Добавить свою статью
29 Мая 2023
Казаков Түгөлбай — коомдук ишмер, композитор

70 жашта «Биз-кыргызбыз» деген китептен алынды

Кыргыздын залкар уулу, таланттуу композитор, акын жана коомдук ишмер Түгөлбай Казаков жаштайынан обончу, ырчы катары элибиздин сүймөнчүлүгүнө айланды. Анткени анын ырлары курулай пафостон, обу жок элжирөөдөн алыс, реалдуу турмушту Жараткан өз колу менен, өз үнү менен жасап койгондой чагылдырат. Жандуу реализм – Түгөлбайдын жүрөгүнүн кардиограммасы. Искусствонун башка жанрларында, мисалы, кинодо, театрда же көркөм сүрөт өнөрүндө реалист болуш, музыкага караганда, жеңилирээк, себеби, аларды ар ким өз көзү менен көрөт, баалайт. Музыкадагы реализм таптакыр башкача. “Обон – жан дүйнөнүн көзү”, – деп илгерки даанышмандардын бири айткан экен. Демек, реалист-музыкант турмуш чындыгынын, угуучулардын түшүнө да кирбеген кырларын көрө алат. Музыкадагы көркөм реализмдин сыйкырлуу күчү ушундай. 

Бир күнү Астанада жүргөнүмдө телевизорду коё салсам, Алматынын концерттик хан сарайында казактын көрүнүктүү композитору, маркум Шамшы Калдаяковдун мааракесине арналган чоң концерт болуп жаткан экен.

Бир убакта концертти алып баруучу жигит: “Бишкектен Шамшы агабыздын досу, кыргыздын белгилүү композитору Түгөлбай Казаковду сахнага чакырабыз”, – деп кулактандырды. Залдагы миңдеген киши калдая ордунан туруп тосуп албаспы (Астанага президент Бакиев бир нече жолу келди, бирок казактар аны ушинтип тоспой калсын...). Дүңгүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда “Жамгырды” эки жолу ырдатышты. Ишенсеңер, менин жүрөгүм сыймыкка батпай аптыгып, көзүмдөн аккан жашымды да сезбей калыптырмын.

“Жамгырдын” сөзү да, обону да Түгөлбайдын өзүнүкү. Жамгыр – бул суу, башкача айтканда, ааламдык, космостук категория. Ансыз жашоо жок, турмуш жок. Жер деген планета жоголот. Автордун жүрөгүн эзип, дайыма кыйнаган коркунуч – сүйүктүү аялдан ажырап калуу гана эмес, дүйнөдө баа жеткис эки дөөлөттөн – Өмүрдөн жана Табийгаттан ажырап калуу коркунучу: 

Күн күркүрөп жамгыр төктү, 

Ошол күндөр кайда кетти? 

Жаштыгымдай же кечээги,

Кайрылбай кетеби?... 

Ушул экзистенциялык кусалыкка жык толгон саптарды, бой термелткен Түкеңдин обону менен укканда чексиз рахатка гана батпастан, көк ирим деңиздин түпсүз тереңдигинде биз көрбөгөн, жолукпаган табигаттын сырлары бекинип жаткан сыяктуу, Түгөлбайдын ырларында да биз байкабаган философиялык ой толгоолор, карт тарыхтын окула элек “ак барактары”, орошон көркөм дүйнө катылып жатканын байкайбыз. 

Казаковду дайыма шыктандырган күч – Ата-Мекенине, элине болгон чексиз сүйүү. Ошондон улам болсо керек, Түгөлбайдын назик лирикасы көп учурда эпостук масштабга умтулат. Анткени элиңдин улуулугу, бийиктиги, теңдешсиз эрдиктери эпостордо, айрыкча “Манаста” айтылат эмеспи. Мындай улуттук асыл сапаттарды азыр таба албасаң, байыркылардан издейсиң да.

Түкөмдүн А. Рыскуловдун сөзүнө жазылган “Насыйкат” деген обону Карамолдонун ушундай аталыштагы гениалдуу күүсүнө салынган. “Насыйкат” деген жөн гана насаат айтуу эмес, ал ураан-күү, чакырык-күү, элди тышкы жана ички коркунучтардан сак болууга, биримдикке үндөгөн күү:

Жебе жетет сыяктанат, 

Желдей учуп, бугу туяк кагат. 

Үмүт өчөт, кайра жанат,э....й. 

Бугу-эне барат карды кечип, 

Мүйүзүнө илип арча бешик! 

Сай-сөөктү сыздаткан ушул ырды укканда, маркум Кусеин Карасаев атабыздын бир айтканы эске келет: “...Анда 1916-жылы жаш өспүрүм кезим эле, – дейт карыя. – Эл казганактап Кытайга качып баратканда, бир дарыяга туш келдик. Албууттанып кирип калган сууну кече албай бирөөлөр бакырып ыйлап агып баратат, бирөөлөр чөгүп жатат, жерди жарган ызы-чуу. “Манастагы”: “Карагай агып, тал агып, калың журттун баары агып, билектей кара кан агып” дегендей эле шумдукка кабылдык. Аңгыча артыбыздан ак падышанын солдаттары кууп жетип келди. Азыр да көз алдымда: муруту калдайган эзилген сары солдат бешиктеги баланы өңөргөн жаш келинди узун соп камчы менен оролто чапканда, келин да, бешик да аттан кулап агып кетти”, – дечү эле Кусекем. 

Жанагы Бугу эненин мүйүзүндөгү арча бешик ошол бешик эмеспи? Азыркы күндөрдө элибизге атыла турган тышкы жана ички жебелер азбы? Тышкы коркунучтарды (жебелерди) айтпаганда да, ички коркунучтар канча? Элде ынтымактын, биримдиктин жоктугу – айрыкча коркунуч. Илгери да, азыр да элдин шорун кайнатып, бирөөгө көз каранды кылган, бечара – жарды кылган ушул эл биримдигинин жоктугу да. 

Т. Казаковдун теледеги, элге кеңири белгилүү “Улутман” деген программасы да ушул дайыма жүрөгүбүздү өйүткөн проблемага арналган. Мен таң калам: бу Түкөм качан, кайда жүрүп улут маселелери боюнча адис болуп алган? Илимий даражасы, наамы бар саясатчылар ача албаган темаларды, Түгөлбай жөнөкөй кыргыздын тили менен чемичкече чагып атса, кантип таң калбайсың. Талантка айла жок экен да. Чыныгы талант, эгер шарты келишсе, физик да, лирик да, академик да, космонавт да болоору чын экен.

Казаковду Казаков кылган – ал жашаган мезгил. Ал 20 жашты араң аттаган кезде, 60-жылдын аягынан баштап, кыргыз маданиятына жөн эле жамгыр эмес, жылдыздуу жамгыр жаап, кыргыз маданиятын гана эмес, бүткүл кыргыз элин ааламга таанытып, дүйнөнү таң калтырган, көркөм сөздүн генийи Чыңгыз Айтматовдун доору башталган. Бир кезде орус маданиятынын гүлдөшүнө Пушкин кандай таасир этсе, Айтматовдун да кыргыз маданиятына пайгамбардай шарапаты тийди. Өткөн 70-жылдар кыргыз маданиятынын Ренессансы болгон десек жаңылышпайбыз. Өңгөсүн айтпай эле, кыргыз музыкасын алсак, улуу маэстро А. Жумахматов, дүйнөгө таанымал гранд К. Молдобасанов, төкмө акын могикан кайран Эстекем (Турсуналиев), кереметтүү ырчы Б. Миңжылкиев – элибиздин жаркыраган символдору эмес беле. Атаганат, кандай арман десеңиз, жаңы кылымдын башталышында тагдыр улуттук духтун балбылдап турган бардык ушул жылдыздарын, Айтматовду баш кылып, жалп өчүрүп кетти, аларсыз баарыбыз жетимсиреп, улуттун бир ыптасы бөксөрүлө түшкөндөй болду. 

Так ушул мезгилдерде обончу, музыкант Т. Казаков жарандык сейрек батылдыгы, атүгүл кайраты, эрдиги бар инсан катары таанымал коомдук ишмерге айланды. Анын коомдук-саясий иштерге жөндөмдүүлүгү, таланты Горбачевдун кайра куруу жана шарданалдык заманында айрыкча күч менен ачылды. Анын тарыхый жана саясий көз караштарында олуттуу өзгөрүштөр болуп өттү. 90-жылдардагы кыргыздын “жибек революциясынын” учурунда Түгөлбай жаңы прогрессивдүү күчтөрдүн алдыңкы катарында демократия үчүн, улуттук эркиндик үчүн жан аябай күрөштү жана күрөшүп келе жатат.

Акаев бийликке келгенден кийин маданият министринин орун басары болуп бир аз гана иштеди. Анткени Түгөлбайдан начальниктин сөзүн эки кылбаган, тил алгыч, дайыма “одобрямс” деп турган орун басар чыкмак эмес. Ал жакшыны – жакшы, жаманды – жаман дейт, оюн дайыма бетке таамай айтат. 

Арийне, мындай адам эч качан “жакшы” чиновник боло албайт. Өкмөттүн бир топ жыйындарында Түгөлбай жогорку бийлик кетирип жаткан оркойгон каталарды сынга алганы үчүн Акаевге жана анын үй-бүлөсүнө бат эле жакпай калды, аны кызматтан бошотмок тургай, куугунтукка ала башташты. 

Ошол кезде бир күнү экөөбүз Көк-Жар айылында көчөдө кезигип калдык. Мен да кызматтан кетип, бийликтин куугунтугунда жүргөн кезим эле. Акыбалын сурасам: “Булардын жүзү каралыгы ашынып кетти. Менин балдарымдын чөнтөгүнө наркотик салсаңар да мейли, бирок Казаковдорду колго түшүргүлө деген көрсөтмө беришиптир. Ишенсеңиз, Жумаке, мен булар менен атышууга даярмын”, – деди кыжыры кайнап. “Апчеңе барбайсыңбы”, – деп койдум тамашалап. 

“Апчеси”, Акаевдин аялы Майрам, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алып, чамгарактап турган кези. Көбүн эсе ошонун айынан үй-бүлөлүк, кландык-жердештик саясат легитимдешип, ачыкка чыгып, Акаев айткандай, “коррупция 7-этажга чыккан болуучу» (бизде “коммунизм эмес – кеминизм”, “бизге президенттик посттун кереги жок, бизге аялы таластык болсо эле болду” деген учкул сөздөр ошондо чыккан). 

Түгөлбай күлүп: “Балээнин баары ошол апчебизден чыгып жатпайбы”, – деди. 

Андан бери канча жылдар өттү, канча суулар акты. Таланты жагынан Түгөлбайдан калышпаган нечен бир жигиттер, бийликтер менен ойку-кайкы оюн ойноп, абийирин акчага, кызматка айырбаштап, өздөрүн булгап алышты. А Казаков болсо, бир калыпта, басыгынан жазган жок, жамгырдай таза ар-намысын бийик тутуп, эли ыйласа кошо ыйлап, күлсө кошо күлүп келет. Түкөңдө сырткы сын-сыпат да, орошон талант да, чукугандай сөз тапкан укумчулдук да жана башка көп сонун сапаттары бар, бирок эң башкысы алар эмес. Эң башкысы – анын адамгерчилиги, темирдей чыдамкайлыгы, сабырдуулугу, Ата Мекен алдындагы милдеткерлиги, ата-бабалардан калган асылзаттык нарк-насилди бийик тутканы. 

Түгөлбай Казаковдун ушундай татыктуу да, өрнөктүү да өмүр сүрүп келе жатканына чын дилимден суктанам. Анын басып өткөн жолуна, тагдырына бир дагы оңдоо киргизе албайсың. Түкөм өзү элибиз аны эң жакшы көрөөрүн, сүйөөрүн билет болду бекен?

Ж. Сааданбеков 

Почетный академик НАН КР 

Лауреат международной Сократовской Премии «Имя – в науке»

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
452

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
4591

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2181

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1430

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9292

13-10-2023
Демократия или Свобода?
1930

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
944

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1188

04-09-2023
Алп акындын жалгыздыгы
2795

07-07-2023
Абдыганы Эркебаев – политик – реалист
2942

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×