Медеттин жети медери: «Манас өзү үчүн сүйлөп, өзү үчүн жооп берип атканын, сезген бар, сезбеген бар»
Медет Букуевдин өмүр жолунда «Торпедо-Москва» футбол клубу өзгөчө орунду ээлейт. 1924-жылы «Пролетарская кузница» аталышындагы футболчулардын алкагында түзүлгөн СССРдин «Торпедо-Москва» футбол клубунун орус тарыхында орду бар.
«Методика этапного программирования тренировочных нагрузок у высококвалифицированных футболистов в годичном цикле» деген темада СССРдин (Москва шаарында) Бүткүл союздук дене тарбия илим изилдөө институтунун аспирантурасын окуп, 1989-жылы илимий ишин жактап педагогика илиминин кандидаты наамын алган.
Кыргызстанда кичи футбол ассоциациясын 1995-жылы түптөп, азыркы кемелине алып келип, учурда кичинесинен чоңуна чейин ойноп, улутту көтөргөн оюнга айланткан легендарлуу адис менен маекти сунуштаймын. Биздин жакшы санаалаштардын арасында Медет Омошевич менен Айна Абазовна быйыл жылдыз болушууда.
Атасы Буку менен энеси Айтбүбүнүн уулуна азан чакырып коюшкан аты – Медетбек. Сөздүн уңгусу «медет» – «жардам, таяныч» деген маанини берет. Байыркы кыргыз энцклопедиясы «Манас» эпосунда «медет» кан токтотуучу дары экени Көкчө согушта жарадар болуп кансырап жатканда айтылат.
- Медет Омошевич, сизге байланыштуу бардык кеп-сөздү ортого чыгарууга каршы болоруңузду, «жөн эле, эл катары жүрөйүнчү» дээриңизди жакшы билем. Антка, шертке, достукка бектигиңиз, кыргыздын эл билбеген салттарын карманаарыңыз да белгилүү. Аманатты аткарбаган, керек болсо «ал эмне?» дегендер четтен чыгат. Сиз болсо аманатты аткармак тургай, эстетип турасыз. Мен тек гана туу туткан жети медеринизди эле сурайын деп турам. Өзү жооп бербептир «жазгычтары» жазыптыр дебесин, эл оозунда элек жок. Жан-дүйнөңүздөгү катылган, тээ түпкүрдөгү баалуулуктарыңызды ачыңызчы. Сиз жана Айна Абазовна биздин китептин «архетипи» менен каармандарысыздар, албетте, өзүбүз дагы барбыз деңизчи.
- Өктөм го атына жараша, деги эле экөөңөр издешпей табышкансынар. Силерге жооп бербей, буйтап өтүш мүмкүн эмес. Бул жылдар, анан калса ыкчам маалымат алмашкан учурдагы жоопкерчилик, «Кудай уур» деп таң калып, жакамды карманган учурларым көп кезде экөөң да жарга такайсыңар. Анан суроолорго жооп берүү боюнча, эл катары жүрүп, ойлорумду, иш-аракеттеримди, көз караштарымдын ортого салайын, өзүңөр маанилүү дегендерин иргеп аласыңар да.
Менде кайдагы жазгыч? Кыргызда «Акыл оошот – ырыс жугушат» деген сөз бар эмеспи. Кесиптешим, тарыхчы, жазуучу Арслан Койчиев ушул сөздү көп колдонот. Анын сыңарындай, сөз баккан, кеп кадырлаган адамдар менен мамилелеш болууну Жараткан насип кылыптыр. Өзүм да жаштайыман китепти көп окугам. Ошондон уламбы, айтор, көз карашымды билдиргим келсе, «жазгычтары» жок эле өзүм эле термелеген адатым бар.
Биринчи медерим – Урпактан урпакка өткөн өнөр (Нурдин, Нурбек, кичи футбол, генофонд)
- Нурдин футбол боюнча калыс болуп жүргөнүнө 20 жылдан ашты. Курсакта жаткандан баштап эле футбол менен тааныш десем болот. 2008-жылы Бразилияда, 2012-жылы Таиландда, 2016-жылы Колумбияда, 2021-жылы Литвада өткөн дүйнөлүк чемпионаттарда башкы калыс болду. Мындан сырткары, дагы канчалаган мелдештерге калыстык кылып, бышып жетилди. Жыйынтыгында чемпионаттарды эң көп тейлеген калыс катары Гиннесс китебине кирди. Калыс болуш оңой эмес, чачты агартып, нервди алган түйшүктүү иш, чагылгандай тез бүтүм чыгарууну талап кылган жоопкерчиликтүү жумуш.
Кичи футболду уюштургандан кийин, адис жок, айлам кеткенде Нурдинди калыс кылып, үйдөн да окутуп таптап чыгардым. Ошентип, кичүү уулум Нурбек экөө тең менин кесибимди хобби кылып, аркалап келе жатышат. Нурдин өзү – саясат таануу илиминин кандидаты, экинчи уулум Нурбек – медицина илиминин доктору болсо да, менин кесибимди колдоп турушат. Ал эми үчүнчү муун неберелерим – Архат, Адилет футбол ойношот. Ген, генофонд деген модалуу сөздөр кирип атат го, гендери кое бербей калды көрүнөт.
Экинчи медерим – солто уруусуна кылган кызматым, Байтик баатыр... жөнүндө
- Уруум – солто. Өзүм жетим өссөм да жети атам эле эмес, он үч атама чейин билем. Буку, Омош, Сеңкебай, Кенже, Дүйшөн, Эшбото, Бактыбай, Дөбөт, Нурманбет, Балта, Карачоро, Тагай бий, Оң канат.
Солтодон чыккан: Бишкек баатыр, Жайыл баатыр, Чаа, Байтик баатыр, Абдыкерим Сыдыков, Дүйшөнкул Шопоков, Мукаш Абдраев, Осмонкул Бөлөбалаев, эми атай берсем өтө эле көп. Кадимки Канай уулу Байтикти Кокон хандыгына каршы чыгып, эл-жердин бүтүндүгү үчүн «каруусун казык» кылган коомдук ишмер болгонун ким билбейт. Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен эстелигин тургузуп, сейил бакка дагы анын ысымын ыйгарып, урпак унутпагандай милдетимди аткардым деп айта алам.
Үчүнчү медерим – Дидар канимет дос, сүйүү, шерт, убадага туруу
- Чыныгы дос - убакыт сынагынан өткөн, кайталангыс сапаттары менен эсте калган адам. Мынакей, Чолпон, Казакемди (Казат Акматов) мен бүгүн да издейм, мен анын кеп-кеңештерине өтө муктажмын. Бизди таштап кеткенине он жылдын жүзү болуп калды. Бейитинин башына барып, анын жашап өткөн күндөрүн, баскан-турганын, кеп-кеңешин берген учурларын көз алдыман кайра бир сыдырып, сезип-билген ички уйгу-туйгу кабыл алуум менен сүйлөшүп кайтам. Көңүл сергитип, чер жазыша сырдашкан сен, Арслан, Акчолпон, Өктөм, Атантай, Болот, Эркин, Жеңиш, Кайрат, Азим, Чолпон, Бактыгүл, санай берсем көп жакшы санаалаштарым дагы Казакемдин жан-дүйнөсүн менден кем калбай билесиңер. Анан ушундай жан дүйнөмө жакын силердей дидар-канимет адамдар менен эмне үчүн сыймыктанбашым керек? Өзүң билесиң, дидар-канимет деген сөз - жакшы адамдарга жолуктурган Кудайдын белеги эмеспи.
Досторум орус калкынан баштап ар түрдүү улуттардан да бар.
Негизи мен ачык-айрым, шар жүргөнүм менен, баарын өзүмдөй көрүп алып, алдап кеткичекти аңырайып калмай адатым да бар. Азыркы күндө деле ишенчээкмин, калпты ушундай келтире чындай айтса, жаш баладай ишенип алам.
Бир нерсени кошо кетейинчи, кээ бир киши чыныгы достугун сактай биле албагандай эле, чыныгы сүйүүсүн сактай албайт. Мындай адамдар эртеби-кечпи көңүлдү суутуп, сени сындырып кетет. Ал эми менин өмүрлүк жарым Айна антпеди, менин сүйүүмду актады, өзү алган жогорку билимин мага, балдарына арнады. Айнага болушкудай кызыбыз жок, уулдарым - үчөөбүз тең футболистпиз. Ошентсе да Айна кебелбей, кабагым-кашым дебей, бизге түтүп да, күйүп да келе жатат.
Төртүнчү медерим — улуу «Манас» эпосубуз — биздин эркиндигибиздин гимни
- Мен ушуга чейин «Манас» эпосун эл катары билем деп ойлоп жүрсөм, билбейт экем. Мен эле эмес мамлекет деле «башат башын» ачпаптыр. Дүйнө жүзүндө басылып чыккан «Манас» эпосун эч ким артына түшүп, издебептир деле. Мына өзүң таап келген «Манас» эпосунун үзүндүсү 1943-жылы кан күйгөн согуш болуп атса, Берлинде басылып чыгыптыр. Ошону чыгарган адам Алманбет Сатаров – каймана аты Беталмандын (жумгалдык саяк) 1972-жылы дүйнөдөн өткөнчө эмне максат менен чыгарганын сурап койбогон кенебеген кыргыздыгыбызды айтпайсыңбы, атаганат. Чиркин өмүр, кандай адам сырды өзү менен ала кетти.
Болгон манасчылардын башатынын башы Тыныбек Жапый уулунун тээтиги Казанда чыккан вариантын эмнеге издебейбиз. Аны эмнеге басып чыгарбайбыз. Илимдер академиясы эмнеге Т. Сыдыкбеков, К. Маликов, А. Токомбаев үчөө жазган кыскартылган варианттагы «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген улуу мурасты эмдигиче башка тилдерге которуп, окутууну салтка айлантпай келет? С. Орозбаков, С. Каралаев, Ш Азизовдорду мейли илим изилдөөгө койсун, улуу илимпоз Болот Юнусалиев баалаган вариантты кол тийгизбей кандай болсо ошондой чыгарууга эмнеге болбосун?
Улуттун уңгусу жөнүндө, нарк жөнүндө, салт жөнүндө үстүртөн сүйлөп, нукура түп нусканы окубаган чабалдыгыбызды акыркы күндөрү байкай баштадым. Манас өзү үчүн сүйлөп, өзү үчүн жооп берип атканын, сезген бар, сезбеген бар. Улуу дастанга аяр мамиле жасасак экен, аша чаппасак экен, акаарат келтирбесек экен деп сабыркоо менен мамиле кылып калдым, мына менин ымандай сырымды айтсам.
Тагдырыма ыраазымын ушул улуу иштерге аралашып, кичине да болсо элиме кызмат кылып, кыргыздын учугун улаган урпактын уулунун парзын аткарып калганыма. Көпчүлүк көрбөгөн, биле бербеген Париж, Лувр, Нотр-дам-де-Пари чиркөөсүн романист Виктор Гюго өз чыгармасында «мыкты чагылдырып, элдин көңүлүн бурду. Дүйнө жүзүнөн миңдеген адамдар Гюгонун мындай шедевр чыгармаларын окуп алып, Квазимодо өзүнүн Эсмиральдасын жолуктурган жерди көргөнү агылып келет. Мына ушул сыяктуу эле биз дагы дүйнө элине Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарга, маселен, Данияр менен Жамиланын жерине эмнеге чакырык жасасак болбойт деп түйшөлчү болдум.
Бешинчи медерим – баалуулуктарды сактаган улуу инсандарга болгон таазимим
- Эки-үч жыл болуп кетти го, кадимки Болот Бейшеналиевдин баласы Азиз паспорт маселеси боюнча жардам сурап кайрылып калды, колдон келген жардамымды бердим. Бирок ушул баланын элеси көпкө чейин эсимден чыкпай жүрдү. Кыргызмын деп жашаганы жүрөктү жылытты. СССР учурунда элинин атагын алыска чыгарган, эгемендикти алган убакта өз баасын албай кеткен Болот Бейшеналиевдин туягын изилдеп көрдүм. Ата-энесиз, ар кай жерде өсүптүр. Москвага мигрант болуп барыптыр. Алматада Мустафа Чокайдын ролун ойноп, казактар аны өзүнө тартып, жашап жүргөнүн окудум. Кыргыздын уулу катары атасынын арбагы үчүн ушул балага «аванс» бериш керек деген чечимге келдим. Өз мекенинде өз уясы болсун деген кыялым.
Мындан сырткары, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясына (мурдагы Дене тарбия институту) устат-агайым – Бейшен Турусбекович Турусбековдун ысымынын ыйгарылышы, буга чейин орун-очогу жок, ар кайсы жерде иштеп келаткан Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрына Октябрь кинотеатрынын имаратынын берилиши жана башкалар. Эми жетим жүгүрүктөй чуркап, өз көмөчүмө күл тарткандай болуп, мактанбайынчы. Жасаган иштеримди эл айтсын.
Алтынчы медерим – идентификацияны сактоо
- Эл-жеринин эртеңин ойлогон атуул катары акыркы убакта элдин нукуралыгынын сакталып калуусу жана гендин мутацияга учурабашы жөнүндө маселеге көңүл бура баштадым. Мында эң башкысы тилибиз менен дилибизди жоготпой, азыртадан коңгуроо кагып сактап калбасак болбойт. «Кыргыз-Кытай достук» коомунун жетекчиси катары мени өлкө сыртында жерде жүргөн кыргыздардын балдарынын тили ошол жүргөн жериндеги элдин тилинде чыгып, улуттун уңгусуна коркунуч туулуп жатканы абдан кейитет. Биздин муун мындай кенемтени ордуна койгонго жан үрөп иштебесек, идеологиябызга доо кетип, мээбиз эчак эле «жуулуп атканын» көбүбүз байкабай келатабыз. Батыштын боевиктери менен «дүйнөнүн мастерскоюна» айланган айрым мамлекеттер материалдык да, маданий да жааттагы болгон бүдүрүбүздү басып алуу, ээлеп калуу аракетинде экен. 2020-жылдарга чейин, эң эле жок дегенде, ширеңке чыгарган завод курууга да далалат кылбаптырбыз.
Тескерисинче, рухий байлыгыбыз – тилибизди чангандар арбып, башка бир жакка ооп бараткан экенбиз. Бизге кыргыздын духун, рухун берүүчү энергияны алып жүрүүчү таза ойдогу, таза ниеттеги «мээлер» керек болуп турат. Таза, улуттук деңгээлде ой жүгүртө билген жаштарды тарбиялоо үчүн өзүбүздүн баалуулуктар: адам ресурсунан баштап, элдик оозеки казынабызга (фольклорго) чейин маани беришибиз зарыл болуп турат.
Менин алтынчы медерим – өзүмө тагылган кыргыз деген атты, кийинки муунга эстафета катары тапшыруу. Уулдарым, неберелерим кыргызча ойлонуп, кыргызча сүйлөшү кажет, кыргыздын тамагын жеп, Кыргызстанда жашашы керек. Архат, Адилет, Мабия, Акмаанай, Салман деген атымды чакырчу неберелерим кыргыздын кыртышында тарбияланышы, кыргызга кызмат кылышы керек. Баарыбыз кыргыз деген атты татыктуу тапшырсак, ошондо кыргыз сакталат.
Жетинчи медерим – калың кыргыз элим, жумурай журтум!
- Ошентип, эл-журт, кийинки муун, улуу кыргыз эли деп түйшөлүп келем. Өзүмдү бек кармап, кандай кылсам кыргыз кыргыз бойдон сакталат, нарк-насилибиз, рухий баалуулуктарыбыз, эне тилибиз кийинки муунга канткенде таза жетет деген ой менен бушайман болуп келем.
Ушундай улуу ойлор мээмди жеп жүргөндө, Жараткан дагы бир жазмышы менен мени катуу сынады. Спортчу катары муздак сууну баш ылдый куюп, дене-боюмду чыңап, ар дайым сергек ой жүгүртүүгө аракет кылып келем. «Эшик көргөндү алба, бешик көргөндү ал» деген макал бар эмеспи. Ошол бешиктен бели чыга электе конушума сулуу кыз алып келип тукумумду улай турган Байтигимди (неберемди) ажал менден жулуп кетти. Бек элем, жапырып кетти, дагы эле түзөлө албай келем. Элесин эстесем заманам куурулуп, анын тели-теңтуштарын көрбөгөнгө аракет кылып жүргөн кезим. Акылым жетпеди, боор этим менен бүткөн алтындай неберемдин жогуна зээним кейип, «баарына шүгүр деп, адилет болоюнчу, менден күнөө кеттиби?» деп өзүмдөн күнөө издеп, ичимен сызып, бул соболго тынбай жооп издей берем, издеп келем...
Мына ушундай жоготууну эстегенде эсиме бир окуя түшүп атпайбы.
Чыңгыз агабыздын байбичеси Мария Урматовна дүйнөдөн өткөндө карындашы Роза Айтматова, уулу Эльдар чалды. Кайгырып, кан жутуп турганда жер бербей, акча сурап кыжаалат кылгандарын айтып даттанышкан эле. Мен тиешелүү жерлерге чалып: «Кудай урбадыбы, шерменде болобуз, «Ала-Арчадан» орун бергиле, кыргызды Айтматовдой ким көтөрдү эле, уят», - деп капа болдум. Ошондо дүйнөнүн кайсы гана жеринде иштеп, жашасаң да «өз жериңдин топурагы алтын» деген ушу турбайбы деп бир ойлонуп койдум эле. Мына Чыкем, Мария Урматовна, Казакем, ошол эле менин Байтигим жаткан жерлер – кыргызымдын ыйык жери экени жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашап атканын ымандай сыр кылып сага айтып атам.
PS. Урматтуу Медет Омошович! Айна Абазовна! Сиздер бир куракта 70чи жазды бирге утурлай тосуп келатасыздар. Бул Медет Омошевичтин медерлери деп тизмектеп санап өткөндөрүбүз – ар түрдүү кырдаалдардагы биз билген эле иштери. Бул багытта жакшынакай бир китеп жазуу демилгесин Өктөм Аширбаевна көтөрүп, мен кош колдоп колдодум.
Өткөндө Медет Омошевич менен Айна Абазовна Москвада учак кармалып, 12 саат аэропортто отурганыңыздарды эстедик. Анда баарыбыз Калиева Өктөм Аширбаевнанын чыгармачыл кечесин колдоо үчүн барган элек. Атантай агай: «Экөөңөр жазып кыйраткыла, мен акырында чекит коем», - деген. Өктөм Аширбаевна кандай ойлоп калды билбейм, мен «гений» акын Атантай Акбаров поэма жазса керек деп ойлойм.
Менин колумдан келгени ушул. Бар болуңуздар. «Медер» деген сөз «арка бел болуу» жана «үмүт» деген дагы маанини берет экен. Үмүттөрдү актап, жакшы жол көргөзүп, бактылуу карылыкта, барктуу, даңктуу өмүр сүрүшүңүздөрдү тилейбиз. Казат Акматов агайдын мааракесин өткөргөн кичи топтун атынан куттуктаймын. Ал топтогулардын баары милдетти мага жүктөгөн, өздөрүнүн пикирлерин сиз тууралуу жазыла турган китепке беребиз дешти. Сиздерге өрнөктүү өмүр, байсалдуу жол каалайбыз, асылдар – биз жакшы көргөн, биз сыйлаган Медет Омошович! Айна Абазовна!