Узак жашаган кишинин кебин уксаң жарпың жазылат. Өгүнү 88 жаштагы эмгек ардагери Койчуман ава Мокешов менен шашпай сүйлөшүп отурдук. Отурдук дегеним жанымда кесиптешим, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов бар эле.
Койчуман ава, жердиги - Ысык-Көлдүк, борбор калаабыздагы айыл чарба институтун аяктагандан соң жогорку маалыматтуу жаш адис катары адегенде Алай, анан Кара-Суу, Өзгөн райондорунун чарбаларында кандайча жашап-иштегенин баяндап түгөтө албайт.
- Жаштыгым Түштүктө өттү, андагы он төрт жылдын аралыгында турмуштун далай ысык-суугун көздөн кечирдим, не бир кызык жазмыштарга күбө болдум. Албетте, эми анын баары арта калды, бир даары унутулду, - деп жылмаят үй ээси. - Бирок ошол күндөн ушул күн көкүрөгүмө бекем сактаган, алигиче эсимден такыр чыкпаган сырдуу окуя жүрөгүмдү өйүп жүрдү. А түгүл жанагым эпадам о дүйнө оосом, башым менен кошо жатабы дегенсип коркот элем.
Ий-е, Койчуман Мокешов 1968-жылы Өзгөн районундагы ЮКОСко (Южно-кыргызская опытная станция - Түштүк-кыргыз тажрыйба станциясы) жетекчиликке дайындалат. Баса, Куршабдагы ЮКОС 1955-жылы Токмокко көчүрүлгөн түрмө-колониянын ордунда уюштурулган эмеспи.
- Казармалардын дубалы саман аралаш жуурулган ылайдан, башкача түшүндүргөндө, паксадан курулуптур, - дейт Койчуман ава. - Карабайсыңарбы, ушуларды илимге ыроолошконун?! Менин жумуш бөлмөм мурдагы абактын ачендигинин жумуш бөлмөсү экен.
Ошо арада жаңы деректир кеңсесиндеги темир сандыктын - сейфтин түбүнөн шише идиштеги цианид калийин көрөт. Көрөт да, чочуп кетет. Береги уу зат да.
- Бул тууралуу дароо агезде райондун милиция бөлүмүн башкарган Жусуп Көчөровго билдирдим, - дейт карыя. - Ал дагы ишене койбой, аң-таң.
Ага улай муну райондук коопсуздук комитетинин башчысы Сайдикасым Ахмедовго кулактайт. Тигил киши ЮКОСко ополдомоч (уполномоченный) сыпатында ат тезегин кургатпай каттачу тура.
Натыйжада укук коргоо органдарынын өкүлдөрү баякы цианидке акт түзүп, унаага артып, караан үзөт. Койчуман аванын колуна “тапшырды” деген алкандай кагаз карматышат. А Сайдикасым Ахмедов эсе катуу эскертип, “тилиңди тишиңе кат” дептир белем.
Койчуман Мокешов “табылгасынын” таржымалын кийинчерээк жергиликтүү тамекичи Сатимов Тешебайдын оозунан тыңдаганын ортого салды. Ысымы аталган кайраныңыз кезинде Ермолин экөөлөп түрмөгө түшкөндөрдү кайтаруу кызматын кыйла мезгил бою аткарыптыр.
Көрсө, куралчан солдаттар буерге жакабелдеги бүтүндөй аймактардан “күнөөгө шектүүлөрдү” топ-топ сүрүп барып, камашкан окшобойбу. Тешебай аке “кечинде абакка тыгылгандар, таң атканда сөзсүз өлөт, өлүктөрдү арабага жүктөп, Кекилик Учардагы аңга төгөбүз деле, үстүн жашырабыз. Себеби туткундарга цианид калийин жыттатышат. Колонияда бир жолу да мылтыктын “тарс” эткен доошу жаңырбады, чукулдагы айыл-ападагылар октун үнүн дегеле укпады. Жазалоо түн жамынып жасалчы”, -дегенчелик аңгемесин ачык бежирейт.
Койчуман Мокешов өзү буга чейин эмгектенген тоолуу Сопу-Коргон, Нура кыштактарынан “тууганыбызды Сибирдин Куршаб аттуу жерине айдашты” деп оозанган адамдарды көп кездештиргенин айтты . “Эмне үчүн басмачы көлүгүңдү минип, ашуунун кар-музун кече качат?”, “Эмне үчүн карындашың же үкөң каракчыларга кошулат?” дегендей шылтоону шыноолоп, элеттиктерди кишендеп байлай беришкендей, сыягы. Эч кандай суроо-сопкутсуз, сот-мотсуз, сталиндик “тройканын” –“үч келтектин” тайкы өкүмүнө таянып, айыпсыз эр-азаматтарды аябай өлүмгө тартышкандай.
-Былтыр бекен болжолу, Ноокаттык бир үй-бүлө Кекилик Учарга келип, ошерге көмүлгөн чоң атасынын мүрзөсүнө куран окутканын интернеттен капыс учуратып, зээним жаман кейиди. Тогуз гектар аянтта эчен-эчен бечаранын ак кепиндеп, аруу жуулбаган сөөгү чиригенин ойлоп, уйкудан бездим, -деди Койчуман ава.
Кыскасы, аксакал Кекилик Учардагы трагедиянын кара чүмбөтүн сыйрууга минтип карыган чагында чындап камынып, эски тааныштарынан жардам сурайт. Өзгөн районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Каныбек Эргешов, азыноолак архивдик материалдарга жуук бирин-экин жигиттер болочоктуу демилгени астейдил колдоп-коштоп, тарбиялык-таануучулук мааниге ээ маселени борбордук бийликтерге дейре жеткиришкен турбайбы.
Баса, бүгүн Койчуман авага ушу тапта Кекилик Учардын кебетеси жакшырып, чар тарабы тосулуп, ичи иреттелип, чок ортосуна обелиск - эстелик устун орнотуу аракети башталганын кабарлашыптыр. Маңдайыбыздагы маектешибиз чет-чеберде бозоргон көрүстөн маркумдарга багыштап бата кыла турган ыйык жайга, экинчи “Ата-Бейитке” айланат дегенчелик терисине батпай кубанат. Албетте, мындай жагымдуу жаңылыкка биз дагы бирге сүйүндүк.