Добавить свою статью
12 Марта 2024
Ыйык өмүрлөр (жашоо сүртүмдөрү түрмөгүнө) 60 жаш

Чолпон Токтоналиева «психокорректор», «медициналык антропологиянын изилдөөчүсү», «фольклор таануучу»

Манас – кылымдар үнү, ар бир кыргыз өзүнөн ойготуш керек…

Москва. Бауман метросу. 30-январь, 2023-жыл. Чолпонду күтүп туруп, биз таанышкан тээтиги 2005-жыл, революция эсиме түштү. Адам жашы өткөн сайын иргелип, ысык-суукка чыдаган достору калат окшобойбу… Раматылык Раатбек менин эжем деп, урматтап калчу эле. 2006-жылы башына тийген ок көзүн агыза жанын алган жылдан бери Алматыда андан Москвада мега борборго келип иштегенден бери адамдык алакабыз үзүлбөдү. Дагы бир Чолпон (Абдуллаева) салам айткан аманаты дагы бар эле. Азыр ойлосом ал кездин Кашпировскийиндей эле «циркке» элди чогултуп Тургуналы Нурматов, Чубак Сатаевдер ырдап, экинчи бөлүгүндө раматылык Нарбеков Оморбай агайдын борборунда иштеген экстрасенс Чолпон ошончо элге «сеанс» өткөрчү. Элитанын ал кездеги «полит технологу» болгонун элес албаптырбыз. Кыргыздарда эркелете кыскача атаган салт бар эмеспи. «Чыке» (Айтматов), «Түкө» (Сыдыкбеков), «Ашке» (Айталиев) мен дагы эркелетип Чопа дейм, келип калды.

Экөөбүздүн жолугушуубуз кыргыздардын кафесинде өтөт, бул салтка айланган. Аманатты аткарып, анан өзүмдү түйшөлткөн суроонун жообун уккум келди. Телефонумдан Бишкекке чалып, куттуктайт экен – деп кармата салдым.

Сүйлөшүп атып да бозо менен куурдакка буйрутма берип: «карышкырдан кийин этти Ат-башылыктар жешет, бозодон кара куурдак(бозону ысытып, сары май кошуп алып келет)» деп айтып үлгүрдү. Экөө (Чолпон эже) сүйлөшүп атат видео байланыш менен “Жаңыл эже Асылдын апасы үч Чолпон баламды эмнеге курчап алгансыңар” – деп тамашалады, жалпы тааныштарды сурап, алым-сабак кепке өтүштү. Чопа, “Чолпон” деген балетти көрдүң беле? – деп сурады. Биз деген Айдай деген желмогузду жеңген Чолпонбуз да. Карахандын баласы Нурдиндин сүйүүсүнө татыган, чындык тараптабыз, – деди. Үчөөбүз тең каткырып калдык. Чопа, 1958-жылы “Ленфильм” студиясы тарткан “Чолпон” фильми кыргыз операсынын тумары, кайра элге жайылтыш керек, деп жомоктор дүйнөсүнө жөнөдү. Кезек мага жетти.

– Чопа айтсаң, чып-чыныгы манасчы барбы? Бүгүнкү күндө ошону айтчы мага, – дедим.

Дароо эле:

– Бар, эмнеге жок?! Кыргыздын генинде, чучугунда, канында, архетипте, эс тутумда таза кыргызда Манас жашайт. Кандай учурда, кандай кезде кантип ойгонот ошону гана изилдеп Манас изилдөөчүлөр таба элек. Сен эмне кылып жүрөсүң? R1a ДНК-генеалогияны А. Клесовду карадыңбы? – деп кайра мага суроо берди.

Кудай жалгап компьютеримде Аймендин (Касенов) атасы экөөбүз классификация жасаган таблица бар эле ошону көрсөттүм. Сагынбай атанын, Саякбай атанын, Жусуп атанын Манасындагы «уруулардын» ДНКсын карап бир саам ойлонуп калды.

– «Манас» эпосуна каалаган эле адамдын жолу түшпөйт, которуш оор, жылышы кыйын сенин жолуң кандай болоор экен? Казактар айтмакчы, «космополитизм», «евроцентристтик дүйнө тааным» чыгыш элинин философиясын, фольклорун чучукка жеткире окутуу болгон эмес. М. О. Ауэзов гана Манас менен Абайга жол салып кетти. Аны да өнүктүрө албай отурабыз. Мен башканы айтпайын өз тажрыйбамды айтсам, кыргыз эл жомоктору, дүйнө эл жомоктору менен чоңойдум. Жетим калдым, чоң эне, чоң ата деген мектептен өттүм. Фольклор, жомок менен чоң ата, чоң эненин тарбиясын алган балдар, жашоодо бир нерсеге жетишет. Окубаган, тарбия албагандар жашоодон жолу анча болбойт. Манас окуган, ата-тегин тааныгандардын тагдыры жакшы болот. Манасчы – деген сөз Совет доорунда «ашпозчу», «колхозчу », «айдоочу», «саанчы», дегендей эле кабыл алынып калган. Кыргызда улуу баянды айткан жомокчу деп эле келген. Бирок азыркы манасчылар илгерки географияны астрономияны окубай эле айткандай айта алышпайт, китептен сюжетти башынан аягына чейин окуп, билип алып анан айтат.

***

Чолпондун дүйнөнү кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү тукум улап келе жаткан «кыргызчылык» деп баарын тергеген терминге жакын, жогорку сезимдүү «инсайт» (коро билүү, түшүнүү) экенин 20 жылдан ашык достук мамиледен кийин билчү элем. Дароо маанайынын жакшысынан пайдаланып Чопа, кел айткандарыңды жаздырып алайын, уруксат бер – дедим.

Бир саам маалымат алгандай, тунжурай түштү да, жарк этип күлүп жиберди. Сенин ооруң кармаган атат, макала жазасыңбы же экспериментиңе менин оюм керекпи? – деп менин оюмду окуп койду.

– Сен Акылкарачачтан сураган 3 суроону билесиңби? – дебеспи.

– Жок. Эстей албайм.

– Тезек терген үч кыздычы? Музоосун эмизбей, тезегин суу кылбаган?

– Аны да билбейм, – дедим. Акылкарачачтан Карахан сурайт:

– 1.Дүйнөдө эмне таттуу?

2.Дүйнөдө эмне катуу?

3.Дүйнөдө эмне оор? Жандырмагын билесиңби?

– Жок, – дедим.

«Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жоктун зары, чын убададан – оор нерсени көргөн жокмун» – деген. Мына фольклорист билчү кыргыз эл жомогу. Сергек караган илимпоздор «инфоген» деген түшүнүктү массага ачыш керек. Жалпак тил менен алганда макал-лакап улуттун ата тегиндеги акылды ойготуу. Элдик мурастарды элдин өзунө руханий казына кылбаса руханий деградация күчөп атпайбы. Мына кайын атам жазган «Ормон ханды» окудуң эмне деген акыл бар. Илияс Есенберлин «Көчмөндөрдү» жазып казактын өзүн-өзү таануусун ачкан, эми кино тартып өткөнүнө кайрылып жатышат. Тарых кайталанат. Калыгул, Ормондордон тарыхый сабак алчу кино тарттыкпы? Мына менин замандаштарым, классташтарым бирөөнүн көзүн каратпайм деп, күйөөсү эрте өлгөнү да, ажырашканы да кайра күйөөгө тийбей эле, балдарын багышты. Кыргыздын салтынан, жазылбаган мыйзамынан айланса болот. «Манас» эпосу бул жомок эмес, кылымдар үнү, элдин аң-сезимин ойготуш керек, ар бир кыргыз өзүнөн ойготуш керек.

***

– Көзгө сүрткөн дарыдай, көз ирмемдей өмүр өтөт экен. Өгөй энем да, атам да өмүрдөн өттү. Мен ошолордун жашына келип азыр гана алардын баркын билип атам. Өткөн жайда барып аш берип, атама, анын аялдарына, чоң эне, чоң атама куран окутуп келдим. Жети атага чейин байланыш үзүлбөйт. Кереметтүү тагдырдын, табышмактуу сырын дагы эле издеп келем. Тагдырлар кызык, кыргыз элинин тереңдиги ушул да, менин кесибимди тагдырым, Жараткан берген шыбага деп билем. Элимдин тентек кызымын, кайда жүрбөйүн Кыргызстанды ала жүрөм. Анча - мынча патриоттордон өтүп кетем билесиң. Казактын акыны Олжас Сулейменов:

Возвысить степь,

Не унижая горы! – деп жазганы бар билесиң. Анын сыңарындай бирөөнү өтө эле мактап, бирөөнү кемсинткенден алысмын. Адамдын жан дүйнөсүн гүлдөткөн ырларды жазган акындарды Элмирбек Иманалиев уютуп кетти окшойт. Алыста жүрсөк да Ата-Мекендин тынчтыгын, өнүгүшүн чын жүрөктөн каалап, ойлоруң ошол жакта жүрөт. Мекенге арналган жакшы ыр уксаң кайра-кайра уккан куракка келдик. Мына мигранттардын чыдап жүргөнү эркинен жана аракетинен эле. Коуч, психокорректор, психолог, психо-тренинг айтоор илгерки биз билген кыргыздар аң-сезими менен аткарган жумуштар кайра жандана баштады. Дисгармониялуу болуп тең салмактуулукту кармабасаң, өзүңдү-өзүң кармай албасаң, тигил же бул кырдаалда кандай иш аракет кылууну билбесең, максаттуу ойлонгонду билбесең бактылуу болууң мүмкүн эмес – деп келгендерге айтам.

Бүткүл дүйнөлүк психологиялык борбордун окумуштуулары төрт жылда бир жолу планетанын бардык калкынын IQ деңгээлине статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Жыйынтыгында 85% аң-сезимдин деңгээли өнүкпөгөн абалда экенин айтып чыгышты. Биздин замандаштарыбыздын психикалык чөйрөсүнө жакшылык каалаш керек болуп жатат. Азыркы заманбап адамдын кызыкчылыгынын кеңдиги, мурунку биз жашаган СССР менен салыштырып болбойт. Биз кыргыздар өзүбүздү кандай алып жүрүүбүз керек? Кимдин тукумубуз? Дүйнөдөгү ордубузду ойлой турган кез келди. Генетикалык аппаратты иштетели. Биздин ата-тегибизден келе жаткан нерселер генетипте жазылып калат. Адамдын ДНКсында камтылган жашоо программасын иштетели. Аны кыргыздар илгери эле «аккан арыктан суу агат» деп айтып койгон. Мен болгон нерсеме ыраазымын. 2000-жылы келгенде эле психо-тренингдин баасы 2000 болчу баасын көтөрбөй ошол бойдон иштеп келе жатам. Кайда болбоюн, кайда жашабайын кыргыздын кызы бойдон калам. Кыргыз элим болсо мен бармын. Кыргыз кайда болбосун аман болсун. Кыргыз элибиз өнүгүп өссүн.

P.S. Кыз Сайкалдай кыргыздын кызы сени да алтымышынчы жазың менен куттуктайм. Сен сейрек кездешкен кесиптин ээсисиң. Сени изилдеп, билгениңди үйрөнө турган, барыңды ала турган кыргыздын акыл ордосунун бир ачкычы бар адамсың. Батасы элди байыткан Кошой бабабыздын батасынан Манас атабыздын учугу улангандай, сендей жомокту үмүтүнө байлап, изги тилек, илгери үмүтү менен мекенине, дос тууганына жакшылык каалаган адамдардын бары менен уланып келе жатабыз. Жакшылыкка мен дагы ырыскылаш болоюн. Бар бол досум.

Чолпон Субакожоева

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-05-2024
Ыйык өмүрлөр. Акматбек Султан уулу - төкмө акын, ырчы, обончу
520

05-04-2024
Достукту бийик туткан инсан!
1013

05-04-2024
Ыйык өмүрлөр. 70-жаш устат, коомдук ишмер, профессор Медетбек Букуев
1228

03-08-2022
Ыйык өмүрлөр: Мухтар Шаханов 80 жашта
2148

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×