп калалы деген саясатчылардын аракети адамдык да, саясий-моралдык, ыймандык жактан да аморалдуу көрүнүш болуп эсептелет. Элиңе күйөсүңүбү, оозуңан эмес, колуңан келсин!

Мезгил суроосу алдыбызга эң орчундуу сыноону койду. «Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн» деген ураандын мезгили келди.

Менин терең ишенимимде, дүйнө чоң өзгөрүүнүн, жаңы ой-жүгүртүүнүн, жаңы көз караштардын алдында турат.

Бектемир Мурзубраимов,

Академик, коомдук ишмер.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×