Балдар-биздин келечегибиз! Бул жолу маек балдардын арасында көп кездешүүчу-тубаса укпай төрөлгөн наристелер тууралуу болмокчу.
Тилеке каршы мындай оорулардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Себептери көп кырдуу, негизгилери: тукум куучулуктан, бүгүнкү күндөгү болочок энелердин вирус, бактериялык инфекциялык оорулар менен кош бойлуу учурунда оорушу, экологиялык факторлар, антибиотиктерди орунсуз, иретсиз көп колодонуусу жана токсиндердин зыяны, алардын ичинде алкогольдук ичимдиктер да бар ж.б. Үй бүлө бала төрөлөр алдында жакшынай, дени сак наристени суйунучтуу күтүп турганда, тубаса оору менен наристенин төрөлүшү бул абдан чоң кайгы, трагедия!Наристелердин тубаса кулагынын укпай же абдан начар угуп төрөлүшү дүйнөлүк статистикада 1:1000 төрөттө кездешет, биз кулак мурун бөлүмүнүн мурунку башчысы Сыдыкова Г.З командасы менен изилдегенде (2008-2009 ж, кийин 2013-2014 ж) бул сан да, бизде орточо 1 оорукчан наристе 1000 төрөткө кездешкен. Ал учурда Кыргызстанда 140000дин тегерегинде наристе төрөлсө, жылына 140-150 бала тубаса кулагы укпай же абдан начар уккан наристе төрөлчү. Алардын баардыгын тизмелеп, диспансердик көзөмөлгө алганбыз. Бул цифра биз үчүн өтө көп, эне-атасына, балага социалдык багытта колдоо көргөзүү оор эле, дарылап айыктыруу да кыйын болчу. Кулагы укпаса ал бала сүйлөй да албай, бардык багыттагы өнүгүүсү да артта калат. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай ооруу менен төрөлгөн балдарды убагында көп тармактуу жардам көргөзүп, көбүнчө кохлеардык имплантация операциясын жасап даарылап,айыктырып коет. Биз атайын чоң стратегиялык долбоор жаздык, анда наристе төрөлгөндө эле төрөт үйүндө аудиоскрининг жазап кулагынын угушушун текшерүү, укпаса же начар укса диспансердик көзөмөлгө алып,даарылоону убагында жүргүзүү. Биз ошол учурда өкмөткө көп кайрылдык, бирок алардан баягы эле каражат жок деген жооб келди, кайрымдуулук уюмдарга кайрылдык. Акыры Турция өлкөсүнүн ТИКА кызматашуу уюму 4 аудиоскрининг аппаратын сатып беришти, аларды саламаттык сактоо министирлиги менен чогуу көп төрөт болгон, 4 төрөт үйүнө болдук (биздин төрөт үйгө, Бишкек перинатальные борборго, Ош жана Жалал-Абад төрөт үйлөрүнө).
4 кесипкой врачты Турцияга окууга жибердик, алар аппаратты колдонууну, текшерүүнү үйрөнүп келишти. Бул биринчи кадам эле, эмки кадам бүт Кыргызстандагы төрөт үйлөрүн аудиоскрининг аппараты менен камсыздоо жана ушундай тубаса оору менен ооругандарга толук жардам берүү, кесипкөйлөрдү окутуп, операция жазаганды үйрөтүү, ж. б. Ал үчүн Германиянын кайрымдуулук уюму, Польшадагы Дүйнөлүк кулак, сүйлөө илимий изилдөө борборуна кайрылдык, жетекчилери госпожа Моника, профессор Генрих Скоржинский, ал учурунда Дүйнөнүн кулак мурун кесипкөйлөр ассоциациясынын президенти эле, ал өзү биздин борборго келип кызматашуу, жардам көргөзүү тууралуу сүйлөшүп кетти, алардын борборуна мен да барып, жазалып жаткан иштерине суктанып, кесипкөйлөрдү, бекер окутуп, даярдоо келишимин макулдашып, кол коюп келгем. Ал келишимдин негизинде биздин кулак мурун болумдун врачтары, алардын эсебинен: Бейшеева Ч.К., Керималиева Б., Бейшенова М. жана башка кесипкөйлөр барып окуп кохлеардык аппаратты операция жолу менен коюну өздөштүрүп, калыптандыруу ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алып келишти. Алардын профессорлору да 3 жолу биздин борборго келип усулдук мастер класс өткөрүп, 2020-жылга чейин жалпы 30 балага бекер кохлеардык аппаратын имплантация -операциясын жазап беришти. Аларды Москвадан келген профессор Федосеев И. Германиядан профессор Тимюст А.,Украинадан профессор Миранюк И жазашты, баардыгы ийгиликтүү болду. Кохлеардык аппараты Германиянын кайрымдуулук «Ленхард» фонду, жетекчиси госпожа Моника жана «Кохлеар» компаниясы каржылап беришти. Азыр биздин врачтар кохлеардык аппаратты имплантация -операциясын жазаганды, операциядан кийинки калыптандырууну өздөштүрүп алышкан.
Бул биздин тарыхыбыздагы балдарыбыздын ден соолугун коргоодогу чоң ийгилик эле. Ошондо биринчи жазалган 3 жашар баланын энесинин сүйүнүчү азыркыга чейин эсимде, доктур менин балам менин сөзүмдү уктум деп белги берди деп ыйлап ыраазычылыгын кайра-кайра кайталап, сүйүнүп айтып турганы. Ар бир кохлеардык аппараттын баасы 12000-13000 доллар ( чыгарган компаниялардын баасы), ал эми чет өлкөдө операция жасап берсе 25-35 миң доллар, мындай каражатты балдардын эне-атасы төлөй албайт эле. Кийин профессор Г. Скоржинскийди биздин борбордун ардактуу профессору кылып шайладык. Издендик, көп уюмдарга кайрылдык, кокусунан Катар өлкөсүнүн элчиси Мухамедтин… баласы курч аппендицит болуп калып бизге кайрылды, операцияны мен коллегаларым менен жасадым, айыгып жакшы болуп чыккандан кийин, ал Адам өзү силердин борборго кандай жардам керек деп сурап калды, көп көйгөйлүү маселелердин ичиненен кеңешип ушул долбоорду сунуштадык. Кийинки жылы (2019ж) Катар өлкөсүнөн дин министирлигинин алдындагы Awqaf кайрымдуулук фондунун жетекчиси, профессор Абдусалим Ал Кахтани келип, бул багытта кызматташууга кол койдук. Келишим боюнча алар 350 кулагы тубаса укпаган балага бекер кохлеардык имплант кою операциясын жасап, калыптандыруу маселесине да жардам беруу чечилди.
Биринчи операцияларды алар менен биздин врачтар 2019-жылдан баштап жазай баштады, операциядан кийин да ал аппараттарды атайын процессор менен текшерип,тездеп туруш керек эле аны да өздөштүрдүк. Баланын угуусун, сүйлөшүн жана өнүгүүсүн толук калыптандыруу үчүн сурдолог (Жумабаева Ш), логопед кесипкөйлөрдү да ишке тарттык. Бул ишке Германиядагы «Ленхард» фонду жана кулагы укпаган балдардын эне-аталары да катышты. Азыркы учурда Кыргызстандагы көпчүлүк төрөт үйлөрүнө (ЮНИСЭФ уюмунун жарамы аркылуу аудиоскрининг аппараты менен камсыз болду (2021-2022).
Кохлеардык операция да Катар өлкөсүнүн жардамы менен профессор Абдусалим Ал Кахтанин жетекчилигинин астында уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин кохлеардык имплантация операциясы 200 кулагы тубаса укпаган балага жазалды, ар бир аппаратын баасы орточо 12000 доллар, жалпы сумма 200•12000 =2400000 доллар, бул бүгүнкү курс менен эсептесек 205 млн сом, бул суммага операцияга кеткен материалдык чыгымдар жана профессор, врачтардын эмгек маянасы кирбейт.
Долбоор бүткөнгө чейин дагы 150 балага бекер кохлеардык операциясы жасалышы керек. Кохлеардык аппаратын баасы эле 350•12000=4200000 доллар же сом менен эсептесек 319,1 млн сом болот экен, буга айтылгандай операцияга кеткен материалдык чыгымдар кирбейт, аны да фонд озу каржылап жатат,андан башка баланын ден соолугуна, коомубузга тийгизген социалдык жардамдын баасы канча?!Ооба эбегейсиз чоң сумма! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Германия өлкөсүнүн кайрымдуулук «Ленхард» фондусуна, жетекчиси госпожа Моникага, Польшадагы кулак жана суйлоо институнун директору профессор Г.Скоржинскийге., Катар өлкөсүнүн атуулдарына (фонд Awqaf) жана профессор Абдусалим Ал Кахтаниге терең ыраазычылык билдирип кетет элем! Катар өлкөсүнүн гуманитардык жардамы азырынчы уланууда…, бирок келечекте долбоор аяктагандан кийин өзүбүз да бул тармакты колдоону эстен чыгарбасак.
Аягында энелердин суроосуна — бул ооруну алдын ала билсе болобу? Ооба билсе болот, кош бойлуулуктун 10 жумалыгынан баштап коопсуз, перинаталдык тестен текшерилип билсе болот.Бирок эң негизгизи бул оорудан мүмкүн болушунча наристени алдын ала коргоо, ал үчүн болочок эне-ата балалуу болуунун алдын ала пландаштыруусу, инфекциялык оорулары болсо даарыланып айыгуусу, зыяндуу заттардан жана башка терс факторлордон сактанышы керек.
Камчыбек Узакбаев — Евразия балдар доктурлар Федерациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек синирген врач, м.и.д., профессор., ЭжБКУБ мурдагы директору.