Актандай акын Акматтын Ак Кунары
Акматбек Султан уулу 1990-жылдын 20-октябрында Кытай Эл Республикасындагы Кызыл -Суу кыргыз автономиялуу облусунун Улуучат ооданынын Терек айылында дүйнөгө келген. Бала күнүнөн эле өнөргө шыктуу, ырга ынталуу болуп чоңойгон.
Мектепти аяктаган соң КЭРде кесиптик техникумунда айтыш өнөрүн окуган. 2014-жылы Кыргызстанга жан-дүйнөсүндөгү улуу сүйүү менен окууга келген. Ошондон бери өнөр жолунда изденүү менен келе жатат.
2014-2016-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин фольклор бөлүмүндө, 2016-жылдан баштап Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук Консерваториясынын элдик ырдоо бөлүмүн окуп бүтүргөн.
Айтыш коомдук фондунун мүчөсү. Эл булбулу Элмирбек Иманалиевдин мыкты шакирти. Ата мекенине келгенден баштап эле көптөгөн айтыштарда кызыл тилин кайрап өнөрүн көрсөтүп келе жатат. «Төкмө келсе төр бошот» теле долбоорунун дээрлик баарында өнөрүн көрсөткөн. Акматбек Султан уулу төгөрөгү төп жорго болот деп эли журтун үмүттөндүргөн мыкты талант.
Мамлекеттик иш-чараларга активдүү катышат. Учурда өз өнөрү менен чектелбестен борборубуздагы Сейтек балдар борборунда айтуучулук боюнча устат болуп жаш муунга улуттун уңгусун таанытып аткан учуру. Кыргыз улуттук Манас театры түптөлгөндөн бери жигердүү эмгектенип келет.
Ырдаса үнү мукамдуу, төгүп олтурса сөзү кунарлуу. Элим деп ырдап келеткан, Эгемен элин сыйлап келеткан. Мекенин медер тутуп сүйүп келген, Мекени эл жери үчүн күйүп келген азаматыбыз.
Кыргыздын сейрек жакшы аттарынын бири Ак Кунар деген ат менен жеке концертин берип атканын айтып чалып калды. Алыста болгондуктан Кунарын учурбай, кут-кунарын качырбай «кунарды» чечмелөө менен Аксың Акмат, Ак — жалгасын, Ак — тилек болсун, Элиң үчүн Ак кызмат кыл. Элиңдин батасын ал. Ак жылдызың жанып, Ак шумкарга жетишиңе тилектешмин. Акмат бир тууганым болгондуктан элге кылган ак кызматын айтып эр эмгегин жер жебейт демекчимин.
Акматтын акындык китепканасы
Тээтиги Какшаал өрөөнүндө кызыл тилин кайрап өткөн Жусупакун Апай баштаган Балбай Мамай кагазга түшүргөн «Манас» эпосунан башат алып, тайэнеси Сайракандан генетикасы аркылуу өтүп келе жаткан, таамай таланттын, кыргыз элинин көөнөргүс өнөрү төкмөлүк менен чечендикти бирдей алып келе жаткан уникум.
Акматтын тарых түпкүрүнөн сыр аңтарган, акындык, төкмөлүгүнө ийгилик, ырыскы артыруучу «Манасым» деп билгендигинде. Көкүрөгүндө тумар кылып, жарыялабай окуп билип келген китепканасы «Манас» эпосу.
Ошону менен бирге араб ариби менен жазып кытайдын иероглифин билгенден сырткары кирилл тамгасын өздөштүрүп, Кыргызстанга келип өжөрлүгү, талыкпаган иштермандыгы менен ийгиликке жетишип атат.
Караөзгөй жапайы капитализм же жеке менчик дейбизби өтүп, элдин ниет пейли бузулган кезде, адамкерчилигин, моралдык философиясын бардык нерседен жогору койгон жигиттик сапаты менен калгандыгына күбө болуп келе жатам. Акматтын ой казынасы кызандатып уруштурбай, жеңил желпи алып жөнөбөй, гумандуу ойлоосу сезимин калыпка салып тургандай. Акматтын окуган китептерин Конфуцийден баштап Саадиге чейин кээ бирин билип калдым. Айтыш өнөрүнө кечээ жакында келип кошулса да, арасынан ак жылдыз болуп суурулуп чыкканга ушул китепканасы көмөкчү болуп келе жатат.
Акматтын акындык жүрөгү
Акматтын жүрөгүнүн культуна келе турган болсок. Сан кырлуу сайраган үнү, поэтикалык тилинин уйкашканы, сөздүн гүлүн тере билгени жүрөгүнөн.
Акматтын акындык жүрөгүнүн культу өзүнө чейинки илим-билимдүү устаттарынан, улуу ойчулдардын булагынан издегенинин түп төркүнүн анын ырларынан издеп тапса болгондой мүмкүндүк бар. Жүрөгүндө акылы бар, анан оозунда сөзү, обону бар. Акмат өз дүйнө-таанымында жүрөгүн акылына баш ийдиргени. Акыл менен жан сыры, парасаты нагыз жасалмасыз жүрөгүнөн. Акматтын жүрөгү ыйлаганда көзүнөн жаш кетет. Акматка кылган кара өзгөй, көрө албаган көздөн, калыстыктан тайган сөздөн, карынына эмес кадырына кээде эмес, көп жерден жүрөгү ыйлайт. Тил жүрөктүн айтканына көнсө жалган чыкпайт. Жүрөк айтпай эле тилдин учу менен чаң шыпырган акындарыбыздын амалы менен жанын кыйнап «плагиат» чыгарган уйкашынан байкуш жүрөгү калыстыкты үмүт кылып жашап келет.
Акматтын адамкерчилиги жана жан-дүйнөсү
Анык чыгармачыл адам өзүндө болуп аткан сезимдерин сезип ошого эркиндик бергенде гана жан-дүйнөсүн ача алат. Акматты «ыйлай бересиң» деп жазган, айтыштарында айткан улан-кыздарды биринчи; өздөрү чындыкты жан-дүйнөнүн жаңырыгын сезбеген адамдар. Экинчиси; өз Ата-Мекенинен башка жакка барып жашап көрбөгөн, кусалык, сагынууну, тоо-таштын кереметин сезбеген адамдар деп эсептээр элем. Адамды келекелеп, жан-дүйнөсүндөгү бороон-чапкын менен иши жок, өзүн кыйынмын ыйлабайм дегендей көрсөткөнү менен тескерисинче Акматтын «жүрөгү» баарыныкынан таза, мөлтүр, сезгич экенин тастыктап бергендигинде болду. Өз маектеринин биринде Акмат: « Кээде ыйлагым келбей калат, кээде ыйымды тыя албайм. Мени кээ бирөөнүн алсыздыгы, жан- дүйнөнү жийиркенткен жоруктары, улутубуздун тагдыры, эгемендүү мамлекетибиздин кадырына жетпегендер, кызмат кыла албагандар көп ыйлатат. Анан өзүнөн кийими кымбат адамдарды ойлоп жүрөгүм ооруганынан да ыйлайм» - деп айтат.
Акмат жана элден чыккан классиктер
Кыргыз элинин элдик наркын салтын насыйкаттап адамдын адамдыгына улуу ойчул акылман аталардай баралына келгенде устаты Элмирбектей кызмат кылат деген жеке өзүмдүн үмүтүм чоң. Акмат өзүн - өзү өркүндөтүп, дүйнөгө болгон илим-билимин дагы арттырып, ар бир сөзүнө маани берип, дүйнө таанымга өз сүрөтүн тарта турган акын. Бүгүнкү күндө элдик классикалык чыгармалардын бири катары ырдалып жүргөн:
Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазар тең курбум,
Ой, тобо, деги, деги,
Жайлообуз бирге болгон жок... деген «Ой, тообо» аттуу обондуу чыгарманын автору Казыбек казалчы экендигин Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыздар бүт билишет. Биз анча биле бербейбиз. Раматылык манасчы атабыз Жусуп Мамай кыңылдап ырдап калчу. Кыргызстандагы Акматтын ой-кыялы, акылынан чыккан келечекте классикага айлана турган ырларынын бири, белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда угуп жүргөн «Кыргыз жашайт» ыры.
Эр өмүрүн мезгил жутса түгөнүп,
Эрдин даңкы элге жашайт сүйөнүп.
Кыргыз сансыз Кыргызстан жапжалгыз,
Кастарлайлы жалгыз уулдай сүйөлүк.
Кыраандардан өрнөк алсак даңктасак,
Кыргыз гүлдөйт Кыргыз жашайт түбөлүк
Акматтын тагдыры бүгүн табылгыс, баалуу илимий изилдөө объектиси катары кызмат кыла ала турган «куйма кулак» чечендик өнөрдүн ээси жана жаратуучусу. Рухий байлыкты материалдык байлыктан бийик койгон сейрек инсандарыбыздын бири.
Акматтын кайталангыс кайрыктары
Акматтын вокалдык [латин. vocalis — голосовой] талантын устаты Элмирбек ачып кетти. Мен кайда жүрбөйүн ала жүрүп уккан ырлары «Кышкы махабат» менен сөзү Мамбеттурду Мамбетакун, обону Мамбетжума Мамбетакундун «Биз». Үнүн созгону орус элинин атактуу ырчысы Витасты, казактар атайы программа менен көтөрүп атышкан Димаштан мен үчүн кем калбай эле созо алат. Эгер мамлекет Ла-Скалага окууга жиберсе Акмат уят кылбай окуй турган кыргыздын патриоту.
Акматтын марадан байге уткан жылдыздуу учурлары
2014-жылы Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракесине карата Жалал- Абад шаарында болгон айтышка катышкан.
2015-жылы Кыргыз радиосу уюштурган студенттер аралык «Ой таймаш» долбооруна катышып мыкты оюнчу атагын алган.
2015-«Cанжыра» радиосу уюштурган «Эл булбулу» долбоорунун сыйлыгы менен сыйланган.
2015-жылы «Ыссык - Көл манасчылардын алтын бешиги» аттуу Каракол шаарында өткөн айтышта 3-орунду алган.
2015-жылы ЭЛТР теле каналы уюштурган «Алтын комуз» байгесине катышып төш белгиси менен сыйланган.
2015-жылы кыргыз адабият күнүнө карата өткөрүлгөн «Жаш таңдай» акындар айтышына катышып сыйланган.
2015-жылы кытайлык кыргыздардын «Биз», «Кышкы махабат» деген ырларын мыкты аткарып угармандарга тааныла баштаган.
2016-жылы «Салттуу музыка» жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн «Аваздык аспачылык» боюнча мелдеште баш байгени багынткан.
2017-жылы Ашыраалы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган айтышка катышып байгелүү орунга жеткен.
2017-жылы Токтосун Тыныбековдун 90 жылдыгына карата өткөн Аксы районундагы айтышта байгелүү орунга жеткен.
2018-жылы Аксы районунда Жеңижоктун урматына өткөн айтышта кызыктыруучу сыйлык алган.
2018-жылы устаты Элмирбектин колдоосу менен Улуттук консерваториянын чоң залында чоң программадагы концертин берген. Элдик өнөрдүн бардык жанрын камтыган концерти элдин казынасы болуп калды десек артык болбос. «Көчмөндөр» деген ыры көчмөндөрдүн гимни болчудай ыр экен. «Арыба кыргыз» аттуу обондуу ырдын автору. Дастан, термелерди, кыргыздын салттуу күйгөн ырларын кемелине келтире аткаруу менен Акмат 2020-жылы Улуттук консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган.
2021-жылы өткөн Тоголок Молдо, Байымбет Абдрахмановго арналган айтышта 2-орун алган
2021-жылы өткөн Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгындагы айтышта 1-орун алган.
2021-жылы Эгемендүүлүктүн 30- жылдыгына арналган кыргыз-казак «Кош байге» айтышында 1- орунду алган.
2021-жылы Астана шаарында өткөн Жамбыл Жабаевдин 175 - жылдык мааракесине арналган фестивалда өнөр көрсөткөн.
2022-жылдын 15- мартындагы Ашыраалы Айталиевдин 95 - жылдыгына арналган айтышта 1- орун.
2022-жылдын 15-16 -Май айында Талас шаарында өткөн Байдылда Сарногоевдин 90 - жылдыгына арналган эл аралык айтышта баш байгени жеңген.
2022-жылы Венгрияда өткөн "Күн - Туран" фестивалына барып кыргыздын маданиятын таанытып келген.
2022-жылкы Эгемендүүлүккө арналган "Замирбек Усөнбаев 70 жашта " кош байге айтышында Бексултан Жакиев атындагы сыйлыкты алган.
2022-жылы Турциянын Стамбул шаарында өткөн памирлик кыргыздардын 40 жылдык кутман тойуна катышкан.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен өткөрүлгөн «Айтыш төр» теле долбоорунун баш байгесин утуп Респубиликабыздын тарыхында биринчи миллионер акын аталган.
2023-жылы Эгемендүүлүк күнүнө арналган ордолуу Ош шаарында өткөн эл аралык Казак- Кыргыз кош байге айтышына катышып Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Б. Жакиев» атындагы сыйлыкка татыган.
2023-жылдын 18 - ноябрында Тогуз-Торо районунда өткөн «Саймалуу Таш санаты» аттуу айтышына катышкан.
2023-жылдын 27- ноябрдында улуттук филармонияда өткөн Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган айтышта 1- орунду багынткан.
2023-жылдын 3- декабрында Казахстандын Улы Тау областында өткөн Кош байге айтышында 1- орунду алган.
Акматтын өмүрдөн өткөн залкарларды жоктоосу
Ал улуттун улуу наркы болгон залкарлар дүйнөдөн өткөндө жоктоо ырларын жараткан. Айтсак, Устаты Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнө салганда жоктогон. Кыргыз Респубиликасынын залкар жазуучусу, драматург Мар Байжиевди жоктогон. Кыргыз элинин кайталангыс залкар акыны Омор Султановду жоктогон.
Акматтын өнөрүн баалагандар, берген сыйлыктары.
Жаш талантыбыз «Кыз Жигит» айтышынын да чебери. Ал көптөгөн мамлекеттерде өнөр тартуулап кыргыз көркөм өнөрүн таанытууга, жайылтууга өз салымын кошуп келүүдө . Акматбек Султан уулу Маданияттын мыктысы төш белгисинин ээси. Токтогул коомдук фондунун төш белгисинин ээси. Токтосун Тыныбеков атындагы төш белгинин ээси.
Акматтын айбыкпай ар кайсы учурда айткан ойлору
Айткан сөз менен жасаган иштери дал келбеген заманда жашап атканына
Акматтын убайым жеген учурларынан сүртүмдөр.
*
Менин жүрөгүмдү оорутканы – көп адамдардын улуттук амбициясы, максаты жок экен.
*
Устатым айткандай, күндө ырдап турган менен жылда ырдап тургандын айырмасы бар. Акындык өнөрдүн ээлери штанга көтөргөн спортчудай эле.
Күндө оор ташты көтөргөн атлет бара-бара салмакты оңой көтөрө баштайт.
Жылына бир көтөрсө белин, колун кайрып, кокустатып алат. Андыктан акын күндө өзүн тапташы керек.
*
Төкмөлүк өнөр аркылуу жазуучулар жазган ойду, киночулар тарткан тасманы айтып жеткирсе болот. Коңшу Казакстан айтыш аркылуу улуттук идеологиясын, баатырларын, уюткулуу адамдарын, тарыхын коомго даңазалады. Ал эми бизде улуттун баатыры Манас бар. Окуп көрсөм эпосто Европа мамлекеттери жетпеген гумандуулук бар экен.
*
Негизи Кыргызстанда кедей жашагандын өзү өмүргө, табиятка кылган кыянатчылык. Себеби жерибиздин таза суусу, куурай сайсаң гүлдөп калчудай күрдүү кара топурагы бар.
*
P.S. Акматбек Султан уулунун «Кокон хандыгынын тарыхтагы орду» аттуу айтыштагы 150 жылды 10 мүнөткө батырып, ошол доорду көз алдыга тартып төккөн айтыштагы саптарын илимий анализге алып, серепчи катары агайыбыз Тынчтыкбек Чоротегинге жөнөттүм. Эгер ар бир доорду, тарыхый инсандарды, Акматтай кыскача так даана ыр менен жеткирсе, кыргыз элинин архетипинде бар, улуттун уңгусун, нарк, салтты сактап калабыз деген ишеним чоң. Акмат кундуу эмгек, кунарлуу концерт болушун каалайбыз. Акмат жеке концертиңе Ак жол.