Добавить свою статью
28 Октября 2022
КАЙРЫЛУУ

КАЙРЫЛУУ

6 октябрь 2022 жыл

Кыргыз Республикасынын президенти C.Н.Жапаровго, Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Н.Т.Шакиевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Дж. К.Исаевага, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ар бирине, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары менен комитеттеринин ар бирине, Кыргыз Республикасынын президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытовго, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Б.О.Мажитовго.

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Акылбек Усенбекович!

Урматтуу Нурланбек Тургунбекович!

Урматтуу Джамиля Кубанычбековна!

Урматтуу Улан Бердибаевич!

Урматтуу Нурбек Омурбекович!

Урматтуу Алмасбек Ахунжанович!

Урматтуу Бакытбек Омурзакович!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаттары!

Урматтуу VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары менен комитеттеринин Төрагалары!

Бул расмий сунуш менен расмий кайрылууну Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык карап чыгып Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алып берүүңүздөрдү суранабыз!

Анткени бул расмий сунуш менен расмий кайрылуунун миң деген жылдарда бир жолу болуучу тарыхый мааниси бар жана бул сунуш мамлекетибиз менен мамлекетибиздин элине, ар бир жараныбызга, баарыбызга бирдей жакшылыктарды алып келет жана элге бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдик менен түбөлүк күчтүү ынтымак алып келүүсү менен бирге мамлекетибиздин бийик өнүгүүсүнө жол ачат жана ар дайым бийик өнүгүүсүнүн түбөлүк фундаменти болуп берет!

Урматтуу мекендештер!

Дүйнө жүзүндө Бириккен Улуттар Уюмунда (ООНдо) мүчө мамлекеттер өздөрүнүн ар кандай негиздери жана максаттары менен өздөрүнүн расмий аталыштарын жаңыча расмий аталыштарга өзгөртүшөт.

2022 жылы Түркия Республикасы эл аралык атылышын өзгөрттү, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркия Республикасынын аталышын өзгөртүү өлкөнүн эл аралык кадыр – баркын жогорулатууга багытталган – деп түшүндүргөн.

2020 жылы Голландия мамлекети Нидерланды болуп, 2019 жылы Македония Республикасы мамлекети Түндүк Македония Республикасы болуп жаңыча расмий аталып калышты.

Мамлекетке жаңыча аталышты берүү аз эле каражатты талап кылат! Анткени мамлекетте мурун берилген бардык документтер күчүндө калат, ал эми мамлекет жаңыча аталгандан кийин мамлекеттеги бардык документтер жаңыча аталыш менен эле бериле баштайт!

Урматтуу мекендештер!

Мамлекетибиз Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан деп аталыштын ордуна, мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп тез арада жаңыча аталышы керек!

Мындай болбой, дагы бир аз убакыт кечиксек, жакынкы келечекте мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучтары пайда болушу мүмкүн!

Кыргыз бар кезде Манас бар! Манас бар кезде Кыргыз бар!

Башкача айтканда, мындай болбой, дагы бир аз убакыт кечиксек, жакынкы келечекте: Манас болбосо Кыргыз болбойт, Кыргыз болбосо Манас болбойт! – деген ушул так айтылган эскертүүдөй болуп калышы мүмкүн!

Ар бирибиз билгендей мамлекетибиз менен элибиздин акыркы 31 жылдагы оорлошкон турмушу мындай коркунучтардын жакындап келе жатканын ташка тамга баскандай далилдей баштады.

Мындай коркунучтарга 2021 жылдын Ыйык Орозо айында, быйыл жакында эле 2022 жылдын сентябрь айында болгон мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар мисал боло алат.

Урматтуу мекендештер!

Улуу Манас ата миң деген жылдар мурун алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн, кыргыз эли менен Ала – Тоо жерин ыйык коргоп, бек сактап жана бийик өнүктүргөн, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, баа жеткис баалуулуктары менен осуяттарын калтырып кеткен!

Улуу Манас ата биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону осуят кылган!

Улуу Манас ата алдын ала алысты көрө билген кыраан жана деңиздей терең акылы, айкөлдүгү, кыраакылыгы, кайрат – күч деми жетекчилиги жана калтырып кеткен баалуулуктары жана осуяттары менен элибиз менен жер – суубуз сансыз кылымдар бою дүйнө жүзүндө сакталып жана өнүгүп, эркин мамлекет, эгемен эл болуп жашап жатабыз!

Урматтуу мекендештер!

Кудай буйруп, элибизге Кудай берген миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс элибиздин эки улуу сөзү бар, алар бул улуу сөздөр: Кыргыз менен Манас – деген эки улуу сөз!

Кудай элибизди колдойт!

Анткени Кудай дүйнө жүзүндө бир гана биздин элибизге миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүн берген!

Ошондуктан, миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүндө чындык менен эрдик бар жана касиеттүү күч бар!

Улуу Манас атанын ысымы миң деген жылдар бою эл биримдигинин борбору жана күчтүү символу, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдигинин, эл ынтымагынын борбору жана күчтүү символу, сансыз кылымдардан бери азыркы күндөргө чейин элди бириктирип турган жана бириктирип турат!

Улуу Манас атанын ысымы дүйнөгө атагы Ала – Тоодой бийик чыккан, дүйнөдө бийик даңктуу, кадыр-барктуу жана даңктуу абройлуу!

Айкөл Манас атанын ысымы элибизде жана дүйнө жүзүндө бийик турат!

Улуу Манас атанын ысымы дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин эл аралык борбору болгон Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) ЮНЕСКОсунда расмий түрдө катталган!

Баатыр Манас атанын ысымы адамзатынын тарыхында болгон дүйнө жүзүндө эң даңктуу, эң кадыр-барктуу жана эң даңктуу абройлуу өз элин жетектеп элинин мамлекеттүүлүгүн түзгөн адамдардын ысымдарынын катарына кирет.

Элибиз дүйнө жүзүндө дүйнөнүн башка элдеринин арасында улуу Манас ата менен салттуу эл, бактылуу эл жана белгилүү даңктуу эл!

Улуу Манас атанын эстеликтери биздин мамлекетибизде – Кыргыз Республикасында, Россия Федерциясында, Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында, Америка Кошмо Штаттарында жана дүйнөнүн башка жерлеринде орнотулган!

2021 жылдын 11 – апрелинде кабыл алынган мамлекетибиздин Конституциясында улуу Манас атабыз жөнүндө мындай деп жазылып турат:

... Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап; … ушул Конституцияны кабыл алабыз – деп жазылып турат!

Ал эми, мамлекетибиздин аталышы боюнча мамлекетибиздин Конституциясында мындай деп жазылып турат: Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан – деп мамлекетибиздин толук жана кыскартылган аталышы жазылып турат!

Бирок, тилекке каршы мамлекетибиздин Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан деп аталышында Кудай буйруп элибизге Кудай берген миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүнүн бирөөсү эле бар болуп турат, Кыргыз – деген улуу сөзү эле бар болуп турат! Ал эми Манас – деген улуу сөзү – алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн улуу Манас атанын ысымы мамлекетибиздин аталышында жок бойдон турат!

Бүркүт кош канаты менен учат!

Мамлекетибиздин Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан деп аталышында миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Кыргыз менен Манас – деген элибиздин эки улуу сөзүнүн Кыргыз деген улуу сөзү эле бар болуп, ал эми Манас – деген улуу сөзү – алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн улуу Манас атанын ысымы мамлекетибиздин аталышында жок болуп жетишпей турат! Мамлекетибиздин аталышынынын бул тарыхый жетишпегендиги тез арада оңдолдушу керек!

Ошондуктан Кудай буйруп элибизге Кудай берген Манас менен Кыргыз – деген чындыгы менен эрдиги бар жана касиеттүү күчү бар элибиздин эки улуу сөзүнүн экөөбү тең мамлекетибиздин аталышында сөзсүз түрдө болушу керек! Анткени, бири биринен түбөлүк ажырагыс Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүн Кудай буйруп, элибизге Кудай берген!

Манас Кыргыз Республикасы менен бирге жазылып бирге айтылганда, Кыргыз Республикасы бүткүл дүйнөдө түздөн – түз сансыз кылым тарыхы бар, чындык менен эрдиктин мекени жана белгилүү даңктуу мамлекет!

Ошондуктан мамлекетибиз Кыргыз Республикасы деп аталыштын ордуна, мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы деп тез арада жаңыча аталышы керек!

Манас – Кыргыз Республикасы деп мамлекетибиздин жаңыча аталышынын жазылышы: Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргыз Республикасы деп жазылат.

Манас Кыргызстан менен бирге жазылып бирге айтылганда, Кыргызстан бүткүл дүйнөдө түздөн – түз ак кардай таза, Ала – Тоодой чоң ырысы бар, чындыгы бар, акыйкаты бар, адилеттүүлүгү менен теңдиги бар – алтындай жаркыраган келечеги бар белгилүү даңктуу мамлекет жана дүйнө жүзүндө эң бийик өнүгө турган мамлекеттердин бири!

Ошондуктан мамлекетибиз Кыргызстан деп аталыштын ордуна, мамлекетибиз Манас – Кыргызстан деп тез арада жаңыча аталышы керек!

Манас – Кыргызстан деп мамлекетибиздин жаңыча аталышынын жазылышы: Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргызстан деп жазылат.

Манас Кыргыз Республикасы менен бирге жазылып бирге айтылганда жана Манас Кыргызстан менен бирге жазылып бирге айтылганда, мамлекетибиздин эли бүткүл дүйнөдө түздөн – түз сансыз кылым тарыхы бар чындык менен эрдиктин эли жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдиги менен түбөлүк күчтүү ынтымагы бар белгилүү даңктуу эл!

Мамлекетибиз Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан деп аталыштын ордуна, мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп жаңыча аталышы – ар бир жараныбызга, ар бирибизге, баарыбызга бирдей жакшылык алып келет, анткени алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн улуу Манас атанын ысымы айланасында баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдик менен түбөлүк күчтүү ынтымакта болобуз!

Мамлекетибиздин көп улуттуу эли улуу Манас атанын ысымы айланасында биригип бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдик менен түбөлүк күчтүү ынтымакта болот!

Баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдик менен түбөлүк күчтүү ынтымакта болобуз!

Чыныгы күчтүү биримдик менен чыныгы күчтүү ынтымак башталат!

Мамлекетибиздин эли, ар бир жараныбыз, баарыбыз көп жылдап күткөн жакшылык менен заманбап өнүгүү башталат! Мамлекетибиз менен мамлекетибиздин эли күчтүү өнүгүү менен бай жашоого тарыхый старт алат!

Мамлекетибиз менен мамлекетибиздин эли заманбап, ылдам жана бийик өнүгүү жолуна түшөт – заманбап, ылдам жана бийик өнүгөт!

Мамлекетибиз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган күчтүү биримдиктүү жана күчтүү ынтымактуу эли бар, алтындай жаркыраган келечеги бар, дүйнө жүзүндө өнөр – жай, айыл – чарба, туризм жана башка тармактары эң бийик өнүккөн, заманбап завод – фабрикалар курулган мамлекеттердин бири болот! Элдин бай жашоосу башталат!

Атанын негизги орду ар дайым – жогорку төрдө!

Улуу Манас атанын ысымынын орду райондун аталышында эле эмес, мисалы Талас областынын Манас районунун аталышында эле эмес, же шаардын, же областтын, же университеттин, же аэропорттун аталышында эле эмес, мисалы «Манас» аэропортунун аталышында эле эмес, так айтканда улуу Манас атанын ысымынын негизги орду – эң жогорку төрдө – мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде!

Анткени, дүйнөдө эң өнүккөн мамлекеттерде ушундай, мисалы: Сауд Арабия Падышачылыгы мамлекетинин аталышына Аль Сауддун ысымы кошулган же Америка Кошмо Штаттары мамлекетинин аталышына Америго Веспуччинин ысымы кошулган, ал эми биздин мамлекетибиздин Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп сунушталган жаңыча аталышында улуу Манас атанын ысымы кошулган болот.

Сауд Арабия Падышачылыгы же Америка Кошмо Штаттары жана биздин мамлекетибиздин Манас – Кыргыз Республикасы деп сунушталган жаңыча толук аталыштары 3 сөздөн турат, Сауд Арабия же Кошмо Штаттары жана биздин мамлекетибиздин Манас – Кыргызстан деп сунушталган жаңыча кыскартылган аталыштары 2 сөздөн турат.

Мамлекетибиздин сунушталган жаңыча аталышы Бириккен Улуттар Уюмунда (ООНдо) мүчө мамлекеттердин аталыштарынын эл аралык стандартына толук жооп берет жана эң туура келет, мамлекеттердин аталыштарында ысымдын бардыгы боюнча дагы, мамлекеттердин толук жана кыскартылган аталыштарында сөздөрдүн сандары боюнча дагы толук жооп берет жана эң туура келет!

Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүнүн экөөбү тең мамлекетибиздин аталышында болушу – Кудайга жаккан жана улуу Манас атанын арбагы дагы ыраазы болгон элдин урматы менен тарыхый ыраазычылыгы болот! Анткени, бири биринен түбөлүк ажырагыс Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүн Кудай буйруп, элибизге Кудай берген!

Улуу Манас атанын ысымы мамлекетибиздин аталышына кошулуп, мамлекетибиздин аталышын толукташы – бул миң деген жылдарда мамлекетибиз менен элибизге бир жолу келүүчү Ала – Тоодой чоң дөөлөт!

Мамлекетибизге түбөлүк туура аталышты берүүгө толук, кең максаттуу жана тарыхый негиздер бар, ошондой эле расмий улуу тарыхый саясий сунуш менен демилге бар.

Мен Айтикеев Акбаралы 2005 жана 2011 жылдары президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер, Эл аралык инженердик Академиясынын академиги (Москва шаары, Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын эли менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жана алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн улуу Манас атанын урматы үчүн миң деген жылдардан бери азыркы убакытка чейин, так айтканда алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн бери элибиздин тарыхында биринчи жолу мамлекетибиз менен мамлекетибиздин элине, жарандарыбыздын ар бирине эл аралык деңгээлде даңкына даңк, кадыр-баркына кадыр-барк, аброюна аброй кошуучу жана даңктуу аброй алып келүүчү, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдигин бекемдөөчү, эл биримдигин түбөлүк бекемдөөчү, мамлекетибиздин бүтүндүгүн түбөлүк сактоочу, элибиздин патриоттук сезимин бийик көтөрүүчү, мамлекеттүүлүктү түбөлүк бекемдөөчү тарыхый сунушум менен 26 – май 2010 – жылы расмий чыгып, ошол убактагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө кыргыз мамлекетинин Кыргыз Республикасы деп аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуп, мамлекетибиздин аталышы өзгөртүлбөй – улуу Манас атанын ысымын кошуу менен толукталып,

мамлекетибиз жаңыча:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргыз Республикасы

орус тилинде: Кыргызская Республика – Манас

англис тилинде: The Kyrgyz Republic – Manas

деп аталышы керек – деп, 26 май 2010 жылы мамлекетибиздин жаңыча аталышын расмий сунуштагам.

Автор жана демилгечи катары, мен кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча өзүмдүн ушул расмий сунушум менен кайрылуумду ошол убакыттагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жөнөткөм жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаевага, Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) Башкы катчысы Пан Ги Мунга, Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевге, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага да сунуш боюнча маалымат жөнөтүлгөн эле.

2010 жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити «Кыргыз Туусу» №47 (23435) 25 июнь 2010 жылы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити «Эркин Тоо» №1865 (55) 22 июнь 2010 жылы, коомдук – маалыматтык гезит «Нур» (Москва шаары, Россия) №8 (9) 26 май 2010 жылы, Азаттык Үналгысы 25 июнь 2010 жылы, Акипресс маалыматтык агентствосу 11 июнь 2010 жылы жана башка массалык маалымат каражаттары жогоруда айтылган менин кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча расмий тарыхый сунушум менен демилгемди кеңири жарыялашып ошол убактагы мамлекеттик бийлик органдарына жана элге билдирип жазып чыгышкан.

2020 жылы жогоруда айтылган 10 жылдан ашык убакыт мурун 26 май 2010 жылы берген ушул тарыхый расмий сунушумду – мамлекетибиздин Кыргыз Республикасы деген аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуп, мамлекетибиз жаңыча:

толук аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргыз Республикасы

орус тилинде: Кыргызская Республика – Манас

англис тилинде: The Kyrgyz Republic – Manas

кыскартылган аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргызстан

орус тилинде: Манас – Кыргызстан

англис тилинде: Manas – Kyrgyzstan

болуп аталсын деп 27 ноябрь 2020 жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Т. Мамытовго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун Жарлыгы менен 20 ноябрь 2020 жылы түзүлгөн Конституциялык кеңешмеге расмий сунуштадым.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити «Эркин Тоо» №99 (3171), 4  декабрь 2020 жылы:

Мамлекетибиз жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы болуп аталсын

«Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын төрагасы, Москвадагы Эл аралык инженердик Академиясынын академиги, 2005 жана 2011 – жылдары өткөн шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер Акбаралы Айтикеев мамлекетибиздин азыркы Кыргыз Республикасы деген аталышына Манас ысымы кошулуп, жаңыча Манас – Кыргыз Республикасы деп аталышын сунуш кылууда.

Кыргыз Республикасынын улуттук тун гезити «Кыргыз Туусу» №87 (24484), 29 декабрь 2020 жылы:

Конституциялык кеңешмеде мамлекетибизди Манас – Кыргыз Республикасы деп атоо боюнча сунуш карала баштады.

Отурумда демилгечи жана ушул расмий сунуштун автору Акбаралы Айтикеев мамлекетибиздин жаңыча аталышынын негиздери жөнүндө айтып берди.

Андан кийин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Казыбек Шайымбетов сөз сүйлөп А. Айтикеевдин сунушун колдой турганын айтты, колдоо башка мүчөлөрдөн дагы айтылды.

Бул тарыхый алга жылыштарды жогоруда келтирилген «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу» гезиттери жана башка массалык маалымат каражаттары, интернет маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Негизинен бул расмий тарыхый саясий сунушту жалпы элдин добушуна коюу алдыда!

Анткени миң деген жылдардан бери азыркы убакытка чейин, так айтканда алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн бери азыркы убакытка чейин кыргыз мамлекетинин аталышына улуу Манас атанын ысымын кошуу керек – деп мамлекетибиз менен эл үчүн берилген бул тарыхый сунуш – миң деген жылдардан бери элибиздин тарыхында улуу Манас ата менен кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө – биринчи улуу тарыхый саясий сунуш!

Улуу тарыхый саясий сунушту атайын дайындалган тарыхый референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) жалпы эл гана добуш берип чечет!

Ошондуктан улуу тарыхый саясий сунуш боюнча атайын тарыхый референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындалышы керек!

17 май 2021 жылы мамлекеттик тилде – кыргыз тилинде жана 15 март 2022 жылы расмий тилде – орус тилинде мамлекетибиздин жаңыча аталышы боюнча берген тарыхый сунушумдун негизин толук баяндап жазып Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго расмий түрдө кайрылдым.

Ал кайрылуумда:

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Жогоруда айтылган улуу тарыхый саясий сунушту Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан кабыл алуу үчүн киргизиле турган суроо кылып, кыргыз мамлекети жаңыча:

толук аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргыз Республикасы

орус тилинде: Кыргызская Республика – Манас

англис тилинде: The Kyrgyz Republic – Manas

кыскартылган аталышы:

кыргыз тилинде: Манас – Кыргызстан

орус тилинде: Манас – Кыргызстан

англис тилинде: Manas – Kyrgyzstan деп аталсынбы?

– деген суроо менен (добуш берүү бюллетенинде жооп: “Ооба” же “Жок”) деген жооптор менен.

Кыргыз Республикасынын жарандары референдумда добуш берүү үчүн атайын тарыхый референдум дайындалышына Кыргыз Республикасынын Президенти катары да, Кыргыз Республикасынын жараны катары да жардам берүүңүздү суранабыз! – деп кайрылдым.

Кайрылуума Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Админстрациясынан ыраазычылык айтылган жооп келди, ал жоопто:

Кайрылууңуздагы кыргыз өлкөсүнүн биримдигин, улуттук өзүн – өзү таануусун өркүндөтүүгө багытталган пикириңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз – деп ыраазычылык жазылган жооп келген!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун улуу Манас атанын урматы жөнүндө Жарлыктары жана урматтуу Садыр Нургожоевичтин 19 сентябрь 2022 жылы элге кайрылуусунда, 26 сентябрь 2022 жылы «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый – мемориалдык комплексинде сүйлөгөн сөзүндө улуу Манас атаны даңктап айткан бул сөздөрү:

«Манас атабыздын каны каныбыз менен бирге айланып турганда, биздин элдин бул наркын эч ким буза албайт!;

Ынтымагыбыз чыңдалып, биримдигибиз бекемделе берсин! Кан Манастын тукумубуз деген демибиз өчпөсүн!;

Айкөл Манас атабыз, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган!»

– жогоруда айтылган урматтуу Садыр Нургожоевичтин сөздөрү күтүлгөн чоң асыл үмүттү жаратты жана жогоруда айтылган 10 жылдан ашык убакыт мурун мамлекетибиз Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан деп аталыштын ордуна, мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп жаңыча аталышы керек! – деп берген расмий сунушумду урматтуу Садыр Нургожоевич колдоп берет жана Кыргыз Республикасынын жарандары референдумда добуш берүү үчүн атайын тарыхый референдум дайындалышына Кыргыз Республикасынын Президенти катары да, Кыргыз Республикасынын жараны катары да жардам берет деген чоң асыл ойдобуз!

Мамлекетибиздин жаңыча аталышы боюнча сунушумдун негизи толук баяндалып Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго 17 май 2021 жылы кыргыз тилинде жазылган кайрылуум мамлекеттик гезит «Кыргыз Туусу» гезитинин № 44 (24528) 18 июнь 2021 жылы чыккан санында жана башка массалык маалымат каражаттарында толук жарыяланган. Ошондой эле 15 март 2022 жылы орус тилинде жазылган кайрылуум массалык маалымат каражаттарында толук жарыяланган.

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде мамлекетибиздин сунушталган жаңыча толук жана кыскартылган аталышынын жазылышы:

Кыргыз тилинде: мамлекетибиздин Манас – Кыргыз Республикасы деп жаңыча толук аталышынын жазылышы: Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргыз Республикасы деп жазылат, ал эми, Манас – Кыргызстан деп жаңыча кыскартылган аталышынын жазылышы: Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргызстан деп жазылат.

Орус тилинде:

мамлекетибиздин Кыргызская Республика – Манас деп жаңыча толук аталышынын жазылышы: Кыргызская Республика деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Манас деп жазылат, ал эми, Манас – Кыргызстан деп жаңыча кыскартылган аталышынын жазылышы: Манас деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Кыргызстан деп жазылат.

Англис тилинде: мамлекетибиздин The Kyrgyz Republic – Manas деп жаңыча толук аталышынын жазылышы: The Kyrgyz Republic деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Manas деп жазылат, ал эми, Manas – Kyrgyzstan деп жаңыча кыскартылган аталышынын жазылышы: Manas деп жазылгандан кийин тире белгиси коюлуп Kyrgyzstan деп жазылат.

Кыргыз, орус, англис тилдеринде жана дүйнөнүн башка элдеринин тилдеринде мамлекетибиздин сунушталган жаңыча аталышы, мамлекетибиздин азыркы аталышынан кооз жазылат, кооз көрүнөт, айтылыштары да кооз айтылат, угулуштары да уккулуктуу, даңктуу угулат жана мамлекетибиздин жаңыча аталышын адамдар окуганда, жазганда, рекламалардан көргөндө же укканда алардын эсинде тез сакталат жана көп убакыт бою эсинде калат!

ID (АйДи) карт – ички паспорттордо жана чет өлкөлөрдө колдонуучу – жалпы жарандык паспорттордо жазылуучу жарандарыбыздын жарандыгынын жазылыштарынын мамлекетибиздин сунушталган жаңыча аталышы боюнча жана азыркы аталышындагы жазылыштарын салыштырылуусу:

1 – биринчи:

ID (АйДи) карт – ички паспортторубузда жарандыгыбыз:

Жарандыгы: Манас – Кыргыз Республикасы деп же Кыргыз Республикасы деп жазылып турганы даңктуу жана кадыр – барктуубу?

Албетте ID (АйДи) карт – ички паспортторубузда жарандыгыбыз:

Жарандыгы: Манас – Кыргыз Республикасы деп жазылып турганы даңктуу жана кадыр – барктуу, анткени кооз жазылат, кооз көрүнөт, айтылыштары да кооз айтылат, угулуштары да уккулуктуу, кадыр – барктуу жана даңктуу угулат! Албетте бул жазылыш эң сонун жагат!

2 – экинчи:

Орус тилинде Жарандыгы – Гражданство: Кыргызская Республика – Манас деп же Кыргызская Республика деп жазылып турганы даңктуу жана кадыр – барктуубу?

Албетте жарандыгыбыз – орус тилинде:

Гражданство: Кыргызская Республика – Манас деп жазылып турганы даңктуу жана кадыр – барктуу, анткени кооз жазылат, кооз көрүнөт, айтылыштары да кооз айтылат, угулуштары да уккулуктуу, кадыр – барктуу жана даңктуу угулат! Албетте бул жазылыш эң сонун жагат!

3 – үчүнчү:

Чет өлкөлөрдө колдонуучу – жалпы жарандык паспортторубузда Жарандыгыбыз:

Англис тилинде Жарандыгы – Citizenship:

Kyrgyz Republic – Manas деп же Kyrgyz Republic деп жазылып турганы даңктуу жана кадыр – барктуубу?

Албетте чет өлкөлөрдө колдонуучу – жалпы жарандык паспортторубузда жарандыгыбыз – англис тилинде:

Citizenship: Kyrgyz Republic – Manas деп жазылып турганы даңктуу жана кадыр – барктуу, анткени кооз жазылат, кооз көрүнөт, айтылыштары да кооз айтылат, угулуштары да уккулуктуу, кадыр – барктуу жана даңктуу угулат! Албетте бул жазылыш эң сонун жагат!

Кыргыз, орус, англис тилдеринде жана дүйнөнүн башка элдеринин тилдеринде жарандарыбыздын жарандыгы мамлекетибиздин сунушталган жаңыча аталышында, мамлекетибиздин азыркы аталышындагысынан кооз жазылат, кооз көрүнөт, айтылыштары да кооз айтылат, угулуштары да уккулуктуу жана даңктуу угулат!

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп жаңыча аталар замат:

Улуу Манас атанын ысымы Кыргыз Республикасы деп мамлекетибиздин азыркы аталышы менен ар дайым кошо жазылып, ар дайым кошо айтылып:

мамлекетибиз Бириккен Улуттар Уюмунда (ООНдо), дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде, дүйнөдөгү бардык элдер арасында, дүйнөдөгү бардык адамдардын арасында даңктуу жаңырып – улуу Манас атанын ысымы кыргыз мамлекети менен элибиздин даңкына даңк кошуп бүт дүйнөгө даңктуу жар салып турат!

Эл аралык деңгээлде мамлекетибиз менен мамлекетибиздин элинин даңкына даңк кошот, кадыр-баркына кадыр-барк кошот, аброюна аброй кошот жана эл аралык деңгээлде мамлекетибиз менен элибизге, баарыбызга, жарандарыбыздын ар бирине бирдей жакшылык менен даңктуу аброй алып келет!

Мамлекетибиз дүйнөдөгү эң белгилүү, миң жылдаган даңктуу тарыхы менен эли бар, дүйнөдөгү келечеги кең мамлекеттердин бири болот!

Анткени ошол замат дүйнө жүзүнүн мамлекеттери менен элдеринин арасында биздин мамлекетибиз менен элибиз – миң жылдап басып өткөн тарыхый жолу бар, барктуу, даңктуу жана түбөлүк кең келечеги бар мамлекет менен эл экенибиз дүйнө жүзүнө так көрсөтүлгөн болот!

Улуу Манас атанын ысымы кыргыз мамлекетинин сансыз кылым басып өткөн тарыхый жолун түздөн – түз билдирип айтып турат, алгачкы кыргыз мамлекетинин миң деген жылдар мурун түзүлгөндүгү менен элибиз сансыз кылым карыткан улуу эл экендиги жөнүндө жана мамлекетибиз менен элибиздин миң жылдап басып өткөн тарыхый жолу бар, барктуу, даңктуу жана түбөлүк кең келечеги бар – мамлекет менен эл экенибиз жөнүндө түздөн – түз жар салгандай айтып турат!

Заманбап тил менен айтканда, миң деген жылдардан бери азыркы убакытка чейин, так айтканда алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөндөн бери мамлекетибиз менен элибиз эл аралык маркетингде Ала – Тоодой бийик, ак кардай таза, алтындай баалуу түбөлүк супер ребрендинг болот!

Анткени улуу Манас атанын ысымы эл аралык деңгээлде бийик даңктуу, кадыр-барктуу жана даңктуу абройлуу ысым жана көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдигинин, эл ынтымагынын борбору жана күчтүү символу, Бириккен Улуттар Уюмунун (ООНдун) ЮНЕСКОсунда расмий түрдө катталган, адамзатынын тарыхында болгон дүйнөдө эң даңктуу, эң кадыр-барктуу жана эң даңктуу абройлуу өз элин жетектеп элинин мамлекеттүүлүгүн түзгөн адамдардын ысымдарынын катарына кирет!

Жарандык паспортторубузду жаныбызда алып жүргөндүктөн, ар дайым паспортторубузду колубузга алып көрсөткөндө ар дайым мамлекетибиз сансыз кылым карыткан кыргыз эли түптөгөн мамлекет экени дүйнөдөгү бардык адамдар менен бардык мамлекеттерге билинип турат жана ушундай мамлекеттин жарандары экенибиз дагы билинип турат.

Бул ар бирибиз үчүн эң чоң сыймык жана ар бирибизге дүйнөдөгү бардык адамдар менен бардык мамлекеттерде мамлекетибизге урмат!

Жана ар бирибизге жарандык паспортторубуз улуу Манас атадай баатыр, эли менен жерин сүйгөн, биримдикте болгон патроиот болушубуз керектигин ар дайым эстетип турат!

Адатта жарандарыбыз жарандык паспортторун жандарында алып жүрүшкөндүктөн, Манас – Кыргыз Республикасынын ар бир жаранында, анын жанында баатыр Манас ата жүргөндөй сезим пайда болот, руху менен патриотттук сезими бийик көтөрүлөт, көп улуттуу мамлекетибиздин эл биримдиги менен эл ынтымагы улуу Манас атанын ысымы айланасында түбөлүк бекемделет!

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп жаңыча аталар замат:

элдин биримдиги улуу Манас атанын ысымынын айланасында күчтүү жана түбөлүк бекемделүү жолуна түшөт, анткени айкөл Манас атанын ысымы сансыз кылымдар бою эл биримдигинин борбору жана түбөлүк бекем фундаменти болгон, болуп турат жана түбөлүк болот!

Жыйынтыктап айтканда жогоруда айтылган улуу тарыхый саясий сунуш боюнча тарыхый референдумду атайын дайындап эл менен мамлекеттик бийликтин колдоосуу менен кыргыз мамлекетинин жаңыча расмий түбөлүк туура аталышына убакыт келди!

Кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча жогоруда айтылган расмий тарыхый саясий сунушту элибиз менен мамлекетибиз тарабынан бир добуштан расмий колдоого алынышы керек!

Эртеби кечпи баары бир боло турган тарыхый референдумда эл менен мамлекеттик бийликтин колдоосуу менен мамлекетибиздин Конституциясына өзгөртүү киргизилип кыргыз мамлекетинин жаңыча расмий түбөлүк туура аталышына ар бирибиз салым кошушубуз керек, убакыт келди!

Мамлекетибиздин Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп жаңыча аталышы ар бир жараныбызга, ар бирибизге, баарыбызга бирдей жакшылык алып келет, анткени алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн улуу Манас атанын ысымы айланасында баарыбыз түбөлүк күчтүү биримдик менен түбөлүк күчтүү ынтымакта болобуз!

Ырыс алды – ынтымак!

Түбөлүк күчтүү биримдик менен түбөлүк күчтүү ынтымак бар жерде: Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп мамлекетибиздин жаңыча аталышында ак кардай таза Ала – Тоодой чоң ырыс бар!

Чындыгы менен акыйкаты бар, адилеттүүлүгү менен теңдиги бар – алтындай жаркыраган келечекке жол ачылат!

Анткени, Кудай буйруп, элибизге Кудай берген миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүндө чындык менен эрдик бар жана касиеттүү күч бар!

Урматтуу мекендештер!

Мамлекетибиз Кыргыз Республикасы жана Кыргызстан деп аталыштын ордуна, мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп тез арада жаңыча аталышы керек!

Тез арада ушундай болушу керек, анткени эл кооптуу жагдайларды эске алып ушул тарапта! Эч ким деле каршы эмес!

Анткени,

1 – биринчиден:

Кудай буйруп, элибизге Кудай берген миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Кыргыз менен Манас – деген элибиздин эки улуу сөзүнө ким каршы болмок эле? Эч ким деле каршы эмес!

Кудайдан коркпогон киши эле каршы болбосо, эч ким каршы эмес!

2 – экинчиден:

Мамлекетибиздин Конституциясында жазылып турган Манас менен Кыргыз Республикасынын элине ким каршы болмок эле? Эч ким деле каршы эмес!

Кудайдан да коркпогон, мамлекеттик бийликтен да коркпогон киши эле каршы болбосо, эч ким каршы эмес!

3 – үчүнчүдөн:

Мамлекетибиз менен мамлекетибиздин элинин бардык жакшылыктарына, кыскача айтканда элдин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдик менен түбөлүк күчтүү ынтымакта болушуна ким каршы болмок эле? Эч ким деле каршы эмес!

Кудайдан да коркпогон, элден да коркпогон, мамлекеттик бийликтен да коркпогон, элдин түбөлүк күчтүү биримдиги менен түбөлүк күчтүү ынтымагы болбосун деген эле – эл душманы менен мамлекет душманы болом деген киши эле каршы болбосо, эч ким каршы эмес!

Кудай буйруп, элибизге Кудай берген миң деген жылдар бою кош канаттай болуп кошо айтылган жана бири биринен түбөлүк ажырагыс Манас менен Кыргыз – деген элибиздин эки улуу сөзүндө чындык менен эрдик бар жана касиеттүү күч бар!

Ошондуктан Манас менен Кыргыз Республикасынын элинде чындык менен эрдик бар жана касиеттүү күч бар!

Ырыс алды – ынтымак!

Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп мамлекетибиздин жаңыча аталышында мамлекетибиздин элинин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдиги менен түбөлүк күчтүү ынтымагы бар, ак кардай таза Ала – Тоодой чоң ырысы бар!

Анткени, улуу Манас атанын ысымы мамлекетибиздин аталышына кошулуп, мамлекетибиздин аталышын толукташы – бул миң деген жылдарда мамлекетибиз менен мамлекетибиздин элине бир жолу келүүчү Ала – Тоодой чоң дөөлөт!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Акылбек Усенбекович!

Урматтуу Нурланбек Тургунбекович!

Урматтуу Джамиля Кубанычбековна!

Урматтуу Улан Бердибаевич!

Урматтуу Нурбек Омурбекович!

Урматтуу Алмасбек Ахунжанович!

Урматтуу Бакытбек Омурзакович!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаттары!

Урматтуу VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары менен комитеттеринин Төрагалары!

Мамлекетибиз Манас – Кыргыз Республикасы жана Манас – Кыргызстан деп тез арада жаңыча аталышы үчүн, Кыргыз Республикасынын эли менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн улуу Манас атанын урматы үчүн, мамлекетибиздин элинин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган түбөлүк күчтүү биримдиги менен түбөлүк күчтүү ынтымагы үчүн, мамлекетибиздин ак кардай таза Ала – Тоодой чоң ырысы бар, чындыгы бар, акыйкаты бар, адилеттүүлүгү менен теңдиги бар – алтындай жаркыраган келечеги үчүн, мамлекетибиз дүйнө жүзүндө өнөр – жай, айыл – чарба, туризм жана башка тармактары эң бийик өнүккөн, заманбап завод – фабрикалар курулган мамлекеттердин бири болушу үчүн, мамлекетибиздин мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучтары болбошу үчүн жана мамлекетибиз менен мамлекетибиздин элинде ар дайым тынчтык менен бийик өнүгүү болушу үчүн сунушталган мамлекетибиздин жаңыча аталышын активдүү колдоп беришиңиздерди жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык карап чыгып Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алып берүүңүздөрөдү суранабыз!

Катта: 1-, 2-, 3-, 4-, 5-, 6-, 7- жана 8-тиркемелер тиешелүү түрдө 27, 14, 13, 15 барактан, «Кыргыз Туусу» гезитинин 3 полосасынан, 1 сүрөттөн, 1 сүрөттөн жана 1 сүрөттөн турушат:

Автор жана демилгечи 2005 жана 2011 – жылдары президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер, «Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын Төрагасы, Эл аралык инженердик Академиясынын академиги (Москва шаары, Россия Федерациясы) Акбаралы Айтикеевдин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына 15-март 2022-жылы расмий тилде – орус тилинде жана 17-май 2021-жылы мамлекеттик тилде – кыргыз тилинде улуу тарыхый сунушу менен кайрылуулары!

Ар бириңиздерди терең урматтоо менен,

«Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын Төрагасы,

2005 жана 2011 – жылдары президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий талапкер,

Эл аралык инженердик Академиясынын академиги (Москва шаары, Россия Федерациясы)

2005 президенттик шайлоодо: Россия Федерациясынын өкмөтүнүн «Российская Газета» газетасынын (Москва шаары, Россия) 2005-жыл 11-июлдагы №3817 санындагы кабары: «Кыргызстанда Президентти шайлашты: «…Курманбек Бакиев, экинчи орунду Акбаралы Айтикеев ээлөөдө»

Айтикеев Акбаралы

Кол коюлган,

Бишкек шаары

6 октябрь 2022 жыл

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

31-10-2022
Обращение о переименовании Кыргызской Республики
2188

23-08-2021
Манас – Кыргыз Республикасы. Кыргыз мамлекетинин жаңыча аталышы боюнча расмий сунуш
7283

11-06-2021
Кыргыз Республикасынын президенти Жапаров менен кыргыз элине саясий кайрылуу
5095

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×