Добавить свою статью
10 Мая 2023
О, менин кыпчактарым «Манастагы»!

2023-жылдын 6-майында Бишкек шаарында өткөн "Улуу кыпчак" этномаданий бирикмесинин 3-курултайында окулган ыр:

Жазмышка жадымдагы кылчактадым,

Жараткан, бербе сөздүн жумшактарын,

Жана да ыңгыранган ыр саптарын.

Көздөсөм көөнө заман кыпчактарын,

Көз жашым мөндүр мисал бурчактадың,

Угутум узун түндү уктатпадың.

Өмүрүң кээде жыргал, кээде куурал,

Өтмүшүң өңкөй өкүт дебес, тууган.

Ооматы орустардын оозунда бар,

Ортоңку Европага оогон куман,

Арабда (с)кифсактар,

сарылар алмустактан.

Айтору, алты-жети атты угам.

Тарыхтын таажысы оттон, башы таштан,

Талаада толгон тайпа тозгон, азган.

Сатпаптыр ыйык тилин ыйман жазган,

Суктанам кашкаларга өнөр баккан.

Ырыстуу нарктарымды каткан, ачкан,

Ыракмат Петрарка, Махмут Кашкар.

Кыйырда чыгыш-батыш тараптагы,

Кылкылдап казкатары адаттагы,

Ак калпак атчандардын баратканы,

Аңдатат ак куу куштун канаттарын.

Так эмес, тагдыр болду талашканың,

О, менин кыпчактарым “Манастагы”!

Кыраандар кыргындагы кудай каары,

Кызыл эт түйүлдүктөр курсактагы,

Энесай, Эдил, Дунай журт тапканы,

Энчилүү эне-атанын урпактары.

Ар урук элдин теги, түп атагы,

Ассалом, бүтүн аалам кыпчактары!

... Көз жашым мөндүр сымал бурчактады,

Угутум узун түндү уктатпады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

09-04-2025
Арыба, актриса!
1435

14-01-2025
Я перевожу свои мысли
1600

04-10-2024
Кекилик учар. Кебелбес чындык
6519

16-09-2024
Слова, ставшие слоганом
6309

04-04-2024
Когда журналист не меняет профессию
14298

08-01-2024
Меня многое связывает с вами
19834

30-12-2023
Суеркул Тургунбаев служил литературе
20086

17-12-2023
Полезность литературы в построении позитивных отношений
20590

23-08-2023
От Федерико Майора до Карлеса Пуйоля
28581

24-01-2023
Нас украшают скромные награды
31236

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×