Добавить свою статью
22 Сентября 2023
Түмөнбай Байзаков – кыргыздын мекенчил чыгаан лирик акыны

Түмөнбай Байзаков 1923-жылы 23-сентябрда Сузак районундагы Барпы айылында туулган. 1940-жылы айылдык мектептин 7-классын аяктагандан кийин Сузак районундагы Крупская атындагы жети жылдык мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштейт жана Жалал-Абад педагогикалык техникумуна окууга өтөт.

Түмөнбайдын чыгармачыл шык-жөндөмү, алгачкы ыр саптары өспүрүм кезинде эле бүчүр алып, Улуу Ата мекендик согуштун башталышы, ага өзү катардагы кызыл аскер болуп катышуусу, согуш тууралуу ой-туюм, сезимдери көптөгөн ырларында чагылдырылат.

“Согуш башталгандагы ырынан”:

Кандуу согуш жай маалында башталды,

Каптады апаат ыйык ата конушту...

Сок душманды, Советстан адамы!

Согуш соңу жеңиш менен ченелет. 1941-жыл [1, 21-б.]

Бул ыр саптары 1941-жылы согуш жаңы эле башталганда жазылыптыр. Ошондо Түмөнбай 18 жашта болуп, мектепте мугалим, педтехникумдун студенти экен. Чыгармачылыкка эми гана бут таштаган өспүрүм жигит согуштун кандай тозок экендигин көкүрөгү менен туюп, бирок эртели-кеч жеңиш менен бүтөрүнөн күмөн санабайт.

Түмөнбай Байзаков жердеш, курбалдаш (Советтер Союзунун баатыры) Токубай Тайгарев менен бир жылда (1923) туулуп, бир жылда (1940) 7 жылдык мектепти аяктап, бир жылда (1942) урушка аттанган экен. Балким, бул эки боз улан райондогу мектептер аралык бир катар иш чара, мелдеш, оюн-зооктордо бет келишип да жүргөндүр. Бирок эми мына чоң турмушка бут таштаган, алдыда толо ой-максат, кырчындай өспүрүм курак апаат согуш кучагына кабылыптыр. Ошондо экөө тең болгону 19 жашта болууда. Кер мурут, бой жеткен, оюн-зоок кез. Бирок тагдыр шинель кийгизип, колуна мылтык карматып сапка тургузат. Ооба, бул муун турмуштун ачуу-таттуусун тартып-нетпей, баарын таштап, буйрукка моюн сунуп кете берген. Ата Мекенди коргоо үчүн. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

“Биз турган жерди аткыла” ырынан:

Алло!.. Алло... кечикпестен

Координатты тапкыла.

Ок жаадырып замбиректен

Биз турган жерди аткыла! 1943-жыл. [1, 92-б.]

Бул ыр 1943-жылы жазылган. Караңыз, канды-булоо кыйчалышта жыйырманы араң аттаган кыргыз жигитинин бул төрт ыр сабы согуш кинофильмдердеги айтылуу “Вызываем огонь на себя!” дегенин эске салып жатпайбы. Бир айырмачылыгы жаш акын муну өз башы менен тарткандыгында болууда.

“Элесине сыйынам” ырынан:

Чолпонбайдай ДОТтун оозун кучактап,

Бир солдаттын ок тосконун көргөмүн.

Бетти жууп көздүн жашы буурчактап,

Бейит казып азаматты көмгөмүн. [1, 22-б.]

Чолпонбай Түлөбердиев душман ДОТун кучактап жаап, жааган октон полктош аскерлерди тоскондо болгону жыйырма жашта экен. Улуу Ата мекендик согуш майданындагы бул тунгуч (1942-жылдын 6-августу) эрдик Чолпонбайды түбөлүк тарыхта, элдин эс-тутумунда калтырды. Жоокер Түмөнбай жоокер Чолпонбайдын эрдигинен ошондо эле кабардар болуптур. Аскер акын бир солдаттын Чолпонбайдай ДОТтун оозун тосконун өз көзү менен көрүп, өз колу менен көмгөнүн айтат. Анын кимдигин айтпайт, катардагы советтик бир солдат экендиги гана айтылат. Ооба, ар бир ушундай кайратман эрдик Жеңиш күнүн утуру жакындатып тургандыгы ырас.

“Дүйшөнкулдар” ырынан:

Жалтанышпай жаап жаткан октон да,

Жалтанышпай жанып жаткан октон да,

Дүйшөнкулдар талкалоодо танктарды,

Душман өтөр кылдай да жол жок мында. 1943-жыл. [1, 93-б.]

Бул ыр 1941-жылы Москваны сактап калган айтылуу 28 панфиловчу- баатырдын эрдигинин изи сууй электе эле жазылыптыр. Чыгармачыл жоокер акын үчүн фронттун кайсы чегинде болбосун танктарды талкалоочулар “Дүйшөнкулдар” болуп, башка бир аталышты ыраа көрбөгөндөй. Кызыл аскер Түмөнбай кызыл аскер Дүйшөнкул Шопоковдун (1941-жылдын 16-ноябры) тарыхый кайталангыс эрдигин даңктайт, таазим этет.

“Тынчтык күндүн таңы атты” ырынан:

Согуш бүттү.

Таңдык соңку жараатты.

Согуш бүттү.

Тынчтык күндүн таңы атты ...

Төрт жыл бою ушул күндү күткөнбүз,

Төрт жыл бою азабына түткөнбүз. [1, 21-б.]

Оор жаракат алып, согуштан кайткан, бирок көкүрөк жараты айыкпаган, өңүндө көзүнөн, уктаса түшүнөн кетпеген кыргын согуш жеңиштүү аяктап, эми араң жыйырма экинчи жазга бут таштаган акын жигит “Кубанычтын шаңы каптап сезимди, // Көк шиберге таштап ийдим өзүмдү. // Көкүрөктү керип-керип дем алдым, // Күн күлүңдөп нурга чайкайт көзүмдү” деп, жаңы жашоо шаңынан көптү үмүттөнүп, бакыт сезимине бой таштаганын жашырбайт. Бул күн 9-май экендигинен шек кылуга болбос.

Согуш ардагер акындын ушул ыр саптарын белгилүү орус поэтессасы Юлия Смышляева төмөнкүчө которуптур:

Война окончена! Пока что проступает

Сквозь марлю кровь последних ран,

А утро мира на границы стран

Уже победно наступает.

Я падаю ничком на майскую траву,

Смеюсь и плачу… Больно и легко мне…

Да, ждали мы его четыре страшных года,

В нем – гордость и страданья нашего народа.

Түмөнбай Байзаковдун согуш темасына арналган “Белгисиз солдат мүрзөсү” (22-б.), “Баатыр сепил” (93-б.), “Денемде жатат коргошун” (94-б.), “Сокур солдат суроосу” (95-б.), “Үч бурчтуу каттар” (180-б.), “Солдатка кеңеш кат” (181-б.), “Түбөлүк даңк” (182-б.) ж.б. ырлары акындын согушта басып өткөн, баштан кечирген жана эс-тутумунда түбөлүк түнөк тапкан поэзиясынан үлгүлөр болуп саналат. Түмөнбай 1943-жылы дагы бир чабуулда катуу жарадар болуп, жарактан чыгып, өз айылына кайтып келет.

Көрүнүктүү кыргыз поэзия чеберинин 1968-жылдан 1992-жылга чейин “Перизат”, “Биз жакта”, “Кар бетине жаздым кат”, “Мезгил чыйыры”, “Самай берем”, “Оттуу курак”, “Ыр башат”, “Ак таңдар”, “Өмүр беренеси”, “Канатчан жылдар”, “Ышкы багы” аттуу ондон ашуун ырлар, поэмалар жана дастандар жыйнагы жарык көргөн.

Акындын лирикалык ыр дүйнөсүнө таандык ой толгоолору орус тилинде 1979-жылы “Наедине с мечтой”, 1982-жылы “Зеленая карусель”, 1990-жылы “Осень и любовь” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарында басмадан чыккан.

Т.Байзаков котормо жаатында бир топ чыгармачыл ийгиликтерге жетишкен. 1956-жылкы өзбек акыны Хамид Алимжандын “Зейнеп менен Аман” поэмасы эң алгачкы котормолорунан болуп саналат. Андан соң татар акыны, Советтер Союзунун баатыры Муса Жалилдин “Ырларым” аттуу жыйнагын 1962-жылы которсо, айтылуу “Моабит дептери” 1979-жылы кыргыз окурмандарынын колуна тийген.

Совет украин акыны М.Ф. Рыльскийдин “Ырлар” жыйнагын 1966-жылы орус тилинен которгон. 1965-жылы тажик жазучусу Пулод Толистин “Саратан» повестин жана акын Рахим-заде Бокинин поэма-жомогун кыргызчалаткан. Өзбек эл акындары Зульфиянын (Исраилова) “Ырлар” жыйнагын жана Миртемирдин “Гүлтажы» ырлар жана поэмалар жыйнагын 1973-жылы окурмандарга кыргыз тилинде тартуулаган.

Т.Байзаковдун поэзиясында орто кылымдык фарсы жана түрк поэзиясына мүнөздүү бейт ыр формасы кездешет. Алсак,

“Мен түшүмдү сагындым” бейтинен:

Мен түшүмдү сагындым – кайтып берчи,

Же болбосо кайталап айтып берчи...

... Түшүмдө мен гүл көргөм жайнап турган,

Көздүн нурун жиби жок байлап турган...

Ошол түшүм экинчи кайрылган жок,

Ошол түштөн үмүтүм айрылган жок. [1, 105-б.]

Чыгармачыл акындын бул бейти жалаң 11 муундан турса, төмөнкү бейти бирдей 8 муундан турган ыр түзүлүшүндө жазылган.

“Айлуу түндө” бейтинен:

Аттап өтүп “Кербен жолду”,

Ай асманга сырга болду.

Чайкап нурга агын сууну,

Чартараптан бетин жууду.

Түндү шоола сабалады,

Түнт токойду аралады.

Түрүп коюп түндүн изин,

Тоолор карайт жердин жүзүн... [1, 171-б.]

Белгилеп кетчү нерсе, 8 муундуу бейт ыр түзүлүшү акындар поэзиясындагы сейрек көрүнүш.

Бейт Рудаки (857-941), Насир Хосров (1004-1072), Жусуп Баласагын (1018-1090), Жалал-ад-Дин Руми (1207-1273), Низами Гянжеви (1141-1209), Абдурахма Жами (1414-1492), Алишер Навои (1441-1501) өңдүү фарсы жана түрк поэзиня авторлорунун негизги ыр формасы болуп саналат. Бул, албетте, кыргыз интеллектуал инсанынын орто кылымдык поэзия менен жакындан тааныштыгын жана чыгармачыл изденүүсүн айгинелейт.

Лирик акындын “Кар бетине жаздым кат” ырынан:

Кыял менен сылап кара чачыңды,

Кайра-кайра кайталадым атыңды.

Кокус көрбөй Күнгө өчүртүп койбогун,

Кар бетине жазган ушул катымды? [1, 110-б.]

Бул ыр саптар Жаминин “Эрме чөлдө бир ашыктын кум менен тактайга жазганы жөнүндө” деген ырындагы “Азап чекпе баары бир пул – бу шамал, // Жазууңду талаага чачып салат – беймаал... // Лайлимдин аты гана мага калды, // Ушундан бийик бакыт менде барбы!” [3, 26-б.] деген ыр саптары менен менен коошуп турганы байкалат. Мындай поэтикалык параллелдер эки башка доордогу лирик акындардын поэзияларынын интегративдик мүнөзүн ырастамак. Кыргыз акынынын “Жүрөгүңө катып кой” [1, 108-б.] деген ырындагы “Көрүшкөнчө “Лайли-Мажнун” бир-бирин, // Кескен тура тагдырларды кайчылар” ыр саптары Жаминин “Лейли менен Мажнун” (1484) поэмасы менен жакындан тааныштыгын тастыктамак.

Ушундай эле поэтикалык параллелдерди орто кылымдык фарсы поэзиясынан байкоого болот. Маселен, Омар Хайямдын (1040-1123) “Оо, сүйүктүүм! Абайлап бас алдыңдагы кумуңду: // Антпей анан, сүйүшкөндөр көздөрүн басып алба” [4, 12-б.] деген ыр саптары кичүү замандашы Санаинин (1081-1141) “Жүзүңдөгү чаңыңды жеңиң менен абайлап аарчыгын, // Анткени ал убагында жүзү болгон бир сулуунун!” [2, 454-б.] деген ыр саптары менен үндөшүп туруусу.

23-сентябрь Т. Байзаковдун туулган күнү, 100 жылдык маараке күнү.

23-сентябрь Кыргыз жеринде Мамлекеттик тил күнү.

Акындын “Эне тил” деген ырынан:

Эне тилди энем мага үйрөткөн,

Эне тилде энем мени сүйлөткөн.

Эне тилде өз атымды билгенмин,

Эне тилим сырын ачты дүйнөнүн.

Эне тилим башка тилди үйрөттү,

Эне тилсиз дилим аны сүймөкпү?

Эне тилсиз өзгө тилдин куту жок,

Эне тилсиз өзгө тилдин жыты жок.

Эне тилсиз тааныр белем жеримди.

Эне тилсиз тааныр белем элимди.

Эне тилсиз укмак белем “Манасты”

Эне тилсиз укмак белем санатты.

Караңыз, кыргыз мекенчил акындын бул ыр саптары бүгүнкү күндө кандай заманбаптуу, кандай маани-маңыздуу, кандай барктуу!

Бул макалада акын Түмөнбай Байзаковдун согуш темасындагы поэзиясы жана жалпы эле чыгармачылыгы боюнча обзордук маалыматтар камтылды. Чебер лирик акындын кыргыз эли жана жери, ата мекен, эне тил, тоолор, сонеттер, жашоо, насыят, мезгил беренелери, пахтачы кыз, жаштык, махабат, аруу сезим өңдүү түрдүү тематикадагы поэзиясы өтө арбын. Үлгүлүү чыгармачыл котормочулук өнөрү. Алардын ар бири өзүнчө тема катары талдоого алынат деген ишенимдебиз.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, КР “Эмгек баатыры”, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү акын Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык мааракесинин урматына республикалык илимий-практикалык конференция жана башка бир катар илимий, окуу-усулдук, чыгармачыл иш чаралар өтүү белгиленген.

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,

Аскасы көк асманга тийген кезде,

Мен дагы жолго чыгам, таңды тосо,

Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.

Улуусуң, Кыргыз жери, нурдан бүткөн,

Сулуусуң, Кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиин профессору

Булактар:

1. Байзаков Т. Сулуусуң кыргыз жери, нурдан бүткөн... Тандамал ырлар. Бишкек: “Бийиктик”, 2003. – 288 б.

2. Бертельс Е.Э. История персидско-таджикской литературы. М., 1960.

3. Джами. Саламан и Абсаль. Душанбе, “Ирфон”, 1967.

4. Омар Хайям. Четверостишия. Избранное. Сталинабад, 1948.

Асылбек Эшиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

09-11-2023
Ардагер аскер жазуучу Жунай Мавлянов адабий сын айдыңында
2371

21-02-2023
Пятерица «Хамсе» и его триумфальное шествие на Востоке
712

13-02-2023
Дооронбек Садырбаевдин поэзия дүйнөсү
2212

12-12-2022
Алыкулдун алгачкы саясий ырлары
2292

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×