Добавить свою статью
16 Января 2023
Бексултан Жакиев – Кыргыз Эл Баатыры, драматург. Υмүткө үндөгөн сүрөткер

(16-январда туулган күнү «Биз – кыргызбыз деген китептен алынды)

Жакиевге чейин да театр искусствосу өркүндөп, нечен ири таланттуу драматургдар жакшы чыгармалары менен элди кубантып келген. Бирок Жакиевдин алардан айырмасы кандай? Ал аттанып чыкканда эле эң биринчи драмасы «Атанын тагдырын» чагылган жарк деп асманды жарып кеткендей күч менен мекенине, элине тартуулап салды. Ушу кезге чейин сахнадан түшпөгөн, мурдагы Совет өлкөсүнүн жүздөгөн театрларында аншлаг менен коюулуп келген бул чыгарманын сыры эмнеде? 

Искусство менен баарлашууда адам баарыдан мурда кандайдыр бир үмүт издейт. Иблис шайтанга гана үмүттүн билиги күйүп турбаса, ал искусствого адам көңүл бурбайт. Анткени улуу философ Бертран Рассел айткандай, жер жүзүндө өтүп жаткан адамзат турмушунун кыймылдаткыч күчү – үмүт, ишеним. 

«Атанын тагдыры» өңдүү залкар трагедия адамды кайгыдан арылта албаса да, бакубат турмушка бөлөбөсө да, анын духун темирдей чыңдайт, жан дүйнөсүн тазартат, оптимисттик кайрат берет. Акылбек карыянын согушта шейит болгон уулу Болотбек менен болгон диалогун угуп көрөлү: «Болотбек: – Урушка кеткен жеке эле мен бекен, ата? Мага окшогондордун далайы кетпеди беле. Кана, ошолордун канчасы кайра айланып айылына кайтып барды? Сен өңдөнүп уулунун жүзүн көрбөй калган аталар аз эмес ко...

Акылбек, Болотбек, Болотбек!.. Баары бир сен келесиң! Ыраспы, келесиң! Келүүгө тийишсиң! Сенин өлгөнүңө ишенген эмесмин, азыр да ишенбейм! Түк ишенбейм! Күтөм сени! Сен келгиче өлбөй тирүү жүрө берем, чыдайм ошого, чыдайм!». 

“Атанын тагдырынын” философиялык жана экзистенциялык маанимаңызы ушул жерде коргошундай уюп жатат. Υмүт – экзистенциялык баалуулук, ал тилекке каршы, көп учурда акталбайт, үзүлөт, адамды ирээнжитет, кайгыга салат. Бирок жер жүзүндөгү бир дагы адам үмүтсүз, сүйүүсүз, ишенимсиз ж. б. экзистенциялык баалулуктарсыз жашай албайт. Өлүп баратса да алардан баш тартпайт. 

Болгону 20–21 жаштагы студент жигит экзистенциялык философияга сугарылган чыгарма жазып салганына айран-таң каласың? Ушундан улам чыгармачыл адамдын интуициясы (ички «көкүрөк сезими») көп учурда интеллектен (акылпарасаттан) алда канча күчтүү, алда канча терең экендигине ишенесиң. 

Жакиев өзү да ушуга макул. «Айрым спектаклдерди көрүп отуруп, – дейт ал, – андагы окуянын чын экендигине күнөм кылбайбыз. Жалганы жок дейли. Бирок анын төркүнүндө кандайдыр бир маани жатпаса, тактап айтканда, фактынын чындыгы болбосо, купулга толо бербейт, эстетикалык эңсөөнү толук кандырбайт. Поэтикалык жалпылоо, ойдун философиялык тереңдиги али да болсо көркөмдүктун бийик эргүүсүнө жетпей жер таянып, турмуш-тиричиликтин (быттын) гана окшоштугуна басырылып калган спектаклдер, пьесалар бар» (курсив меники. – Ж. С.). Баракелде, кандай гана терең философиялык ой толгоо! 

Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» деген пьесасы азыркы карышкыр замандагы бир атанын трагедиясын чагылдырат. Балдары үйгө батырбай, атасы карылар үйүнө качып бараткан сценаны көрүп туруп, адамдын сай-сөөгү сыздайт, жүрөгү ооруйт. Бул чыгарманын түпкүрүндө да азыр бүткүл адамзатты бейпайга салып, акыр заманга сүйрөп бараткан Батыштын «адам укуктары жана демократия» деген ураан астында жүргүзүп жаткан саясаты жана идеологиясы жатат. Батыш цивилизациясы азыр адамга чексиз укуктарды, чексиз эркиндиктерди берип, бирок ата-бабалардын, улуттук салттардын, диндердин адамга жүктөгөн милдеттеринен, жоопкерчилигинен бошотуп койду. Натыйжада азыр бүткүл ааламды кара тумандай каптаган өзүмчүлдүктүн жана таш боордуктун заманы өкүм сүрүп турган кез. Батышта небак эле ата-энелер балдарынын алдындагы, балдары ата-энелеринин алдындагы милдеттеринен кутулушкан. Мындан 25 жыл мурда АКШда болуп айран-таң болгом: балдары 7–8 класстарды бүткөндөн кийин үйүнөн бөлүнүп кетет экен да, андан соң ата-энесине жардам бермек тургай, кайрылып келбейт да экен. Орус достордо деле балдары ата-энесине көп учурларда карабай кетет эмеспи. Кыязы бул көрүнүштүн тамырлары христиан дининде, айрыкча протестантизмде болушу ыктымал. Ал эми буддизмде жана ислам дининде «эркиндик», «адам укуктары» деген түшүнүктөр таптакыр жок экени өтө кызык. 

Жеке милдеттеринен бошонгон адам Кудайдан да, ата-бабанын арбагынан да коркпой, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн баарына барат тура. Азыр ата-энесин кууп чыгып же карылар үйүнө тапшырып салмак тургай, өлтүрүп салган фактылар канча… Жаш балдар көчөдө төрөлүп, көчөгө ыргытылып жаткан фактылар канча. Эсимде, бир кезде, жада калса согуштун кыйын жылдарында да, карылар үйүндө кыргыздар дээрлик жок эле. Азыр мобу Бишкектин колтугундагы эле Ново-Серафимовкадагы карылар үйүн карап көргүлөчү – баарысы кыргыздар. 

Сыймыктуу агабыз хирург Мамбет Мамакеев өзүнүн күндөлүк тажрыйбасына таянган байкоолорун мындай деп жазат: «Балдары ата-энесин таштап кеткен ата-энелердин айрымдарына операция жасаганда: «Ой эне, балаңыз бар экен, кандайча бул жайга түшүп калдыңыз?» десем, «эмне кылам, келиним, балдарыма жакпай ашка жүк болсом керек, ошон үчүн бул жайды мактап, үч маал ысык тамак берет, жатаканасы жылуу, ичинде таза жууркан-төшөгү бар, ар дайым карап турган өзүлөрүнүн врачтары бар деп ынандырышты», дейт. Көрсө, ушинтип алдап, бир ыгын таап карылар үйүнө өткөзүп кетишет экен». 

Бүгүн ата-энеси тирүү туруп, жетим болгон, көчөдө кароосуз тентип калган жаш өспүрүмдөр жүздөп саналат. Россиянын «Независимая газетасы» жазды: «Кыргызстанда миңдеген балдар керексиз – алардын ата-энелерге да, мамлекетке да кереги жок. Акыркы 8 жылда, 1, 5 эсеге өскөн балдар үйүндөгүлөрдү эстебегенде, өлкөдө дагы миңдеген көчөдө каралбай калган жаш балдар толтура. Алар кайырчылык менен, базарларда оор тачкаларды ташып күн көрүшөт. Айрым 10–12 жаштагы кыздар сойкулук кылууга мажбур». 

Кыскасы, Батыштын либералдык идеологиясын зордоп чоочун элдерге кийирүүнүн салакалары чексиз, айрыкча байчылык менен кедейчиликтин элдешкис эки уюлга бөлүнүп, бири-бирин жек көрүп турганы өтө коркунучтуу. Кыргызстанда, мисалы, 1–2 % гана олигархтар, 7–8 % орто оокаттуу бакубат турмушта жашаса, 90 % ашыгы кедейчиликтин кырдаалында жашайт, деп жазып жатышат серепчилер. Мындай социалдык теңсиздик турмуштун бардык сфераларына, айрыкча элдин нарк-насилине оор залакаларын тийгизүүдө. Байлар көпкөндүктүн, көйрөңдүктүн опсуз үлгүлөрүн көрсөтүүдө. Бишкектин көчөлөрүндөгү заңгыраган кабат үйлөр, гастроном, ресторандар ошолордуку. Болсун, бирок ушу меники, ушуну мен салдыргам деп, кээ бир белгилүү эле олигархтар, депутаттар көкүрөгүн койгуласа, бул көйрөңдүк гана эмес, бул социалдык конфликтке үндөгөн провокация. Ансыз да ошол байлардын балдары чет өлкөлөрдө окушса, жаркыраган иномаркаларды минип, дипломдорду да, кыздардын сүйүүсүн да акчага сатып алам деп мактанса, кедейлердин балдары армияда, талаада, базарда болсо – акыры түбү ушул карама-каршылыктар социалдык революцияга алып келбейт деп ким кепил боло алат? 

Ошентип, Жакиев – театрдагы трагедия жанры аркылуу турмуштун, тарыхтын күрөө тамырын таба билген сейрек драматургдардын бири. Анын ар бир чыгармасынын температурасы дайыма жогору, алардан эпикалык жалындын илеби уруп турат. Бекемдин фантазиясынан жаралган кадыресе эле майда окуялар жан дүйнөңдү титиреткен символдорго, метафорага айланат, анын кайсы пьесасын албайлы, аларда турмуш бүкүлү камтылып, өзүнүн ички логикасы жана мыйзамдары менен жашайт. Мисалы, жаан жааса, ал жөн эле жаан эмес, ал жесир аялдын көлдөгөн көз жашы болуп аккан жаан. Каармандардын температурасы дайыма 40 градустан жогору, алар бирде рухтун туу чокусуна чыкса, бирде үмүтсүздүктүн, бактысыздыктын түпкүрүнө чабылат. Ошондуктан Жакиев «театр көңүл ачуучу жай эмес» деп дайыма кайталайт.

Ж. Сааданбеков 

Почетный академик НАН КР 

Лауреат международной Сократовской Премии «Имя - в науке»

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
685

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
4669

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2224

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1468

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9315

13-10-2023
Демократия или Свобода?
1964

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
966

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1207

04-09-2023
Алп акындын жалгыздыгы
2836

07-07-2023
Абдыганы Эркебаев – политик – реалист
2984

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×