Добавить свою статью
19 Января 2023
Көркөм нарк жана мезгил драматизми

Бул оомал-төкмөл дүйнөдө мезгилдей мээримдүү, мезгилдей ырайымсыз эч нерсе жок. Ал эч кимдин эркине, эч нерсенин таасирине баш ийбей өз нугу менен илгерилеп кете берет. Табияттын мыйзамы ошондой. Болгону ар мезгилдик тилке өзүнчөлүктүү окуяларга бай. Азыр биз баштан кечирип жаткан, драматизмге шыкалган, рационализм менен прагматизмдин арааны жүрүп жаткан мезгил да өзүнчө кызык. Алдыңкы технологиялардын, жасалма интеллекттин доорунда адамдын жан дүйнөсүн тазарта, бийиктете турган, руханий байлыгын өркүндөтө турган көркөм өнөрдүн орду өзгөчө.

Мына ушул ыңгайдан алып караганда учкул мезгилдин, турмуштук жагдайдын алдында азыркы маданий ишмерлерибиздин, анын ичинде сүрөткерлерибиздин түйшүгү түмөн, милдети арыбас. Бу маанайда «Манас» эпосу баштаган оозеки чыгармачылыктын, совет доорунан калган профессионал көркөм мурасыбыздын өтөй турган кызматы чоң. Албетте, Союз мезгилинде чыгармаларга көбүнесе эстетикалык кубулуш катары эмес, таптык, партиялык, социалдык позициядан мамиле жасалганын билебиз. 

Ошентсе да, каалайбызбы, каалабайбызбы кыргыз совет адабиятынын тарыхы биздин тарыхыбыз, ак карасы, тереңи менен тайызы биригип, биздин мурасыбыз. Канткен менен бул мезгилдик аралыктагы адабиятыбызды, сыныбызды жалаң бир беткей, бир түстө элестетүүгө болбойт. Кандай шарт-кырдаал түзүлбөсүн «көшөкөрлөрү» да, чыныгы таланттуулар да өмүр сүрдү. Көркөм процессибиздин негизги турум-турпатын түзгөн, багытын аныктаган мына ушул экинчилер болду. Эмки милдетибиз тарыхый калыстык үчүн бүтүндөй көркөм мурасыбызды кайрадан сын электен өткөрүп, таразалап-тактап, ар биринин өзүнүн татыктуу ордун аныктоо. Адабияттын тарыхы барып-келип көркөмдүүлүктүн тарыхы эмеспи. Тилекке каршы, адабиятчылардын алдындагы бул милдет дале күн тартибинде курч турууда. 

Мына ушул ыңгайдан алып караганда, кыргыз романистикасынын турум-турпатын түзүп турган чыгармалардын автору, улуттук адабиятыбыздын дыйканы, жакында эле коомчулук 110 жылдык юбилейин белгилеген залкар сүрөткерибиз Түгөлбай Сыдыкбековдун эстетикалык феномени дагы кызыгууну туудурат. 

Жазуучу «Мен миң жыл жашадым» деген китебинде минтип жазат: «Жөн эле жыл эсебинде мен үч, азыркы менен төрт доор, мезгилди башыман кечирдим. Он экинчи жылы төрөлгөм. Андан он жетинчи жылга чейинки мезгил өзүнчө доор эле. Үркүн дегендин өзү эле эмне?  Анан ирилештирүү-колхоздоштуруу дегенди көрдүм, Улуу Ата-Мекендик уруштун күндөрүн көрдүм, калыбына келтирүү жылдарын баштан кечирип, социализмди куруп салдык деген мадырайыңкы маанай да тааныш мага, анан ушунун баары жетимиш жылдан кийин үлп эткен желге учуп, азыркы учурга тушуктук... мен жазуучу катары мына ошол ар бир доорду башымдан кечирип, кадимкидей жашап өткөм, сезгем, туйгам».

Бул тарыхый окуялардын баары нукура сүрөткер үчүн жеке тагдыр, жеке өмүр-жашоо, керек болсо жеке трагедия. 

Жазуучунун инсандык да, чыгармачылык да тагдыры татаал, оош-кыйыштуу. 

Улуу сүрөткер Түгөлбай Сыдыкбеков акыркы китептеринин бирин “Мен миң жыл жашадым” деп атады эле. Албетте, бул философиялык, эстетикалык туюнтма. “Мен миң жыл жашадым” дегени бул жазуучунун эстетикалык чен-өлчөмү, дүйнө кабылдоосу, дүйнө көрүүсү, сезүүсү, туюусу. Ушунун баары анын көркөм мурасында орун алды.

Ал эми Т. Сыдыкбековдун өзүнүн чынгы туулган жылын, күнүн аныктоосу да өзүнчө кызык. “Жылың чычкан, жер титирегенден кийин туура жыл маалы толуп, экинчи жазда, кой төлү аяктап калганда төрөлгөнсүң” - деген экен энеси. Жазуучу териштирип, сүрүштүрүп отуруп туулган жылын 1912-жыл деп токтойт. Бирок туулган күнү, айы жөнүндө болгон маалыматы “кой төлү аяктаган маал”. Т. Сыдыкбеков минтип эскерет: “мурунку убакта биз тарапта кой төлү аяктап калган кез жыл мүнөзүнө карата 15-апрель менен 15-майдын аралыгы экен. Ошондуктан 30 барча кагазды таятасынын топусуна салып, алты айлык кызым Динаранын алдына койдум. Талпынып отурган кызымдын колуна илинген барча кагазда 14-май жазылыптыр. Ошентип, жашым отуз тогузга карап калган кезде, 1951-жылы февралда төрөлгөн күнүмдү аныктадым” (Т. Сыдыкбеков. Мезгил сабактары, 1982-ж., 416-б.)

Сүрөткердин жекече тагдыры канчалык татаал, карама-каршылыктуу, көп кырдуу болсо, чыгармачылыгы да ошондой. Ал  85 жыл жашап, анын ичинен 67 жыл колунан калемин түшүрбөй, баш көтөрбөй эмгектенип, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин чыгармачылыктын түйшүгүн тарткан инсан.

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында мындай узак чыгармачылык өмүрдү өз башынан өткөргөндөр өтө эле сейрек. Бирок кептин баары чыгармачылык өмүрдүн узактыгында эмес, мазмундуулугунда, жемиштүүлүгүндө.

Чыгармачылыгынын өнүмдүүлүгү, турмушту көркөм иликтөөнүн масштабы, эстетикалык дөөлөттөрдүн салмагы боюнча ал чыны менен залкар, чыны менен улуттук адабияттын патриархы, баба дыйканы.

Башкасын айтпаганда да, ал өзүнчө эле бир бүтүн китепкана адабий мурас калтырып кетти. Бардык жанрдагы чыгармаларын, анын ичинде олчойгон 14 романын эске алганда, анын жазгандары болжол менен 850 басма табактан туруп, 35 томдон ашык болчудай. Сандык көрсөткүчтү алганда да кыргыз профессионал адабиятында мындай өнүмдүү иштеген ким бар? 

Анын үстүнө ошол китепкананы түзгөн чыгармаларда кыргыз элинин байыркы доорунан баштап, социализм заманы, анын кыйрашы, эгемендүүлүк жылдары сыяктуу ченемсиз тарыхый бурулуштардын духу, атмосферасы ишенимдүү берилип, сүрөткердин өзүнүн гана эстетикасы менен көркөм иликтөөгө алынган.

Жазуучунун чыгармачылыгы өздөрүнүн жанрдык көп түрдүүлүгү, идеялык-тематикалык кеңирилиги, турмушту сүрөттөөдөгү масштабдуулугу боюнча аны баарыдан мурда универсалдуу сөз чебери деп мүнөздөшкө негиз берет. Автордун ар бири улуттук көркөм өнүгүштө өзүнчөлүктүү орун алган романдарынан тышкары, анын ырлары жана поэмалары, аңгемелери жана повесттери, жомоктору жана драмалары, публицистикалык ой жоруулары, “Манас” эпосуна, кыргыздын байыркы тарыхына, таштагы жазууларга арналган илимий макалалары, философиялык эскиздери жана бир серпимдери биздин бул мүнөздөмөбүздү ырастап, бекемдеп турат.

Ал совет бийлигинин да, кыргыз совет адабиятынын да башталышынан аягына чейин күбө болуп, ошол адабияттын пайдубалын түптөшүп, өнүгүшүнө омоктуу салымын кошкон, ал тургай постсоветтик мезгилдеги улуттук адабиятыбыздын өнүгүшүнө активдүү катышкан бирден-бир карыя сүрөткерибиздин бири.

Анын чыгармачылык тагдыры кыргыз профессионал адабиятынын тагдыры менен тагдырлаш, ортоктош, андан драмалуу, оош-кыйыштуу жолун, ийгиликтери менен бөксөлүктөрүн көрүүгө болот.

Айтор, бул абдан драмалуу өмүр сүргөн, улут тагдырына байланыштуу түйүндүү маселелер боюнча коммунисттик идеологиянын заманында официалдуу бийлик менен тартынбай талашып-тартышып, ошондон улам далай куугунтук жеген таланттуу адам кыйла кызыктуу жана бай көркөм мурас калтырып кетти. Анын замандаштары, өз учурундагы адабий чөйрө, жеке тагдыры жөнүндөгү эскерүүлөрү, маектери да абдан баалуу.

Бир караганда, Совет бийлиги, социалисттик курулуш Т. Сыдыкбековго баарын эле бергендей, сый урматка бөлөгөндөй болду. Бөтөнчө “Биздин замандын кишилери” романы үчүн 37 жаштагы жазуучу Сталиндик сыйлыктын лауреаты болгондон кийин мындай сый урмат биринин артынан бири келди: Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Академик, 12 жыл катары менен Жогорку Кеңештин эл депутаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери.

Анан эле 70-жылдардын башынан баштап эмнегедир жазуучуга бийликтин мамилеси түп тамырынан өзгөрөт.

Маселен ушунча жогорку сыйлыктарды алып келе жаткан Т. Сыдыкбековго бараандуу 60 жылдыгына карата 1972-жылдын 12-майында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун “Ардак грамотасы” менен сыйлоо жөнүндө чечим чыгат. Бул эмне деген логика? Ал мезгилде эң чоң сыйлыктар 60 жылдыкка карата берилчү эмес беле. Мындан чоң сыйлыктарды мурда эле албады беле. Муну кандайча кабыл алуу керек? Шылдыңбы? Мазактообу? Т. Сыдыкбеков бийликтин бул кадамын дал ошондой кабыл алган. Үч жарым жыл бою чакырышканына карабай өжөрлөнүп барбай да койгон, грамотасын албай да койгон. Айласы кеткен Жогорку Кеңеш 1975-жылы 25-ноябрда өз Указын өзү жокко чыгарууга мажбур болгон. Союз учурунда мындай окуяларга таптакыр жол берилген эмес.

Ал эми бул окуялардын өзүнчө чоң себеби, жүйөсү бар эле. Алды менен мунун баары Т.Сыдыкбековдун коомдук-саясий көз карашындагы, позициясындагы кескин өзгөрүүлөргө байланыштуу болчу.

Чыныгы атуул, чыныгы мекенчил, улуттук интеллигенциянын туу башындагы адамдардын бири катары Т.Сыдыкбеков бийликтин катачылыктары, кыргыздарга, алардын тарыхына, улуттук тилине, маданиятына, каада-салтына байланыштуу жүргүзүлгөн саясатка карама-каршы келген маселелерди дал ушул мезгилде, жалгыз экенине карабай, башын канжыгага байлап алып, ачыктан ачык көтөрүп чыга баштайт.

“Биз элибиздин тарыхын, маданий мурастарын эстен чыгарып келатабыз. Өзүбүздү өзүбүз жамандап “жапайы”, “жарым жапайы” элек деп элибизди кордоону мактаныч иретинде айтып көрдүк. Ушинтип өзүбүздү өзүбүз кемсинтүүнүн натыйжасында жылдызыбыз түшүп, шагыбыз сынат... Жада калса окумуштуулардын ичинде “кыргыз тили кыргыздарга гана таандык кичине тил” деп туюнгандар да бар. Ал тургай “ушул кичине тилде гезит- китептер чыгарып, телевидениеде берүүлөрдүн, радио уктуруулардын кажети канча? Жалпыга түшүнүктүү орус тили эле жетишпейби?” – деген пикирлер жок эмес... “Не бир тилди ашыра мактоо, экинчи бир элдин маданиятын кем баалаш, анын маанисин төмөндөтүү эмеспи” – деп таамай жана тике белгилейт Т. Сыдыкбеков ошол мезгилде өкүм сүргөн жагымсыз жагдайды.

Албетте, кийинки кезде улуттук маселелерди көтөргөндөр көбөйдү. Ал эми 70-жылдардын башында тоталитардык система болуп-толуп, камчысынан кан таамп, коммунисттик идеологиянын диктаты дүркүрөп, гүлдөп турганда буларды тике айтмак тургай, улут маселелерин эскерүүдөн көпчүлүк чочуп турган мезгил эмес беле.

Акын Анатай Өмүрканов менен болгон маегинде Т. Сыдыкбеков ошол учурдагы абалы жөнүндө эч бир таарынбай, жайдары гана “Кыргыздар кызык эл... “Биздин замандын кишилери” Сталиндик сыйлык алгандан кийин ушул Дзержин гүлбагында басып жүрсөм, кол тамга сураган эл котолоп үйүмө чейин барып, кээ бирөөлөрү “кой” десем болбой колдоруман өөп жиберер эле... Кийин... ушу Джзержин менен басып калсам бирөө келип кол берип учураша алчу эмес... Залакасы бизге тийбесин дешип, учурашмак турсун угуп коёт, билип коёт дейби, телефон да чалышчу эмес...” деп эскерет.

Республиканын жетекчилерине кайрылып, элдердин тең укуктуулугу, кыргыз тилине, маданиятына карата текебер мамиле тууралуу ачуу чындыкты белгилеп, “элибиздин тарыхын, эне тилин, маданий мурасын, кай бир жакшы касиеттерин айтып көр. Оозуңа калкан тосулат. Тоскон башка-а... Ал тургай чок баскан мышыктай ыргып туруп, түз эле “улутчул” деген токмокту көтөрө чабуучулар бар” – деп кейийт. Т. Сыдыкбековдун мына ушундай бекем жана туруктуу позициясы официалдуу бийлик менен айыгышкан карама-каршылыкка алып келген. Анын каттары, макалалары БКнын бюросунда, Жазуучулар Союзунун президиумунда талкууланып, сүрөткердин “оозун басууга, жоошутууга” бир топ аракеттер жасалат.

Маселен, 1972-жылдын май айында Кыргызстан Жазуучулар Союзунун пленумунда Т. Сыдыкбековдун “каттары” талкууга алынат. Жыйында мындай деп айтылат: “Рассмотрев и обсудив заявление писателя Т. Сыдыкбекова, адресованное ЦК КП Киргизии Президиум Правления Союза Писателей Киргизии Постановляет: Осудить заявление тов. Сыдыкбекова как необоснованное, содержащее политически-ошибочные выводы и противоречащие делу коммунистического и интернационального воспитание трудящихся”.

Бул иш-чаралардан эч майнап чыкпай, сүрөткер өжөрлөнүп өз позициясынан тайбай койгондо ага каршы атайын “тоскоолдуктар”, “сындар” уюштурулат. Маселен, ушул жылдары бүткөн “Көк асаба” романы кармалып жатып, 18 жылдан кийин гана жарык көрбөдүбү.

Ошентип, сүрөткер бийлик менен тил табышса, жок дегенде азыраак “тилин тартса” сый-урматтын туу чокусуна чыгарына, сын менен куугундан биротоло кутуларына көзү жетип турса да, атуулдук абийирине чыккынчылык кылбады, чындык үчүн өмүрүн өрткө салып көшөрүп туруп алды.

“Көшөрлөнүүгө, позициямдан таюуга... төрт жагымдан оозун үңүрөйтүп түз мээленген замбиректер да мажбур эте албайт... Мен адамдык ар-намысымды, ак эмгектеримди, жакшы салтымды эч кимге тепсетпеймин” – деп кайратынан жанбады.

“Жабыкта жаткан төрт кат” Т. Сыдыкбековдун кыргыз элинин байыркы тарыхы, ата мурасы жөнүндө, социализм доорунда акырындык менен туюкка камала баштаган элдин, эне тилдин тагдыры жөнүндө ой жоруулары, ишенимдүүү түрдө келген жыйынтыктары, социалдык, коомдук турмуштагы терс көрүнүштөрдүн натыйжасында келип чыккан ички руханий драмасы.

Жетимишинчи жылдары башталган мындай “тирешүү” 90-жылдарга чейин улана берди. Казат Акматовдун “Окуялар, адамдар” деген китебинде да Т. Сыдыкбеков тууралуу кызыктуу эскерүүлөр бар.

1986-жылы Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун кезектеги съезди болот. Казат Акматов анда Жазуучулар союзунун секретары. “Ошол съезде Түкөм адатынча чыгып регламентти “тебелеп-тепсеп” бир саатча шашпай сүйлөп: “Эне тилибиз соолгон булак”, “тарыхыбыз бурмаланган калп”, “маданиятыбыз улуттук көрөӊгөсү жок ачыбаган жарма” деген жыландын уусундай, төбөлдөргө жагымсыз сөздөрдү айтып, андан да кокуйу “эмне үчүн Москва кыргыздан космонавт даярдап учурбайт?” – деген доомат койсо болобу.

Съездге КПСС БКнын өкүлү сөзсүз катышчу. Бул сапар Иваненко деген отурду... Алп денелүү Түкөм арстанча улам артка кайрылып каяша кылат да сөздү улай берет”.

Ошол мезгилдеги шартка ылайык бул “окуя” дароо Москвага жетет. “Улутчул Сыдыкбеков менен тарбия ишин жүргүзгүлө. Союзга чакырып “тепкилегиле”, ал жаӊылыштыгын мойнуна алып, басма сөз аркылуу кечирим сурасын, болбосо республикалык жазуучулар уюмунун ишине тескери баа берилсин” деген ультиматум коюлду Москвадан” – деп эскерип К. Акматов, анан Жолон Мамытов экөөлөп Түкөм менен “аӊгемелешүү” өткөрдүк деген жалган справканы БКга жөнөткөнү тууралуу баяндайт.

Т. Сыдыкбеков жана адабий-көркөм сын, адабият таануу, булардын алака-катышы да бир топ татаал жана карма-каршылыктуу.

Т. Сыдыкбеков жөнүндөгү эӊ алгачкы макала Мукай Элебаевге таандык. 1938-жылы чыккан макаласында ал “Кеӊ-Суу” романы тууралуу өз пикирин айткан. Ошол эле жылдары бул багытта М.Дөгдүровдун, М.Богданованын, Ө. Жакишевдин, Т.Саманчиндин ж.б. эмгектери жарык көргөн. 50-жылдары жазуучунун чыгармачылыгы боюнча К. Асаналиев, С. Байходжоевдер диссертация жакташкан. Бөтөнчө залкар сынчы К. Асаналиевдин эмгеги бул катардагы олуттуу эмгек.

Бир сөз менен айтканда, 30-жылдардан баштап 50-60-жылдарга чейин сүрөткердин чыгармачылыгы кыйла активдүү изилденген. Айрыкча “Биздин замандын кишилери” романынын Бүткүл Союздук ийгилигинен кийин бул багыттагы аракеттер кыйла күчөгөн. Бирок, дал ушул мезгилден баштап “Сыдыкбековтаанууда” кандайдыр бир түшүнүксүз парадокс пайда болот. Дал ушул учурдан кийин Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгында мурда болуп көрбөгөндөй “түшүмдүү мезгил” башталып, жазуучу ар түрдүү жанрда, балдарга арналган фантастикалык жомоктон тартып, байыркы доорго арналган тарыхый романга чейин, ар түрдүү темадагы ырлардан тартып, аӊгеме, повесттерге чейин, тарыхка, ата мураска арналган макалалардан тартып, көркөм чыгармачылык жөнүндөгү маектерге чейин талыкпай, туруктуу иштейт. Парадокстун маӊызы ушунда, жазуучунун чыгармачылыгы канчалык активдешип, түшүмдүүлүгү канчалык арткан сайын, ага карата адабий сын менен адабият таануу ошончолук пассивдүү боло баштайт. Ал эми тигил, же бул шартка байланыштуу Т.Сыдыкбеков тууралуу сөз болуп калса, анын кийинки чыгармалары көз жаздымда калып, ретроспективдүү түрдө баягы 50-жылдары чыккан романдары тууралуу үстүрт эскертилет. Бир караганда өтө эле таӊкалычтуу. Ал эми бул “парадокстун” сыры жөнөкөй эле.

Барып-келип мунун баары баягы эле Т.Сыдыкбековдун майтарылгыс коомдук-саясий көз карашына келип такалат. Коммунисттик диктатуранын, идеологиянын катуу көзөмөлүндө турган, а тургай анын камчысын чапкан адабий сын Т.Сыдыкбековдон “оолактоого” аракет кылган.

Жазуучунун ушундай абалы Советтер Союзунун “кайра куруу” деп аталган процесси башталганча узарып отурду. Суверендүүлүктүн шарапаты менен коомдук түзүлүш, анын идеологиялык негиздери өзгөргөндө Т. Сыдыкбековдун тагдырында да өзгөрүүлөр пайда болду. Башкасын айтпаганда да, жазуучу эӊ биринчилерден болуп Ч.Айтматов менен бир катар “Ак шумкар” орденине, “Эл баатыры” деген наамга татыды.

Буларды сырткы, көзгө дароо чалдыккан өзгөрүүлөр дейли. Ал эми бул мезгил аралыгында көркөм дүйнөдө эмне деген окуялар жүрүп жатты?

Адегенде поэзия, драматургия, аӊгеме, повесттерден баштаган Т. Сыдыкбеков улуттук романистикага сүӊгүп кирип, ар бири өзүнчө эстетикалык табылга болгон бир катар чыгармаларды жаратты, “Кеӊ-Суудан” баштап “Бел-Белеске” чейин өзүнчө бир эстетикалык системаны калыптандырды.

Т.Сыдыкбеков өзү моюнга алгандай ар бир чыгармасынын тагдыры ары татаал, ары оор болду. Маселен, “Кеӊ-Суудан” башталган “сындар” “Биздин замандын кишилери” романынын үзүндүлөрү жарыяланганда эле уланып, ага саясий айып койгон “чабуулдар” менен коштолот. Романды ал 1943-жылы эле баштаганын, анда ал 31 жаштагы жигит – эки романдын (“Кеӊ-Суу”, “Темир”) автору экендигин эскерет.

Ушундан улам, автор мындай кыйчалыш кырдаалдан сактанып, тымызын аракет кылууга өтөт. Ал өз каражаты менен романдын сөзмө сөз орусчага котормосун даярдай баштайт. Котормо ишин адегенде К.Рахматуллин, андан соӊ Абушахмедов, Горбуновдор колго алышат. Роман 1948-жылы орус тилинде жарык көрүп, бир жылдан кийин Сталиндик сыйлык алат. Ошентип, алгач “Алыста” деп аталып, кийин “Биздин замандын кишилери” болгон роман, ошол кездеги эӊ жогорку сыйлыкка татыйт. Бирок, ошондон туптуура жети жыл өткөндөн кийин, 1956-жылы бул романдан “саясий ката” издөө дагы башталат. Сталиндик сыйлык алган чыгарманы Н.Хрущевдун заманында “кайрадан кароого” аракеттер болот. ГДР, Чехословакия, Болгария, Румыния, Кытай, Корея, Вьетнам ж.б. өлкөлөрдүн улуттук тилдерине которулуп, эл аралык кадыр-баркка жеткен чыгарма өз элинде, өз жеринде кыйраткыч соккуга дуушар болду. Кызуу талаш-тартыштар жүрүп, ал кездеги жаш сынчылар К. Асаналиев, К.Бобуловдордун чечкиндүү жана принципиалдуу позициясынан улам роман өзүнүн калыс баасын алат.

Албетте, роман социалисттик реализмдин талаптарына ылайык жазылып, айрым бир касиеттери, айрыкча Чаргындын образы аркылуу реализмдин эстетикалык принциптерин өздөштүрүүгө ишенимдүү кадам таштаган.

“Кеӊ-Суу”, “Тоо арасында”, “Ыманбай пейили” романдары да кыргыз адабиятынын өнүгүшүндө өзгөчө орундары бар романдар.

“Зайыптар”, “Көк асаба”, “Жол”, “Бел-белес” романдары аркылуу автор кыргыз турмушунун, кыргыз чындыгынын өзүнчө бир улуттук көркөм энциклопедиясын жаратты десек болот.

Бир сөз менен айтканда, Т.Сыдыкбековдун чыгармачыл адам катары да, инсан катары да, тагдыры ары татаал, ары кызык. Ал коомдук турмушта, саясий, чыгармачыл талаш-тартыштарда өз көз карашын, позициясын тайманбай коргоодо, өспүрүм кезинде жолуккан оор кесел менен өмүр бою күрөшүүдө, айрым замандаштары айткандай, кандай “көк”, кандай “долу” болсо, адабий майданда да кудум эле эмгекчил дыйканча баш көтөрбөй эмгектенип, чыгармачылыктын түйшүгүн тартууда ошондой эле “көк”, ошондой эле “долу” болду.

Дал ушул эмгекчилдиги, табият тартуулаган таланты улуттук адабиятыбыздын өнүгүшүндө анын бараандуу ордун таап берди.

Албетте, сүрөткердин ар бир чыгармасы жөнүндө кеӊирирээк сөз кылууга макаланын мүмкүнчүлүктөрү жол бербейт. Ошентсе да, бир чындыкты эске сала кетким келет.

Адамзаттын өнүгүш тарыхы күбө. Элдин, улуттун оӊолуусу, өсүп-өнүгүүсү үчүн эӊ биринчи иретте алардын өзүнө-өзү сыймыктануусу, өз күчүнө бекем ишенүүсү зарыл.

Шүгүрчүлүк, кыргызда андай көкүрөккө дем берген, ар-намыска чакырган өнөрлүү, уюткулуу эл экенибизди тастыктаган улуу дөөлөттөрүбүз бар. Алардын бири – Түгөлбай Сыдыкбеков. Ал “элим” деп жашап, эл үчүн талбай эмгектенип, эл үчүн күрөшүп, таламын талашып жүрүп өткөн элдин улуу уулу.

“Өсөр эл өзүн сыйлайт” деген экен бабалар. Бул улуу инсандын калтырып кеткен руханий дүйнөсүн билүү, изилдөө, китептерин чыгаруу, элден мурда азыркы бизге, өсүп келе жаткан жаш муундарга керек, сабак болуу үчүн ага карата бойду түзөө үчүн, өнүгүп-өсүү, өзүбүздөгү ишенимди бекемдөө үчүн керек.

Түкөмдүн элүү жылдык юбилейинде эле кыргыздын дагы бир атактуу инсаны Чыӊгыз Айтматов айткан экен: “Унутпаӊыз Түкө, сиз кыргыз прозасынын опол тоосу болосуз – а тоо деген бөксөрбөйт”.

Мына улуу адамдын улуу адамга берген улуу баасы.

Чынында да тоо бөксөрбөйт, тоо таянган эл да бөксөрбөйт.

Абдылда Мусаев
К.Карасаев атындагы 
БМУнун ректору, профессор

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

21-11-2022
Потенциал интеграции Центральной Азии в свете возвышения «тюркского мира»     
4617

05-10-2022
Духовное развитие личности и система образования: вызовы XXI века
10832

22-09-2022
О трагических событиях на границе...
4991

20-07-2020
Жангороз Каниметовдун элесине: «Жакшы» деген сөз жакшы жарашчу...
10048

28-04-2020
COVID-19: Образование проходит испытание на прочность
12658

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×