Сүйүктүү акыныбыз Байдылда Сарногоев: «Чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол кыргыздын жигиттери», - деп жазгандай, Кемел Ашыралиев дал ошол чокудай, тоодо туулуп, тоодо өскөн, тоо десе жанын аябаган кыргыздын залкар жигити.
Макаланын аты Шотландиянын улуу акыны (улуттун символу деп аташат Шоттланддар) Роберт Бернестин «Жүрөгүм менин тоолордо» деген ырына үндөштүрүп алдым. Анткени, бул тоолуу өлкөнүн эли кылымдар бою Англиянын курамында болсо да, өзүнүн улуттук көз карандысыздыгы үчүн кырчылдашып, Улуу Британия мамлекети менен күрөшүп келет. Ушул тынымсыз күрөштө алардын туу тутканы, сыйынганы, жан сактаганы, коргонгону, тоолор экен. Тарыхта өзүнүн эркиндиги үчүн ушинтип күрөшкөн элдер гана улуттук иденттүүлүгүн сактап калган. Кыргыздардын тарыхы да ушундай эмеспи. Тоочулардын тоочулу Кемелдин өзүнө сөз береличи:
“Алкынтып азоо минип, күрткү жиреп,
Аска-зоо бийиктерди аштым эле.
Тоолордун мөңгү жаткан чокусуна,
Тоолук – деп өз атамды жаздым эле…
Кыргыз элин жоготпой, башка элди жолотпой чек арага чеп болуп, сактаган, баккан тоолор. Ушул тоолорду кылымдардан бери мекендеп жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо кылып жашап келгендиктен биз өзүнчө Союздук Республика болдук. Ал үчүн СССРдин Конституциясы боюнча чек арада жашаш керек болчу. Ошентип, Союз кулаганда тоолор бизге эгемендүүлүктү алып келди. Тоолор менен кыргыз киндиктеш, тоолордо толгон сырлар, кубулуштар: көркү менен касиети, сырдуулугу менен кооздугу, каардуулугу менен салабаттуулугу, бийиктиги менен туруктуулугу, арасында жайлаган ар кандай жаныбарлары, аска зоолору, төрүндөгү мөңгүлөрү, карагай-черлери, бадал-шактары, түркүн өсүмдүктөрү, дары-чөптөрү, асыл-таштары, катылып жатат. Тоолор кыргыздын көрөөр көзү, ичээр суусу, ырыскысы, сыймыгы, улуу туусу, түгөнгүс байлыгы! Тоолор кыргыздын түндүгүнүн түркүгү! Тоолордун өзүнүн мыйзамы, башка жерде кездешпеген табигый сахнасы, театры, оркестри бар”.
Кемел согуш жылдарындагы биздин муундар сыяктуу эле, өтө оор балалыкты башынан өткөрдү. Апасы ушул Кемелди төрөп жатып кайтыш болгон. Кемелди багып, аман алып калган чоң энеси болот. ркүндө Текеске качып баратканда чоң энеси бир жылда өзүнүн 7 баласынан айрылган экен. Мындай шумдуктуу трагедияга кандай адам чыдайт? Бектерге, байларга эмес, ушундай теңдешсиз улуу энелерибизге титан-вольфрамдан уютуп эстелик орнотсок аздык кылаар эле.
Чоң энесинин эскерүүлөрү боюңду титиретет. “Сага чейин апаң эки эркек төрөп, бирөө чарчап калган. Ал жаркылдаган ачык эле. Сен боюнда болгондо сүйүнүп, Ашымга жолдош болуп эркек төрөсөм экен дечү эле, ыраматылык... Толгоосу көпкө созулуп кыйналып жатып, кете бербедиби. Сен дагы араң жан болуп, жарым күн солуп жатып, кудайдын барманы менен киши болдуң, азап менен чоңойдун эле деп калаар эле. Чоң энем ошондо алтымыш сегиз жашта экен. Апам кайткандан бир жумадан кийин чоң атам өлүптүр, төрт айдан кийин атамды согушка алып кетиптир. Сен какшаган ыйлааксың, береээрге тамак, каралашаар кишим жок, мен кошо ыйлайм. Ушул байкуш кыйналбай эле өлүп калсачы дечүмүн. Тилиме тибиртке чыксын, алдыңа кетейин деп жалынып калаар эле байкуш энем”.
“Алты – жети жашка чейин кыйынчылыкта чоңойдум – дейт Кемел. Согуш мезгил, жокчулук, көп үйлөрдө бирден, кээсинде эки-үчтөн, кырчындай балдар согушатан кайтпай калган. Көбүнүн көкүрөгүндө кайгы, Нарындын кышы суук, көк талдан кыйып, эптеп от жагып, өлбө жаным өлбө менен жазга жетебиз. Ачкачылыктанбы же витамин жетпейби эптеп көк кыйлаганда эле саздан бий эмчек, талаадан текейдин уй, кой, жылкы, эчки деген түрлөрүн издеп, чийдин бакалын сууруп, мандалак казып жээр элек”.
Атасы согуштан келгенден кийин Кемелдин багы ачылат. Ал киши тубаса маданияттуу, ишке тыкан, элге кадыр-барктуу, сылык-сыпаа, өтө дасторкондуу адам экен. Колхоздо башкы эсепчи, башкарма, сельсоветтин башчысы болуп иштеген. Азыр да айылда аны сонун адам эле деп эстегендер көп экен.
Жакеш уулун өтө эркелетип бакты. Айыл чарба институтунда окуп жүргөндө Кемелге “Волга” машинасын сатып бергени, ошо кезде тыңыраак шымга жетпей жүргөн студенттер үчүн акылга сыйбаган көрүнүш эле. Бирок, Кемел дардалаңдап көпкөн жок. Карап турсаң бул дүнүйөгө түшүнүү кыйын, ушул Кемел өңдөн эптеп өлбөй калган же араа төрөлгөн балдардан көп учурда көйкашка мыкытылар чыгат. Кемел мектепте класском болуп баштап, Кыргызстан коммунисттик жаштар союзунун, райком, обкомдорун, Борбордук Комитетин жетектеген республиканын жаштарынын ири жолбашчыларынын бири болду. Андан кийин Кыргызстан Компартиясынын баштапкы уюмунан тартып, райком, обкомдун катчысы, Борбордук Комитеттин бөлүм башчысына чейинки бийлик тепкичтерин басып өттү. Жаңы заманда болсо дагы эле губернатор болуп иштеп турду. Президенттике деле толук жарамак, бирок, шайлоого барган жок, эстүүлүк кылды, бул кызмат өтө бийик жоопкерчиликти талап кылаарын сезди.
Тубаса талант, туңгуч талант, кайда болсо жаркырап чыга келет. Кемел, шарты келсе, ири окумуштуу да, заводдун директери же аскер башчы, актер же музыкант боло алмак. Мени айрыкча таң калдырганы – Кемелдин саяпкерлик таланты. Белгилүү саясатчы, дипломат Качкеев Рыспек Кемелдин ушул өнөрү туралуу кеңир жазыптыр: “Ал жылкы баласынын баркын билет, анын кандай жылкы экенин жалынан туягына, кулагынан куйругуна чейин бир караганда эле баалай алат. Озүнүн эс алуу өргүүсүнүн, дем алыш күндөрүн жылкы менен өткөрөт. Аларды багат, таптайт, суутат, дарылайт. Ар бир жылкыга профессионалдык денгээлде мүнөздөмө берет, эмнеге жөндөмү бар экенин жана ата-энелери кандай жаныбарлар болгонун сыдыргыга салгандай тизмектеп, таамай-таасын айтат.
1994-жылы Кемел Чуй облусунун Панфилов районуна аким болуп дайындалып калды. 1995-жылы өтө турган "Манастын - 1000 жылдыгына" карата даярдыктар көрүлө башталып, программада Түркмөнстандан (Ашхабаддан) Кыргызстанга (Таласка) чейин ат чабыш уюштуруу чечими чыгып, маршруттар белгиленип, ат чабуу тартиби (жобосу) бекитилип, бардык мамлекеттерге жөнөтүлөт. Бул өтө узак жана оор ат чабыш эле. Буга чыдай турган атты табыш өтө чоң проблема болчу. Кемел өзүнүн районундагы чарбаларды кыдырып жүрүп, арабага кошулган бир чобур атка көзү түшүп, ээсинен сатып алып, мааракеге жарым жыл калганда таптай баштайт.
Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, "Манас-1000дин" салтанат аземи Бишкекте башталып, уландысы, эң негизги бөлүгү Таластагы "Манас" Ордодо болбодубу. Бул чоң иш-чарага ондогон мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан жүздөгөн коноктор чакырылып, жүздөгөн боз үйлөр тигилип, республиканын бардык райондорунун өкүлдөрү конокторду тосушуп, он миңдеген элдин катышуусунда чон аренада театрлаштырыган оюн-зоок өтпөдүбү. Ондон ашык мамлекеттин президенттери: Демирель Сулейман (Туркия), Гейдар Алиев (Азербайджан), Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Ислам Каримов (Озбекстан), Эмомали Рахмон (Тажикстан), С.Ниязов (Турменистан), Юнесконун жетекчиси Федерико Майор жана башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн баары ат чабыштын финалын чыдамсыздык менен күтүп жатышты.
Ат чабышта ондогон мамлекеттердин, а түгүл Япониядан бери күлүктөр катышып, баш байгеси 25 миң доллар эле. Ошондо марага биринчи болуп Кемел Ашыралиевдин күлүгү чыгып келбедиби. Мына сага, саяпкер деп ушуну айт, чобур аттан тулпар чыгарбадыбы. Ошол салтанатка катышкан миңдеген жердештерибиздин сүйүнүчүн айтып берүүгө мүмкүн эмес эле. 15 мүнөттөй бүткүл эл туруп алып кол чаап, ураалап турушпадыбы”.
Мен да ошол жерде катышкам да. Кайран жаныбар жал – куйругу жайылып, куштай учуп келе жатканда, жүрөгүм оозума тыгылып, Саякбайдан уккан тайторунун чуркаганын элестетип турдум. “Башын жерге салыптыр, башкача чуркап алыптыр. Кайберендей арымдап, кан аралаш ак көбүк, омуроодо шарпылдап...” Илгери Кыргыздарда гана күнү-түнү чарчабай жүгүрүп, кан аралаш тердеген жылкылар болгон экен. Муну уккан кадимки Македонский, Кытайдын бир императору атайын экспедиция түзүп, ушу жылкыларды издеткен дешет. Мына, ошентип Кемелдин жылдызы жаркырап күйдү. Мындан кийин Кемелди саяпкерлик жагынан “Толупбай сынчы” – деп аташчу болду.
Кемел жөнүндө аңгеме кокусунан Р.Бернстин ыры менен башталган жок. Анын бир куплетин С.Маршактын котормосунда орусча эле келтирейин.
“Мое сердце в горах, мое сердце – не с вами.
За оленем бежит и крадется за ланью
Мое сердце – в горах, вы не верьте глазам,
Мое сердце – в горах, где бы ни был, я сам.
Эми Кемелдин өзүн угалы:
“Кыргыздын жигиттерине, айрыка бийликте, саясатта жүргөндөрүнө кайрылаар элем: силер чет өлкөлөргө барганда мен ак мөңгүлүү Ала Тоолук кыргызмын деп көкүрөгүңөрдү чабасынар. Эгер, сен Ала Тоонун мөңгүсүн бутуң менен басып, колуң менен кармап ооз чайкабасан, акактай тунук дарыясында жүзүңдү жууп, керек болсо чабак уруп, боюңду сергитпесен, аңкыган жан жыргаткан абасынан дем албасаң, улардын сыбызгы үнүн, бүркүттүн шаңшыганын укпасан тоолукмун дешке болобу? Чыныгы кыргыз тукуму экениңди тоого чыкканда гана сезесиң!.
Дүйнөнүн төбөсүндө тургандай жүрөгүн толкуйт, көңүлүн көтөрүлөт, делебең козголуп, денеңде эргүү пайда болот, бүркүт болуп учкуң келет. Жигиттик, улуттук сезимиң ойгонот. Ата Бабанды эстейсин, мен кыргызмын деп кыйкыргың келет.
Сен канчальк бийлигиң бийик, пулуң мол болсун, чоң шаарларда көп кабаттуу үйлөрдүн арасында кичинекей бир чымынсың. Андай бийик жайлар адамдын колу менен курулган. Ал эми, касиеттүү, таң калыштуу тоолор жаратылыштын, табияттын буйругу менен пайда болгон”.
Кемелдин ушул сөздөрү дагы бир менин залкар иним Түгөлбай Казаковдун: “Кайран Кыргыз бүркүт эле бир кезде” деген ыры менен үндөшөт:
“Каалганда көккө шаңшып чыга алган,
Карт дүйнөнү карап жүргөн муңардан.
Кайран кыргыз бүркүт эле бир кезде,
Катыргандын калайманын чыгарган.
Келди заман кең дүйнөнү тарыткан,
Келгин куштар баарын басып алышкан.
Башталды анан жем талашкан тирилик,
Башсыз - жыргап, ашсыз калып даанышман.
Көк бүркүтү тоокканага камалып,
Көздөн учуп бийик тоонун шамалы.
Көз мокогон, канаттары уктаган,
Көрбөй калды тоолорду да талааны.
Нечен кылым тоокканада кысылып,
Бүркүтүңдүн тукуму да бузулуп.
Көктү койчу, көчөнүн чет жагына,
Көрген жан жок ал байкушту учуруп.
Тоокканада тоок болуп калыш бат,
Тоок бүркүттүн эртеңкиси табышмак.
Улуулугу качып барат канынан,
Унутулган уламыштай алыстап”.
Кемелдин үй-бүлөчүлдүгү, адамкерчилиги тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетейин. Жубайы Майрам Москвадагы жеңил – өнөр жай институтун бүтүргөн, жогорку профессионал адис катары өлкөнүн фабрикаларында жетекчи болуп иштеп жүрдү. Биз дайыма чай ичишип жүргөн үй-бүлөөлөрбүз. Майрамдын чайын ичиш мен үчүн өзүнчө бир майрам. Кебелбеген, кабагым-кашым дебеген, көлдөй терең акылдуу аял Кемелдин бактысына жаралган. 2 уул 3 кызды төрөп берди. Майрам өзүнүн назиктиги, терең сезимталдыгы, кечире билген алпеимдиги жана аялдык жумшактыгы менен менин кээде, “азоо чалыш” инимди былк эттирбей башкарып турат.
Ушул эң сонун үй-бүлөөнүн жакын адамы, досу экендигиме ыраазымын, сыймыктанам.
Ж. Сааданбеков