Добавить свою статью
13 Мая 2021
Кыргызстан азыркы геосаясат кырдаалында

Биздин өлкөнүн азыркы геосаясий абалы кандай? Кытай эл републикасы, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен түздөн-түз чектеш коӊшубуз. «Алыскы туугандан, жакын коӊшу артык» деген акылды деле эки кошуна калктын эс-акылдуулары өз күнүмдүк жашоо-тирлигинде ар убак туу тутуп келишкен, кыз алып беришкен. Ал асыл каада-салт калктар арасында азыр деле уланууда. Карапайым калк эч качан уруш-талашты каалабайт. Ал дайыма алардын башын айландырып, өз-мүдөө кызыкчылыктары үчүн жай кишилерди курал жана курмандык катары колдонуп келген төбөлдөр үчүн гана пайдалуу. Эзелтеден ушундай. Ошонун кесири азыр да болууда.

Дүйнөнүн кай жагын караба: байлык-бийлик үчүн күрөш: түбү – «мен жыргаап жашап өтөйүн, андан кийин мага демексен эмне болсо ошо болсун» деген ой-тыянак. Азыркы бийлик-байлык төбөлдөрүнүн: мамлекет башчылары менен депутат жана башка айыл өкмөт жетекчилерине чейинки мансаптуунун баарынын болбосо да, көбүнүн көксөгөнү, кылган-эткени ушул гана максат-тилек. Алар ошон үчүн оокаттуу кызмат орундарына тырмышышат. А азап жеген баягы эле шордуу карапайым калк. Каржалган калайык дайыма арзыбаган акчага, азгырма убадаларга ишенип, шылуундарга алданат; шайлоолордо добушун сатат. Азыр өнүккөн технологиялар учурунда шайлоонун деле жыйынтыктарын бийлик өзү каалагандай өзгөртүп койсо болоору маалым. Ошон үчүн азыркы электорат шайлоолорго да ишенбей калган. Аны акыркы убактагы биздеги референдум, шайлоолорго электораттын көбү катышпай койгону ачык ырастап турат. Мындан калды, күздөгү парламенттик шайлоо деле ушу калыпта болоору эл ичинде эмитен эле кеп боло баштады.

Геосаясий жана геостратегиялык аспекттен караганда, Кыргызстан азыркы дүйнө үчүн эмнеси менен, кай жагынан маанилүү? Ал ааламдык мүдөө-талаптардын алкагында биз кандай абалда турабыз? Бизди курчаган биринчи глобалдык алкак: дүйнөлүк ээликке (таасирге умтулган) Кытай, Россия, АКШ. Кыргызстан ушул үч геосаясий гегемондун стратегиялык кызыкчылыктар чөйрөсүндө. Бир эле биз эмес, бүтүндөй Орто Азия жана Казакстан ушундай абалда. Анткени бул аймак углеводороддор менен жана башка жаратылыш ресурстарына да бай. Биздин, асыресе эл эӊ жыш жайгашкан жана жер-суу тарып-тартыш болуп бараткан Фергана аймагы алар үчүн ар убак саясий-конъюнктуралык мүдөө-талаптар үчүн абдан ыӊгайлуу плацдарм жана ар кандай провокациялар менен уруш-согуштарды чыгарууга аянтча боло берээри бештен белгилүү. Алардын алысты көздөгөн стратегиялык пландарында ушул чөлкөмдү жана андагы өлкө бийликтерин өз таасиринде кармоо ар качан алдыӊкы планда болоору айдан ачык. Ушул жагдайдан алып караганда, Кыргызстан өткөн эки жолку Ош окуяларынан жана кечээги Тажикстан кол салуусунан кандайдыр бир керектүү сабак алып, өз мамлекеттик коопсуздугу үчүн зарыл чараларды көрүү багытында иш алпара баштадыбы же жокпу? - деген суроо өлкө тагдыры үчүн күйүп-бышкан айрым чөйрөлөрдү кабатыр кыла баштады. Фергана өрөөнүндө жер-суу талашы согушка алып келээрин өз кезинде Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов да эскерткени эсте. Бу жолку жаӊжалга да дал ушул суу талаш шылтоо болгону тегин жерден эмес. Маселенин түбү тереӊде жатат. Андыктан мындай кыйын маселени алабармандык менен, отуз жыл бою мажирөө жетекчилер чечпегенди биз керек болсо отуз күндө ордуна коюп коёбуз деп опурулган популистик опсуз саясаттын акыры кандай болоорун соӊку чегара согушу көрсөттү. Бир ай мурун Баткен аймагында айбат кылып, сес көрсөткөнсүгөн аскердик машыгууларыбыз түккө арзыбай калганын, ага каршы алдын ала пландалып жаткан каршы тараптын даярдыктарынан эч кабарсыз калганыбыз; жогорку бийлик жетекчилерибиз, элчиликтерибиз, коргоо, коопсуздук, чалгын кызматтарыбыз, жергилик мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу бийликтерибиз караманча кайдыгер жана шалаакы абалда болгону бүгүнкүдөй чоӊ трагедияга алып келди. Бул деген биздин мамлекетибиздин суверенитети, коопсуздугу жана тагдыры өз ишин жакшы билбеген дилетанттардын колунда калганын какшайта ачыктады. Эми эмне кылыш керек? Ушул жааттарда Совет мезгилинде билим алган профессионалдарды кайрадан кызматка алуу абзел. Алар мыйзам боюнча салыштырмалуу жаш эле курактарында отставкага чыгып калышкан эмеспи. А бирок алы-күчү, билим тажрыйбасы кадимкидей эле жайында да. Тез арада ушу багыттар боюнча АКШда, Россияда, Түркияда тийиштүү аскер окуу жайларынан өзүбүздүн патриот адистерибизди окутуп өстүрүүнү тезинен колго алуу зарыл. Мындай жооптуу кызматтарга тааныш-билиш, коррупция жолу менен генералдык чиндерди берип орноштуруу “оорусун” түп тамыры менен жоюу кажет. Дүйнөдө геосаясий жана социалдык-экономикалык абал уламдан улам тездик менен кескин өзгөрүп, эл аралык абалдар курчуп турган учурда биз учурдун ар бир кооптуу чакырыгына ар убак даяр турууга тийшпиз. Ал үчүн биздин негизги куралдуу күчтөр кооптуу чегара аймактарында жайгаштырылып, анын кол тийгис ыйыктыгын сактоого ар дайыма даяр турушу керек.

Ушу тапта дүйнөнү бийлегиси келгендер Орто Азияны, андагы эӊ алсыз – Кыргызстан менен Тажикстанды экинчи Афганистанга айландыруу максатын тандап алышкансыйт. Бу байкуш эки коӊшу өлкөнүн бечара кедей-кембагалдары жер-суу талашып, керек- болсо бири бирин кырганга чейин бара берээрин алар жакшы билип турушат. Кыргызстан да, Тажикстан да азыр илим-билимден артта калып, экономикалык кризистен арылбай турган кези. Эки өлкөдө теӊ радикалдык исламдын тарапкерлери бир кыйла. Алар өздөрүнүн башчылары айт десе, ар качан кыйылбастан кыйт дегенге даяр турушат. Эки тараптын теӊ сырттан колдоочулары бар. Тажикстанды Афганистан менен Иран колдосо, Кыргызстан түрк дүйнөсүнө таянат. АКШ 11-сентябрга карата өз аскерлерин Афганистандан чыгарууну чечти. Бирок АКШ, арийне, регионду өз көзөмөлүнөн таптакыр сыртта калтырбашы айдан ачык. Аны үчүн, балким, ал Өзбекстанда өз аскер базасын ачууга аракет кылаар. Россия буга карманча каршы тураары бышык. Канткен күндө да, биздин мамлекет жетекчилери ким бирөөнүн колундагы куурчак болбой, өз Мекенинин, өз Өлкөсүнүн, өз Элинин мүдөө-талаптарына татыктуу ички-тышкы саясат жүргүзүшүп, Ала-Тоону ата-бабаларыбыз абалтан ыйык сактагандай келечек муундарга бүлдүрбөй бүтүн калтыруу камын көрүшсө деген эле элдин тилеги.

Калык Ибраимов,

Философия илимдеринин кандидаты,

СССР жана Улуттук жазуучулар Бирикмесинин мүчөсү,

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

08-02-2021
Күн тууду (С.Жигитовдун «Ит атаар» икаясы жөнүндө итабар сөз)
2708

11-12-2020
Ч.Айтматовдун апокалиптикасы
4599

10-12-2020
Феномен Чингиза Айтматова
6217

11-12-2018
Когда падают горы (Вечная невеста)
6365

20-06-2018
Не меркнущее «Тавро Кассандры» Ч.Айтматова
4922

11-06-2018
Кентавр Ч.Айтматова: Гульсары - Танабай
5476

21-04-2018
«Манкурт» Ч.Айтматова: Раб или жертва?
8953

04-12-2017
Антропокосмос Чингиза Айтматова
7390

03-12-2015
Вечность и век Чынгыза Айтматова
4294

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×