Добавить свою статью
23 Мая 2011
Эзотерикалык кат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Э. Каптагаевке

Көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри К.Ж. Садыковко

Урматтуу Эмилбек мырза!

«Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин жооп катына (2011 жылдын 15-февралындагы чыгыш №18-73-1805), Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жооп катына (2011 жылдын 9-мартындагы чыгыш №10-1/1295) карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органынын жооп катындагы берилген сунуштун маңызы карапайым элдин сөзү менен айтканда: «эскилиги жеткен дубалды кыш келгенде ылай жасап шыбагын» дегендикте жатат, Президентик Аппараттын жетекчисинин өтүнүчүнө бул орган тарабынан көңүл кош мамиле жасалгандыгын билдирет. Жоопкерсиздиктин таасири менен жазышкан бул жогоруда аты аталган министрликтин адистери «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду тарабынан берилген эзотерикалык материалдарды кунт коюп окубагандыгынан кабар берет, куру жооп жазуу менен чектелген билим берүү жана илим министрлиги кыргыз элинин келечеги тууралуу ойлобостугун айгинелейт.

Эзотерикалык билим Кудай жараткан тирүү жандуу нерселердеги материалдык жана материалдык эмес көрүнүштөрдү бөлбөстөн чогуу кароо жөнүндө, Кудай менен кишинин өз ара мамилеси тууралуу, Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө маалыматтарды өзүнө камтыйт. Азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары мындай жерден тышкаркы билимдерди калкка берүүгө жол бербестиги Коомдук фонддун Президентке болгон кайрылуусунда, билим берүү жана илим министрлигине жиберилген Эзотерикалык эксперттик жыйынтыгында так айтылган. Эзотерикалык эксперттик жыйынтыгында айтылган сын пикирлер менен сунуштар жерден тышкаркы билимдерди калкка берүүгө уруксат алуу максатын көздөйт. Анткени жерден тышкаркы билим жаңы түшүнүктөрдү, көз караштарды жана философиялык ой-жүгүртүүлөрдү билим берүү системасына киргизүүнү караштырат.

Жердеги илим материалдык көрүнүштү материалдык эмес көрүнүштөн ажыратып караса, жерден тышкаркы илим материалдык көрүнүш менен материалдык эмес көрүнүштү бири биринен ажыратпастан чогуу карайт. Ушул себептен физикалык көз менен көрүүгө мүмкүн болгон материалдык көрүнүштү изилдеген илимде «кокустан» деген сөз колдонулат жана ушундай бурмаланган түшүнүк бар.

Ал эми эфирлик көз менен көрүүгө мүмкүн болгон Кылдат дүйнөдө «кокустан» деген сөз колдонулбайт жана андай түшүнүк таптакыр жок. Анткени, ар бир кыймылдын же процесстин болушунун өзүнчө себеби бар. Эгерде себеп материалдык көрүнүштөн табылбаса, анда аны материалдык эмес көрүнүштөн издөө керек. Андай өзүнчө себептердин ичине эзотерикалык каттардын эл арасында төбөсү көрүнгөн кишилерге жана эл башкарган, мамлекет башкарган жетекчилерге жиберилиши да кирет. Кыргыз мамлекетинин илимине жетекчилик кылуучу ыйгарым укуктуу орган бардык нерсе биринчи материалдык эмес көрүнүштө болорун, андан кийин анын натыйжасы материалдык көрүнүшкө өтөрүн билүүгө тийиш.

Президентик Аппарат же аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдары тарабынан эзотерикалык билимге ээ болгондорго Коопсуздук кеңештин же Улуттук илимдер академиясынын, жок дегенде кыргызстандагы стратегиялык изилдөө институттардын жетекчилеринин орун басарларынын кызмат орундарын караштырууга байланышкан конкреттүү сунуштар берилгенде жана аракеттер жүргүзүлгөндө, анда андай аракеттер азыркы жаңы доордун талабына туура келмек жана кыргыз элинин эртеңки күнүн ойлогон жетекчи инсандарыбыз да мамлекеттик бийликте бар экендигинен кабар бермек. Карапайым элдин сөзү менен айтканда, андай сунуштар: «эскилиги жеткен дубалды жай мезгилинде илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин колдонуп шыбагын» дегендикке жатмак.

Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында жана анын ар кандай деңгелинде иштеген жердеги билими бар инсандар эзотерикалык билимге ээ болгон инсандар тарабынан иштелип чыккан чаралардын кемтигин таба алышпайт, алар берген сунуштардын жетишпеген жактарын айта алышпайт. Анткени эзотерикалык билимге ээ болгон инсандар, биринчиден ар бир нерсенин энергетикалык абалын эске алышат, экинчиден Космикалык мыйзамдарга таянышат, үчүнчүдөн кишилердин мыйзамдарын бузушпайт.

Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдары иштеп чыккан расмий ченемдик укуктук актылардын долбооруна эзотерикалык билимге ээ болгон инсан тарабынан берилген сунуштар мамлекеттик органдын жетекчилери тарабынан четке кагылганда, ал инсан тарабынан андай сунуштар өз убагында мамлекет башчыларына жеткирилген, алардын айрымдары интернет басмаларында басылып чыккан. Андай четке кагылган сунуштардын негизинде «¤згөчө пикир» (Особое мнение), «Башкаланып сүйлөөчү каттар» (Иносказательно говорящие письма) жана «Эзотерикалык эксперттик жыйынтыгы» (Эзотерическое экспертное заключение) деген эзотерикалык макалалар жазылган.

Эзотерикалык билимге ээ болгондор саясатка аралашышпайт. Анткени саясат кишилерди бөлүп-жарууга алып келет. Кишилерди бөлүп-жаруу бул Космикалык мыйзамдарга каршы келет дегендикке жатат. Эзотерикалык билимге ээ болгон инсандар Космикалык мыйзамдарды бузбай жашашы керек. Космикалык мыйзамдарга кишилер чыгарган мыйзамдар каршы келген учурларда, эзотерикалык билимге ээ болгон инсандар Космикалык мыйзамдардын талабын аткарышат. Анткени Космикалык мыйзамдардын негизи Кудайдын ой түшүнүктөрүнөн турат.

Эзотерикалык билимге ээ болгон инсандардын энергетикалык абалы, алар турган жердин, бөлмөнүн, алар менен ауралары тийишип турган кишилердин энергетикалык абалдарынын өзгөрүүсүнө түрткү болот. Анткени, алар мындай инсандын жерден тышкаркы аң-сезим менен болгон энергетикалык байланышындагы ар кандай деңгелдеги чыңалуулар менен термелүүлөрдүн тасирине душар болушат. Ушул себептүү мамлекеттик кызматта иштеген, эзотерикалык билимге ээ болгон инсандын, ага өзүнчө иш бөлмө бөлүп берүү боюнча кайрылуусуна, мамлекеттик бийликтин башчылары жана органдын жетекчилери ишенбестик мамиле жасашып, андай өтүнүчтү аткарбай келе жатышканы абдан өкүнүчтүү.

Эзотерика, дин жана аномалдык көрүнүштөр боюнча илимий иш алып баруучу бөлүмдөр кыргызстандын азыркы илимдик түзүмүндө жок. Ушул себептен улам мамлекеттик башкаруунун түзүмү да эзотерикалык багытта иш алып барган адистерди жумушка алышпайт жана штаттык сандарда мындай адистерге кызмат орун каралбайт. Кыргыз мамлекеттик улуттук илимдер академиясында жердеги билимге ээ болгон окумуштуулар гана иштешет, алардын ой жүгүртүү деңгелдери, жарык дүйнөөгө болгон көзкараштары жана кылган иш-аракеттери эзотерикалык билимге ээ болгондорго «эскилиги жеткен дубалдын» элесин беришет.

Баса белгилеп кете турган көрүнүш- бул 2000 жылдан бери Жер планетасында жаңы доор башталды, Жердин айлануу огунун жантыгы өзгөрүлүүдө, адамзатынын жаңы энергетикалык абалын өзүнө камтыган наристелер төрөлө баштады, кишилердин денесиндеги «энергетикалык код»-дор өзгөрүлүп жатат. Акыркы учурда жер бетинде болуп жаткан аномалдык көрүнүштөр, өзгөчө кырдаалдар жана диний чыңалуулар жогоруда айтылгандардын тактыгын айгинелейт. Японияда болуп өткөн аномалдык көрүнүштүн натыйжасы адамзатынын өнүгүп-өсүү багыты туура эместигин баса белгилейт жана илимий-техникалык жетишкендиктер Космикалык мызамдардын талабын эске алышпагандыгынан кабар берет.

Кишиде эзотерикалык билимдин бар-жоктугун азыркы кыргыз окумуштуулары аныктай алышпайт, билим берүү жана илим министрлиги жердеги билим менен жерден тышкаркы билимдин айырмасын билүүгө умтулбайт, мамлекет башчыларында кыргыз элинин менталитети тууралуу так түшүнүк жок, дин кызматкерлери Кудай менен кишинин өз ара мамилелери тууралуу бурмаланган маалыматтарды беришет. Ушул себептен улам өкмөт тарабынан кабыл алынган стратегилык программалар кишинин физикалык көзгө көрүнгөн жагынын талаптарын эле эске алышат, ал эми физикалык көз менен көрүгө болбой турган кишинин экинчи бөлүгүнүн талаптары стратегиялык документерде каралбайт жана чыныгы руктуулуктун муктаждыктарын канаттандырууга акча каражаттар жумшалбайт.

Элдин тагдырына жооп берүү укугуна ээ болгондорго жиберилип турган эзотерикалык каттар, коомчулуктун оюн буруу максатында интернет басмаларында басылып чыккан эзотерикалык макалалар болсо Кудай кыргыз элин бөлүп салбастан өз камкордугуна алгандыгынан кабар берет, мамлекет башчыларына кыргызстанда да эзотерикалык билимге ээ болгон инсандардын бар экендигин кабарлайт.

Эзотерикалык каттардын жоопсуз калышына же андай каттарга куру жооптордун жазылышына үч себеп бар.

Биринчи себеп, бул кат колуна тийген инсандардын каттын өзүн окушуп, ал эми катка тиркелген материалдарды окубай коюшу болот. Катка жазылгандарды окуп эле кат ээсинин оюн туура түшүнүш үчүн, кат колуна тийген киши сөзсүз эзотерикалык билимге ээ болушу керек. Эзотерикалык билимге ээ болбогондор, каттын тиркемесин сөзсүз окуп чыгышы зарыл. Алар тиркемени окуп чыгышмайынча катта жазылгандарды түшүнө алышпайт.

Экинчи себеп, мамлекет башкарган жетекчилерге жөнөтүлгөн эзотерикалык каттар, алардын колдоруна тийбеши. Андай кат колуна тийген төмөнкү катардагы мамлекеттик кызматкерлер, аты аталып кат жөнөтүлгөн кишиге эзотерикалык каттын келгендиги тууралуу айтышпайт. Мамлекеттик кызматтагы кишилердин сөзү менен айтканда, жакшы дегенде, мамлекеттик кызматкерлер кат ээсине куру жооп жазуу менен чектелишет жана аты аталып кат жөнөтүлгөн кишиге болсо, эзотерикалык каттын ээси тууралуу өздөрүнүн жаңылышкан пикирин билдиришет. Жаман дегенде, мамлекеттик кызматкерлер кат ээсине таптакыр жооп бербей коюшат. Тактап айтканда, мамлекеттик бийликтин жетекчилери, алардын дарегине башкачаланып сүйлөгөн каттардын баргандыгы тууралу билишпейт, шек алышпайт.

Тилекке каршы, азыркы мамлекеттик кызматкерлер материалдыкты чыныгы рухтуктан бөлүп салган каттарды, алардын тиркемесиндеги мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун көлөмүнүн көптүгүнө, алардын көчүрмөсү майда шрифт менен жазылгандыгына карабай, аягына чейин окуп чыгышат. Ал эми, материалдуулук менен чыныгы рухтуулукту бириктирген эзотерикалык каттардагы тиркемелерди мамлекеттик кызматкерлер окушпайт, кат ээсин болсо дин бузаар, коом бузаардын катарына кошуп, алар жөнүндө туура эмес пикирде болушат. Барынан да өкүнүчтүүсү, бул аты аталып жөнөтүлгөн эзотерикалык каттар, кат ээсинин чыныгы рухтуулук жагынын талабы экендигин эзотерикалык каттарды кармаган кишилердин түшүнбөстүгүндө болуп жатат.

Үчүнчү себеп, катты окуп чыккан кишилердин аң-сезимдүү тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртө албастыгы. Катта жана тиркемеде жазылгандардын үстүнөн тереңирээк ой жүгүртүш үчүн, кишилерге атайын убакыт талап кылынат.

Ушундай жоопсуз калган каттардын катарына мурунку Президент К.С. Бакиевке жиберилген каттарды, азыркы Президент Р.И. Отунбаевага жиберилген каттарды кошууга болот (чыгыш №10 2010-ж. 26-июлу, чыгыш №12 2010-ж. 19-октябры).

Урматтоо менен,

Койчуманов Тынчтыкбек Төлөнбаевич - «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндө китептин кол жазмасынын автору.

07.04.2011 жыл

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

06-05-2013
Вопросы в Аппарат Президента КР
6547

04-02-2013
Просмотр проблемы в глубину: Религия
7399

13-12-2012
Чем отличается человек от инопланетянина?
9195

01-11-2012
Противостояние энергий: старой и новой
13020

03-08-2012
Социальная услуга будущего времени
10764

18-07-2012
Утерянная духовная информация
8387

01-11-2011
Обращение к первому вице-премьер-министру
6348

22-06-2011
Уринотерапия
11156

03-06-2011
Сакральная часть плана мероприятий
11689

28-04-2011
Последнее письмо Президенту Бакиеву К.
8413

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×