Добавить свою статью
29 Ноября 2023
Жаңылануу, тазалануу, коорупция менен күрөшүү жөнүндө

Эгемендикке ээ болгондон бери карай улуттук мамлекет катары түптөлүү аракетин жасап келе жаткан Кыргызстан саясий, социалдык, маданий, экономикалык жактан кандай жетишкендиктерди камсыз кыла алды, жумушсуздук кесепетинен ички, сырткы миграциялык агымдардын күчөшүнө, адатта туруктуу жашаган жеринен алыска чыга бербеген кыргыз жарандарынын мекенинен миңдеген чакырым алыс жактарга (үч уктаса түшүнө кирбеген) иш издеп кетүүгө мажбур болууларына ким күнөөлүү: Советтер Союзун ыдыратуунун себепчилериби, же эл бийликтин бийик сересин ишенип тапшырган эгемен республиканын журт башыларыбы, ата-бабаларыбыз кашыктап чогулткан эл байлыгынын чөмүчтөп чачылышынын, эбегейсиз таланып-тонолуусунун түпкү себептери кайда жатат, эмне үчүн тушоосу кесилбей бутуна чалынган жаш наристедей жашоо-турмушубуз эмдигиче жакшы жагына ооп кете албай, экономикабыздын эси кетип олтурат, эмне үчүн отуз эки жылда ар жолу калк жашоосун жакшыртууга «ниеттенген» алты Президент, отуздан ашуун өкмөт алмашып, тогуз жолу Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, өлкөнүн негизги мыйзамы – республиканын Конституциясы ондогон жолу «оңдолуп-түзөлүп», үч жолу «революция» болуп өтсө да, эңсеген өзгөрүүлөргө жетишпе албай келатабыз, элдин бийлик алмаштыруулардан күткөн үмүттөрү акталдыбы, эмне үчүн журт башыларынын өлкөдөн аргасыз чыгып кетүүлөрү, жооперчиликке тартылуулары көндүмгө айланды, адатта ыйман, абийир тазалыгы менен урмат-сыйга арзып келген карылардан калыстык, жаштардан уят качты, коомго терс таасирин тийгизген коррупция, кылмыштуулук, эки жүздүүлүк, сойкулук, карөзгөйлүк, кайдыгерлик сыяктуу зыяндуу элементтер кадимкидей эле көрүнүшкө айланды, маданий, руханий, адеп-ахлак деградациясына туш болуу себептерин аңдаган адам барбы, канткенде мындай терс көрүнүштөрдөн арыла алабыз, эмне үчүн эгемендик доорунда уюткулуу кыргыз элинен атпай журт ишенимине арзый ала турган, мамлекет кызыкчылыгын үй-бүлөө, жеке, көрпенделиктен жогору койгонго эрки жетчү, ал үчүн керек болсо өмүрүн арноого даяр, алкым дебей, калкым деген, ыйман, инсандык тазалык, ар-намыс, калыстык, чынчылдыкты, атуулдук ыйык касиеттерди туу туткан, кылмыштуу чөйрө менен мамилелеш болуудан оолак улут лидерин, жаңыча жашоону, өзгөрүүнү камсыз кылууну ойлонгон жаңы муунду тарбиялоого кудуретибиз жетпеди деген суроолор бүгүнкү өз жашоосуна гана эмес, эртеңки муун келечегине, улут, Ата Журт тагдырына кайдыгер карай албаган ар бир инсанды ойлонтпой, түйшөлтпөй койбойт.

Айтмакчы, күн чыгыш өлкөсүн мекендеген жапон элинде, эгерде ар бир адам өмүрүн татыктуу, маңыздуу жашап өтө албаса, анда ага бир өзү гана күнөөлүү болору баса белгиленет экен. Албетте, мындай сөз элинин бакубат жашоосу үчүн зарыл бардык шарттарды түзө алган жана дайыма өнүгүүгө умтулган, турак үйлөрдө тургай, кадимки эле көчөлөрдөгү ажатканаларынан бери акыркы технологиялык жетишкендиктерге ылайык шарттар камсыз кылынган өлкө жарандарына тиешелүү экенин баамдабай койо албайсың. А биз сыяктуу, андай жашоо-турмушту өңүндө эмес, түшүндө да көрбөгөн, өпөң-чычаң араң жан экономикалуу, жумушсуздук көйгөйүн жоюуга чамасы чак, карыздан башы чыкпаган, саясий, маданий нигилизм шартында жашоо кечирүүгө аргасыз, базар экономикасын омоктуу өздөштүрүп кете албай өбөктөп, бөгүп-чөгүп турган мамлекет жарандарын эптеп-септеп тиричилик кылып жатканы үчүн күнөөлөөгө мүмкүнбү?

Албетте, мүмкүн эмес, анткени адам укугун ала кийиздей тебелөөгө жол берилген, айтылган сөз, берген убада менен жоопкерчилик, ыйман менен мыйзам тартиби шайкеш келбей, коррупциялык схемалар ажырык чөптөй тамырлап, акыл-ой менен абийир наркы алкым арааны аркылуу ченелген, руханий баалуулукту материалдык мансап үстөмдүгү басмырлап турган өлкөдө – бакубат жашоо болушу мүмкүн эмес экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Кандай гана коомдук түзүлүштөгү өлкө болбосун анын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө, ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылууда, коомдо орун алган терс көрүнүштөрдү жоюуда мамлекет башчысынын инсандык тазалыгы, адамдык бийик адеп-ахлактык принциптерди такай кармануусу, саясий эрки, үлгүлүү жарандык, инсандык, саясий маданияты, улут лидери катары жалпы элдик абройго ээ болуусу абдан чоң мааниге ээ болуп келгендиги дүйнө элдеринин тарыхынан кеңири кездешет.

Ошондуктан, тээ илгерки Рим империясынын биринчи императору Октавиан Августтун бийлигинен, Чыгыш жана Батыш Рим империяларынын убагынан (биздин заманга чейинки 27-жылдан биздин замандын 476-жылына чейин, андан соң Чыгыш Рим империясы дагы 1000 жылга жакын мезгил жашаган) бери мамлекеттик башкаруу системасы менен граждандык коомдун карым-катнаштарына, карама-каршылыктарына, аларды турукташтырууга мамлекет башчылары, мамлекеттик бийлик идеологиясынын өзөгү болуп турган саясий уюмдар, партиялар тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Ошол эле Рим империясында, дүйнөдө биринчи жолу мамлекеттик башкаруу системасынын бюрократиялык тартиби орногон жана ал саясий кырдаалга, коомдук шарттарга жараша ар кандай жолдор менен ыңгайлашып өнүгүп келген.

Дүйнө тарыхын кеңири изилдөөгө алган окумуштуулардын Рим империясынын эң мыкты доору катары II кылымды белгилөөлөрүнүн себеби эмнеде? Анткени, так ошол мезгилдеги Рим императорлорунун жеке инсандык касиеттери коомчулукта чоң роль ойногон, алардын бийлик жүргүзүүдө эл талабын эске алуулары электораттын урмат-сыйына ээ болууну камсыз кылган. Бирок, Троян менен Марк Аврелийдин мезгили алардын жеке сапаттарына гана байланыштуу эмес, коомдогу карама-каршылыктар менен умтулуулардын – Римдин, анын провинцияларынын, республикалык эркиндик менен монархиялык кодекстин ортосундагы тең салмактуулукту орното алышканына жараша бааланган.

Түркия мамлекетинин негиздөөчүсү, улуттук реформатор, саясатчы, мамлекеттик ишмер жана аскер башчы, Осмон империясынын Биринчи дүйнөлүк согуштагы жеңилүүсүнөн кийин улуттук-революциячыл кыймылды, Анатолиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөштү жетектеген Түркиянын Республикалык Элдик партиясынын биринчи лидери Мустафа Кемаль Ататүрктүн султандын марионеткалык өкмөтүнүн оккупациялык режиминен кутулуу, жаңы улуттук, республикалык мамлекетти куруу, халифатты жок кылуу, светтик окууну киргизүү, дервиш ордендерин жоюу, кийим-кече реформасын жүргүзүү, европа үлгүсүндөгү жаңы граждандык жана кылмыш кодекстерин кабыл алуу, латын алфавитине өтүү, түрк тилин араб жана персия тилдеринин үстөмдүгүнөн тазалоо, динди мамлекеттен ажыратуу, аялдарга шайлануу укугун берүү, улуттук банкты, улуттук өнөр жайды түзүү маселелерин ишке ашырууну камсыз кылган, бир катар саясий, социалдык, маданий реформаларды турмушка ашыра алган, ар бир төрт жылда жалпы элдин болуп көрбөгөндөй колдоосу менен шайланган президент, мамлекеттик, партиялык жетекчи катары тарыхта калганы – анын чыныгы улуттук лидер экенинин белгиси.

Америка Кошмо Штаттарындагы саясий Олимп ардагери, төрт жолу президенттикке шайланган жалгыз америкалык саясатчы, чейрек кылымдык өмүрүн майыптар отургучунда өткөрсө да өлкө турмушундагы эң татаал убакта экономикалык депрессиядан чыгуу үчүн зарыл реформаларды жасоого жетишкен, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде гитлердик фашизмге каршы коалиция түзүү идеясынын колдоочусу, согуштан кийин БУУну уюштурууну демилгелеген жана анын толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзө алган, АКШда коомдук, граждандык тең салмактуулукту кармоо менен өлкө тарыхында экономикалык, социалдык түзүлүштөрдүн демократиялык өнүгүүсүн камсыз кылып, элинин эбегейсиз ишеничине ээ болгон президент Франклин Рузвельттин мамлекет башчысы, саясатчы катары өзүнө жүктөлгөн милдетке жогорку жоопкерчиликте мамиле кылганы – мамлекеттик өнүгүүнү камсыз кылуудагы негизги факторлордон болгону талашсыз тарыхый факт.

Кытай Эл Республикасынын тарыхында Мао Цзе Дундун башкаруусунан кийин ар кандай татаал саясий кырдаалдарга карабастан кытай мамлекетин күтүлүп жаткан кризистен алып чыккан, партиялык жана башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө, кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган, социализм принциптерин базар экономикасынын шарттары менен айкалыштырып модернизациялоого жетишкен, чыгаан реформатор, мамлекеттик ишмер, саясатчы жана темирдей тартипти орното алган даанышман жетекчи катары баа берилип келе жаткан Ден Сяо Пиндин кытай элинин алдында өтөгөн кызматын – асман уулдарынын эч качан унутпай тургандыгы шек жаратпайт.

Азия мамлекеттеринин улуттук лидерлеринин арасынан аттын кашкасындай даана бөлүнүп турган мекенчил, улуттук ар намысты сөз жүзүндө эмес жасаган иши, эмгеги менен бекемдеген, жыйырма эки жыл аралыгында мекенин артта калган кедей өлкөдөн – дүйнөдөгү эң өнүккөн бай өлкөгө айландыра алган, мамлекеттик ишмердигинде кыпындай да күнөм саноого жол бербеген инсан – Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад чыныгы мамлекеттик жана улуттук лидер, ишмер катары өзүн көрсөтө алды. Ал эс алууга чыкканда, жердештери эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү жана абройлуу меймандарды тосуп алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында өз демилгелери менен каржы чогултуп, ага заманбап үй жана автоунаа сатып беришти (анткени ал жөнөкөй эле үйдө жашап, жөнөкөй эле унаа менен жүрчү экен). Жыйналган каражаттын артып калган көп суммадагы бөлүгүн М.Мохамаддын балдар үйлөрүнө, ооруканаларга, жардамга муктаждарга таратып берүүнү буюрушу анын ыйман-ынсаптуу таза касиеттеринен кабар берип турат (аргасыздан, эгерде анын ордунда биздин «кыкеңдер» болгондо, ал каражатка «ашык дөөлөт баш жарбайт» деп чет өлкөдөн жер, үй сатып алып, эки-үч жаш токолго нике кыйдырып коймогу турган иш эле деген ойго келесиң, себеби, биздин бүгүнкү инсандык, адеп-ахлактык принциптерибиздин деңгээли андан жогору көтөрүлө албай жатпайбы). Мекендештеринин мындай мамилесин дүйнө коомчулугу – улуттун чыгаан уулуна билдирген ыраазычылыгы, алкышы катары кабыл алды. 2018-жылдын май айында өткөн парламенттик шайлоодо 92 жаштагы М.Мохамад жетектеген оппозициячыл партиянын кайрадан жеңишке ээ болушу – улут лидеринин калк алдындагы бийик аброюн дагы бир ирет ырастады.

Батыш цивилизациясынын таасириндеги модернизациялык өзгөрүүлөргө түп-тамырынан каршылык көрсөткөн самурайлардын бийлик органы болгон сёгундук башкаруу институтун жок кылган жана «Мэйдзи реформасынын» жыйынтыгында Японияны маданий, экономикалык жактан артта калган феодалдык өлкөдөн – өнөр жайы өнүгүүгө карай багыт алган мамлекетке айландыра алган, иена акча бирдигин, пенсия, банктык кредиттөө тутумдарын киргизүүнүн натыйжасында каржылык жетишкендиктерди камсыз кылган, транспорт, байланыш тармактарын өнүктүрүүнү, жалпы, жогорку билим берүү тармагын түзүүнү мамлекеттик саясаттын негизги өзөгү катары калыптандыра алган, анын негизинде жаңы технологиялык жетишкендиктерге жол ачкан реформатор-император Муцухитону жапон эли мамлекеттин бүгүнкү гүлдөп-өнүгүүсүнө шарт түзгөн улуу инсан, жапон кайра куруусунун императору катары баалап келишет.

Отуз жыл аралыгында Сингапур өлкөсүн Азиядагы Малайзия менен Индонезия сыяктуу гиганттардын ортосунда кысылган кедей, артта калган «үчүнчү дүйнө» мамлекеттеринин ичинен планетадагы эң бир өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына алып чыккан, «эгерде сен коррупцияны жеңүүнү кааласаң, өзүңдүн досторуңду жана үй-бүлөө мүчөлөрүңдү да түрмөгө жөнөтүүгө даяр болушуң керек» деген чакырык алдында пара алганы үчүн күнөөлөнгөн бир нече министрдин (алардын бири анын эң жакын досу болгон) камакка алынуусунан баштап, кыска мезгилде коррупциялык бардык көрүнүштөрдү жок кылууга жетишкен, чет элдик инвестиция тартуу, ар тармактуу мамлекеттик натыйжалуу компанияларды куруу аркылуу жумушсуздукту жоюу, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, сот, билим берүү тармактарын реформалоо, заманбап, сапаттуу электрондук продукцияларды чыгаруу, авиа өнөр жай тармагын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу сыяктуу жана башка көптөгөн социалдык, экономикалык маселелерди чечүүнү ийгиликтүү ишке ашырган, өлкөсүндө темирдей тартипти, мыйзам үстөмдүгүн орноткон Сингапурдун президенти – Ли Куан Ю өлкө тарыхында чыгаан реформатор, нукура улуттук лидер катары калып олтурат.

«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген таамай айтылган сөздөрү менен таза жашоого үндөгөн, өзү да эч качан чындыктан, калыстыктан тайбаган тазалыгы, саясий көрөгөчтүгү, принципиалдуулугу менен калк кадырына арзыган, жетекчи катары мамлекет, калк кызыкчылыгын адамдык, пенделик ынсаптан жогору койо алган кыргыз элинин чыгаан уулу Исхак Раззаков жалпы постсоветтик, Борбордук Азия аймактардын элдерине таза нукура эл башынын образын калтырып кеткени менен улуу жана анын аты кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүктүү жазылып калат.

Союздук пландуу экономикадан базар экономикасына өтүү мезгилинде мамлекеттик, элдик мүлктү ченемсиз талап-тоноодон башталып, өлкөнүн социалдык-экономикалык тармактарында болуп көрбөгөндөй терең тамырлашууга жеткен, жарандык, коомдук аң-сезимдин позитивдүү калыптануусуна ашкере тескери таасирин тийгизип, улам кийинки бийликке мураска калып келе жаткан коррупциялык схемаларга каршы күрөшүүнү жалпы элдик колдоого алуу, мыйзамды одоно бузуу менен жеке өздөрүнүн гана материалдык, финансылык кызыкчылыктарын көздөгөн, бюджеттик, кредиттик, гранттык каражаттарды уурдоого көнгөн мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилерден, укук коргоо, фискалдык органдардын жана башка уюм, мекемелердин жооптуу кызматкерлеринен тазалануу (люстрация) маселеси – эгемендикке ээ болгон күндөн тарта коомдук жана мамлекеттик жашообуздун күн тартибиндеги эң орчундуу көйгөй боюнча калып келүүдө.

Коррупцияга каршы күрөшүү тунгуч президент А.Акаев Кыргызстанда коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жеткени тууралуу айткан күндөн бери карай эле «жүргүзүлүп» келе жатат. Кийинки мамлекет башчысы К.Бакиев да бийлик үзөңгүсүнө бут коеору менен эле ишмердигин коомдогу бул терс көрүнүштү ооздуктоону, аны менен аёосуз күрөшүүнү эл алдында убада кылуудан баштады. Бирок, тилекке каршы, ал убадалар ишке ашпаган куру сөз катары гана калып калды. 2010-жылдагы апрель коогалаңынан кийин сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдөн арылуу, олуттуу реформаларды жүргүзүү аркылуу коомчулуктун мамлекеттик бийликке карата ишенимдерин кайтаруу жаатында берген анттарын аткарууга убактылуу өкмөттүн да чамасы жетпеди. Андан кийинки бийлик ээлери майда “чабактарды” гана эмес, бюджеттик каражаттарды чайнабай эле жутуп жиберүүгө көнгөн «акула», «киттерди» да жоопкерчиликке тартууга кирише башташканы менен аны аягына чыгарууга белсене алышпады.

Албетте, ондогон жылдар бою калыптанып, сөөккө сиңип калган көнүмүш адаттан тез арада арыла коюу оңойго турбашы белгилүү маселе, бирок тазаланууга, өлкө турмушунун бардык тармактарында сезилерлик өзгөрүүлөргө, мамлекеттик кызматчылардын, укук коргоо органдарынын бийлик үстөмдүгүнөн көз карандысыз болууларына жетишүү үчүн мамлекеттик жетекчилер, коомдук, өкмөттүк эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жалпы эл тарабынан бирдиктүү аракеттерди жасоо зарылдыгы эгемен Кыргызстандын бүгүнкү жашоосундагы кечиктирилгис түрдө турмушка ашырууну талап кылган өтө маанилүү маселе катары каралуусу абзел.

Дүйнө мамлекеттеринин тажрыйбасында коррупцияга каршы күрөшүү процессинде натыйжалуу жыйынтыктарга жетишкен өлкөлөр ондоп саналышат. Мисалы, коррупциялык схемалардын коомго, өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна олуттуу зыян алып келерине, мындан ары анын улануусуна жол бербөө үчүн анын тамырын кыркуу, коррупционерлерди аёосуз жазага тартуу керектигине бийлик органдарында иштөө мезгилдеринде көздөрү жеткен Чилинин президенти Аугусто Пиночет (аскердик төңкөрүш жасоо аркылуу бийликке келген диктатор катары кабыл алынып жүрсө да), Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчысы Дэн Сяопин жалпы эл алдына койгон максат, программаларын ачык-айкын жарыя кылышып, калк колдоосунун негизинде өз өлкөлөрүндө өнүгүүнү камсыз кылууга жетишишкен. Бул багытта натыйжалуу иш жүргүзүү жаатында дүйнөдөгү эң алдыңкы он өлкөнүн катарына кирген жана Германия, Австрия, Япония сыяктуу өнүккөн мамлекеттерден да алдыда экендиги белгиленип жүргөн – Гонконгдун тажрыйбасы өзгөчө токтолууга арзыйт.

Кезинде Гонконгдо коррупциялык көрүнүштөр чектен ашкан деңгээлге жетип, кылмыштуу чөйрө менен укук коргоо органдарын айырмалоого мүмкүн болбой, социалдык-экономикалык абал күндөн-күнгө начарлай баштаганда саясий эркти даңазалаган расмий бийлик өлкөнүн ички иштер министрлигинин алдындагы коррупцияга каршы Башкармалыкты жоюуга барган жана анын ордуна коррупция менен күрөшүү боюнча Көз карандысыз Комиссияны түзүп анда кызмат кылууга жогорку окуу жайларынын алдыңкы бүтүрүүчүлөрү, мурун-кийин мамлекеттик кызматтарда иштебеген, коррупцияга аралашпаган таза, дымактуу жаштар тартылган, аларды конкурстук негизде, Гонконгдун Генерал-губернатору жеке өзү тандап алган. Натыйжада, 1974-жылдан 1980-жылга чейинки алты жылга түзүлгөн контракт шартына ылайык жүргүзүлгөн жигердүү иш-аракеттердин жыйынтыгында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, кылмыштуу чөйрөнүн тамырын кыркуу иштери бир топ жогорку деңгээлде майнаптуу ишке ашырылган.

Комиссиянын кызматкерлерине чоң жоопкерчилик менен катар, өзгөчө укуктар, мисалы, коррупцияга тиешеси бар делип шектелген мамлекеттик кызматкерди анын күнөөсү толук аныкталганга чейин түрмөдө кармоо укугу берилген. Ал үчүн убакыт коротуп же сот, прокуратура органдарынан уруксат суроо да талап кылынган эмес. Ушуга окшогон артыкчылыктуу укуктардын негизинде аталган Комиссия беш миллион калк жашаган Гонконгдо бир жылга жетпеген убакыт аралыгында эки жүз коррупционерди сот алдында жоопко тартууга жана камакка алууга жетишкен. Алар мурда эч кимге баш бербеген аткаминерлерге чейин текшерүүгө алышып, иш козголо баштаганда Лондонго качып кеткен Гонконг полициясынын начальнигин кийинки эле жылы кармап келип жоопкерчиликке тартышкан.

Гонконг бийлиги коррупционерлер менен күрөшүү процессинде өлкөдө жогорку кызматтарды ээлеген бардык аткаминерлер үчүн кирешесинин акыркы тыйынына чейин кайдан алганы боюнча маалымат берүү тартибин орнотушкан жана ал боюнча ар бир мамлекеттик кызматкер тийиштүү органдарга өз убагында, так маалымат берүүгө милдеттендирилген. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары болсо, иштин жыйынтыктарын байма-бай жарыялап турушкан. Эгерде, кайсы бир жооптуу кызмат адамынын кирешесинин мыйзамдуулугу боюнча күмөндүү жагдай түзүлсө Комиссиянын аны дароо камакка алып, тергөө жүргүзүү укугу колдонулган жана жыйынтыгында көмүскө кирешелер аныкталса кандай чоң кызматты ээлегенине карабастан он жылга үй-мүлкүн конфискациялоо менен катуу жоопкерчиликке тартылган. Статистикалык маалыматтарга ылайык 1974-жылы Гонконг аткаминерлеринин 90 пайызга жакыны коррупцияга аралашкан болсо, 2000-жылдары алардын алты пайызы гана күмөн жараткан, ал эми азыркы учурда бул көрсөткүч үч пайызга чейин түшкөн.

Гонконгдогу коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнүн натыйжалуулугун камсыз кылган фактор катары Комиссия кызматкерлерине ички иштер органдарына караганда жыйырма пайызга жогору эмгек маянасынын бекитилип берилиши жана алардын жашоо-турмуштарын жакшыртуу максатында зарыл шарттардын түзүлүшү да эсептелет. Эгерде, кызматкер жеке өзүнүн демилгеси, тынымсыз аракети менен кандайдыр бир коррупциялык иштин бетин ачууга жетишсе, ал көмүскө каражаттын бир бөлүгү ага сыйлык катары бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда, коррупцияга каршы комиссия ашыкча «аракеттенип», «бөркү менен кошо башын алып койбошу» үчүн алардын ишмердүүлүгүн коомчулуктун жана бизнес чөйрө өкүлдөрүнөн турган атайын Коомдук комитет көзөмөлгө алган.

Аткаминерлерге алардын маселелерин «чечип» жатышканы үчүн үзгүлтүксүз пара берүүдөн тажаган бизнесмендер коррупцияга каршы жүргүзүлгөн өнөктүктү жан дилдери менен колдоого алышып коорупциялык схемалардын бетин ачууга чоң жардам беришкен. А жөнөкөй жарандар болсо, комиссиянын ишеним телефондоруна күнү-түнү чалышып, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иштери тууралуу маалымат берип турушкан. Жыйынтыгында, отуз жылда Гонконг – кинофильмдерде көрсөтүлгөндөй кылмышкерлер менен наркобарондордун мекени эмес, дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөгө айланган.

Гонконгго салыштырмалуу – Кыргызстан отуз жылдан ашуун убактан бери курулай кыйкырыктан башка жарытылуу өзгөрүүгө жетише албай, коррупционерлердин саны бир пайызга да азайбастан, тескерисинче, көбөйүүнүн үстүндө болду. Базар экономикасынын шарттарында коррупцияга бөгөт коюуга багытталган өзгөчө кадрдык саясатты жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө тынбай айтылганы менен иш жүзүндө эч кандай жыйынтык чыкпады. Анткени, республикада советтик коомдогу коммунисттик партия сыяктуу өзөктүү мамлекеттик саясатты алып бара ала турган күчтүү партия жокко эсе болду, ошол эле учурда өздөрү деле анча аңдай беришпеген, калкка түшүнүксүз программаларын таңуулаган жүздөгөн партиялардан баш адашат. Алар өзүнчө бир башка коомдо, ал эми эл, коомчулук, мамлекет башка коомдо жашап жаткандай башаламан жашоо. Бир максатта жаңы форматтагы мамлекеттик, коомдук системаны куруу, жаңылануу, тазалануу, коррупциялык көрүнүштөрдөн арылуу, коомдук аң-сезимди калыптандыруу, улуттук идеологияны камсыз кылууга умтулуу аракеттеринин натыйжасыздыгы – өлкөдө кадр, социалдык-экономикалык өнүгүү, улуттук идеология маселелери боюнча коомчулукка түшүнүксүз программалар таңууланып, ар ким өз билгенин кылган, чар жайыт саясаттын жүрүүсүнө алып келди.

Андыктан, учурдагы кадр саясаты кайсы бир партиянын программасына, убадасына жараша эмес, улуттун жаркын келечегине багытталган мамлекеттик идеологиянын негизинде ишке ашырылышы абзел. Ал эми жеке ишкерлер, бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү базар экономикасынын талабына шайкеш иш алып барууга жөндөмдүү жарандарды билимине, кесибине, жоопкерчилигине, аткаруучуулугуна жана кесипкөйлүгүнө жараша өздөрү эле тандап алышат, аларга кадр саясатынын, мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнүн кереги да жок.

Айрыкча, 2005-жана 2010-жылдарда болуп өткөн коогалаңдуу окуялардан кийин, жогорку мамлекеттик бийлик, укук коргоо органдарынан айыл өкмөттөрүнө чейин кызматтык тажрыйбасына, адискөйлүгүнө, инсандык тазалыгына, мамлекеттик, элдик мүлккө сарамжал мамилесине карап таза конкурстук негизде жетекчилерди тандап алуу тартибин орнотуу ордуна «революционерлер» менен шайлоолордо буту үзүлгөнчө жүгүрүп «кызмат» кылгандарды, кошоматчылар менен ушакчыларды, мамлекеттик кызматта бир күн да иштеп көрбөгөн, ал жөнүндө түшүнүгү да жок, өз кызыкчылыгын баарынан жогору коюп көнгөн билимсиз, жазган беш сап арызынан ондогон ката кетирген «чала молдо дин бузар», «оозу менен орок оргон» көкүрөгү көңдөй демагогдор менен жеке принциби, туткан туругу жок, чындыкты бетке айта албаган, «шефинин» көзүн карап «өл десе өлүп, жат десе жаткан», улут, тил, мамлекет келечегине кайдыгерлер менен айла-амалдууларды, капчыгы калыңдарды тартуу фактыларынын адатка айланып, анын коррупциялык схемалардын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келатканы да ачуу чындык.

Ошол эле учурда, Совет мезгилинен мамлекеттик кызматтарда иштеп такшалган, жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү биринчи орунга койгон тажрыйбалуу кызматкерлер жогорудагыдай баш аламандыктардын келип чыгуу себептерин даана көрүп турушса да – көрмөксөн, билип турушса да – билмексен болушту, каршы тура алышпады: уятсызга анын уятсыздыгын, билимсизге – билимсиздигин, ууруга – уурулугун, адепсизге – адепсиздигин, кошоматчыга – кошоматчылыгын, ыймансызга – ыймансыздыгын, кайдыгерге – кайдыгердигин, эки жүздүүгө – эки жүздүүлүгүн так көрсөтүп, чындыкты көзгө сайып чыркыратып айта алышпады, аз да болсо айлык алып олтурган кызмат орундарынан кол жууп калуудан, бала-чакасын ачка калтыруудан корунуп-коркушту, чочулашты. Ал эми кандай бийлик келсе да кошоматка кой союуга чеберлер тез эле “ишенимге” кирүүгө жетишип алышса, «өз каалоолору менен» жумуштан бошоого аргасыз болгондордон башкалар баарына макул, баарын колдогон сыпайы, билимдүү мамлекеттик «маңкурттарга» айланууга мажбур болушуп, адаттарынча жумуштун майын чыгара бир орундан жылбай иштеп келатышат…, катарлары күндөн-күнгө азайып барат…, алардын мамлекеттик кызмат тармагында топтогон бай тажрыйбаларын жана адистик, уюштуруучулук жөндөм-мүмкүнчүлүктөрүн жооптуу кызматтардагы жаш кадрларды даярдоодо пайдалануу аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү деңгээлин көтөрүү жөнүндө ойлогон киши жок.

Натыйжада, «мен – начальник, сен – «галдирбай» принцибин жетекке алгандардын кесепети республиканын жогорку жана жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарынын эл алдында кадыр-барктарынын кетүүсүнө түрткү берди. Ал эми, арзыбаган тыйынга алданган шайлоочулар да «эшегине жараша – тушагы», «өзүң кылган иш – өз башыңа муш» демекчи, ооз ачпай олтурууга мажбур болушту. Албетте, бийлик «арзыматтары» аларга сын айткандар менен эч качан макул болушпайт, аны караманча четке кагышат. «Кыргызстан демократиялык өлкө, кимди шайлоону ар ким өзү чечет, эч ким эч нерсеге кийлигишпейт, Кыргызстанда адам укугу ар дайым коргоого алынат», – деп кыйкырык салышып, бийлигинен пайдаланып сын пикир айткандардын өздөрүн сындырууга бүт күч-аракеттерин жумшашат. Мындай көрүнүштөр чейрек кылым ашуун убактан бери жүргүзүлүп келаткан кашкайган чындык экенин бүт эл-журт көрүп, билип турса да, айлалары жок, анткени акчаларын алып коюшкан, туугандык, жердештик, дос-жар мамилелерин сыйлап-урматташкан, эмне дешмек, «өздөрүндө турса бир айып… кимге күнөө коюшмак, кимге барып «кыңырайышмак» ...

Күттүрбөй убакыт, өмүр өтүп, дүйнө ааламдашкан масштабда күн сайын өзгөрүп, өсүп жатат, бирок канча жолу өкүнсөк да, кетирген кемчиликтерибизди «түштөн кийин түшүнүп турсак» да биз аң-сезимибизди таптакыр өстүрө албай койдук, бир баскан тырмоочту кайра-кайра баскандан тажабадык. Тагыраак айтканда, «үйрөнгөн адатыбызды» таштай албай өскүбүз да, өзгөргүбүз да келбеди, өзүбүз эч моюнубузга алгыбыз келбеген, өзгөлөр айтса намыс кылымыш эткен, ата-баба, улут аброюна шек келтирип жаткан куруп кеткен «куру намысчыл» «кыргызчылыгыбыздын» (ичи тардык, көралбастык, кайдыгерлик, кошоматчылык, эки жүздүүлүк ж.б.) азабын тартып келатабыз... Базар экономикасынын фонунда ыйман, тазалык жана руханий баалуулуктарды жэрип, аларды унутта калтырып бара жаткан жашообуздун бүгүнкү акыбалы мына ушундай. Чычалабай, терикпей, турмуш чындыгын кабыл алууга үйрөнүп, ыймансыздык, бийлик, байлык илдетине чалдыккан коомубузду өз колубуз менен дарылоого, алдамчылар менен арам тамактардан арылууга, келечек муунга кемпайлыгыбызды эмес, кеменгерлигибизди көрсөтүү үчүн тазаланууга, таза жашоо жолун тандоого жана аны турмушка ашырууга мезгил качан эле жеткенин, эгерде мындан ары да өз жашообузга, тагдырыбызга, мамлекет келечегине кайдыгер болууну уланта бере турган болсок, анда, жакшы үмүт-тилектерди турмушка ашырууга балта чабылып, кийинки муун каргышына кала турганыбызды, алардын алдындагы жоопкерчилигибизди унутта калтырууга эч кандай акыбыз жок экенин сезүү ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети болууга тийиш.

Бүгүнкү күнгө чейинки аракеттердин коррупцияга каршы күрөшүүнүн башталышы эле экенин, анын жүрүшүндө натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү декларативдүү программалар менен гана чектелбей турганын, айткан сөз, берген убада менен аткарган иштер шайкеш келбесе, бийлик билермандары абийир алдындагы жоопкерчиликти сезе билишпесе, алар жалпы коомчулуктун алдында, биринчи кезекте, өздөрү таза боло албай, элдин бакубат жашоосуна шарт түзүүнүн ордуна байлык, бийликтин баш айланткан ыплас сазына кекиртектерине чейин батып кетишсе, анда эч кандай жылыш болбой турганын эгемендик жылдардагы өлкө президенттеринин жана алар ишенип мамлекеттик жогорку кызмат орундарына дайындалгандардын бүгүн биринин артынан бири жоопкерчиликке тартылып жатышы да тастыктоодо. Ошондуктан, калк бетине кара көө жаап, мамлекеттин, элдин келечегин ойлобогон мите курттардан тазалануу, улут аброюн көтөрүү аркылуу өнүккөн коомду курууга жетишүү маселеси улут маданиятынын, мамлекеттик идеологиянын олуттуу принциптерине айланмайынча, коррупцияга каршы күрөшүү идеясы жалпы элдин аң-сезимине терең орноп, алар тарабынан жапа тырмак колдоого алынмайынча, өлкөнүн ар бир жараны бул көйгөй жөнүндө ар бир мүнөт, саат сайын ойлонууга дит коймоюнча, ар бир жаран өз абийиринин алдында таза болмоюнча, коррупцияны жоюу аракети эң негизги милдеттери экенин сезбеген сот, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен тазаланмайынча, коррупциялык зыяндуу көрүнүштөрдүн алдын алуу бардык бюджеттик мекемелерде максаттуу жолго коюлмайынча, коррупциянын өнүгүүсүнүн негизги себептеринин бири – кедерди кескен кедейлик көйгөйүнөн арылмайынча, ар бир жаран өз укугун так билип, аны турмушта колдонууну өздөштүрмөйүнчө, кандай гана жакшы демилге, программа болбосун эч кандай жакшы жыйынтык бере албасын, он жолу «төңкөрүш» болсо да бул жугуштуу социалдык оорудан арылуу эч кандай мүмкүн эмес экенин бөркүбүздөй билүүбүз абзел.

Жоробек Борбодоев,

саясий илимдердин доктору

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-02-2024
Кыргызстандын жаны геосаясий кырдаал шарттарындагы дипломатиялык ишмердуулугу тууралуу
921

12-01-2024
Кыргыз музыкалык маданиятындагы Рыспай Абдыкадыровдун феномени
1905

09-11-2023
А.Масалиевдин 90 жылдыгына карата
1956

09-11-2022
Өткөндөн сабак алуу жана бүгүнкү реалдуулук жөнүндө
1764

29-07-2022
Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана жаштарга билим, тарбия берүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө
6931

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×