Добавить свою статью
25 Июня 2020
Эки этюд

ЭКИ ЭТЮД

Түгөлбай Сыдыкбеков

“Кыргызстан маданияты” жумалыгында, “Ала-Тоо” журналында, жумурияттык жазуучулар кошунун кеңсесинде эмгектенген кезеңдеримде улуттук көркөм өнөрүбүздүн улуу өкүлү Түгөлбай Сыдыкбеков менен бир нече курдай салам-аликтешкем, акылмандын чыгармачылык кеңешмелердеги баяндама, талаш-тартыш, пикирлерин түздөн-түз уккам, а түгүл азыноолак баарлашып, асиреттешкен чактарым да жок эмес. Азыр ойлосом пайгамбардай адамга тигил же бул себепке байланыштуу жолугуп жүргөнүм бешенеме бүткөн таалайлуу тагдыр тура. Андай ырыстуу ыкыбалды мөртүндө түшүнүп-түшүнбөй, терең баалап-нетпей өкүнөт окшобойбузбу, атаганат?!

Маалында, жаштык-курчтукка салып (эстеген сайын уялам!), гезиттин кызматкери катары даркан романчыбызга “макалаңызды пайдаланууну ылайык таппадык” деген маанидеги жооп кат жолдоп жиберген элем.

-Сенби жаратпаган? –деди Түкөм, мени башкы редакторубуз Исабек Исаков аркылуу үйүнө чакыртып барып, бүт тулкусу солкулдап күлүп. Анан, теригип-терикпегенин туйдурбай, береги атактуу дарыгер-хирург Иса Ахунбаев жөнүндөгү даректүү дөөлөтүнүн бизге жакпаган позиция, сүйлөмдөрүн тактап, жандырганча маек курду.

-Каармандын уруусун белгилептирсиз, сызып таштабайлыбы? –дедим кеп арасында. Антсем Түкөм мурчуйду: -Силер урууну белгилетпей коё албайсыңар, уруу сүрүштүрүү-тарых териштирүү...

-“Көзү толу жаш эмес”, “көзү толо жаш” да, агай?

Анда Түкөм:

-“Толусун” колдонууга деле уруксат. Калемгерге жеке мүнөздүү сейрек сөздөрдү жерибегиле!?

Аңгыча бир уулу атасы экөөбүз баш тийиштирген короодогу сөрүчөгө дарбаза тышындагы почта жашигинен таңкы гезит-журнал, кат-кабарды апкелди. Ичинде Түркиянын “Түрк тил куруму” коомунан жөнөтүлгөн конверт да бар экен. Аксакал адегенде ошону ачып окуду...

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин аппаратында иштечү учурумда Вильнюстагы (Литва) кандуу тирешүүгө пикир сурап кайрылдым. –Көз карашыбыз төп келбейт го, -деди патриарх арсар. –Москва шовинистигин ооздуктабаса, майда улуттар көтөрүлүшүн басаңдатпайт...

Телефондон капалуу кобурады.

-Эмесе, Түкө, макулдук берсеңиз, дегендериңизди кагазга түшүрсөм?

-Жетекчилериңе жеткирсең, өзүм жазайын.

Түштөн кийин башбаксам, жазуучу жанагы ойлорун кеңейтип, орусча жумгактап, машинкалап, тыкыр белендеп салыптыр.

Кайсы бир жылы Фрунзеде Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жаш адабиятчыларынын фестивалы уюштурулуп, “Манас” аба дарбазасынан казактын таланттуу прозачысы Оролхан Бөкөевди тосуп алдым. Мейманыбыз төрт дөңгөлөк унаада Сыдыкбековдун ал-абалын утуру сурап, бир окуяны эскерди эле:

-Алматыга келгенде агабызды тасмал жайып, сыйлаганбыз. “Жигиттер, ат оонаган жерде түк калат” деген макалды адеп кайталап, арак сунсак, көп ичпейт. “Түкө, сиз аргымаксыз, аргымак оонаган жерде түк да калбайт” десек, жарпы жазыла күлбөдүбү!?

Күнү кечээ, ошогезде, сыягы, эмкисин маркум Бөкөев устатына белектеген “Чагылган” аттуу китепти көрдүм. Анысын, аңгемелерин дейм, сексен биринчи жылы Акун Токтосартов акебиз кыргызчага оодарганы маалым. Кол тамгасы мындайча: “Түгөлбай агага! Кыргыз адабиятынын гана эмес, совет адабиятынын чоң жазуучусуна инилик урмат менен, Оролхан. 18.09.82.”

Ушундан уламбы, адабият алпынын дарегине узатылган жана бир мактоо жадыма кылт эткени. Алиги азил-чыны аралаш аскиядай “каалоону” Салижан Жигитов оозанган. Оозанганда да чай үстүндө, классиктин көзүнчө шардана оозанган. Көрсө, Түкөмүн элүү жылдыгындабы же алтымыш жылдыгындабы, айтор, торколуу той-мааракесинде республиканын партиялык уюмунун идеология боюнча катчыларынын бири минтип сүйлөптүр: Жолдош Сыдыкбеков! Жылдар өтөт, кылымдар өтөт, бара-бара сиздин атыңыз деле таптакыр унутулат. Бирок, сиз түзгөн коммунист Сапарбайдын өлбөс-өчпөс образы жаш муундарды марксизм-ленинизм духунда тарбиялоого эбегейсиз салымын кошуп, түбөлүк жашай берет...

Башка катчы, баса, тушунда “Көк асабаны” “талкалоо” максатында сүрдүү жыйын чакырбайбы. Түкөм саясий маанидеги оор айыптоолорго араңдан зорго чыдап, чогулушту таштай качпай, туюк кынжылат. Оңдой берди болгонбу, ким билсин, талкуунун кызуусунда Борбордук Комитеттин ороңдогон бөлүм башчысы ооздон жаман жаңылып, “жолдош Гитлер” деп ийиптир. Кыраакы киши ошондо “кой, баятан бери Гитлердин жолдошторунун ортосунда отурган белем” дегендей наалып, “тос, кармага” карабай, сыртка чыгып кеткен турбайбы.

Ушундай. Айтса айтканга, эскерсе эскергенге татыктуу эсил кайран Түкөбүздүн кайталангыс касиети тар жол, тайгак кечүүдө түптүү адабиятыбызды, кырк уруудан куралган атпай журтубузду колдосун, ылайым?!

Кусейин Карасаев

Эми эстесем, жетимишинчи жылдардын капортосунда учурдагы Улуттук, мурдагы Мамлекеттик университеттин филология факультетинде, асыресе, берегинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө далай чыгаан тилчи, адабият изилдөөчү окумуштуу-окутуучулар иштешиптир. Таанымал педагогдордун арасында Кусеин Карасаев менен Зыяш Бектенов мага өзгөчө тарыхый инсандар катары сезилет эле. Балким, алардын жеке адамдык, илимпоздук татаал тагдырлары туурасындагы кабарларды учкай билгендигимен улам ушундай бир ойдо жүрсө жүргөндүрмүн.

Арада Кусеин агай бизге, студенттерге атайын курс өтүп калды. Андабы, араб, перс, монгол жана башка тилдерден аралашкан, өздөштүрүлгөн көөнө кеп-сөздөрдү талдап көрсөттү. Күндөлүк карым-катнашта байма-бай колдонгон айтым-айкаштарыбыздын али капарыбызга, а түгүл түшүбүзгө кире элек түпкү маани-маңыздарын түшүндүрдү.

Атайын курстун мөөнөтү чакталуу эмеспи, атаганат. Бөлөк курсташтарымды билбейм, агезде өзүм чоң молдоке-мугалимдин таалимине дегеле тойбодум окшойт. Арийне, унутулгус дарстардан уккан баалуу маалыматтарды бара-бара аалымдын китептеринен учураттым.

Кусеин Карасаевдин кыргыз тилинин накта билерманы экени анын жыйындарда сүйлөгөнүнөн, үналгы-сыналгыдагы маектеринен даана байкалып турчу. Казсаң түгөнбөгөн кен деп ошо кишини айт. Мунусун досу да, душманы да моюндаганы белгилүү го!?

Баягы бактылуу күндөрдүн бир күндөрүндөгү аңгеме-дүкөнүбүздүн убагында совет доорундагы адабиятыбыздын аксакалы Аалы Токомбаев “Константин Юдахин перзентим жок, андыктан айтылуу сөздүккө жалгыз автор болоюн деп жолдош Карасаевден өтүнгөн, чынында “Сөздүктө” Кусеиндин эмгеги көп” дегенчелик омоктуу пикирин оозанганы бар. Аалыкенин алиги субкатын кезинде гезиттерге жарыялап, кийинки жыйнактарымдын бирине кийиргем.

Ий-е, ичимден эне тилибиздин тарыхына терең сүңгүп, өнөр башатынын коомдогу ордун, озуйпасын, арылай болочогун аныктоого астейдил урунган абыройлуу даанышмандар чыкса деп тилейм. Жаңы Карасаевдерди зарыгып күтөм.

Абибилла ПАЗЫЛОВ,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

01-08-2020
Дети делают ход
266

20-07-2020
Чехов и череда чувств
254

20-07-2020
Чехов и череда чувств
275

17-07-2020
Памяти Адинай
301

06-07-2020
Строфы надежды
305

04-07-2020
ЧУНКУРЧАК
368

08-06-2020
Встреча с Айтматовым в Люксембурге
442

18-05-2020
Откровения обыкновенного верующего
474

14-05-2020
В месяце Рамадан 1441 года Хиджры
352

06-05-2020
Высота солдата из Шоро-Башата
1626

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×