Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровко
Ж.Сааданбековтун өтүнүчү
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
Эки жылдан бери мен официалдуу каналдар, алып айтканда, каттар бөлөмү же телефон аркылуу жеке кабыл алууңузду суранып үнүм жетпеди, чарчадым. Аргасыздан ушул катты жазып олтурам. Анализ көрсөткөндөй, жеке сиздин адреске күнүнө, жумасына ондогон, жүздөгөн каттар келет экен. Бир дагы кат ачылып иликтенбестен, алар келген адрестеги бийлик органдарына, башкача айтканда, мэрияга, акмиатка, областагы өкүлчүлүккө жиберилип, анан ошолор президенттин атынан кат ээсине жооп берет экен. Менин сизге жазган катыма, мисалы, Бишкектин Мэриясы жооп берди. Аны карап туруп, ары карап ыйлайсың да, бери карап күлөсүң. Мисалы, жооп катта булар мага эркекке эмес аялча жооп катары кат жибирешкен (тиркемени караңыз).
Мен өзүм деле аппараттарда көп иштегенмин, бирок ашынган мындай бюрократизмди көргөн эмесмин. Каттарды окуп, анализдешсе, мейли 100 каттын ичинен болсо да, бир-экөө кантип Сиздин кароого, кабыл алууга татыктуу болбосун.
Каттар жеке адамдын эле арыз-муну эмес, алардын ичинде омоктуу ойлор жана сырлар, пайдалуу сунуштар болушу толук ыктымал. Кат коомду бийликке туташтырып турган кан-тамыр да. Ошону сизге жеткизбей бууп салып жатышпайбы.
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
Сизди азыр дүйнөлүк коомчулук Борбордук Азияда олигархиялык -бюрократиялык бийликтин тамырын жулуп жаткан президент деп эсептей баштады. Ырас, олигархатты ооздуктоодо бир кыйла иштер жасалды. Алардын бир тобу кынына кирди. Бирок бюрократияны реформалоо жакшы жүрбөй жатат. Иштин кайсы багытын алба, бардыгында бюрократия сизди жана мамлекетти уятка калтырган фактылар аз эмес. Бул жерде мен Администрацияны башкарган киши катары Акылбек Усенбековичти эч күнөөлөбөйм. Ал бүт күчүн, бүт дараметин жана жан дүйнөсүн экономикага жумшап жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Тескерисинче, анын колун көбүрөөк бошотуу керек. Бөлүм башчылардын, орунбасарлардын ролун чоң бийиктикке көтөрүү зарыл. Эски пайдалуу тажырыйбаларды да пайдаланыш керек. Мисалы, илгери компартиянын Бөлүм башчылары ЖКнын депутаттары, Борбордук Комитеттин мүчөлөрү болгон, рангдары райкомдун, обкомдун катчыларындай эле болуучу. Аларды бүт республиканын эли таанып, угушчу, сыйлашуучу. Ошого жараша алардын жоопкерчилиги да зор эле. Мисалы, ушул эле Т.Чынгышев. Бөлүм башчы болуп туруп, Токтогул ГЭСинин бүткүл иши үчүн, акыркы бурамасына чейин жооп берүүчү эле.
Кайран Маркс айткан да: “мамлекет – бюрократиянын менчиги”-деп жанагы мен мисал кылган каттар бөлүмү – аны башкарып олтурган бюрократ-начальниктин менчиги. Ошондуктан ал өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жатпайбы. Кыскасы, аппарат бюрократиясын түп-тамырынан өзгөртүү бүгүнкү күндүн талабы.
Мени кабыл алууңузду дагы бир жолу өтүнөм.
Саламым менен Ж.Сааданбеков
Тиркеме № 10-1504
22.11.2024 ж.