Добавить свою статью
11 Января 2022
Цивилизация жана табигат эстетикасы

«Табигат» деген философиядагы эң бир түпкү жана ашкан абстрактуу түшүнүктөрдүн бири. Универсум катары Табигат баарынан бийик жана ыйык эстетикалык таберик болуп эсептелет. Адам коому менен табигый реалдуулук дүйнөсүнүн тарыхый өз ара карым-катнаш процессинде Табигат чындыгында ар бир цивилизация менен маданияттын спецификалуу өзгөчөлүгүн онтологиялык негизде аныктайт. Ошондуктан, дүйнөнүн картинасы адатта ар түрлүү жана сан кырлуу. Анткени, ар бир цивилизация жана маданият дүйнөнү өзүнчө элестетип, өзүнчө көрөт,  өзүнчө аңдап түшүнөт.   

Табигат эстетикасы жаратылыш философиясы менен адам метафизикасынын ашташкан жеринен пайда болот. Ал эми өз тереңдигине искусство менен көркөм адабияттын философиясы аркылуу жетишет. Учурда адамзаада коомунун турумушу канчалык карама-каршылыктуу, татаал, кооптуу болгон сайын, ал ошончолук табигат менен маданиятка, аларда катылган, бирок көп учурда унутта калган көөнөргүс көмүскө маани-маңыздарга, башкача айтканда, өз башат-тамырларына жана архетиптерине кантсе да кайра-кайра кайрылууга мажбур.

Ушул мааниде, табигат эстетикасын адам сезим-туюмдарынын, адам аң-сезиминин жана анын өзүн-өзү таанып-билүү ышкысынын генезисине карата болгон философиялык рефлексия десек да туура болот. Азыркы учурда адам пендеси катары ар бирибизге зыян келтирүүчү каргаша жамандыктарга каршы туруу үчүн, жарандык коомго адамзат тарыхынын жүрүшүндө философия жана маданият тарабынан рух феноменологиясы катары иштелип чыккан терең рефлексияга ээ болуу жана ага жетишүү зарылдыгы  абдан зарурат милдеттердин бирден бири.

Ошондуктан, учурда табигат эстетикасы адамзат маданияты менен цивилизациясынын узак өнүгүү тарыхынын уюткусу катары инсаният  руханиятынын, иралды эстетикалык ышкы-туйгунун жана аң-сезимдин мындан ары өсүп-өнүгүүсү үчүн омоктуу негиз болуп калууда.

Демек, биз табигат эстетикасы дегенибизде, кеп экологиялык эстетика жаратуу керек же жаратылыштагы кооздук маселеси тууралуу эмес, башкы проблема – азыркы антропологиялык-экологиялык кризисти туура түшүнүп, андан чыгуунун таасирдүү каражаттарын ойлоп табууга көмөк көрсөтүүчү жаңыча философиялык антропология жана рух философиясын калыптандыруу экенин эстен чыгарбасак.

Кезинде К.Маркс: «Байыркы адам өз муктаждыктарын алымсындырыш үчүн, өмүрүн сактап, тукумун улаш үчүн табигат менен кантип күрөшсө, цивилизациялуу адам деле аны менен баардык коомдук формалардын жана баардык өндүрүш жолдорунун тушунда ошентип күрөшүүгө аргасыз»,— деп жазган эле.

Коомдук-тарыхый процесстин түпкү талаптары тарабынан шартталган мына ушул айныгыс акыйкат жана объективдүү жагдай жаратылыш менен адамзааданын ортосундагы алака-катнаштын табияты канчалык татаал экенин кайсы бир даражада каңкуулап тургансыйт. Ал эми демографиялык ташкын, илимий-техникалык прогресс, постиндустриалдык коомдун талоончул экономикалык системасы жана руханий-ыймандык кризис сыяктуу глобалдык факторлордон улам жаралган азыркы учурдун кыйчалыш кырдаалы бул карым-катнаштын бүткүл диалектикасы менен драмасын ого бетер дааналап айгине кылгансыды.

Албетте, азыркы экологиялык кыйын кырдаалдын кийин-соңу кандай болору баарыдан мурда социалдык-саясый жана чарбалык-технологиялык мүнөздөгү шарт-себептерге көбүрөк көз каранды. Арийне, мында ошондой эле жалпы эпистемологиялык жана аксиологиялык факторлордун ролу да бир топ. Соңку убактарда социологдор адамзаттын архаикалык аң-сезим туундуларында (архетиптер менен мифологиялык элес-түшүнүктөрдө, эзелки жомок, уламыштарда, аңыз-легендаларда) сакталып калган маданий-руханий стереотиптер менен азыркы дүйнө элдеринин жана өлкөлөрүнүн экологиялык-экономикалык ал-абалынын ортосундагы кандайдыр кармалбаган байланыш-катнаштарды баамдап аңдашка аракет кылышууда. Эзелки маданиятта өкүм сүргөн табигатка карата мамиленин айрым жактары бу күндө кайрадан актуалдашып, адабият менен искусство аларды адамзаттын азыркы жашоо-турмушундагы экологиялык-этикалык маселелерди аңдоодо активдүү пайдаланууда. Бирок ошентсе да адамзат турмушундагы байыркы менен азыркынын байланышы биз адатта ойлогондон алда канча татаал. Анткени ал эчен бир тарыхый шарт-себептердин элегинен өткөн диалектикалык өктөм өсүп-өнүгүштүн мыйзам ченемдүү натыйжасы.

Айтса-айтпаса, адамда адеп эстетикалык муктаждык сезимин ойготкон алгачкы объект, биринчи кезекте, ал өзү кучагында өмүр сүргөн айлана-чөйрө, башкача айтканда, жапан жаратылыш болгону бештен белгилүү. Анткени, «аң-сезим алды менен ышкы-туюмдар аркалуу кабылдануучу жакыңкы чөйрөнү аңдоо; ошол эле учурда ал — жартылышты аңдоо дегендик; а жаратылыш болсо, адегенде адамдарга караманча жат кудуреттүү кара күч катары каршы турат; адамдардын ал күчкө мамилеси айбандыкынан эч айырмаланбайт да, алар анын бийлигине макулук-мал сыңары баш ийишет; демек, бул табигатты куду айбанчасынан аңдоо (аны кудайындай көрүп кулдук уруу) дегендин өзү».

К. Маркс менен Ф. Энгельс «Немец идеологиясында» ачып көрсөткөн мына ушундай мамиленин маңызы албетте алмустактагы адамдардын жашоо-тиричилигине жана иш-аракетине өз тамгасын баспай койгон эмес. Аң-сезимдин жана коомдук өндүрүштүн төмөңкү баскычында турган а кездин адамы жан сактоо үчүн болгон күндөлүк күрөшүндө же таймашында табигаттын көп татаал сырлары менен тоскоолдоруна кабылган. А бирок аларды аңдап түшүнгөнгө али алсыздык кылган. Ошондон улам, көп убакта иши оңунан чыкпай убара тарткан; азап чегип кыйналган; айласы куруп мукураган. Ушунун баары анын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салган дүмөктүү ой-сезимдерди туудуруп, алар мифологиялык диний аң-сезимдин жаралышына шарт түзгөн.

Эскимос шаманы Ауанын айткандары мунун чындыгына күбө өтүп тургансыйт:«Биз ишенбейбиз, биз коркобуз,— дейт ал. Биз бороон-чапкынын чакырып буюктурган... жер ээсинен (духунан) коркобуз. Биз кар үйлөрдө калтырап ач-жылаңач кор болгондон коркобуз... Биз соо койбогон оору-сыркоодон коркобуз. Биз ажалдан эмес, азаптан коркобуз».

Адам жаратылышты эстетикалык жактан аңдоо жана өздөштүрүү процессинде да ушундай эле кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Эзелки жамаатта табигатты эстетикалык жактан таанып билүү анын айрым көрүнүштөрүн үстүртөн каттоо менен чектелген. Атүгүл байыркы кулчул цивилизациялардын өкүмү жүрүп турган убактарда да жаратылышты эстетикалык жактан өздөштүрүү анча жарытылуу өнүгө алган эмес.

Биздин замандын V кылымы ченде гана акыры келип Кытайда чыныгы пейзаж искусствосу жаралган. «...Кытай пейзажынын символикасы адам баласынын ой-сезимдерин туюнтуш үчүн такай табигат элестерине кайрылуунун натыйжасы болгон... Адамга мүнөздүү сапаттар тээ эзелтен эле табигат кубулуштары менен салыштырылып келген. Маселен, пион — байлык менен атак-даңктын, бамбук — акылмандыктын, лотос — адамдагы аруулуктун символу катары каралган».

Байыркы орус сүрөт өнөрүнө мүнөздөмө берип келип, А. Федоров-Давыдов мындай деп жазат: «...эртеги орус сүрөт искусстосунан биз пейзаж элементтеринин эң бир кызык чагылышын көрөбүз, бирок өз алдынча сюжет, реалдуу пейзаж... катары тартылган, нукура бүткөн пейзаж деп айтаарлык пейзажды жолуктура албайбыз».

XIV—XVI кылымдарда Европада өндүрүш мамилелери кызуу өнүгүп, соода-сатыктын, так илимдердин, табият таануунун арааны жүргөндө, адамга жаратылыштын улам бир жаңы жактары менен жаркын көркү жадырап ачыла берген. Ошого жараша дүйнөнү көркөм көрүү өзгөчөлүктөрү да өзгөрүшкө учураган. Живопись табигаттын объективдүү сулуулугун образдуу жана терең аңдап чагылтууга бет алып, анда чыныгы пейзаждык принцип тамырлай баштаган.

Ал эми ошол убактарда Европа шартында пейзаждык живопись аткарган эстетикалык милдеттерге мусулман Күнчыгышында пейзаждык лирика кызмат кылган. Анткени, мусулман теологдорунун сүрөт тартуу эркиндигин чектеген белгилүү эрежелери менен тыюулары ислам өкүм жүргүзгөн өлкөлөрдө живопись өнөрүнүн өсүп-өркүндөшүн кыйла өксүткөн. Ошондуктан, ал өлкөлөрдө живопись дегенибиз а кезде негизинен табигый-илимий же тарыхий-беллетристикалык мазмундагы кол жазма китептерди кооздоодо кошумча иллюстрация катары роль ойногон миниатюра тартуу өнөрү менен чектелген. А Батыштын живопись искусствосунун өркүндөшүнө зор өбөлгө болгон дубалга сүрөт тартуу өнөрү болсо, Жакыңкы Чыгышта архитектуралык курулуштарды “Курандын” аят-сүрөөлөрү менен Мухаммед  пайгамбардын хадистерин араб каллиграфиясы аркалуу көчөттөп көркөмдөөнүн бир каражаты катары гана колдонулган.

Ушунун баары мусулман өлкөлөрүндөгү сүрөт өнөрүнүн тагдырына өз тамгасын баскан. Аерде живопистин тарыхый полотнодон натюрмортко чейиңки ар кыл формалары аткарууга тийиш болгон эстетикалык функцияларды көркөм сөз өнөрү өтөй турган өзгөчө шартты пайда кылган. Көркөм сөз өзүнүн айтылуу күнчыгыш, атап айтканда, араб-фарси-түрки поэзиясындагы эротикалык-ышкы лирикасы; “Лайли-Мажнун”, “Фархад-Ширин”, “Ашык-Гариб”, “Олжобай-Кишимжан” сыктуу эпикалык ашыглык аңыз-дастандары менен айтылуу “Миң бир түн” жомоктору жана сан түркүн идиш-аяктар менен аш-тамактарды, дасторкон көркүн ачкан дүрдүйнө жер-жемиш менен көз жоосун алган кооз гүлдөрдү сүрөттөгөн, башкача айтканда, ошол эле Батыш художниктеринин көңүлүн көп оодарган темалар менен сюжеттерди чагылдырган чакан ырларга чейиңки ар түркүн жанрлары аркылуу ал функцияларды ойдогудай орундаган.

Ислам дини Жакыңкы жана Орто Чыгыш элдеринин көркөм өнөрчүлүгүнүн өсүп өөрчүшүнө көп жагынан таасир этсе да, арийне, айрым аймактарда ал таасирдин ролу анчалык деле чечүүчү мааниге ээ болгон эмес. Айталы, Орто Азияга ислам VIII кылымдарда, башкача айтканда, аерди мекендеген калктар буддизмдин, зороастризмдин, ошондой эле, кайсы бир даражада христианчылыктын таасирин баштан кечиришип, эстетикалык ойлоо жаатында өздөрүнүн өзгөчө «иммунитетин» иштеп чыгууга жана кайталаңгыс көркөм принциптерин түзүүгө жетишип калган учурда гана тарала баштаган. 

Арийне, ошо Орто Азия регионунун ал убактардагы маданиятынын өзү да маңызы жана мүнөзү боюнча бир өңчөй болгон эмес. Андай жагдайдын түп жайын К. Маркстын: «Күнчыгыш тайпа-журттарынын жаамы баарысынан тең алардын бир даарынын отурук турмушу менен, дагы бир даарынын дале уланып аткан көчмөн тиричилигинин ортосундагы эзелтен келаткан жалпы эриш-аркак байланышты байкоого болот» — дегени таамай аныктайт.

Акыйкатта да, тээ эзелтен эле, асыресе, биздин заманга чейиңки VIII кылымдан бери карай Орто Азия аймагынан бири-бирине анча окшошо бербеген эки чоң маданий-этностук дүйнө орун алып келген. Алардын бири отурукташкан дыйканчылыктын туундусу болсо, экинчиси көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чыккан. Алгачкысынын көркөм маданиятына мифологиялык реализм көбүрөк мүнөздүү болсо, а кийиңкисинде «айбанат стили» деп аталган багыт басымдуулук кылган. Ошондон улам, ондогон кылымдар бою өкүм сүрүп калыптанып калган жана өз ара обочолонгон эки башка чарбалык-маданий типтер жаралган. Ушуга байланыштуу, ал эки башка чарбалык-маданий типке тиешелүү калктардын динге карата мамилеси да бири-биринен айтаарлык айырмаланган.

Маселен, отуруктуу турмушта жашашкан өзбек, тажиктер өздөрүн Мухаммеддин такыба үмөттөрүбүз деп, ага жан дили менен берилишкен. Аларга караганда көчмөн кыргыздар менен казактар исламга кыйла кайдыгер карашкан. Күндөлүк жашоо-тиричиликтеринде жана жаратылышка жасаган мамилелеринде көбүнесе тээ байыртадан учугу уланган уңгулуу теңирчилик салт-санааларын, нарк-каадаларын, адат-түшүнүктөрүн, ырым-жырымдарын туу тутуп сакташка умтулушкан.

Ата-бабалардын рухий-практикалык жашоо-тиричилигиндеги андай реалийлерди Ч.Валихановдун мындай белгилегени бар: «Ай-талаада жалгыз өскөн же бутак-шактары адаттан тыш арбайып-тарбайган дарак адамдар сыйынган касиеттүү предмет жана жолоочулар баш пааналаган түнөк жай катары кызмат кылат. Андай даракка ар ким жанынан ылата-чүпүрөк айрып тагып өтөт... Жылдыздарды кишилердин жаны деп билишет. Жылдыз учуп жылас болгонун көрүшкөндө: «жылдызым али жанып турат!» дешет. Түн ичинде боз үйдүн босогосун аттап кирип келаткан атанын: «Бүгүн эки киши өлүш керек. — Эмне үчүн? — Эки жылдыз агып түштү»,— деп айтканын көп угасың. Күнөөдөн коркуп аккууну атышпайт. Үкүнү, тоңкулдакты, коңкарганы жана күкүктү өлтүрүшпөйт» (Ч.Валиханов. Очерк «Тенгри»).

Айтор, адам менен жаратылыштын эстетикалык эриш-аркак мамилеси жашоо-турмуштун коомдук-тарыхый формалары жана жагдай-шарттары кандай экендигине тыгыз байланыштуу. Бирок ошону менен бирге эле, өндүрүш процессинин негизги булагы болуп эсептелген табигат да кайсы гана калайык-калктын болбосун жашоо ыңгайына жана рухий өзгөчөлүгүнө кадыресе таасир этет. Башкача айтканда, ар кандай калктын рухий уюткусунун, ошондой эле, дүйнөнү аңдап туюу духунун калыптануу процессинде ошол калк жашаган жаратылыш аймагынын айырмалуу мүнөзү жана ал айырмалуу мүнөздү аныктап турган атрибуттар (тоо же талаа, деңиз же чөл ж. б. у. с.) белгилүү бир роль ойнойт. «Табият» деген терминдин экинчи бир мааниси нерселер менен кубулуштардын ички мыйзам ченемин же түпкү маңызын туюнтаары балким ушундан улам болсо керек. К. Маркс кезегинде табигый шарттарды «адам баласынын өзүнүн табияты жана анын айлана-чөйрөсүндөгү табигат катары да түшүнсө болорун» тегин жеринен атайы белгилеп кетпегендир.

Маселен, азыр маркум болуп калган казак жазуучусу Абиш Кекилбаевдин «Аңыздын акыры» («Конец легенды») романынан алынган төмөңкү фрагментке сарасеп салып көрөлү:

«Жан-жактын баары кумдуу жылга-жыбыты жыбырап жайылып жаткан куу чөл. Ойноок желдин ойдологон каламы чийир кумга чиймелеп түшүргөн Курандын сүрөөсүндөй сыр каткан түшүнүксүз сайма-сүрөт жазууларды карегиң карыкканча кадаланып канчалык карасаң да, опоосуз ойлоруңу оолак качырып, огожо болоорлук эчтеме окуй албайсың. Кайра ал жазуулар жашоо-өмүр дегениңин өзү бу түбү тешик кокуй дүйнөдөгү дайым өчүп-өзгөрүп туруучу кокус издер өңдүү, кумай бетиндеги иретсиз, беймаани белгилер өңдүү бир нерсе экенин эрксизден эске салып, кыжаалат кылат. Көп күн долуланган көктөмдөгү добулдун капысынан эле кайдан-жайдан жини кагылып, доошу тып басылган сыңары, адам баласы адатта оокат-тиргилик деп жан сабап жүргөн нерсенин баары бүт убайым-убарасы, ыбырсыган түйшүгү менен эртең эле мезгил аттуу ырайымсыз эшилме кум астында ың-жыңсыз басырылып калары калетсиз эмеспи» (Эскертүү: үзүндү романдын орус тилиндеги басылмасынан макала авторунун өзүнүнүн котормосунда берилди).

Жалпы жаратылыштын жалкы бир бөлүгү катары - «кум»- бул мисалда этнографиялык же географиялык-ландшафтык деталдын эле эмес, иралды ошо казак жазуучусу өзү өкүлү болгон тиешелүү маданият тибинин спецификалуу маңызынан жана логикасынан кабар берген образ-субстраттын милдетин аткарат.

Ал эми айталы, Орто Азия менен Казакстанга караганда таптакыр башкача табигый шарттарда өнүгүп өскөн орус аң-сезими үчүн «кумдун» образы, албетте, өмүр-дүйнөнү аңдоодо тигиндей тикеден тике субстраттык-субстанциялык касиетке жана мааниге ээ эмес. Анткени, орус дүйнөсүнүн табиятына андан көрө «жол», «жайык», «ак кайың» сыяктуу жүрөккө жакын өз образдары көбүрөк мүнөздүү.

Адам турмушу менен жаратылыш жошоосунун эриш-аркак биримдиги асыресе эртеги тарых-тагдыры көбүнчө көчмөнчүлүк менен ажырагыс байланышта болгон калктардын социалдык жана рухий тажрыйбасынан эң таасын байкалат. Төшү түктүү жер үстү менен төбөсү ачык көк астында ар качан жаны жай албай, көчүп-конуп жайдак жашаган ал элдер, башка отуруктуу калктар сыяктанып, өздөрүн жан-жакадагы жапан жаратылыштан сандаган жасалма объектилер менен айландыра курчап обочологон эмес.

Айланадагы ачык ааламдын ар кандай стихияларынын шаң-шарпасынан аларды кала берсе боз үй да калкалай албаган. Түндүктөн түшкөн нур болуп, үзүк-туурдукка урунган шамалдын же жаан-чачындын дабышы болуп, кутман жердин денеден өткөн деми же кан дүргүткөн тыноо кагышы болуп, айтор, ал стихиялар көчмөн адамга ар дайым туш-туштан туюлуп турган. Ошо боз үйдүн өзү да бүт турум-турпаты (конструкциясы, функционалдуулугу, декору ж. б.) менен айланадагы жандуу жана жансыз жартылышка органикалык түрдө жалгашып, алардан түк айрып алгыс болгон. Андыктан, көчмөн калк мейли кышта, мейли жайда, мейли күндө, мейли түндө такай табигаттын тамыр кагышын жан-тени менен өтмө катар сезген; өмүр-жашоосу өткөн жапан космос койнун түбөлүктүү конуш жайы, өз үй, өлөң төшөгү катары кабылдаган. Бул — анын дүйнө туюмунун түпкү негизин түзгөн. Айланадагы айдың ааламдын, жан-жакадагы жапайы жартылыштын, чар тараптагы чалкар табигаттын кулпурган эчен кубулуштары менен куюлушкан асерлери көчмөндүн аң-сезимине, салт-санаасына, жашоо-тиричилигине камыр-жумур жуурулушуп сиңип калган. Ошон үчүн жаратылыш жагдайы менен жашоо образдарындагы мына ушундай жалпы же орток учурлар көчмөн калктардын материалдык жана рухий маданияттарынын көп жагынан окшош болушун шарттаган.

Айтылгандарга аралжы иретинде бир мисалга кайрылып көрөлү. Адам рухунун баарлык кубулуштарындай эле, музыка өнөрү да түпкүлүгүндө кайсы бир даражада айланадагы реалдуу чөйрөнү чагылтаары белгилүү. Ушул жагынан алып караганда, эзелтен табигат менен эриш-аркак көчмөн турмушта өмүр сүрүп келишкен кыргыз-казак сыяктуу элдердин музыкалык фольклору, айталы, алардын жанындагы эле коңшулаш өзбек же тажик калкынын музыкалык маданиятынан бир кыйла айырмаланат. Өзбек жана тажик музыкасы ириде илгертеден учугу уланып келаткан Ортоңку жана Жакыңкы Чыгыш цивилизацияларынын, ошондой эле, алардын мураскору болгон мусулман дүйнөсүнүн туундусу. Ошондуктан анын ритмикалык-мелодиялык, дегеле бүтүндөй образдык-формалык структурасынын көрөңгөлөнүшүнө жапан жаратылышка караганда адам аракетинен бүткөн «жасалма табигат», башкача айтканда, качантан калыптанып калган калаа (шаар) маданияты жана анын ар кандай көрүнүштөрү көбүрөк таасир эткен. А казак-кыргыз калк музыкасы болсо, өзүнүн мүнөзү жана өзгөчөлүгү боюнча, баарыдан мурда ал элдер коюн-колтук алышып жашаган табигый жаратылыш дүйнөсүнүн дүйүм түркүн кубулжуган кубулуштарынын керемет поэзиясынан бүткөндөй.

Болбосо, жашоо-турмушу алардын баарысынан башкача жагдай-шарттарда калыптанган жапон калкын мисалга алсак, анын айырмалуу психологиясы жана дүйнө түшүнүгү деле өзү мекендеген аралдардын табигый өзгөчөлүктөрүнө белгилүү бир даражада өзөктөш же тамырлаш экенин көрөбүз. Жапон аралдарынын туш тарабынан мелмилдеген океан мейкиндери менен курчалган чектелүү айдыңында жаратылыштын не бир ажайып кубулуштары же көрүнүштөрү ар убак жер силкинүү, тайфун, цунами сыяктуу калабалуу каргаша-кырсыктардын каардуу капшабынан жапа тарткан. Кудурети күчтүү табигый стихиялардын дүмөктүү деми такай сезилип турган бу коогалуу жагдай ушундай атмосферада жашап аткан адам үчүн айлана-жакадагы жашоо-тиричиликтин баардык формалары менен көрүнүштөрүн аябагандай аялуу жана кайталаңгыс касиеттүү кылган. Аларга карата астейдил аяр жана назик сезимтал мамилени туудурган. Ошондон улам, айлана-чөйрөдөгү арзыбаган эле нерселер менен кубулуштардан кадыресе сулуулук таап, алардын кандайдыр бир билинээр-билинбес, бирок мүнөздүү белги-жышаанасынан жаамы жашоонун субстанциялык маани-маңызын аңдап ача билүү — жапон калкынын кан-жанына сиңген кайталаңгыс касиетке айланган.

Дегеле Ыраакы Чыгыш традициялуу ойлоо системасына жапан жаратылыш жараткан табигый заттарды адам аракетинен бүткөн жасалма нерселерге карама-каршы коюу принциби башынан караманча жат. Тетирисинче, маданият анда жаратылыштын жаркын бир көрүнүшү, нерселердин табигый өсүп-өөрчүшүн жана дүйнөнүн бүтүндүгүн камсыз кылган куттуу күч катары каралган. Айтор, адам жаратылыш менен ар дайым камыр-жумур мамиледе жашашы керек. Анткени, айлана-чөйрөдө такай кайталануучу жаралуу, картаюу, өлүү, жаңылануу, алмашылуу сыяктуу түбөлүктүү табигый процесстердин түпкү маңызын терең түшүнүү аркалуу гана адам өз өмүр-жашоосунун маани-маңызын, жакшылык менен асылдыктын чыныгы нарк-кадырын кадимкидей аңдап баалай баштайт. Ансыз адам менен жаратылыштын, табигат менен маданияттын ортосунда акыры түбү экөөнү тең апат кылчу аритмия абалы түзүлбөй койбойт деген идея Ыраакы Чыгыш элдеринин аң-сезимине эзелтен ээлик кылып келген.

Бу жагынан Ыраакы Чыгыш маданияты Батыштын табигатты баш ийдирип багындыруу идеясына негизделген иштиктүү идеалдарынан кыйла өзгөчөлөнөт. Ошон үчүн дзэн искусствосунун образ системасында табигаттын түбөлүктүү мыйзамдарын ориентир тутуу туруктуу принциптердин бирине айланган. Ошон үчүн айтылуу жапон акыны Басё (1644—1694) шакирттерине: «Жылдын төрт мезгилин сүйүп, табигаттан тайбаган адам гана сулуулукту туя алат. Көзүң көргөндүн баарысы — гүл, оюңа түшкөндүн баарысы — ай. Жаралгандын жаамысынан гүл көрбөгөн адам — жапайы. Жүрөгүндө гүлү жок адам — жырткыч. Жапайыны жаныңа жуутпа, жырткычка алдырба, Ааламдын жолун жолдо, ошондо ага орток болосуң»— деп кеңеш берип отурат.

Ошон үчүн XX кылымдагы жапон адабиятынын даңазалуу өкүлдөрүнүн бири Я. Кавабата: «Айдын же кардын асем сулуулугуна суктанып, жылдын төрт мезгилинин теңдешсиз көркүнө көңүл ийип, айтор, асылдыктын ажайып бир ажарына жаның жыргап, жарпың жазылып турган кездерде эмнегедир жакын досторуң эске түшөт; ушул укмуш кубаныч-шаттыгыңа алар да ортоктош болсо деп эңсейсиң. Анан ошентип сулуулукка (жаратылышка) суктанып атып, ашкан бир жапакечтик менен адамдарды жакшы көрүп кетесиң да, ошондо «дос» ким же катардагы кайдыгер «киши» ким, айырмасы анча жок болуп калат. Бири-бирин алмаштырган жылдын төрт мезгилинин көркүн көрсөткөн кар, ай, гүлдөр жапон традициясы боюнча жапан жаратылышты жана жалпы эле сулуулукту: тоолордун, өзөн-суулардын, чөптөрдүн, дарактардын, деле табигаттын миң кулпурган дүрдүйнө кубулуштарынын, анын ичинде адам сезимдеринин да сулуулугун туюнтат» —деп жазган.

Ошон үчүн технологиялык өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу байыркы анимистик, пантеистик элес-түшүнүктөрүнөн кол үзүп, ал эми аларды жандандыруу (асыресе, акындар тарабынан) аракетинен анча майнап чыкпай, анын баарысы жаратылышка жасалган өктөм жана карандай практикалык мамиленин астында тумчугушка кириптер болгон Батышка салыштырмалуу, Жапонияда табигат менен адам алакасында тээ кадимден орун алып келген нарктуу каада-салттар технократиялык глобализм арааны аябагандай күч алган азыркы цивилизация заманында да кадыресе сакталып калган.

Арийне, Күнбатыш цивилизациясы менен Күнчыгыш маданиятынын жаамы жаратылышка жана жалпы эле ааламга көзкараш системасынын маңызын же мүнөздүү өзөк белгисин чагылдырган өйдөкүдөй өзгөчөлүктөрдөн улам, аларды бири-бирине кайнаса каны кошулбаган жат дүйнөлөр катары карашка болбосун ар дайым эсте тутуу кажет. Герман Гессенин сөзү менен айтканда, Батыш менен Чыгыштын акылы — турмуш ортосунда селкинчек тээп термелген эки уюл (полюс) сыяктуу. Башкача айтканда, алар бир эле жалпы процесстин бири-бирин шарттап жана толуктап турган эриш-аркак эки жагы.

А бирок бул акыйкаттын объективдүү мазмунун айкын аңдап түшүнө билүү иш жүзүнө келгенде кыйла кыйынчылык туудурат. Анын төркүнү төмөнкүчө. Мындан бир кылым ашуун илгери Ф. Энгельс «Анти-Дюринг» аттуу айтылуу эмгегинде мындай деп белгилеген эле: «Жаратылышты бөлөк-салак мүчөлөп бөлчөктөө, ар кыл табигат процесстери менен предметтерин айрым-айрым класстарга ажыратуу — мунун баары табигатты таанып билүү жаатында соңку төрт жүз жыл ичинде жетишилген эбегейсиз зор ийгиликтердин негизги шарты болду. Бирок иликтеп-изилдөөнүн ошол ыгы бизге, ошондой эле, табигый нерселер менен процесстерди ич ара карым-катнашта кармап турган жалпы байланыштарынан айрып, өз-өзүнчө кароо адатын да калтырып кетти. Бекон менен Локк тарабынан табият таануудан философияга көчүрүлүп өткөн бул аңдап түшүнүү амалы кийиңки кылымдардын спецификалуу чектелүүчүлүгү болгон метафизикалык ой жүгүртүү ыкмасын пайда кылды».

Адамзат маданиятынын дүйнөлүк-тарыхый жалпылыгын тастыктаган түпкү байланыштар менен жагдайларды түшүнүүдө ушул метафизикалык ой жүгүртүү инерциясынын кээри кээде азыр деле кадимкидей сезилет. Бирок ошол эле учурда адамзат маданиятынын ошондой жалпылыгын айкын аңдап түшүнүү анын органикалык элементтери болуп эсептелген ар түрдүү калктардын көп жагынан табигый-тарыхый факторлор тарабынан шартталган өз ара өзгөчөлүү кайталаңгыс рух-касиеттеринин чоожайын таанып билүү аркылуу гана ойдогудай жүзөгө ашаарын да унутпаш абзел.

Айталы, сүрөт өнөрүндө кеңири таралган мотивдердин биринен болгон гүл ачкан кара өрүктүн бутагын Европа салт-санаасында таалим-тарбия алган адам ириде жаздын бир татынакай жаркын элеси сыңары назик импрессионистик маанайда кабылдашы мүмкүн. Ал эми традициялуу кытай эстетикалык системасында бул мотив баарыдан мурда татаал космогониялык жана метафизикалык проблемаларды аңдаштын символикалык туюнтмасы же ачкычы катары каралат. Жалпы адамзат маданият казынасынын маани-маңыз, мазмун-сырга канчалык карк болуп каныгышы түбү келип ушундай кайталаңгыс айырмалуу аркыл аң-сезим типтеринин диалогуна, башкача айтканда, алардын бири бирин кандайча байытып асылдандырышына жараша болот. Бул аны түмөн түстө кулпурган ажайып мозаика же түркүн үндө кубулжуган үлкөн полифония касиетине ээ кылат.

Кийиңки учурларда илим менен техниканын, өндүрүш күчтөрү менен байланыш-катнаш каражаттарынын, бир сөз менен айтканда, жаамы адамзатты өз айлампасына оп тарткан азыркы глобалдык цивилизация процесстеринин улам дүркүрөп өсүп-өөрчүшү ар кыл континенттерди же географиялык аймактарды жердешкен калайык-калктардын жашоо шарттарын бир өңчөй түргө келтирип, айлана-чөйрөдөгү табигый жартылыштын адамга таасирин барган сайын айтаарлык басаңдатып барат. Бирок ошентсе да абалтан ал калктардын ар биринин негизги жашоо жайы болуп келген айырмалуу айлана-чөйрөнүн же табигый фактордун жалпы аң-сезимге жана социалдык психологияга айрыкча асер калтырчу касиети азыр да анча өчө элек.

Муну ошо өз улутунун уңгулуу жашоо-турмушун жана орошон жан дүйнөсүн азыркы көркөм-эстетикалык аң-сезимдин алдыңкы чегинде туруу менен чебер да, терең да чагылдыра алган Ч.Айтматовдой же Г.Маркестей адабият устаттарынын чыгармаларынан айкын аңдап билсе болот. Бу жагынан асыресе адабиятчы Г.Гачевдин илимий изилдөө аракеттери атайын бөлүп айтканга арзыйт жана кыйла кызыгуу туудурат.

Анын оюнча, өмүрүнүн көбүн эбелектей эч бир жерге байыр албай, ээрде өткөргөн көчмөн калктын дүйнөсүндө мезгил түшүнүгүнө караганда мейкин категориясына байланыштуу мамилелер менен мотивдер басымдуулук кылат. Кыргыз мейкини аскар тоолор менен жайык талаанын ортосунан орун алган эңкейиште, башкача айтканда, жантаймада бөксөлөй жайгашкан деп белгилейт Г.Гачев. «Жогор жагы кырданган көгала зоокалуу тоолордон баштап, жер кулачын кере, өйдөтөн төмөн боюн токтото албай жүгүрүп бара жаткан сымал, көз чабытың канча жетсе ошончо — жибиген, тыноо алып ойгонгон көгүлтүр булоолуу талаа, талаа артынан талаа...».

Биерде мелмилдеген горизонталь да, кебелбеген вертикаль да эмес, кыймыл, болгондо да өрдөн ылдый удургуган өктөм кыймыл өкүм сүрөт. Биерде табигаттын такат билбес ташкындуу стихиялары кар көчкүдөй күршар түшкөн психологиялык катаклизмдер, үйөр жүргөндөй алдас урган азоо кумар-сезимдер менен эриш-аркак айкалышып кетет. Буга Ч.Айтматовдун алгачкы аңгеме, повесттеринен кийиңки «Кылым карытар бир күн» жана «Кыямат» романына чейиңки чыгармаларынын өзү күбө. Чыңгыз Айтматов ааламынын бир атрабы «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестиндегидей, дүйнө бүтүп, жер али каймактай элек дайынсыз капкайдан башталса, экинчи тарабы кыял жеткис мунарык болочокту болжойт. Бир учу, аталган повестинде ажайып сүрөттөлгөндөй, адам жанынын, адам рухунун океандай түпсүз түпкүрлөрүнө сүңгүсө, экинчи учу жылдыз уялаган чексиз көк теңирге төнөт. Бул ааламда адам пендеси баштаган жан-жаныбарлар менен жапан табигат стихиялары бирине бири жалгашып, бири бирин шарттап, бири бирин коштогон бирдиктүү космос. Ал эми андан келип чыккан терең маани-мазмундар Айтматовдук антропокосмизм концепциясы же Айтматовдук антропокосмизм философиясы катары кайталаңгыс терең таасир калтырат.

Табигат ошондой эле Габриель Гарсиа Маркестин чыгармаларында да баш кейипкер катары такай катышат. Алардын композициялык-сюжеттик курулушунда, идеялык-көркөмдүк системасында жана жалпы образдык концепциясында айтаарлык конструктивдүү роль ойнойт. Алсак, анын айтылуу «Жалгыздыктын жүз жылы» аттуу романынын акыркы барактары Макондону жер үстүнөн тыптыйпыл үйлөп салган алаамат бороон-чапкынды сүрөттөө менен аяктаарын, жапаакечтик менен жакшылыкка жарыбаган жана ушунусунан улам жан кыйнаган жалгызчылыкка кириптер болгон Буэндианын урук-тукумун ошентип жапайы жаратылыштын жаалы катуу күчтөрү жарыкчылыктан биротоло күмжам кылганын ким билбейт.

Көңүл буруучу дагы бир жагдай, тропикалык аймактарда жыл маалы адатта биздегидей төрт мезгилден эмес, теребелди тегиз какшытып катуу ысыган жай саратан менен көз ачырбай жааган жадатма жамгырдын арааны жүргөн эки гана мезгилден турары белгилүү. Г.Маркес түзгөн көркөм дүйнөнүн көп жактарын көңүлдөгүдөй аңдап түшүнүш үчүн ал айдыңында жашаган жана чыгармаларында кайра жараткан алдагыдай жаратылыш жагдайынын айырмалуу өзгөчөлүктөрүн билүү менен эске алуунун мааниси өтө чоң. Айталы, анын «Шейшембидеги сиеста» (1959-ж.) деген бир аңгемеси бар. Бул аңгеменин жалпы идеялык-эстетикалык атмосферасынан ысык сезон убагындагы сиестанын тумчуктурган деми уруп тургансыйт. Күн төбөдөн чакчайып куйкалаган чактарда адамдар анын алсыраткан ачуу аптабынан качышып, түшкү уйкуга (сиеста) баш коюшат. Эшик-тышта кыбыр эткен эч бир жан калбаган ушундай адаттан тыш тымтырс учурларда атургай убакыт да жылбай токтоп калгандай таң калаарлык калаты абал түзүлөт.

Дал ушундай чакта (сиеста) чакан калаага өлгөн уулунун жаткан жайынан (мүрзөсүнөн) кабар алганы кыз ээрчиткен бир картаң аял келет. Аңгемеде атайын сөз кылганга арзырлык анчейин аракет-кыймыл же олуттуу окуя деле жок. Бирок ошол сиеста убагындагы ың-жыңсыз тунжурак аркылуу автор ал калаанын кыз ээрчиткен алиги картаң аялга, анын азаптуу кайгы-касиретине караманча кайдыгер экендигин астыртан каңкуулагансыйт.

Табигый шарты тропикалуу жактарда, ошондой эле жамгырдын жайы да башкача келет. А тууралуу Гарсиа Маркес өзү мындай дейт: «Биз «добул» деген сөздү жазганыбызда европалык адам адатта чагылган чартылдап, күн күркүрөөрүн элестетээри бышык; а бирок анын ал аркылуу чындыгында табигаттын кандай кубулушу тууралуу айтылып атканын туура аңдай алаары, арийне, арасат. «Жамгыр» жөнүндө да ушунун эле өзүн айтса болот». Аерде жамгыр — адамдарды эс-акылдан тандырып, сырт дүйнөдөн, бири-биринен жатыркатып, айлап-жылдап басылбачудай басмырлаган жадатма жапан стихия. «Жалгыздыктын жүз жылы» романындагы төрт жыл он бир ай эки күн жааган жамгырды эле эске түшүрөлүчү. Бул жадатма жамгыр үч миң жумушчу атылгандан аз убак өтпөй башталат. Макондодогулардын баары тең ал кандуу окуяны тез арада унутушка аракет кылышат. Табигаттын тарткылыгы, башкача айтканда, басылбай жааган жамгыр адамдардын күндөгү көнүмүш жашоо ыргагын бузат. Аптека, почта жабылат; түшүм тыйпыл болот; мал кырылат. Эси кетип, шайы оогон кишилер болгон иштеринин баарын жамгыр басылчу кийиңки учурга калтырышып, жадагалса эшик-эликке да кирип чыгалышпай жалдырап отуруп калышат. Ошентип, биерде тропикалык алкакка мүнөздүү болгон конкреттүү табигат кубулушунун реалдуу касиеттери көркөм акыл-эс элегинен өткөрүлүп күчөтүлүү менен, ал, атап айтканда, жамгыр — жалгызчылыктын, жатыркоонун, кайдыгерликтин, эс-учтан ажыроонун маани-маңызын каймана туюнткан метафора, символго айланып олтурат.

Айтор, жаратылыштын табигый-реалдуу же метафоралык-аллегориялык ар кандай образдары ошентип азыркы рухий маданияттын көркөм көрүнүштөрүнүн көбүндө олуттуу семантикалык роль ойнойт.

Ошентсе да табигат менен азыркы көркөм аң-сезимдин өз ара алакасы бу тушта эртегиден кыйла өзгөчө экенин эске алган абзел. Анткени эртеги элдердин, асыресе кыргыз-казак сыяктуу көчмөн калктардын табигат менен карым-катнашы, башта айтылгандай, кантсе да а кезде азыркыдан башкачараак болгон. Ал эми азыркы заман адамынын айлана-чөйрөдөгү табигый жаратылышка мамилеси ириде жашоо-тиричиликтин бүгүңкү формалары жана эмки экологиялык жаңыча жагдайлар менен шартталган.

Ошондуктан азыркы адабият менен искусство чыгармаларында табигатты сулуулуктун, адилдиктин жана жакшылыктын жаркын идеалы, башкача айтканда, эстетикалык, этикалык, социалдык маани-мазмунга карк категория катары карап аңдоо алдыңкы планга чыгып, ага аяр-этиет мамиле этүү кажет экенин эскерткен экологиялык-ыймандык мотивдердин доошу улам барган сайын күчөп угулууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-01-2022
Улуу жибек жолу жана көчмөндөр цивилизациясы
527

30-12-2021
Ааламдашуу жараяны жана Кыргыз-Түрк цивилизациясы
1518

17-12-2021
Султан Раевдин «Кашаба» повести тууралуу
1047

10-12-2021
Ко дню рождения Чингиза Айтматова. Женщина мать – родимая Земли
855

30-11-2021
Султан Раевдин адам-аалам модели жана жан жазасы (идея, модель, образ)
1057

13-05-2021
Кыргызстан азыркы геосаясат кырдаалында
1774

08-02-2021
Күн тууду (С.Жигитовдун «Ит атаар» икаясы жөнүндө итабар сөз)
3500

11-12-2020
Ч.Айтматовдун апокалиптикасы
5991

10-12-2020
Феномен Чингиза Айтматова
8388

11-12-2018
Когда падают горы (Вечная невеста)
7512

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×