Билинбестен таңкы жылдыз
өчтүбү,
Бул жашоодон ажы акебиз
өттүбү.
Устат эле шариятка жол
салган,
Оо, арман ай, кылчайбастан кеттиби.
Насаатчы элең жаркылдаган башкача,
Тартуулап сен жакшылыкты жалпыга.
Пир тутуп Пайгамбарды жүрөгүңдө,
Жараткандын жолунан эч тайбаган.
Көп сырларды басып коюп
ташыңа,
Кетип калдың 45 эле
жашыңда.
Айткандарың сабак болуп
калкыңа,
Өчпөс изиң кала берди
артыңда.
Кыска болду ажал жалмап
өмүрүң,
Ажы аке арабызда жок
бүгүн.
Унутулбас элге кылган
эмгегиң,
Аз болсо да бул жашоодо
өмүрүң.
Илим жолун ачып бердиң
элиңе,
Билим алдың Пайгамбардын
жеринде.
Арабдардан өз жериңе
келгенде,
Айтышыптыр нур кетти деп
Теңирге.
Карабастан кырчын курак
жашыңда,
Кара жерге эмне эрте
шашылдың.
Жакшы адам экендигиң
эскерип,
Элесиңди ырларыма
батырдым.
Кош дей албай жүрөк сыздап
турабыз,
Шариятка чепти курдуң
урагыс.
Кетсең дагы кайра келгис
сапарга,
Калат ишиң өчпөс болуп тарыхта