Ала-Тоо чокусун сиңирип карегиме,
Көөдөнүмө тоо абасын толтуруп,
Күнөөлөрдү булак сууга жууп салып,
Кетем эми, ойлонууга арга барбы?
Бир кана саамал кымыз ичип алып,
Токочко ак каймактан илип алып...
Жылдызга эң бай асман, биздики го?
Көтөрүлүп, бала кыял чогултсамбы?
Ата- баба түктүү жерин бир өөп алсам...
Ысык Көлгө бир чөмүлсом - тартып турат...
Неге мен суктанбадым мурун эле?
Бул муңду жүрөк кана сактап калат...
Макул, тоону унутайын, дарыяны шуулдаган...
Жоогазынды, кызгалдакты оттой кана дуулдаган!
Кылымдарды карыткан салтты дагы унутам...
Данкыбызды, уят болгон күндөр менен жуурултам...
Мен унутам өрүк зарда сөздөрүн...
Унутамбы адамдардын көздөрүн?
Жүрөктөрүн, колдорун - талаа каскан,
Кайгыда, түйшүктөн бырыш баскан?
Куржунга суюнучун кантип жамайм?
Сандыкка тентек шамал кантип камайм?
Элимдин ыйманынан кантип чыгам?
Жеримди, эл-журтумду кантип кыйам?
Куйуттөрун, көйгөйлөрүн кантип жүктөйм?
Мен байкуш, баштап алсам, көчүп бүтпөйм...
Гульнар Эмиль