Добавить свою статью
12 Января 2022
Улуу жибек жолу жана көчмөндөр цивилизациясы

Эгоистик европоцентризм идеясын тутунган Батыш илими адатта көчмөндөрдү эч кандай цивилизацияга да, маданиятка да кошпойт. Алардын пикиринде – көчмөндөр варварлар, жырткыч айбандан айырмасы жок жапайылар. Алар өздөрү эч кандай материалдык жана рухий байлыктарды өндүрүшпөйт. Тескерисинче, ошолорду жаратып, цивилизацияны жана маданиятты өөрчүткөн элдер менен өлкөлөрдү карактап, талап-тоноо эсебинен күн көрүшөт. Мындай көзкарашта кайсы бир өлчөмдө чындык да бар. Арийне, тарыхтын татаал жолдорунда көчмөндөр өсүп-өнүгүүнүн, тарыхый динамиканын куралы катары кызмат өтөшкөнү да эч ким таналгыс акыйкат. Ошон үчүн, айтылуу адабиятчы-философ, культуролог Георгий Гачев көчмөндөрдү тарыхтын кан тамырларында чуркаган фермент-калктар деп атаган. Алар өздөрү дээрлик анча өсүп-өзгөрүшпөйт. Себеби, бир жерге жана убакытка байланган отурук элдерден айырмаланып, алардын бүт болгон кыймыл-аракети жер-суу которууга, б.а., мезгилге эмес, мейкинге багытталган. Ошондуктан, көчмөндөр тарыхта өзүнүн мобилдүү жашоо образы жана төгөрөктүн төрт бурчун будуң-чаң кылган улуу жүрүштөрү аркылуу башынан эле Ойкуменанын чар тарабын бири бирине таанытып, байланыштырып келген. Демек, кайсы бир даражада Улуу жибек жолун соодагер-көпөстөр, дипломат-элчилер, саякатчы-сапарчылар же миссионер-динчилер эмес, ири алды тарыхта дал биздин көйгашка көчмөн ата-бабаларыбыз алгач ирет биринчи болуп ачышкан деп айтууга биз толук акылуубуз.

 Тарыхтын татаал кезеңдеринде качан, кайда болбосун, калайык-калктар: биз кимбиз, кайсы түп тектен келип чыкканбыз, өз улуттук жана цивилизациялык өзөгүбүздү сакташ үчүн кандай нарк-дөөлөттөрдү туу тутуп, көбөйтүүгө тийишпиз-деген көлдөлөң суроолорго сөзсүз туш келбей койгон эмес. Атактуу Чыңгыз Айтматов кезинде бу көйгөйдү айкүрүнөн коюп, маңкурттан: «Кимдин уулусуң?, Атың ким?, Атыңды эсте?! - деп кан какшаганы бекеринен эмес да!..

 Ааламдашуу доорунда асыресе рухий-маданий иденттүүлүк маселеси айрыкча курч мүнөзгө ээ боло баштады. Бүгүнкү тарыхый жагдай-шарт замандын айныгыс парадигмасы катары ириде дал ушул глобалдашуу процессин, жана, ага жооп иретинде, цивилизациялык иденттүүлүк маселесин биринчи көйгөйгө айландырууда. XXI кылым башындагы социалдык жашоо-турмуштун негизги мазмун-маңызы, баарыдан мурда, мына ушул эки тенденциянын кайчылаш биримдиги аркылуу айкындалууда.

 Жалпыбызга маалым, түрк калктарынын мамлекет түптөө салты карт тарыхтын терең түпкүрлөрүнөн башталат. Тээ эзелки гундардын заманынан бери карай биздин даңктуу ата-бабаларыбыз тарыхта эчен бир улуу дөөлөттөрдү курап, мелмилдеген Евразия мейкининде олуттуу геосаясий роль ойноп келишкен. Азыркы түрк урпактарына арбактуу ата-бабаларыбыздын ошол даңазалуу жолун андан ары улап, глобалдык цивилизация дүйнөсүнөн бекем орун алуу жана тарыхтын жаңы талаптары менен чакырыктарына татыктуу жооп берүү милдети тагылган.

 Эзелде эле жаамы түрк дүйнөсүнүн түпкү алтын бешиги жана айтылуу Махмуд Барскани (Кашгари) менен Жусуп Баласагындын Ата-Мекени болгон касиеттүү Кыргызстан дээрлик он кылымдан кийин, үчүнчү миң жылдыктын башында байыркы түрк цивилизациясынын уюткулуу бир очогу катары кайрадан жаралып жатканы жакшы жышаан. Сөз жок, көзкарандысыздык келген алгачкы кездерде, биринчи кезекте, улуттук нарк-дөөлөттөргө көбүрөөк көңүл бурулду, башкача айтканда, биз өзүбүздүн улуттук-этностук башат-тамырларыбызга өзгөчө басым жасадык. Улуттук тарыхыбызга канчалык терең үңүлгөн сайын, өзүбүздүн жаамы түрк дүйнөсү менен болгон өзөктөш биримдигибизге, ошол биримдиктин эзелки башаты, кан ордосу экенибизге ошончолук көзүбүз жетип ынандык.

 Мына ушул жагынан алып караганда, өзүбүздүн тарыхый өтмүшүбүзгө тийиштүү «Манас» дастанынын 1000 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы, Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгы, жана ошондой эле, биздин Кыргыз Ала-Тоо Ата-Журтубузда жакында дүйнөнү дүңгүрөтө үлкөн шаң-салтанат менен өткөрүлгөн “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”сыяктуу сыймыктуу практикалык иш-чараларыбыздын мааниси өтө зор болду. Аталган иш-чаралардын алкагында масштабдуу илимий изилдөөлөр жүзөгө ашырылып, алар Ата-Журтубуздун, дегеле бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн тарыхын таанып билүү жагынан биздин билим-маалыматыбызды бир кыйла кеңейтүүгө сөзсүз мүмкүндүк берет. Бир сөз менен айтканда, тарыхты терең үңүлүп үйрөнүү улуттук рухубуз менен маданиятыбызды азыктандыруучу тээ түпкүрдөгү бүткүл түрк этностору үчүн бирдей мүнөздүү болгон өзөк тамырларды табууга өбөлгө түздү. Ошондон улам, учурдагы глобалдашуу шартында улуттук нарк-дөөлөттөрүбүздү, улут катары өзүбүздү өзүбүз тек жалпы түрк цивилизациясынын негизинде гана сактап калаарыбыз барган сайын калетсиз тастыкталууда.

Баардык тирүү организмдер, алардын катарында цивилизациялар дагы мезгил элегинен, тарых чыпкасынан өтүшөт. Маалым болгондой, качандыр бир убактарда дүңгүрөп турушкан далай цивилизациялар кезинде жүрө-жүрө тарых аренасынан жоголуп кетишкен. Азыр алардын тарых сыноосунан өткөн анча-мынчалары гана аман-эсен өмүр сүрүшүүдө. Жашоого жөндөмдүү ошондой цивилизациялардын катарында Кыргыз-түрк цивилизациясы да бар. Глобалдашуу доору башталганы, башка тирүү цивилизациялар сыяктуу эле, ал дагы тарыхтын жаңы чакырык-талаптарына кез келди. Эми Кыргыз-түрк цивилизациясынын келечеги мына ушул даркүмөн дүмөккө ал кандайча жооп беришине жараша болмокчу.

Ушу тапта Батыш да, Чыгыш да ориенталистеринин ар тараптуу изилдөөлөрү аркасында Кытай, Индия, Эллада, Византия жана Араб-мусулман цивилизациялары менен карым-катнашта Борбор Азия кыйырларында түрк цивилизациясынын түпкү негиздери кандайча калыптанганы, башкача айтканда, ошол доордун жалпы орою аныкталып такталды. Түркология жаатындагы аттуу-баштуу аалымдардын тыянагы боюнча, түрк цивилизациясынын түпкүлүктүү архетиптеринин түзүлүшү мезгили жагынан Борбор Азиянын тарых айдыңында Түрк каганаты пайда болгон кезеңге туш келет. Түрк каганаты азуусун айга кайрап, каруу күчү толуп-ташып турган кезинде Чыгышта Корея, Түштүктө Кытай, Индия, Иран, ал эми Батышта Византия жана Чыгыш Европа менен чектешип турганы маалым.

Ушул жерден айрыкча эскерте кетүүчү өтө маанилүү бир жагдай - биздин доорго чейиңки 11 кылымда Кытай тарыхчысы Сыма-Цянь тарабынан эскерилген кыргыз журту биздин замандын 11-V11 кылымдарында кытай жана башка чыгыш тарых барактарынан таптакыр жоголуп кеткени тарыхчыларга жана чыгыш таануучуларга жакшы белгилүү. Мына ушул дээрлик беш жүз жыл аралыгында кыргыздар кайда жүрүшкөн? Бүтүндөй бир уюткулуу эл-журттун аты-заты менен ушунча узак мезгил бою белгисиз болуп кетиши чындыгында да тарых үчүн өтө бир таң калыштуу жана табышмактуу сыр да! Кыргыз тарыхындагы ушул «ак тактын» табышмактуу сыр экенин айтылуу окумуштуулар Бартольд, Аристов, Бернштам, Батманов жана башкалар өз учурунда өтө өкүнүү менен белгилешип, бирок жандырмагын такыр табалышкан эмес. Көрсө, бул аралыкта биздин атактуу ата-бабаларыбыз ошо өз мезгилиндеги табигый-тарыхый жана аскерий-саясий татаал шарттардан улам, күн батышты карай улуу сапар узак жүрүшкө чыгышып, бүтүндөй европа калктарынын кийинки тарых-тагдырына таасир этип, акырында даңазалуу Рим империясын талкалаган тарыхый миссияны жүзөгө ашырышкан экен. Ушул улуу жортуулду биздин даңазалуу бабабыз Баламбер каган баштап, андан ары аны 12 кыргыз каган-сеңир мураскорлору уланткан экен. Алардын ичинен айтылуу Аттила – ордосу европада орун алган орошон гунн-кыргыз империясынын эң атактуу каганы катары дүйнөлүк тарых барактарында биздин легендарлуу бабабыз шекилинде ысымы түбөлүккө өчпөс болуп жазылып калды.

Кыргыз тарыхындагы буга чейин ачылбай келген бул чындыкты кырк жыл бою байыркы герман-гот тилиндеги тарыхый булактарды түп нускасынан тыкыр окуп изилдеген биздин окумуштуу-германист Амангелди Бекбалаев бу күндө толугу менен тастыктап, ал тууралуу илимий эмгектерин жана Аттила-кыргыз – гунн каганы жөнүндө 7 томдон турган тарыхый-көркөм романдарын орус тилинде жазып жарыялады. Бирок биздин адис тарыхчылрдын Амангелди Бекбалаев келтирген далилдерге талашсыз каршы далилдер менен жооп кайтарбай, тек гана ага карата андай болушу мүмкүн эмес, автордун жазгандары карандай калпка негизделген курулай фантазия дегендей мамиле жасап жүрүшкөнү да кишини көп ынандырбайт.

Түрк цивилизациясы менен маданиятынын Борбор Азияда андан ары телчигип, өсүп-өөрчүү этаптары орто кылымдарда Түрк, Уйгур, Кыргыз, Түргөш, Карахандар каганаттарынын, Жеке Моңгол Улус жана Тимуридтер династиясынын тарыхы менен ажырагыс байланыштуу. Жогоруда эскерилген байыркы түрк мамлекеттеринин түрк цивилизациясын тикелөөдөгү олуттуу ролу бу күндө эч талашсыз. Каганат ордосунда ойдогудай табылып өкүм сүргөн энчи-кезек бийлик системасы өз мезгилинин эң эффективдүү аскерий-башкаруу системасы болгон. Анын шарапаты аркасында мамлекеттин ички коопсуздугу гана камсыз этилбестен, ошондой эле, жаңы аймактарды басып алып өздөштүрүү иштери да ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Түптүү мамлекет түзүлүшүнүн келип чыгышы, өз кезегинде, түрк цивилизациясын кураган башка өбөлгөлөрдүн өсүп жетилишине кубаттуу түрткү берген. Алар: рун жазуусуна негизделген орток адабий тил, өсүп-өнүккөн отуруктуу дыйканчылык, дөөлөттүк бийлик жүргүзүү институту, кол өнөрчүлүк жана соода-сатык борборлорун гүлдөткөн шаар маданияты, жана ошондой эле, бүткүл түрк орток рухий маданиятын түптөгөн бирдиктүү мифологиялык дин ишеними– теңирчилик болгону белгилүү.

Ошентип, түрк элдери өз тарыхынын эргиген учурларында жаңыча түрдөгү кубаттуу аскерий-саясый институт гана түзбөстөн, аны менен биргеликте Кытай, Индия, Иран жана Византия цивилизацияларынын эң мыкты жетишкендиктерин өнө боюна сиңирген кайталаңгыс төл цивилизациясын да тикелешкен. Чыгыштагы Тынч океандан Батыштагы Адриатика деңизине чейиңки чексиз мейкинди мекендеген бүткүл түрк тайпа-журттары үчүн кийин бул оригиналдуу цивилизация алардын маданий-руханий кимдигин аныктоочу өзөктүү фактор болуп калган. Эгерде табигат менен коомдун өсүп-өөрчүшүнө ириде универсал эволюциячыл көзкараш менен серп салсак, анда азыркы ар түрлүү маданияттар жана цивилизациялар түпкүлүгү бир тамырдан өнүп чыккан деген ойго кошулабыз. Ошол эле учурда, арийне маданият дегенди цивилизациялык процесстердин түпкү негизиндеги өзөктүү маңыз, социалдык-тарыхый өнүгүүнүн духун жана багытын аныктоочу башкы рухий кудурет катары түшүнүү кажет. Ал эми бул өнүгүүнүн вектору, адамзаттын көп кылымдык тарыхый тажрыйбасы тастыктап тургандай, абал замандан эле ар кыл доор, континенттер менен калайык-калк маданияттарынын бири бирин байыткан жемиштүү карым-катнашына багытталган. Анын бир мисалы – соода-экономикалык кызматташтык кыйырларын кеңейтип, Чыгыш менен Батыштын рухий биримдигин бекемдеп, товар-мүлктөр, илим-билимдер, маданий дөөлөттөр мелмилдеген Евразия мейкиндери аркылуу тынымсыз аркы-терки агылып турган - Улуу Жибек жолу мезгили.

Белгилей кетүүчү нерсе, түрк цивилизациясынын үлүшүнө дүйнөнүн ошол эки уюлу ортосунда көпүрө болуу тарыхый миссиясы туш келген. Улуу Жибек жолу аталган дал ушул айтылуу көпүрө адамзат тарыхынын бурулуш бир учуру болгон. Ал пайда болгонго чейин Орто жер деңизи (Ак деңиз) цивилизациясы менен Ыраакы Чыгыш маданияты бири биринен обочо, өз-өзүнчө өнүгүп келишкен.

Ошону менен, адеп тороло баштаган кезинен эле, түрк цивилизациясы континенттер аралык алака-катнаштардын оожалып өсүшүнө күчтүү түрткү берген. Натыйжада, цивилизациялардын өз ара диалогу үчүн омоктуу негиз түзүлгөн. Ал азыркы учурда каршы-терши кыймыл өкүм сүргөн кан жол статусуна ээ болуп, анда Батыш менен Чыгыш арасында күкүктөп кирген өзөн-суудай күүлдөп информация дайрасы агылууда.

Ошон үчүн, эгемендикке ээ болоор замат Кыргыз Республикасынын жетекчилиги өз тышкы саясатында дароо Улуу Жибек жолун жандандыруу Доктринасын каруу катары кабыл алып, ал Бириккен улуттар Уюму жана эл аралык коомчулук тарабынан белсемдүү колдоо тапты. Улуттук мамлекеттигибизди түзүүдө, ошондой эле, экономикалык, саясий, рухий приоритеттерди аныктап тактоодо биз такай цивилизациялык негиздерге, жана алар менен бирге демократия, базар экономикасы, адам укуктары сыяктуу глобалдык нарк-дөөлөттөргө таяндык.

Андыктан, айныксыз акыйкат ушу: адамзат өнүгүүсүнүн даңгыр жолу ириде ар түркүн маданияттар менен цивилизациялардын өнөгөлүү жетишкендиктерин синтездөө аркылуу адам акылынын интеллектуалдык жаңы мүмкүнчүлүктөрүн тынымсыз өздөштүрүп, жүзөгө ашырууда жатат.

XXI кылым адамзат тарыхында ар кыл локалдык цивилизациялардын өз ара атаандашуу жана жарышуу доору болот. Ал атаандаш жарышта ким дүйнөлүк интеллектуалдык-технологиялык процесстен артта калбай, алдыга озуу менен өсүп-өнүгө алса гана - жалпы адамзат цивилизациясынан өз ордун табалат. Ал үчүн ар бир жеке цивилизация адегенде өзүн-өзү жетиштүү деңгээлде аңдап ачып, маданий-рухий көрөңгөсүн калган дүйнөгө көрсөтө билиши керек. Адам жашоосунун түпкү маани-маңызына жана келечек максатына карата болгон мундайча көзкараш акыркы убактарда көп айтылып жүргөн «цивилизациялар кагылышы» концепциясы менен «тарыхтын тамам болушу» идеологиясын караманча четке кагаары өзүнөн өзү түшүнүктүү. Тескерисинче, ал жалпы адамзаттык цивилизациялык нарк-дөөлөттөр кенчин ого бетер оожалтып көбөйтүш үчүн, эң оболу, ар бир цивилизация казынасында катылган түмөн түркүн бар байлыктын баарысын мүмкүн болушунча жадыратып гүлдөтүүнү талап этет.

Цивилизациялар диалогу идеясын илгерилетүү ишинде дүйнөлүк интеллектуалдык элитага өзгөчө роль таандык экени эч талашсыз. Себеби, адатта, көп учурда карама- каршы тараптар арасындагы кеңири форматтагы пикирлешүүлөр жана жемиштүү талкуулар негизинде гана, акыры келип, илимий акыйкат айкындалаары - аксиома. Бул болсо, өз кезегинде, ар кыл цивилизациялар менен маданияттар ортосунда жылуу маанай алака-мамилелер жана өз ара пайдалуу кызматташтык орношуна жол ачат. Ушундай үзүрлүү дискуссиянын үлкөн бир мисалы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн «Евразия XXI кылымда: маданияттар диалогубу же цивилизациялар кагылышыбы?» эл аралык форуму болду. Анын жыйынтыгы боюнча «Евразия маданияттары менен цивилизацияларынын өз ара диалогу» деген Ысык-Көл Декларациясы кабыл алынды. Учурда Борбор Азиялык жана Кавказдык түрк тилдүү жаңы эгемен мамлекеттер жаралганы – түрк цивилизациясы менен маданиятын кайрадан жандандыруу, ошондой эле, улуттук тилди, маданиятты жана руханиятты мезгил талабына ылайык күрдөөлдүү өнүктүрүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол эле убакта, Борбор Азиялык түрк элдери менен Анатолиялык түрк калкынын карым-катышына кедерги болуп келген жасалма тоскоолдор жоюлганы – ушу тапта бүткүл түрк цивилизациясына тең орток, бирдиктүү рухий мейкиндик бара-бара калыптана баштады.

Ушул айтылгандардан улам, биз түрк цивилизациясынын башка дүйнөлүк цивилизациялар арасында ээлеген орду жана ойногон ролу жөнүндө олуттуу кеп салышка толук акылуубуз. Бу жагынан алганда, түрк цивилизациясынын келип чыгышы, өсүп-өнүгүш жолунун негизги этаптары, бүгүңкү көп уюлдуу дүйнөдөгү орду жана озуйпасы сыяктуу проблемаларды талдап талкуулоо аябагандай актуалдуу. Тарыхта «Великое переселение народов» деген жараян бар. Ал биздин эрага чейинки мезгилден, керек болсо Шумер доорунан башталып, биздин замандын орто кылымдарына чейин, бери карай айтканда, Атилладан Чыңгыз каган жана Амир Темир кезеңдерине дейре улам толкун –толкун болуп уланып турган. Жана ошо замандардагы Евро-Азия геосаясий айдыңына ушул улуу көч ардайыма Алтайдан башталган. Биздин улуттук улуу дастаныбыз «Манас» эпосубузда кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшү деген эпизод анда өзгөчө өзөк болуп турганы бекеринен эмес да. Азыркы Анадолу түрктөрү да ушул улуу көчтүн соңку урпактары. Арийне, алар өздөрү жер ооп барган жакыңкы чыгышта ошо ак деңиз айланасында жашаган, кийин өздөрү каратып алган ар кайсы калктар менен аргындашуу аркылуу, ошондой эле, ошол ареалда калыптанган грек-латын жана араб-мусулман цивилизациясы менен маданиятынын таасири астында өздөрүнүн көөнө көчмөн тегин, түпкү генетикалык урук насилин жана рухун жоготуп, тескерисинче, жүрө-жүрө кайра ошолордун менталдык метис мураскорлоруна айланып калышкан. Кезинде Осман империясынын султандары бүткүл мусулман дүйнөсүнүн руханий башчысы, б.а., халифи кызматын да аркалашкан. Ошонусу менен алар өздөрүн Араб халифатынын мураскорлору катары жар салышкан. Ошондуктан, азыркы Түркия мамлекетин жана жарандарын байыркы көчмөн кыргыз-түрк цивилизациясы менен маданиятынын түздөн-түз урпактары же мураскорлору деп тастыктоо тарыхый чындыкка туура келбейт. Булар эзелки көчмөн цивилизация менен маданияттан таптакыр башка – Византия жана араб-парсы мусулман дүйнөсүнүн, ошолордун цивилизациясы менен маданиятынын өкүлдөрү жана мураскорлору.

«Манас» дастаныбыз, андагы кыргыздардын улуу көчү, азыркыча, европача айтсак, ата-бабаларыбыздын Алтайдан Ала-Тоого «одиссеясы» да ошо миңдеген жылдарга созулган улуу көчтү эске салып, аны улантып турганы биздин уңгусу терең көрөңгөлүү көчмөн цивилизациянын чыныгы ээлери жана мураскорлору экенибизди айдан ачык көрсөтөт. Анын айныксыз жана эч ким таналгыс дагы бир далили ыйык Ысык-Көлдө өткөн кыргыздардын дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду.

Айтылган ал улуу көчтүн башында абалтан гректер скифтер деп атаган, парсы булактары сактар деген, Кытайлар хунну деген, европа элдери гунндар деп аңыз кылышкан биздин көйгашка көчмөн ата-бабаларыбыз турушкан. «Великое переселение народов» деген орусча аталышты «Чыгыштан чыккан улуу көч» деп кыргызчаласак туура болоор. Буюрса, бу күндө учурдагы түрк цивилизациясы жана маданияты, анын түпкү тегинде, башында, тереңинде кимдер турган, аны кимдер түптөгөн, кимдер түзгөн, кимдер курган? - азыр да аны ким, кайсы калк сактап, андан ары карай улантып атканын, адамзат эчак жоготуп койгон эпикалык субстанция-субстрат, эпикалык мейкин жана мезгил, эпикалык дүйнө тааным, эс-тутум, экологиялык аң-сезим, натурфилософия жана жаратылыш менен жан бирге жашоо жагдайы дегендердин чыныгы ээси ким экенин айкындап ачуучу кезең келди. Ошондуктан, тарыхый чындык үчүн, бизден бир канча кылым кийин пайда болгон Түрк, Казак эмес, тарыхый булактар талашсыз тастыктап тургандай, Борбор Азиядагы эң эзелки көчмөн эл -  Кыргыз! - деп көкүрөк керип сыймыктанып турушубуз керек экенин; азыр биз түрк, казак жана башка деп жүргөндүн түбү, абалкы башат-тамыры, кылымдар түпкүрүндөгү кыртышы, түбөлүктүү улуттук уңгусу, азыркыча философия тили менен айтсак, субстанция-субстраты - улуу Кыргыз феномени чындыгы тууралуу чыныгы билим-маалыматтар менен качандыр бир бүткүл дүйнө жүзү кабардар болуп, даңазасы далайга таркачу күндөр да алыс эместир деп Көкө Теңирден тилейм! Ошон үчүн, Түрк цивилизациясы жана маданияты деген түшүнүккө «Кыргыз» деген ыйык ысым-атоону ар дайыма баш тамга кылып айтканды жана жазганды жадыбалдай жадыӊарга жаттагыла деп баарыңыздарга кайрылам!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

11-01-2022
Цивилизация жана табигат эстетикасы
496

30-12-2021
Ааламдашуу жараяны жана Кыргыз-Түрк цивилизациясы
1517

17-12-2021
Султан Раевдин «Кашаба» повести тууралуу
1044

10-12-2021
Ко дню рождения Чингиза Айтматова. Женщина мать – родимая Земли
854

30-11-2021
Султан Раевдин адам-аалам модели жана жан жазасы (идея, модель, образ)
1056

13-05-2021
Кыргызстан азыркы геосаясат кырдаалында
1774

08-02-2021
Күн тууду (С.Жигитовдун «Ит атаар» икаясы жөнүндө итабар сөз)
3499

11-12-2020
Ч.Айтматовдун апокалиптикасы
5991

10-12-2020
Феномен Чингиза Айтматова
8385

11-12-2018
Когда падают горы (Вечная невеста)
7512

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×